Редакцияот 09.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2019-жылдын 9-октябры, ПБ № 225

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 79 "Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө жобонун 13, 15-пункттарына ылайык:

1. Банктарды жоюу боюнча агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан беш жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр дайындалсын:

- Беков Аскат Турдумаматович, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы;

- Жунусов Азамат Акматалиевич, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 81 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков