Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 17-январы, № 11-б
Мамлекеттик менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Айыл банк" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 дареги боюнча жайгашкан имаратты акы төлөп пайдалануу (ижара) келишиминин шарттарында 3 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте берсин;
- "Айыл банк'" ачык акционердик коому менен ижара келишимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык тоорук өткөрбөстөн белгиленген тартипте түзсүн;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |