РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 11-б («Айыл банк» ачык акционердик коомуна имаратты берүү жөнүндө) буйругу

Редакция17.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2018-жылдын 17-январы, № 11-б

Мамлекеттик менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- "Айыл банк" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 дареги боюнча жайгашкан имаратты акы төлөп пайдалануу (ижара) келишиминин шарттарында 3 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте берсин;

- "Айыл банк'" ачык акционердик коому менен ижара келишимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык тоорук өткөрбөстөн белгиленген тартипте түзсүн;

- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков