Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-марты № 59
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ушул тескемени жетекчиликке жана милдеттүү түрдө аткарууга алсын.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Регламенти) ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) актыларынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана киргизүү тартибине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) актыларынын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүү үчүн даярдоого, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы) келип түшкөн документтерди кароого карата негизги талаптарды карайт.
Ушул Регламент менен жөнгө салынбаган маселелер Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти менен аныкталат.
2. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздоо, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик алардын жетекчилерине жүктөлөт.
3. Министрлер Кабинетинин Регламентинин, ушул Регламенттин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарынын сакталышын контролдоо Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы (мындан ары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык, компетенцияга ылайык башка түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.
2. Президенттин актыларынын долбоорлорун даярдоо жана киргизүү тартибине карата негизги талаптар
4. Мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган Президенттин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясына киргизилгенге чейин төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги - ишкердик субъекттердин ишин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча;
- эгерде долбоорлордо алардын компетенциясына тиешелүү ченемдер камтылса, башка мамлекеттик органдар.
Президенттин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашпоого тийиш:
- жарлыктардын долбоорлору - 6 жумуш күн;
- тескемелердин долбоорлору - 3 жумуш күн.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары боюнча Президенттин актыларын шашылыш кабыл алуу зарыл болгон учурда макулдашуунун кыйла кыска мөөнөттөрү белгилениши же долбоор Президенттин Администрациясындагы кеңешмеде мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен макулдашылышы мүмкүн.
5. Президенттин актысынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган демилгечиге позицияны чагылдыруу менен, мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө катты берет. Эгерде ченемдик укуктук актыларда макулдашуучу орган тарабынан корутунду берүү каралса, ага мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси кол коюуга тийиш жана катка тиркелет. Биринчи жетекчилер жок болгон учурда каттарга (корутундуларга) алардын милдеттерин аткаруучу адамдар кол коёт.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Президенттин актысынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же болбосо долбоорду андан ары жылдырууну токтото турууга укуктуу. Эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси долбоордун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу жана эске албоо үчүн жоопкерчилик документти Президенттин Администрациясына киргизген мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
6. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Президенттин актыларынын долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын атына коштомо кат;
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон, төмөнкүлөрдү камтыган долбоордун негиздеме-маалымкаты;
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды;
эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтарды, алардын эске албоонун себептеринин негиздемесин;
финансы-экономикалык эсептөөлөрдү;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары.
Президенттин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө берилет. Президенттин актысынын долбоору жана негиздеме-маалымкат бирдей аталышта болуп, А4 форматындагы ак кагазда, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен бир саптык интервал аркылуу, биринчи саптын абзацында 1,25 см чегинүү менен таризделет. Актынын долбоорунун жогорку тилкеси бланктын чек арасы менен белгиленет. Актынын долбоору эки же андан көп баракта таризделгенде экинчи жана андан кийинки барактардын жогорку тилкеси 2 см, сол жана оң тилкелери 3 см, төмөнкү тилкеси - 2 см болот.
Президенттин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан фамилиясын, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюуга) тийиш. Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинкада басылган он барактан ашкан учурда, документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрүн басууга жол берилет.
7. Мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген Президенттин актыларынын долбоорлору Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө (мындан ары - канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү) алар келип түшкөн күнү милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Президенттин Администрациясына киргизилген Президенттин актыларынын долбоорлору канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан алар катталган күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна берилет.
Президенттин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка же компетенцияга ылайык түзүмдүк бөлүмдөргө алар кабыл алынган күнү өткөрүлүп берилет.
8. Президенттин актысынын долбоору ушул главанын талаптарына ылайык келбеген учурда, жооптуу түзүмдүк бөлүм аны кароосуз кайтарып берет жана бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасына же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлеген орун басарына маалымдайт.
9. Президенттин актыларынын долбоорлору Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмалары боюнча же өз демилгеси боюнча түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ушул Регламенттин талаптарын эске алуу менен даярдалышы жана киргизилиши мүмкүн.
Президентке караштуу комиссиялардын катчылыктары тарабынан киргизилген Президенттин актыларынын долбоорлоруна комиссиялардын жыйналыштарынын тиешелүү протоколдору тиркелет.
10. Президенттин кабыл алынган актыларын чечмелөө (түшүндүрүү) жөнүндө Президенттин актыларынын долбоорлору мазмуну чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) талап кылган Президенттин актыларынын долбоорлорун иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилет, же болбосо компетенцияга ылайык түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан даярдалат.
3. Министрлер Кабинетинин жыйналышына же жетекчиликтин кол коюусуна киргизүү үчүн мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун даярдоонун тартиби
11. Мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө алар келип түшкөн күнү милдеттүү түрдө катталууга тийиш,
Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароого пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналышы белгиленген мөөнөткө чейин 14 календардык күндөн кечиктирбестен Президенттин Администрациясына киргизилет.
12. Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан алар катталган күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна берилет.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка же компетенцияга ылайык башка түзүмдүк бөлүмгө алар кабыл алынган күнү өткөрүлүп берилет.
13. Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин Регламентинин 547, 548, 63, 64-пункттарынын талаптарына ылайык келбеген учурда, түзүмдүк бөлүм аны кароосуз кайтарып берет жана бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасына же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлеген орун басарына маалымдайт.
14. Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароого пландалган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмеси жана башка баштапкы документтер менен бирге жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмүнө Министрлер Кабинетинин жыйналышына чейин 6 күн мурда берилет.
15. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн чакыруу телеграммалары (телефонограммалар) дарек ээсине Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин же анын орун басарынын колу менен жөнөтүлөт. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн Министрлер Кабинетинин жыйналышына келүүсүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмү камсыз кылат.
Каралуучу маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналышына катышуу үчүн башка чакырылган адамдардын келүүсүн жооптуу түзүмдүк бөлүм ишке ашырат.
16. Министрлер Кабинетинин жыйналышында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмү тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүм менен биргеликте талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана маселени талкуулоодо чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилияларын көрсөтүү, кабыл алынган коллегиалдык чечимди жана төрагалык кылуучунун тапшырмаларын баяндоо менен жыйындын протоколу таризделет жана жыйналыштан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга берилет.
Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароонун жүрүшүндө сунуштар жана сын пикирлер айтылбаган учурда, жооптуу түзүмдүк бөлүм, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, жыйналыш аяктагандан кийин 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө актынын долбоорун Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга берет.
Сунуштар жана сын пикирлер айтылган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, жыйналышта каралган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу зарыл болгон учурда Министрлер Кабинети министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берет. Долбоорду жеткире иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизүү, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, жыйналыш аяктагандан кийин 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
17. Министрлер Кабинетинин жыйналышында Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) киргизүү пландалган мыйзамдын долбоорун кароодо Министрлер Кабинетинин актысын (токтомун, тескемесин) кабыл алуу талап кылынбайт. Каралган мыйзамдын долбоору боюнча Министрлер Кабинетинин позициясы жыйналыштын протоколунда чагылдырылат. Министрлер Кабинетинин жыйналышында эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору каралган учурда эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансы-экономикалык жана башка кесепеттери тууралуу Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемеси кабыл алынат.
Мыйзамдын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм ушул Регламенттин 16-пунктунда белгиленген мөөнөттө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзамдын долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын атына коштомо катты Президентке же Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга берет.
4. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин даярдоонун тартиби
18. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери ал тарабынан жеке төмөнкүдөй формада кабыл алынат:
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинде, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо, Президенттин башка актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси.
19. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору (мындан ары - тескемелердин долбоорлору) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана өз демилгеси боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат. Тескемелердин долбоорлору министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан киргизилиши мүмкүн.
20. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон мамлекеттик жана расмий тилдеги негиздеме-маалымкат тескеменин долбооруна тиркелет, анда долбоорду иштеп чыгуунун негизи баяндалат, өзгөртүүлөр киргизилген учурда - колдонуудагы жана сунушталган редакциялардын салыштырма таблицасы тиркелет.
Тескеменин долбоору А4 форматындагы ак кагазда, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен бир саптык интервал аркылуу, биринчи саптын абзацында 1,25 см чегинүү менен таризделет. Тескеменин долбоорунун жогорку тилкеси бланктын чек арасы менен белгиленет. Тескеменин долбоорун эки же андан көп баракта тариздегенде экинчи жана андан кийинки барактардын жогорку тилкеси 2 см, оң жана сол тилкелери 3 см, төмөнкү тилкеси - 2 см болот.
21. Тескемелердин долбоорлору боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүү талап кылынбайт.
22. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок болгон учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Төраганын милдетин аткаруучу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт.
5. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин чечмелөө (түшүндүрүү) тартиби
23. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын колу коюлган циркулярдык кат (түшүндүрмө) түрүндө ишке ашырылат.
Циркулярдык каттын (түшүндүрмөнүн) долбоорун компетенцияга ылайык түзүмдүк бөлүмдөр даярдайт.
Циркулярдык каттын (түшүндүрмөнүн) тексти Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгында укуктук экспертизадан өтүүгө тийиш.
6. Президенттин Администрациясынын Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү тартиби
24. Президенттин Администрациясына келип түшкөн Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана депутаттарынын суроо-талаптары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан келип түшкөн күнү катталат жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө берилет.
25. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен маселени кароо жана Жогорку Кеңешке жоопту жиберүү жөнүндө тапшырманы даярдоону камсыз кылат.
Министрлер Кабинетине бир нече мамлекеттик органдардын компетенциясына тиешелүү тапшырмалар болгон Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана депутаттарынын. суроо-талаптары боюнча маалыматтарды чогултууну жана Жогорку Кеңешке жөнөтүүнү "жооптуу" деген сөз менен белгиленген же болбосо тапшырмада биринчи аныкталган мамлекеттик орган ишке ашырат. Мындай тапшырмалар боюнча аткаруу мөөнөтү маалыматты жалпылоо үчүн зарыл болгон убакытты эске алуу менен көрсөтүлөт.
Жогорку Кеңешке жооптун көчүрмөсү мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.
26. Жогорку Кеңешке маалыматты жиберүү Жогорку Кеңештин токтому, протоколдук тапшырмасы, комитетинин чечими жана депутатынын суроо-талабы Президенттин Администрациясына келип түшкөн датадан тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен ишке ашырылат.
Зарыл болгон учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы мамлекеттик органдарга аткаруунун мөөнөтү жакындагандыгы жөнүндө эскертүү жөнөтөт.
27. Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, депутаттарынын суроо-талаптары жарым-жартылай аткарылган же көрсөтүлгөн мөөнөткө аткарылбаган учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Министрлер Кабинетинин Жетекчисине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Жетекчисинин орун басарына орто аралык маалыматты же болбосо андан ары Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн бул документтердин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен кат даярдайт.
Жогоруда аталган документтерде берилген тапшырмалардын бири ыкчам тартипте аткарылган учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү маалыматты даярдоону жана Жогорку Кеңешке белгиленген тартипте жиберүүнү камсыз кылат.
28. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер, Жогорку Кеңештен келип түшкөн Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн маалыматы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
29. Тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырманы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү даярдайт.
Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча жалпыланган маалыматты даярдоону Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү камсыз кылат.
30. Жогорку Кеңешке жиберилүүчү маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти Жогорку Кеңешке жоопту даярдоо тапшырылган тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тартат.
31. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана мыйзамдарына кол коюуга Президентке жөнөтүү жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын каттары канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан катталат жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына аларга мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелген мыйзамдар менен өткөрүлүп берилет.
7. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдорун даярдоо тартиби
32. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңешүүчү органдардын жыйналыштарынын протоколдору кеңешмелерди, жыйналыштарды даярдаган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан даярдалат жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы аркылуу аткаруучуларга жиберилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасында болгон аппараттык кеңешмелердин протоколдору канцеляриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен өтүүчү кеңешмелерге маселелерди даярдоо министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга тапшырылышы мүмкүн. Мындай учурда мамлекеттик органдар кеңешменин протоколунун долбоору менен материалдарды Президенттин Администрациясына берет.
33. Протоколго кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси виза койгондон кийин кеңешмени өткөргөн адам кол коёт.
Протоколдорго кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүм тарабынан анын индекси боюнча номер коюлат.
Протоколдун кол коюлган нускасы жана анын материалдары кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүмдүн иштерине топтолот.
8. Аткарууну контролдоо боюнча негизги жоболор
34. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалар, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары контролго алынууга тийиш.
35. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы контролдойт.
Президенттин Администрациясына тапшырмаларды аткаруу жөнүндө маалыматтын, жооптордун келип түшүү датасы болуп Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы аларды каттаган дата эсептелет.
Жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону контролдоо жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.
36. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы:
- аткаруучу болуп саналган министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына аткаруу мөөнөтү 2-5 күндөн кийин бүтө турган контролдогу документтер жөнүндө эскертмелерди жана кабарлоолорду тиешелүү түрдө жума сайын жиберип турат;
- контролдогу документтерди аткаруучу болуп саналган министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, түзүмдүк бөлүмдөрдөн зарыл болгон маалыматтарды сурайт;
- аткарылбаган жана мөөнөтү өтүп кеткен документтердин саны жөнүндө жыйынды маалыматты жума сайын даярдайт жана аткаруучулар боюнча топтолгон мындай документтердин мазмуну жөнүндө кеңири маалымкаттарды тиркөө менен Министрлер Кабинетинин Төрагасына берет;
- Президенттин Администрациясында, министрликтерде, мамлекеттик комитетте, административдик ведомстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруу тартибинин абалы жөнүндө квартал сайын отчет даярдайт жана берет.
Аткаруучулар контролдогу документтерди системалуу түрдө мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
9. Документтерди, жарандардын каттарын (кайрылууларын) кайтаруунун тартиби
37. Министрлер Кабинетинин Регламентинде жана ушул Регламентте белгиленген талаптарды бузуу менен даярдалган жана киргизилген ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлору башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин колу менен демилгечиге кайтарылат.
38. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин келип түшкөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылууларын жана каттарын кошкондо, бюджеттик каражаттарды кошумча бөлүп берүү, анын ичинен республикалык бюджетте каржылоо каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтөр менен, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар жана каттар Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана башкармалыктын начальниктери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан түздөн-түз дарек ээлерине кайтарылууга тийиш.
39. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Президенттин же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча Президенттин Администрациясына же Министрлер Кабинетине киргизилген каттар жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм тарабынан түздөн-түз дарек ээсине кайтарылууга тийиш.
40. Жарандар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген төмөнкү кайрылуулар каралбайт же кайтарылууга тийиш:
- кайрылуунун тексти окулбаса;
- соттук чечимди даттануунун тартибин түшүндүрүү менен бул соттук чечимге даттанылган кайрылуу;
- кат жүзүндөгү кайрылууларда фамилиясы, аты жана атасынын аты жана почта дареги көрсөтүлбөсө;
- жаңы жүйөлөр же жаңы ачылган жагдайлар келтирилбестен кайталап кайрылуулар, эгер алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары болсо жана жарандарга жооп берилсе.
41. Президенттин Администрациясына түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин суроо-талаптары боюнча министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан берилген маалыматтык мүнөздөгү материалдардан тышкары, алардын атына келип түшкөн каттар, документтер кабыл алынбайт жана катталбайт.".
|
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн ушул регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) ишин документтик камсыз кылуунун талаптарын жана документтер менен иштөөнүн тартибин белгилейт.
2. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) документтер менен иштөөнүн уюштурулушу жана абалы, тапшырмалардын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрация Жетекчисинин актыларынын жана башка документтердин көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн башка органдарына, уюмдарына, башка адамдарга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жана тиешелүү тариздөөсүз берүүгө катуу тыюу салынат.
2. Документтер менен иштөөнүн тартиби
5. Жашыруун эмес мүнөздөгү жана "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар кызматтык документтер (кирүүчү, чыгуучу, ички корреспонденция) алар түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын түзүмдүк бөлүмүндө (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү) документтердин аткарылышын контролдоонун автоматтык системасы (мындан ары - АСКИД) же электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДЖС) аркылуу милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.
"Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар корреспонденция менен иштөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
"Купуя" жана "Жашыруун" грифтери менен корреспонденция Президенттин жана Министрлер Кабинетинин биринчи сектору тарабынан иштетилет.
Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылуулары алар түшкөн күнү жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдө катталууга жана иштелип чыгууга тийиш.
Жеке кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү камтыган бланкта таризделген же уюмдун мөөрү менен берилген кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө келип түшкөн күнү катталат жана ошол эле катталган күнү андан ары иштеп чыгуу үчүн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө берилет.
6. Президенттин Администрациясына жиберилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Документке милдеттүү түрдө: датасы, чыгыш номери, тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчетту (маалыматты) жиберүүдө же суроо-талапка берилген жоопто - тапшырманын чыгыш номерине шилтеме коюлууга тийиш.
7. Жашыруун эмес мүнөздөгү келип түшкөн документтер катталган күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна берилет.
Жарандардын кайрылуулары аларды каттоо күнү жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна берилет.
Жеке кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү камтыган бланкта таризделген же уюмдун мөөрү менен берилген кайрылуулар аларды каттоодон кийинки жумуш күндөн кечиктирбей, жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын аткаруу жөнүндө маалыматтык-маалымдама мүнөздөгү документтер, отчеттор (маалыматтар), түзүмдүк бөлүмдөрдүн суроо-талаптарына жооптор, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн дарегине жазылган каттар аларды каттоодон өткөргөн күнү, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча түздөн-түз түзүмдүк бөлүмдөргө берилет.
8. Документтер жана жарандардын кайрылуулары Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан каралгандан кийин алардын резолюциясына ылайык иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү же жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан аткаруучуларга кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен берилет.
9. Түзүмдүк бөлүмдөр 3 жумуш күндүн ичинде Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин конкреттүү сунуштарын же тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жүргүзөт. Зарыл болгон учурда Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлору даярдалат жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү аркылуу тиешелүү түрдө кароого (кол коюуга) киргизилет.
Тапшырмалардын долбоорлору жана сунуштар аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан милдеттүү түрдө визаланат. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына киргизилген сунуштар жана тапшырмалардын долбоорлору курамында түзүмдүк бөлүм иштеген Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги менен макулдашылууга тийиш.
Документ кошумча изилдөөнү талап кылган учурларда, сунуштарды же тапшырмалардын долбоорлорун даярдоо мөөнөтү Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жүйөлүү кызматтык катынын негизинде 10 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
10. Мамлекеттик органдарга, уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына кызматтык кат алышуу менен байланышкан, ошондой эле оперативдүү, техникалык же уюштуруу-жол-жоболук мүнөздөгү документтерге алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кол коюшу мүмкүн.
11. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан даярдалган документтер (тапшырмалардын долбоорлору, кызматтык каттар, маалыматтар, отчеттор ж.б.) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө каттоодон өткөндөн кийин ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилет.
12. Президенттин корреспонденциясы Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылууга тийиш.
Кечиктирилбестен чечүүнү талап кылган документтер түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Президентке берилип, кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасына же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына маалымдалат.
Президенттин корреспонденциясы жумуш күндөрү күн сайын саат 11.00дө жана 16:00дө түзүлөт. Түзүмдүк бөлүмдөр Президентке жиберүүчү корреспонденция иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө саат 10:30га жана 15:30га чейин киргизилет.
Президенттин корреспонденциясы иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин жардамчысына же аны алмаштырган адамга реестр боюнча кол койдуруу аркылуу берилет.
13. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын корреспонденциясы жумуш күндөрү күн сайын саат 10:00гө жана 15:00гө түзүлөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына жиберилген корреспонденция түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө 09:30га жана 14:30га чейин киргизилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын корреспонденциясы иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан тиешелүү түрдө кеңешчилерге, жардамчыларга же аларды алмаштырган адамдарга өткөрүп берилет, алар документтерди алгандыгы тууралуу алган датасын жана убактысын көрсөтүү менен реестрге же каттоо карточкасына кол коюшат жана алар үчүн жооптуу болушат.
14. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына берилүүчү документтер маселени маңызы боюнча, кыска, мазмундуу жазылууга, А4 форматындагы ак кагазга, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен, бир саптык интервал аркылуу таризделүүгө, аткаруучу жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан колу жана датасы коюлууга тийиш. Мында сол жана оң тилкелери 3 см, жогорку жана төмөнкү жагы 2 см болот. Документтин текстин эки же андан көп баракка тариздегенде, экинчи жана кийинки барактарына номер коюлууга тийиш. Барактардын катар номерлери төмөнкү колонтитулдун оң бурчуна коюлат. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине жиберилүүчү кызматтык каттарга тиешелүү баштапкы материалдар милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
15. Макулдашылган, бекитилген, кол коюлган документтер жана материалдар таркатуу барагына ылайык мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет, аны жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу тариздейт.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жиберүүдө, алардын көчүрмөлөрү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмгө жиберилүүгө тийиш.
16. Жөнөтүүгө арналган документтер (чыгыш кат-кабарлар) Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген кызматтык документтерди тариздөөнүн үлгүлөрүнө ылайык таризделет. Туура эмес таризделген документтер аткаруучуга жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берилет.
Чыгыш корреспонденция документтерге кол коюлган күнү же кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен, шашылыш документтер -токтоосуз түзүлөт жана жөнөтүлөт. Документтер даректелүүчүгө жеткирилгенде алуучунун аты-жөнүн, датасын жана убактысын көрсөтүү менен кол койдурулуп, реестр боюнча берилет.
17. Чыгыш корреспонденцияны түзүү, каттоо жана жеткирүү күнүнө эки жолу (саат 9:30да жана 14:30да) иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт. Региондорго жиберилүүчү чыгыш корреспонденция почталык, фелдьегердик жана атайын байланыш менен жиберилет.
18. Факс менен жөнөтүү үчүн талаптагыдай таризделген документтер кабыл алынат (документке кол коюлушу керек, чыгыш номери жана датасы болууга тийиш). Жөнөткөндөн кийин жана журналга белги коюлгандан кийин документ андан ары даректелүүчүгө жеткирүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берилет.
19. Материалдарды факс менен жөнөтүүгө уруксатты Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги же анын орун басары берет.
20. Документтерди (материалдарды) факс аркылуу жөнөтүүдө, сканерлөөдө жана түзүмдүк бөлүмдөргө бекитилген көп функционалдуу түзүлүштөрдү жана факстык аппараттарды пайдалануу менен документтердин көчүрмөлөрүн даярдоодо аткаруучу тиешелүү эсепке алуу журналдарына милдеттүү түрдө белги коёт.
Журналдар боолонуп, номерлери коюлуп жана аны жүргүзүүгө жооптуу кызматкер тарабынан кол коюлушу керек.
Журналдарда бардык графалар толтурулушу керек, бош калтырып кетүүгө жана оңдоолорго жол берилбейт.
21. Бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө документтерди өткөрүп берүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын көрсөтмөсү боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы аркылуу гана жүргүзүлөт.
Бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө жарандардын кайрылууларын өткөрүп берүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын көрсөтмөсү боюнча жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү аркылуу гана жүргүзүлөт.
Президенттин Администрациясынын бир башкармалыгынын курамында иштеген бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө жарандардын кайрылууларын жана документтерди өткөрүп берүүнү тиешелүү башкармалыктын начальниги Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы же жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү аркылуу гана жүзөгө ашырышы мүмкүн.
22. Президенттин Администрациясынын кызматкери өргүүгө, узактыгы 5 жумуш күндөн ашкан иш сапарга кеткенде, узак убакытка дарыланууда жүргөндө андагы документтер түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча аны алмаштырган кызматкерге кол койдуруу менен берилет.
Кызматкер бошотулганда же которулганда анда аткаруу үчүн болгон бардык документтер жаңы дайындалган кызматкерге (же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча башка кызматкерге) иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнүн жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен, кыдыруу баракчасына белги коюлуп, өткөрүп берилет.
23. Иштердин номенклатурасы белгиленген формада, иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (мындан ары - Президенттин Архиви) менен макулдашылат, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги тарабынан бекитилет.
Зарылдыкка жараша иштердин номенклатурасы жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн индекстери толук же жарым-жартылай өзгөрүшү мүмкүн.
24. Президенттин Администрациясындагы көчүрмө-көбөйтүүчү иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкармасы) тарабынан аткарылат.
3. Айрым категориядагы документтер менен иштөө тартиби
25. "Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен келип түшүүчү документтер алынган учурдан 15 мүнөттөн кечиктирбестен иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө документтердин жана басылмалардын барактарынын жана нускасынын саны, коштомо катта көрсөтүлгөн тиркемелердин болушун текшергенден кийин датасын, келген убактысын көрсөтүү менен катталат.
"Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен катталган документтер 10 мүнөттүн ичинде Президенттин почтасын түзүү үчүн жооптуу болгон Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын кызматкерине кол койдуруу менен, берилген датасы жана убактысы көрсөтүлүп, өткөрүп берилет.
"Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен катталган документтер бир сааттын ичинде Президенттин жардамчысына же аны алмаштырган адамга кол койдуруу менен, берилген датасы жана убактысы көрсөтүлүп, өткөрүп берилет, ал 5 мүнөттүн ичинде Президенттин кароосуна киргизет.
Президент республиканын региондорунда же анын чегинен тышкары жерлерде болгон учурда Президенттин почтасын түзүү үчүн жооптуу болгон Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын кызматкери 10 мүнөттүн ичинде "Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен документтердин келгени жөнүндө Президенттин жардамчысына же аны алмаштырган адамга телефон же байланыштын башка бардык түрү аркылуу билдирет.
Андан соң Президенттин жардамчысы же аны алмаштырган адам 10 мүнөттүн ичинде мамлекет башчысына жогоруда аталган документтердин келгендиги тууралуу билдирет.
26. Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Президентке кол коюуга жиберилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына өткөрүп берилет.
27. Ратификациялык грамоталар жана эл аралык макулдашууларга кошулуу жөнүндө грамоталар Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан расмий тилде, ал эми зарыл болгон учурда англис тилинде 2 нускада түшүндүрмө кат менен киргизилет.
28. Эл аралык келишимдердин долбоорлору Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл болгон учурда келишимдин тарабы болуп саналган өлкөнүн тилинде "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык киргизилет.
29. Чет тилдерде келип түшкөн корреспонденция Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына баяндама берүү үчүн тышкы саясат бөлүмүнө жөнөтүлөт.
30. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусу менен өткөрүлүүчү кеңешмелерге суроолорду даярдоодо кеңешменин протоколунун долбоору менен материалдар Президенттин Администрациясына министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан кеңешмени өткөрүүнүн белгиленген датасынан 7 күн мурун берилет.
31. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен өткөрүү пландалган жолугушуулар, иш сапарлар жана башка иш-чаралар үчүн даярдалган сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, программалар жана башка материалдар мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына иш-чараны өткөрүү датасына чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, ал эми жеткире иштелип чыккан материалдар иш-чаранын датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.
Майрамдык жана тарыхый күндөргө, кесиптик майрамдарга, юбилейлерге Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан куттуктоолордун тексти маалыматтык саясат кызматы тарабынан алдын ала спичрайтерлер менен макулдашылып даярдалат жана белгиленген датага чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен киргизилет.
Майрамдык жана тарыхый күндөргө, кесиптик майрамдарга, юбилейлерге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан куттуктоолордун тексти Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жардамчылары жана кеңешчилери тарабынан даярдалат.
Сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын, куттуктоолордун тексттери А4 форматындагы ак кагазга, 16 өлчөмүндөгү Arial шрифти менен, бир жарым саптык интервал аркылуу таризделүүгө тийиш, анын сол жана оң тилкелери 3 см, жогорку жана төмөнкү тилкелери 2 см болушу керек.
32. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен жолугушууларды, иш сапарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү мезгилинде кандайдыр бир тапшырмалар берилсе, жооптуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир айлык мөөнөттө же бул тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында белгиленген мөөнөттө аларды аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалыматты Президенттин Администрациясына беришет.
33. Кийинки жумага Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш планына киргизүү үчүн сунуштарды түзүмдүк бөлүмдөр учурдагы жуманын шаршемби күнү саат 12:00гө чейин уюштуруу иштери маселелерин караган түзүмдүк бөлүмгө берет. Уюштуруу иштери маселелерин караган түзүмдүк бөлүм пландын долбоорун Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бекитүүсүнө учурдагы жуманын бейшемби күнү саат 17:00гө чейин киргизет.
Кийинки айга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш планына киргизүү үчүн сунуштарды түзүмдүк бөлүмдөр учурдагы айдын 20сында саат 12:00гө чейин уюштуруу иштери маселелерин караган түзүмдүк бөлүмгө берет. Уюштуруу иштери маселелерин караган түзүмдүк бөлүм пландын долбоорун учурдагы айдын 22синде саат 12:00дөн кечиктирбестен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бекитүүсүнө киргизет.
4. Президенттин актыларынын долбоорлорун чыгарууга даярдоо
34. Эгерде Президенттин актысынын долбоору Президенттин Администрациясынын регламентинин талаптарына ылайык келсе, жооптуу түзүмдүк бөлүм актынын долбооруна экспертиза жүргүзөт жана корутундуну даярдайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун мазмуну тийиштүү чөйрөдөгү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына (стратегияларга, концепцияларга, программаларга ж.б.) ылайык келгендиги же ылайык эместиги жөнүндө маалыматтар;
- долбоорду кабыл алуудан болуучу позитивдүү же негативдүү натыйжалардын болжолу (финансылык, экономикалык, социалдык ж.б.).
35. Президенттин актысынын долбоорун даярдоодо жана демилгелөөдө түзүмдүк бөлүмдөр корутунду даярдабайт, ал эми долбоорду экспертизалоонун натыйжалары негиздеме-маалымкатта чагылдырылат.
36. Жооптуу түзүмдүк бөлүм:
1) долбоорду документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет;
2) долбоорду Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө киргизет;
3) Президенттин кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоону жана визалоону камсыз кылат.
37. Президенттин актыларынын долбоорлорун кол коюуга даярдоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
- тескеменин долбоору - 10 жумуш күндөн ашык эмес;
- жарлыктын долбоору - 14 жумуш күндөн ашык эмес.
Аталган мөөнөттөрдү узартууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чечими боюнча гана жол берилет.
38. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгында Президенттин актыларынын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү 5 жумуш күндү түзөт.
Президенттин актыларынын долбоорлорун редакциялоо канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан күнүгө 18-20 басма бет өлчөмүндө, актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилге которуу - 8-10 басма бет өлчөмүндө жүзөгө ашырылат.
39. Президенттин актыларынын долбоорлору аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана зарыл болгон учурда бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан визаланат.
Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Зарыл болгон учурда Президенттин актысынын долбооруна Президенттин Иш башкаруучусунун визасы коюлат.
40. Президенттин актысынын долбооруна жана анын тиркемелерине ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кол коюшат:
- мамлекеттик тилде - актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
- расмий тилде - актынын долбоорун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери.
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу (андан чыгаруу), ырайым кылуу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Президенттин актыларынын долбоорлоруна мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери кол койбойт.
41. Президенттин актыларынын долбоорлорун визалоого жана кол коюуга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке киргизүү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Президенттин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке визалоого жана кол коюуга киргизилген күндөн тартып аларды чыгарууга даярдоо мөөнөттөрү токтотулуп турат.
5. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун чыгарууга даярдоо
42. Эгерде мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарына ылайык келсе, жооптуу түзүмдүк бөлүм актынын долбооруна экспертиза жүргүзөт жана корутундуну даярдайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун мазмуну тийиштүү чөйрөдөгү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына (стратегияларга, концепцияларга, программаларга ж.б.) ылайык келгендиги же ылайык эместиги жөнүндө маалыматтар;
- долбоорду кабыл алуудан болуучу позитивдүү же негативдүү натыйжалардын болжолу (финансылык, экономикалык, социалдык ж.б.).
43. Жооптуу түзүмдүк бөлүм:
1) долбоорду документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет;
2) долбоорду Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө киргизет;
3) долбоорду Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароо же Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизүү үчүн даярдоону жана визалоону камсыз кылат.
44. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын, Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн терс корутундусу мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун демилгечиге кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Түзүмдүк бөлүмдөр мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген башка материалдардын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуксуз.
Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясындагы долбоорду концепциясын өзгөртпөстөн толуктап иштеп чыгууга жана долбоорду Президенттин Администрациясында каралып жатканда кайсы стадиясында болбосун негиздемесин келтирүү менен кайра чакыртып алууга укуктуу.
45. Жазуу жүзүндөгү сурамжылоо жолу менен Министрлер Кабинетинин жыйналышын өткөрбөстөн каралуучу мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна кол коюуга даярдоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
- тескеменин долбоору - 15 жумуш күндөн ашык эмес;
- мыйзамдын, токтомдун долбоорлору - 20 жумуш күндөн ашык эмес.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүү үчүн даярдоо 14 календардык күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Бул мөөнөттөрдү узартууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чечими боюнча гана жол берилет.
46. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгында мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү 5 жумуш күнгө чейин.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун редакциялоо канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан күнүгө18-20 басма бет өлчөмүндө, актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилге которуу - 8-10 басма бет өлчөмүндө жүзөгө ашырылат.
47. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана зарыл болгон учурда бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан визаланат. Мыйзамдын долбоору Президентке киргизиле турган учурда ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын визасы коюлат.
Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Мыйзам долбоорлоруна, аларды Жогорку Кеңештен чакыртып алуу жөнүндө каттарга, мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн визасы коюлат.
48. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана анын тиркемелерине ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кол коюшат:
- мамлекеттик тилде - актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
- расмий тилде - актынын долбоорун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери.
49. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароого пландаштырылган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбооруна визалар коюлгандан кийин долбоор бардык коштоочу документтер менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмгө Министрлер Кабинетинин жыйналышына чейин 6 күн мурун берилет.
50. Мыйзам долбоорлору боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кол коюусуна Жогорку Кеңештин Төрагасынын атына мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө коштомо катты киргизет.
51. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун визалоого жана кол коюуга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке киргизүү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке визалоого жана кол коюуга киргизилген күндөн тартып аларды чыгарууга даярдоо мөөнөттөрү токтотулуп турат.
6. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлорун чыгарууга даярдоо
52. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору (мындан ары - тескемелердин долбоорлору) аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана зарыл болгон учурда бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар болгон башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тарабынан визаланат. Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Зарыл болгон учурда тескеменин долбоору Президенттин иш башкаруучусу, ал эми ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу адам тарабынан визаланат.
53. Тескеменин долбоорунун жана ага тиркемелердин ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө кол коюлат:
- мамлекеттик тилде - актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
- расмий тилде - актынын долбоорунун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болсо мыйзамдарды системалоону жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери.
54. Тескемелердин долбоорлорун визалоого жана кол коюуга Министрлер Кабинетинин жетекчилигине киргизүү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан ишке ашырылат.
55. Ички тартиптин маселелери (өргүүлөрдү берүү (чакыртып алуу), материалдык жардам көрсөтүү, иш сапарга жиберүү, жазаларды колдонуу жана сыйлоо) боюнча тескемелердин долбоорлорун даярдоо, аларды каттоо, эсепке алуу, жиберүү жана сактоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын кадрдык иштер боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
7. Президентке кол коюу үчүн келген мыйзамдарды кароонун тартиби
56. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы Жогорку Кеңеш кабыл алган Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) укуктук экспертиза жүргүзөт, анын натыйжалары боюнча аларды Президентке кол коюу үчүн киргизет же аларга каршы пикирлердин долбоорлорун даярдайт.
Мында Президентке кол коюуга келип түшкөн республикалык бюджет, салык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар Президентке кол коюуга экспертиза жүргүзбөстөн киргизилет.
57. Президентке кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамдар (республикалык бюджет, салыктар жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардан тышкары) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан мыйзамдарга кол коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алуу үчүн 10 күндөн кем эмес мөөнөттү белгилөө менен кагаз түрүндө же электрондук формада тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана зарыл болгондо министрликтерге, ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет.
Мында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо (денонсациялоо) жөнүндө мыйзамдар аларды демилгечи тарабынан киргизилген редакцияда Министрлер Кабинетинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган учурда, ошондой эле Президенттин өкүлдөрүнүн катышуусу менен макулдашуучу топ тарабынан иштелип чыккан макулдашылган редакцияда Президенттин каршы пикиринен кийин кабыл алынган мыйзамдар 5 күндөн кем эмес мөөнөттү белгилөө менен кагаз түрүндө же электрондук формада тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана зарыл болгондо компетенциясына ушул мыйзамдар менен жөнгө салынуучу маселелер кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Президентке кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамдарга сын пикирлер жана/же сунуштар жок болсо, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү мыйзамга мамлекеттик жана расмий тилдерде лингвистикалык экспертиза жүргүзөт.
Лингвистикалык экспертиза жүргүзүүдө мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги мыйзамдын текстинде дал келбестиктер табылган учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракетте бул дал келбестиктерди жумушчу тартипте жоёт.
Андан кийин мыйзам ага корутундуну жана укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган кызматтык катын тиркөө менен Президентке кол коюу үчүн киргизилет.
58. Негиздер бар болсо укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан Президенттин каршы пикиринин долбоору даярдалат (Президенттин каты түрүндө таризделет) жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылган корутундуну жана кызматтык катты тиркөө менен Президенттин кол коюусуна киргизилет.
59. Президентке кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамга принциптүү эмес мүнөздөгү сын пикирлер жана/же сунуштар бар болсо, укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан корутунду даярдалып, ал Президенттин тапшырмасы менен мыйзам долбоорун демилгелеген мамлекеттик органга жиберилет. Мында мыйзам Президенттин кол коюусуна Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылган мыйзамга кол коюуга боло тургандыгы жөнүндө корутундуну жана кызматтык катты тиркөө менен киргизилет.
60. Жогорку Кеңеш Президенттин мыйзамга карата каршы пикирлери менен макул болбосо жана мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү менен мурунку кабыл алынган редакцияда кайра кабыл алса, мындай мыйзам канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде укуктук экспертиза жүргүзүүсүз Президентке кол коюу үчүн киргизилет.
8. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдорун даярдоонун тартиби
61. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңешме органдарынын кеңешмелеринин протоколдору кеңешмелерди, жыйналыштарды даярдаган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан мамлекеттик жана/же расмий тилдерде даярдалат жана канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдердин ченемдерине шайкеш келишине карата лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдору канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан редакцияланбайт.
62. Протоколго кеңешме, жыйналыш өткөргөн адам кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүм виза койгондон кийин кол коёт.
63. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүндө өткөрүлгөн датасын, катар номерин көрсөтүү менен милдеттүү түрдө катталууга жана таркатылууга тийиш. Протоколдордун түп нускалары тиркелген материалдары менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын учурдагы архивинде сакталат.
Эгерде протоколдорго жумуш күндүн аягында кол коюлса же каттоого киргизилсе, анда аларды кийинки жумуш күнү каттоого жол берилет.
64. Президентке караштуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдору комиссия мүчөлөрү кол койгондон кийин көктөлөт, номерленет жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мында протоколдун ар бир барагынын арткы бетине комиссиялардын жооптуу катчылары тарабынан кол коюлууга тийиш.
65. Кеңешмени, жыйналыштарды уюштуруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм милдеттүү тартипте;
- микрофон, бет ачарды көрсөтүү, аудиожазуу, стенограмма ж.б. үчүн зарыл болгон жабдуулар ж.б. менен камсыз кылуу жөнүндө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон кызматтык катты Иш башкармасына жиберет;
- катышуучулардын аты-жөнүн көрсөтүү менен куверттерди даярдайт;
- чакырылган адамдардын акыркы тизмесин түзөт, ал Президенттин Администрациясынын административдик имаратынын кароо жана өткөрүү пункттарына берүү үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин биринчи сектору менен макулдашылат;
- катышуучуларды отургузуу үчүн Президенттин протокол кызматынын кызматкерин чакырат (Президентке караштуу комиссиялардын жыйналыштарынан тышкары).
66. Президент өткөрүүчү кеңешмелерди, жыйналыштарды аудиожазуу маселеси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК) 9-кызматынын кызматкерлери менен макулдашылат.
Аудиожазуу кеңешме, жыйналыш өткөрүү үчүн жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерине гана аудиожазууларды каттоо журналына белги коюу менен берилет.
Аудиожазуу кеңешме, жыйналыш өткөрүлгөн күндөн баштап көтөрүп жүрүүчү компьютерлердин (ноутбуктардын) катуу дисктеринде бир ай сакталат жана аталган мөөнөт аяктаганда акт боюнча өчүрүлөт. Аудиожазуу актыга кол коюучу УКМКнын 9-кызматынын кызматкеринин катышуусу менен өчүрүлөт.
9. Актыларды каттоонун жана таркатуунун тартиби
67. Кол коюлган конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге, мыйзамдарга, Президенттин жарлыктарына жана тескемелерине, Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине тиркелген документтердин бар экендиги жөнүндө маалымкат жана таркатуу көрсөткүчү толтурулат, ага жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коюп, долбоорго тиркелет. Чечимге тиркелүүчү документтердин толук болушуна, ошондой эле таркатуу көрсөткүчүн тийиштүү түрдө толтурууга жоопкерчилик жооптуу түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.
68. Конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар, Президенттин жарлыктары жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелери датасын жана катар номерин көрсөтүү менен канцеляриянын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүндө кол коюлган күнү милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Эгерде актыга жумуш күндүн аягында кол коюлса жана каттоого киргизилсе, анда аларды кийинки жумуш күнү каттоого жол берилет.
69. Актыларды таркатуу жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан толтурулган таркатуу барагына ылайык ишке ашырылат.
70. Төмөнкү органдар жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ченемдик укуктук актыларды таркатуу барагына милдеттүү түрдө киргизилет: Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Жогорку Кеңеш, маалыматтык саясат жана укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөр. Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу жөнүндөгү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин таркатуу барагына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кошумча киргизилет.
"Жашыруун" же "КПҮ" грифи бар актыларды таркатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Ченемдик эмес мүнөздөгү актылар жооптуу түзүмдүк бөлүм аныктаган тиешелүү органдарга жиберилет.
Жарыяланууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар, ошондой эле башка актылар "Эркин Тоо" гезитине берилет.
71. Ушул Регламенттин 70-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын таркатуу барагына милдеттүү түрдө киргизилишин контролдоону канцеляриянын актыларды чыгаруу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм жүргүзөт.
72. Мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларынын кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрү Юстиция министрлигине эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан жөнөтүлөт.
Ченемдик укуктук актылар кагаз жүзүндөгүсү менен бир эле учурда Юстиция министрлигине "Microsoft Word" форматында мамлекеттик жана расмий тилдерде "npa@minjust.gov.kg" дарегине электрондук почта боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан жөнөтүлөт.
Ченемдик укуктук актыларды электрондук почта боюнча "Subject" ("Предмет", "Тема") тилкесине жиберүүдө ченемдик укуктук актынын реквизиттери көрсөтүлөт.
10. Актылардын, башка чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын контролдоонун тартиби
73. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалар, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары контролго алынат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары документке коюлган же тиешелүү бланкка таризделген резолюциялар түрүндө таризделет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын бардык тапшырмалары, эгерде башкача көрсөтүлбөсө түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан бир айлык мөөнөттө аткарылат. "Өтө шашылыш" деген көрсөтмөнү камтыган тапшырмалар 2 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, "шашылыш" - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, "ыкчам" же "кыска мөөнөттө" - 10 жумуш күнгө чейин аткарылууга тийиш.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери башкармалыктын курамында иштеген түзүмдүк бөлүмдөргө гана тапшырма бере алат.
74. Эгерде тапшырма бир эле убакта бир нече түзүмдүк бөлүмгө берилсе, анда "жооптуу" деген сөз менен белгиленген, же болбосо резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмгө аткаруу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. Бул түзүмдүк бөлүмгө ишти координациялоо, тапшырмада көрсөтүлгөн башка түзүмдүк бөлүмдөрдөн маалымат суроо, ошондой эле тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарбаган, белгиленген мөөнөттө маалыматты бербеген түзүмдүк бөлүмдөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө же тапшырмалардын сапатсыз аткарылганы жөнүндө жетекчиликке билдирүү укугу берилет.
75. Эгерде тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө белгиленген мөөнөттө талаптагыдай аткарууга бөгөт болгон жагдайлар пайда болсо түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси резолюциянын авторунун, ушул Регламенттин 76-пунктунда көрсөтүлгөн башка адамдардын атына тапшырмалардын өз убагында аткарылышына бөгөт болгон себептерди, алардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн көрүлгөн конкреттүү чараларды жана белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуштарды көрсөтүү менен маалымат берет.
76. Тапшырмаларды жокко чыгарууга, аткарылышын токтотуп турууга, аларды аткаруу мөөнөтүн узартууга, контролдон алып салууга резолюциянын автору гана укуктуу.
Президенттин тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан кабыл алыньш, андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымдалышы мүмкүн.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими башкармалыктардын начальниктеринин орун басарлары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
77. Эгерде документ боюнча чечим кабыл алынса, зарыл маалымат берилсе, анын ичинде Президенттин Администрациясынын башкармалыктардын начальниктеринин колу коюлуп дарек ээсине жооп берилсе же аткарылгандыгы жөнүндө жетекчиликтин резолюциясы менен контролдон алып салуу тууралуу маалымкат даярдалса ал аткарылган болуп эсептелет. Контролдон алынган документтерге (түп нускасы) "көктөмөгө" деген белги коюлуп, бардык алгачкы топтолгон материалдары менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясына тапшырылат.
78. Түзүмдүк бөлүм Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын суроо-талабы боюнча жумушчу тартипте тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
11. Жарандардын кайрылууларын кароонун жана алардын аткарылышын контролдоонун тартиби
79. Жарандардын жеке жана жамааттык арыздары, кайрылуулары, даттануулары (мындан ары - жарандардын кайрылуулары) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
80. Жарандардын жазуу жүзүндө келип түшкөн кайрылуулары, электрондук билдирүү түрүндөгү же Президенттин Коомдук кабылдамасы аркылуу оозеки жеке кайрылуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун натыйжалары жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдө андан ары АСКИДге же ЭДЖСга тийиштүү маалыматтарды киргизүү менен катталат.
Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда милдеттүү түрдө анын алуучусу же кызмат адамынын аты-жөнү же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле арыз ээсинин аты-жөнү, байланыш телефону (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дареги, кайрылуунун маңызы көрсөтүлөт.
Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болушу керек. Зарыл болгон учурда аларга жарандын жүйөлөрүн ырастаган документтер тиркелет.
Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде сканерленген көчүрмөлөрдү, электрондук документтерди, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана видео материалдар) жайгаштырылган Интернет тармагындагы даректерди тиркөөгө жол берилет.
81. Электрондук кайрылуу алынгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же себебин негиздөө менен кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жиберилет. Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана мыйзамда белгиленген тартипте каралат.
Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө аткаруучу электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу.
Электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жиберилет.
82. Кайрылуу мазмунуна жараша Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, башкармалыктардын начальниктерине баяндалат же болбосо кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга кароо жана арыз ээсине жооп берүү үчүн жиберилет.
83. Аты-жөнү жана жооп жиберилүүчү почталык дареги көрсөтүлбөгөн жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары анонимдүү деп таанылат жана каралууга жатпайт.
Эгерде кайрылуунун текстинин окулушу кыйын болсо, кайрылуунун маңызын жана жүйөлөрүн билүү, тактоо үчүн арыз ээси (эгерде арыз ээсинин аты-жөнү жана почталык дареги окула турган болсо) чакыртылат. Эгерде арыз ээси менен байланышуу мүмкүн болбосо, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык ал боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат, буга жарандардын укуктары, эркиндиктери жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтар кайрылууда камтылган учурлар кирбейт.
84. Автордун бир жылдын ичинде бир эле маселени козгоп, кайталап берген кайрылуусуна биринчи жолу берилген кайрылуунун каттоо номери коюлат, ал эми каттоо карточкасына "кайталоо" деген белги; эгерде кайрылуу үч жана андан көп жолу келсе - "көп жолу" деген белги коюлат. Кайталанган кайрылуулардын мазмунун кароо ошол эле автордун мурда келип түшкөн кайрылуусу боюнча көрүлгөн чараларды жана ага берилген жооптор менен түшүндүрмөлөрдүн маңызын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кайрадан кайрылуу келип түшкөн учурда ага мурдагы кайрылууларда каралган материалдар тиркелет.
Жаңы далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген, текшерүүлөрдүн жеткире иштетилген материалдары бар жана жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген жарандардын кайрадан берилген кайрылуулары каралууга жатпайт, бул тууралуу кайрылуулардын авторлоруна маалымдалат.
85. Жогорку Кеңештин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана республиканын башка мекемелеринин түздөн-түз компетенциясына таандык жарандардын кайрылуулары катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган коштомо кат менен кайра жөнөтүлүүгө тийиш.
86. Жарандардын кайрылууларын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына кароого жөнөтүүгө жол берилбейт.
87. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга жана катталган күндөн баштап 14 жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш.
88. Кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну кароо мөөнөттөрү арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) кабарлоо менен узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндө чечим резолюциянын автору же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кабыл алынат.
89. Кайрылууларды кароо бир нече түзүмдүк бөлүмгө тапшырылган учурларда ишти координациялоо жана кароонун жыйынтыгы боюнча маалымкат даярдоо "жооптуу" деген сөз менен белгиленген түзүмдүк бөлүм же резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
90. Соттун чечимдерине даттанган жарандардын кайрылууларына ошол соттун чечимине даттануу тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
91. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине жооп жиберилет жана зарыл болгон учурда маалымкат түзүлөт, ага аткаруучу виза коёт жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коёт. Маалымкатка кароонун материалдары тиркелет.
92. Эгерде коюлган маселелерге оозеки же жазуу жүзүндөгү жооп берилген болсо, кайрылуулар каралды деп эсептелет.
Кайрылуу резолюциянын автору же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан контролдон алынат.
93. Кайрылууну кароонун натыйжалары жөнүндө корутунду, автор менен аңгемелешүү жана ага берилген жооп жөнүндө белгилер кайрылуунун түп нускасында же мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалымкатка жазылышы мүмкүн.
Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- кайрылууну толук же жарым жартылай канааттандыруу жөнүндө;
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
- коюлган маселелерди чечүү жана табылган бузууларды четтетүү боюнча чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө.
Кайрылуу боюнча чечим жүйөлүү, конкреттүү укуктук актыларга шилтемеси менен болуп, ага даттануунун тартиби жөнүндө көрсөтмө камтылышы керек.
94. Кайрылуунун түп нускасы кайрылуунун авторлоруна жооп берүү тапшырмасы менен түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары кароого жөнөтүлгөн учурда, АСКИДге же ЭДЖСга кайрылуу жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат киргизилет.
95. Кайрылуунун авторлору түп нуска документтерин жазуу жүзүндө кайра талап кылууга укуктуу, буга кайрылуунун өзү кирбейт.
96. Жарандардын каралган кайрылуулары бардык материалдары менен бирге жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө кайтарылып берилүүгө тийиш.
97. Президенттин Коомдук кабылдамасы жумуш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт, зарыл болгондо анын иштөө тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн.
98. Президенттин Коомдук кабылдамасында жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын каттоо, эсепке алуу жана тариздөө жүргүзүлөт.
99. Жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасы, башкармалыктардын начальниктери бекиткен графикке ылайык жүргүзүлөт.
100. Эгерде жаран тарабынан коюлган маселелер Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирбесе, ага тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби түшүндүрүлүп берилет.
101. Эгерде жарандарды кабыл алууда коюлган маселелерди чечүү мүмкүн болбосо, жазуу жүзүндөгү кайрылуу кабыл алынат, ал каттоодон кийин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө кароого жөнөтүлөт. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө, эгерде кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жаранга мурда жооп берилген болсо, кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
102. Жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдоо жана жалпылоо жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан жүзөгө ашырылат, ал мезгил-мезгили менен Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө маалымдайт, ошондой эле Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин макулдугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарында талдоо каттарын жарыялайт.
103. Календардык жыл аяктаганда кайрылууларды текшерүүлөрдүн бардык материалдары көктөмө болуп түзүлөт жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдүн учурдагы архивинде беш жыл сакталат, андан кийин жок кылынат же Президенттин архивине иштердин номенклатурасына ылайык өткөрүп берилет.
Кайрылууларды текшерүүлөрдүн материалдары учурдагы архивден түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин макулдугу менен документтерди эсепке алуу карточкасына кол койдуруу аркылуу берилет.
12. Документтерди учурдагы архивге берүүнүн тартиби
104. Иш кагаздарын жүргүзүүдө аткарылган жана аяктаган документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 10 жумуш күндүн ичинде түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө аларды көктөмөгө түзүү жана андан ары сактоо үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берилет.
105. Документтер көктөмөгө түзүү үчүн документтин сырткы жагына "Көктөмөгө" деген белги коюлуп, барактардын саны жана эсептен чыгаруу күнү көрсөтүлүп, түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусунун визасы менен берилет.
Аткарылбаган жана контролдон алынбаган документтерди сактоо үчүн өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
106. Эсептен чыгарылуучу документтерге сактоо үчүн өткөрүп берилүүчү документтердин тизмеси 2 нускада тиркелет, ага түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси/жетекчинин орун басары кол коёт, алардын бири түзүмдүк бөлүмдө калат, экинчи нускасы өткөрүп берилген документтер менен сакталат.
Документтер түзүмдүк бөлүмдөрдүн иштеринин номенклатурасына ылайык жана бардык документтердин түп нускалары (жетекчиликтин тапшырмалары, мамлекеттик органдар менен кат алышуулары, кызматтык каттар, Президенттин Администрациясынын жооптору ж.б.) болгондо түзүлөт.
Сактоо үчүн берилген документтердин топтому туура эмес таризделгенде же толук эмес болгондо бардык документтер толук комплекттөө үчүн түзүмдүк бөлүмгө кайтарып берилет.
Өткөрүп берилген документтерди сактоо ар бир түзүмдүк бөлүмдүн иштеринин номенклатурасына ылайык жүргүзүлөт.
107. Канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө сактоого өткөрүп берилүүчү документтердин топтомунун толуктугу үчүн жоопкерчиликти түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлери тартат.
108. Канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм документтердин тизмесине ылайык бардык өткөрүп берилүүчү документтер болгондо көктөмөлөрдү тариздейт жана көктөмөнүн номерин жана эсептен чыгаруунун датасын көрсөтүү менен канцеляриянын учурдагы архивине сактоо үчүн документтер өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө АСКИДге же ЭДЖСга маалыматтарды киргизет.
109. Документтер Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын учурдагы архивинде тиешелүү шарттар болгондо 3 жыл бою сакталат, андан соң алар сактоо үчүн Президенттин архивине берилет. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын учурдагы архивинде болгон архивдик документтерден көчүрмөлөрдү алууга, ошондой эле алар менен таанышып чыгууга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин макулдугу менен жол берилет. Президенттин архивинде сакталууда турган Президенттин Администрациясынын архивдик документтеринен көчүрмөлөрдү алууга, ошондой эле алар менен таанышып чыгууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча жол берилет.
13. Ушул Регламентти сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик
110. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынуучу тартип жоопкерчилигине алып келет.".