Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-августундагы № 441 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 29-октябры № 542
Аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы кайра түзүүлөргө жана кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" жана 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" жарлыктарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 391 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
аталган тескеме менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамында:
- биринчи абзацындагы "Бакашова Жылдыз Кемеловна" деген сөздөр "Байсалов Эдиль Жолдубаевич" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "Иманалиев Кайрат Олжобаевич" деген сөздөр "Жаманкулов Азамат Капарович" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацындагы "Рысалиев Сейит Максутович" деген сөздөр "Алишеров Эльдар Туралиевич" деген сөздөр менен, "финансы" деген сөз "коммерция" деген сөз менен алмаштырылсын.
Төрага | А.У.Жапаров |