Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 370-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-июлу № 278-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 53-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи, жетинчи - онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 53-6 буйругу менен бекитилген үлгү боюнча бланктар менен берилген документтер алардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп тааныла тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйрукка ылайык зарыл болгон чараларды көрсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |