Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 20-январы № 19-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Пландын тиешелүү пункттарын ишке ашырууну камсыз кылсын;
- квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына (мындан ары - Дин комиссиясы) берип турсун.
3. Дин комиссиясы ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Планды ишке ашыруу жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А. У. Жапаров |
Тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн натыйжалар (өнүмдөр) | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
КОНЦЕПЦИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ | ||||||
1. Светтик жана укуктук негиздерди чыңдоо | ||||||
1 | "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | 1.1. Диний чөйрөдөгү мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын талдоо боюнча жумушчу топ түзүү | 2022-жылдын 1-кварталы | ДИМКнын буйругу. Квалификациялуу эксперттер жана юристтер ишке тартылды | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК |
1.2. Диний чөйрөдөгү мыйзамдарга, анын ичинде укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү | 2022-жылдын 1-кварталы | Корутундулар жана сунуштамалар менен аналитикалык маалымкат | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ЮМ | ||
1.3. "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу | 2022-жылдын 1-3-кварталдары | "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ЮМ | ||
2 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кемчиликтерди аныктоо жана алар боюнча чечим кабыл алуу | 2.1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын 1-3-кварталдары | Мыйзамсыз диний ишти алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ЮМ |
2.2. Диний бирикмелерди/уюмдарды, диний окуу жайларды, чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлчүлүктөрүн, диний объекттерди жана сыйынуу бөлмөлөрүн эсепке тургузуу жана алуу тартибин жөнгө салуучу ченемдик документти иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын 2-3-кварталдары | Диний уюмдарды эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү тартибин жөнгө салуу. Дин чөйрөсүндө иштеген субъекттер жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн шарттарды түзүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК | ||
3 | Диний бирикмелерди/уюмдарды, диний окуу жайларды, чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлчүлүктөрүн, диний жайларды жана сыйынуу бөлмөлөрүн эсептик каттоо/кайра каттоо жол-жобосун жөнгө салуу | 3.1. Диний бирикмелерди/уюмдарды, диний окуу жайларды, чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлчүлүктөрүн, диний объекттерди жана бөлмөлөрдү эсептик каттоону/кайра каттоону ЧУА киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жүргүзүү | 2023-2026-жылдар | Эсептик каттоодон/кайра каттоодон өткөн диний бирикмелердин, объекттердин саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК, КРП облустардагы ЫӨ |
3.2. Диний объекттерди курууну тартипке келтирүү жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын бардык субъекттерин координациялоочу ЧУА иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-4-кварталдары | Диний имараттарды, курулуштарды долбоорлоо жана куруу, ошондой эле аларды курулуш нормаларына так ылайык келтирүү менен реконструкциялоо | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, АКТЖКЧМА, КРП облустардагы ЫӨ , ЖӨБО, диний уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
4 | Мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик негиздерин чыңдоо | 4.1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикти, ошондой эле жеке менчик жер участокторун диний бирикмелердин менчигине жана пайдаланууга берүү практикасын талдоо | 2023-жылдын 1-2-кварталдары | Корутундулар жана сунуштамалар менен аналитикалык отчет | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ЖРМА, ДИМК, КРП облустардагы ЫӨ, ЖРМА, ЖӨБО |
4.2. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикти, ошондой эле жеке менчик жер участокторун диний бирикмелердин менчигине жана пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2023-жылдын 3-4-кварталдары | Муниципалдык жана жеке жер участокторун берүү маселесин жөнгө салуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ЖРМА, ДИМК, ЮМ | ||
5 | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын билим деңгээлин жогорулатуу | 5.1. Диний бирикмелерди/уюмдарды, диний окуу жайларды, чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлчүлүктөрүн, диний объекттерди жана сыйынуу бөлмөлөрүн эсептик каттоого алуу боюнча Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2023-2026-жылдар | Жылына 50дөн кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, анын ичинде онлайн режиминде окутуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган билим берүү мекемеси, ДИМК |
5.2. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жөнгө салуу маселелери боюнча усулдук сунуштамаларды иштеп чыгуу жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жөнгө салуу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, прокуратура кызматкерлери жана соттор үчүн тренингдерди жана семинарларды өткөрүү | 2022-2026-жылдар | Ыйгарым укуктуу кызматкерлердин арасында укуктук жана соттук чечимдерди объективдүү жана натыйжалуу кабыл алуу үчүн билим деңгээлин жогорулатуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ИИМ, БП, облустук, райондук жана жергиликтүү соттор (макулдашуу боюнча), ДИМК | ||
5.3. Калкты укуктук жактан агартуу, мыйзамдуулук, светтик принципти сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдан тартып үзгүлтүксүз негизде | Светтик жана адам укуктары принциби маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жана укуктук жактан агартууну жогорулатуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ЮМ, ММСЖСМ | ||
6 | Дин таануу экспертизасын жүргүзүү маселелерин жөнгө салуу | 6.1. Мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЧУА иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2024-жылдын 2-3-кварталдары | Дин таануу экспертизасын өткөрүүгө бирдей жана негизделген мамилени колдонуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ЮМ |
7 | Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | 7.1. Мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмүн өзгөртүү боюнча талдоо жана сунуштарды киргизүү | 2022-жылдын 4-кварталы | Мамлекеттик органдын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча КР Президентинин Администрациясына жана КР Министрлер Кабинетине сунуш киргизүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК |
7.2. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында республикалык бюджеттен тийиштүү каржылоону бөлүү | 2023-жылдын 1-2-кварталдары | ДИМК түзүмү боюнча ченемдик укуктук актыны кабыл алуу, ДИМКнын өзгөртүлгөн бюджетин бекитүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК | ||
2. Мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташуусун кеңейтүү | ||||||
8 | Конфессиялар аралык диалог үчүн шарттарды калыптандыруу жана түзүү | 8.1. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Конфессиялар аралык кеңештин региондук түзүмүн (КАКтын облустук түзүмү) түзүү боюнча бир облустун алкагында пилоттук программанын чараларын ишке ашыруу | 2022-жылы | Конфессиялар аралык мамилелерди талкуулоо жана өнүктүрүү боюнча туруктуу иштеген диалогдук аянтчаны түзүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | КРП облустардагы ЫӨ, ДИМК |
8.2. Пилоттук программанын жыйынтыгы боюнча ар бир облустун деңгээлинде Конфессиялар аралык кеңештин региондук түзүмдөрүн түзүү | 2023-2025-жылдар | Мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин ортосундагы өнөктөштүк деңгээлин жогорулатуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | КРП облустардагы ЫӨ, ДИМК | ||
8.3. Республикалык жана региондук деңгээлдеги Конфессиялар аралык кеңештердин мүчөлөрүн окутууну жана квалификациясын жогорулатууну системалуу негизде камсыз кылуу | 2022-2026-жылдар | Конфессиялар аралык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарында талкуулануучу маселелер боюнча негиздүү жана сапаттуу чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү маалымдуулугун жогорулатуу. Жылына тренинг-семинарлардын саны | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, диний уюмдар, Бейөкмөт уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
9 | Мамлекеттик-конфессиялар аралык карым-катнаштарды чыңдоо жана потенциалын өнүктүрүү | 9.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча программага диний бирикмелер менен болгон өз ара мамилелердеги мамлекеттин ролу менен байланышкан тема боюнча жаңы билим берүү программаларын киргизүү | 2023-жыл | Диний чөйрөгө тиешелүү маселелерди чечүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын компетенциясынын деңгээлин жогорулатууну системалаштыруу. Жаңы билим берүү программаларынын саны. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын окутуудан өткөндөрүнүн саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында (мамлекеттик заказдын каражаттарынын эсебинен) | КР Президенти тарабынан аныкталган билим берүү мекемеси |
9.2. Диний бирикмелерди жана диний окуу жайларды институционалдык өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперттик-консультациялык топту түзүү | 2023-жыл | Диний бирикмелердин жана диний окуу жайлардын башкаруу, ошондой санариптештирүү маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, диний уюмдар, бейөкмөт уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
10 | Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү | 10.1. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө, анын ичинде региондук деңгээлдеги программаларды иштеп чыгууда диний бирикмелер менен өнөктөштүктө социалдык маселелерди чечүү | 2022-2026-жылдар | Бир кыйла натыйжалуу координацияланган социалдык жардам көрсөтүү. Биргелешип ишке ашырылган социалдык долбоорлордун саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ЭСКММ, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО, диний уюмдар (макулдашуу менен) |
10.2. Маданий мурастын объекттерин, тарыхый эстеликтерди, маданиятты, искусствону жана ыйык жерлерди сактоо, ошондой эле жаңы искусство чыгармаларын жаратуу жана маданий жактан кызмат көрсөтүү максатында диний жана коомдук бирикмелер менен биргеликте инвестициялык жана донордук каражаттарды тартуу боюнча инвестициялык жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу | 2022-2026-жылдар | Маданий мурас, маданият жана тарых эстеликтерин реставрациялоо, искусствонун жаңы чыгармаларын жаратуу жана маданий кызмат көрсөтүү объекттери үчүн каржылоо көлөмүн жогорулатуу. Тартылган инвестициялардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Донорлордун каражаттары | ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО, диний уюмдар (макулдашуу менен) | ||
10.3. Мамлекеттик түзүмдөрдүн диний уюмдар жана лидерлер, анын ичинде аялдардын диний жамааттарын башкаруучулар менен социалдык, маданий жана билим берүү долбоорлору чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү маселелери боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу | 2023-жыл | Аялдардын диний уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ЭСКММ, ММСЖСМ, БИМ, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА,ЖӨБО (макулдашуу менен) | ||
11 | Ден соолук маселелерин жана үй-бүлөлүк зомбулукту, ошондой эле эрте никеге турууну алдын алуу | 11.1. Диний уюмдардын жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн саламаттык сактоо маселелери боюнча (энеликти жана үй-бүлөнүн саламаттыгын сактоо, эмдөө ж.б.), үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте турмушка чыгууну алдын алуу боюнча системалуу түрдө профилактикалык иш-чараларды өткөрүү | 2022-2026-жылдар | Саламаттык сактоо жана үй-бүлөдөгү зомбулукту жана эрте никелерди алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу. Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ССМ, ИИМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу менен), диний уюмдар (макулдашуу менен) |
11.2. БМжБ топторуна диний бирикмелердин өкүлдөрүн киргизүү үчүн жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн типтүү методикасына толуктоолорду киргизүү | 2022-жылдын 1-4-кварталдары | БМжБ топторунун курамына диний бирикмелердин өкүлдөрүн киргизүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ММСЖСМ, ДИМК | ||
12 | Диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алууга, жоюуга багытталган профилактикалык чаралар | 12.1. Диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо жана азайтуу, дискриминацияга, сабырсыздыкка каршы туруу боюнча чараларга коомдук алдын алуу борборлорун (КАБ) тартуу | 2022-жылдын 2-кварталы | Маданияттар аралык жана диндер аралык өз ара түшүнүшүүнү камсыздоо. КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ИИМ, ММСЖСМ, ДИМК, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу менен) |
13 | Маалыматтык ресурстарга жетүүнү камсыздоо үчүн санариптештирүүнү киргизүү | 13.1. Диний уюмдардын маалыматтар базасын санариптештирүү. Диний мамилелерде маалыматты натыйжалуу берүү максатында коммерциялык эмес уюмдардын жана диний бирикмелердин веб-сайттарын түзүү жана жүргүзүү боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү | 2022-2026-жылдар | Мамлекеттик эмес сайттар үчүн укуктук жана башка маалыматтарды берүүгө жардам көрсөтүү жөнүндө меморандумду түзүү. Кызыкдар тараптардын маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, коммерциялык эмес жана диний уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн Меморандумдун тараптары (макулдашуу боюнча) |
13.2. ДИМКнын веб-сайтын модернизациялоо | 2023-жыл | Маалыматтык материалдар менен расмий сайтты өркүндөтүү жана жаңылоо. Сайтты колдонуучулардын санынын өсүшү | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК | ||
14 | Адамдын абийир жана дин тутуу эркиндигине, диний жана башка ынанымдарына болгон укуктарын камсыз кылуу | 14.1. Конфессиялар аралык диологдун, КР жарандарынын биримдиги жумалыгын жыл сайын улуттук жана жергиликтүү деңгээлде өткөрүү | Жыл сайын | Диндин же ишенимдердин белгиси боюнча сабырсыздыкка жана дискриминациялоого каршы аракеттенүү боюнча чечимдердин биргелешкен жолдорун бириктирүү жана табуу. Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу менен), диний уюмдар (макулдашуу менен) |
14.2. Жарандык коомдун, диний уюмдардын жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн дин жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча ар кандай форматтарда окутуу программасын иштеп чыгуу жана уюштуруу | 2022-2025-жылдар | Жарандык коомдун жана калктын ар кандай диндерге карата толеранттуу мамилесин калыптандыруу. Окутуучу иш-чаралардын жана окуучулардын саны | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу менен), Өнөктөштүк уюмдар (макулдашуу менен) | ||
14.3. Тынчтыкты куруу боюнча эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк мамилени өнүктүрүү, анын ичинде диний чөйрөдө социалдык жана маданий мекемелердин базасында, анын ичинде региондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде чараларды демилгелөө | 2022-2025-жылдар | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды, мамлекеттик органдарды жана диний бирикмелерди камтыган тынчтыкты куруу боюнча биргелешкен долбоорлордун саны | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, КРП облустардагы ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу менен) | ||
3. Диний жана дин таануу билим берүү системасын өркүндөтүү | ||||||
15 | КР диний билим берүүнү системалаштыруу | 15.1. Кыргыз Республикасында диний билим берүү практикасына жана укуктук ченемдик жөнгө салуу предметине талдоо жүргүзүү | 2023-жылдын 1-2-кварталдары | Корутундулар жана сунуштамалар менен аналитикалык кат | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, БИМ өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) |
15.2. Диний билим берүү маселелерин жөнгө салуу үчүн билим берүү маселелери боюнча колдонуудагы ЧУА өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же жаңыларын иштеп чыгуу | 2023-жылдын 3-4-кварталдары | Өлкөнүн маданий жана тарыхый баалуулуктарын эске алуу менен адамдын укугун жана эркиндигин кемсинтпеген диний билим берүү системасын өркүндөтүү. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө диний билим алуунун талаптарын жана маселелерин камтыган "Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн тартиби жөнүндө" ЧУАны кабыл алуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, БИМ | ||
16 | Диний билим берүү деңгээлин жогорулатуу | 16.1. Жалпы билим берүү мекемелеринде дин таануу предметин киргизүү боюнча планды иштеп чыгуу | 2022-2023-жылдар | Дин таануу предметин мектеп программасына киргизүү | Мамлекеттик органдарды каржылоонун алкагында | БИМ, Кыргыз билим берүү академиясы (макулдашуу боюнча), ДИМК |
16.2. Жалпы билим берүү мекемелерине "Диндердин өнүгүү тарыхы" деген жаңы дин таануу предметин киргизүү, андан ары жаңы билим берүүнүн натыйжасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып | Мектеп окуучуларын диндердин жана ишенимдердин көп түрдүүлүгүнө карата толеранттуу мамиле кылууга тарбиялоо. Окуудан өткөн окуучулардын саны. Квалификациясын жогорулатуудан өткөн окутуучулардын саны | Мамлекеттик органдарды каржылоонун алкагында | БИМ, Кыргыз билим берүү академиясы (макулдашуу боюнча), ДИМК | ||
16.3. Жогорку билим берүү системасында дин таануу предметин киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларга талдоо жүргүзүү | 2024-жылдан тартып | Сунуштар менен аналитикалык кат. Дин маселелери боюнча студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | БИМ, ДИМК, ЖОЖ (макулдашуу боюнча) | ||
17 | Укуктук маданияттын жана жарандык иденттүүлүктүн негиздерин ишке ашырууга дем берүү | 17.1. Диний окуу жайлардын (медреселер, жекшембилик мектептер, семинариялар ж.б.) ишинин окуу-методикалык жана техникалык талаптарга шайкештиги предметине мониторинг жүргүзүү | 2024-2026-жылдар | Корутундулар жана сунуштамалар менен аналитикалык кат | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, БИМ, ИИМ тийиштүү органдар (макулдашуу боюнча), диний уюмдар (макулдашуу боюнча) |
17.2. Диний окуу жайлардын окуу программаларына жалпы билим берүү предметтерин киргизүү жана планын иштеп чыгуу | 2024-жылдан баштап | ДОЖдын студенттеринин базалык жалпы билимин, алардын КРнын коомдук-саясий жашоосу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, алардын обочолонушун алдын алуу | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | БИМ, ДИМК, диний уюмдар жана диний окуу жайлар (макулдашуу боюнча) | ||
17.3. Окуу программаларына жалпы билим берүүчү сабактарды киргизген диний окуу жайлардын ишинин жакшы тажрыйбасын кеңири чагылдырууну камсыз кылуу | 2024-2026-жылдар | Мектеп программасындагы дисциплиналарды окуу процессине киргизүү үчүн диний билим берүү мекемелеринин мотивациясынын деңгээлин жогорулатуу. Жалпы билим берүү дисциплиналарын киргизген диний окуу жайлардын саны. Окуудан өткөн окуучулардын саны | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | БИМ, ДИМК, ММСЖСМ, диний уюмдар жана диний окуу жайлар (макулдашуу боюнча) | ||
17.4. Диний окуу жайлардын суроо-талабы боюнча жалпы билим берүүчү сабактар боюнча окуу, усулдук материалдар менен камсыз кылууга көмөктөшүү | 2023-2026-жылдар | Жалпы билим берүү дисциплиналары боюнча окутуу, методикалык материалдар менен камсыз болгон диний окуу мекемелеринин саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | БИМ, ДИМК | ||
17.5. БИМ тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү илимий иштердин сынагынын программасына Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы диндердин тарыхын, алардын тарыхый-маданий мурастарын жана диний уюмдардын ишмердүүлүгүн изилдөө менен байланышкан темаларды киргизүү | 2022-2026-жылдар | Кыргыз Республикасынын аймагында диндин тарыхы боюнча темаларды чагылдырууга илимий кызматкерлердин жана окутуучулардын мотивациясын жогорулатуу. "Кыргызстандагы диндер" темасы боюнча жарыялоолордун саны | Республикалык бюджеттин каражаттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | БИМ, ДИМК | ||
17.6. Диний окуу жайлардын, анын ичинде жалпы билим берүүчү сабактар киргизилген диний окуу жайлардын угуучуларынын арасында жарандык, Мекенди сүйүү, мекенчилдик, үй-бүлөдөгү баалуулуктар темаларына сынак уюштуруу | 2023-2026-жылдар | Жарандык түшүнүктү күчөтүү, коомдун, плюрализмдин, көп түрдүүлүктүн маселелерине сын көз карашты калыптандыруу. Диний билим берүү мекемелерин мамлекеттик саясатты ишке ашырууга тартууну күчөтүү | Республикалык бюджеттен кошумча каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, БИМ, диний уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
17.7. Мамлекеттик-конфессионалдык мамилелер боюнча илимий конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды жана ушул сыяктуу форматтагы башка иш-чараларды өткөрүү | 2022-2026-жылдар | Кыргыз Республикасында дин таануу маселелери боюнча илимий потенциалды жогорулатуу. Бул темадагы иш-чаралардын саны | Республикалык бюджеттен кошумча каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ||
17.8. Жалпы билим берүү уюмдарында сыйынуучулардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү тартиби боюнча талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-2023-жылдар | Мектептерде диний көз караштарды жайылтуу практикасын алдын алуу жана жалпы билим берүү мекемелеринде светтик принципти сактоо. Жалпы билим берүү окуу жайлары жана дин кызматкерлеринин окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушууларын уюштурууда жана өткөрүүдө өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жөнүндө БИМдин буйругу | Мамлекеттик органдарды каржылоонун алкагында | БИМ, ДИМК, ИИМ | ||
18 | Чет өлкөлүк окуу жайлар, алардын иши жөнүндө ар тараптуу маалымат менен маалыматтар базасын түзүү | 18.1. ДИМК тарабынан билим алууга сунуш кылынган чет өлкөлүк диний окуу жайлар жөнүндө маалыматтарды ДИМКнын сайтында үзгүлтүксүз жарыялоо | 2024-жылдын 2-3-кварталдары | Кыргызстандагы жарандарга, абитуриенттерге сапаттуу диний билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу объективдүү маалымат берүү | Мамлекеттик органдарды каржылоонун алкагында | ДИМК |
19 | Диний чөйрөнүн маселелери боюнча маалыматка ээ болуунун деңгээлин жогорулатуу | 19.1. Мугалимдер, дарыгерлер, ЖӨБО жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелери жана анын укуктук негиздери боюнча тренингдерди жана семинарларды иштеп чыгуу жана өткөрүү | 2024-2025-жылдар | Мугалимдердин, дарыгерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн диний чөйрөнү жөнгө салуу маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу. Өткөрүлгөн тренингдердин, семинарлардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | БИМ, ССМ, ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫӨ |
20 | Теологиялык факультеттердин натыйжалуулугун талдоо | 20.1. Мамлекеттик университеттердин теология факультеттеринин ишинин элге билим берүү системасында светтик маселелерди сактоого жана студенттерди андан ары ишке орноштурууга тийгизген таасир | 2022-2024-жылдар | Корутундулар жана сунуштар менен аналитикалык кат | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, | БИМ, ДИМК өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр |
4. Диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат | ||||||
21 | Жарандык коомдун институттарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын, анын ичинде социалдык тармактардын колдонуучуларын жана блоггерлерди маалымдоо-агартуу иш-чаралары үчүн диний ишенимдерге негизделген дискриминацияга, кастыкка же зордук-зомбулукка чыдамсыздык жана чакырык маселелерин чечүүгө тартуу | 21.1. Калктын ар кандай топторун маалымдоонун инновациялык ыкмаларын колдонуу менен ушул Концепцияны ишке ашыруу максатында медиа-планды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2022-жылдын 2-3-кварталдары | Өнөктөштөр менен биргеликте пикирлердин плюрализмин, конфессиялар аралык ынтымакты жана өз ара сый мамилени камсыз кылган маалыматтык продуктулар | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ММСЖСМ, ДИМК |
21.2. Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун принциптерин (светтик, дин тутуу эркиндиги, басмырлабоо жана башкалар) жайылтуу үчүн кыска видеороликтерди жана башка медиа продуктуларды иштеп чыгуу, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу | 2022-2025-жылдар | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун принциптери тууралуу калктын маалымдуулугу жогорулатуу. Видеороликтердин жана башка медиа-продуктулардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ММСЖСМ, ДИМК, ӨНОКТӨШ уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
21.3. Диний чөйрөдөгү учурдагы маселелерди чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлер үчүн басма сөз сессияларын өткөрүү практикасын киргизүү | 2022-2026-жылдар | Диний чөйрөдөгү маселелер боюнча медиа-материалдардын сапатын жана негиздүүлүгүн жогорулатуу. Өткөрүлгөн басма сөз сессиялардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК | ||
21.4. Диний маселелер боюнча ЖМКда, интернет-ресурстарында. анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелерди чечүүдө диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнүн позитивдүү тажрыйбасы боюнча жыл сайын теманы мыкты чагылдыруу үчүн сынак өткөрүү | 2023-2026-жылдар | Диний чөйрөдөгү темаларды чагылдыруу маселелери боюнча ЖМКлардын жана блогерлердин мотивациясын жогорулатуу. Конкурстун жыйынтыгы боюнча басылмалардын саны | Республикалык бюджеттен кошумча каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
21.5. ЖМК өкүлдөрү үчүн диний маселелерди чагылдыруу боюнча окууларды уюштуруу | 2022-2026-жылдын 2-кварталы | Диний чөйрөдөгү маселелер боюнча медиа-материалдардын сапатын жана объективдүүлүгүн жогорулатуу. Өткөрүлгөн басма сөз сессиялардын саны | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ММСЖСМ, ДИМК | ||
21.6. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча коомдук пикирди социологиялык жана аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2023-жылдын 1-кварталы 2026-жылдын 1-кварталы | Мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү максатында аналитикалык отчетту берүү | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ДКИБ | ||
21.7. Диний бирикмелердин жана чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн отчетторун талдоонун жыйынтыктары боюнча жалпыланган маалыматты ДИМКнын сайтына жайгаштыруу | 2022-2026-жылдар | Диний уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу. Жылына 1 жолудан кем эмес маалыматты жаңылоо | Мамлекеттик органдарды каржылоонун алкагында | ДИМК | ||
5. Диний негизде чыр-чатактарды алдын алуу | ||||||
22 | Диний бирикмелердин ынтымактуу. биргеликте жашоосун камсыз кылуу жана диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу боюнча чаралар | 22.1. Колдонуудагы мыйзамдарды дискриминацияга жана диний сабырсыздыкка каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзүү | 2024-2026-жылдар | Корутундулар жана сунуштамалар менен аналитикалык кат | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, ИИМ |
22.2. Диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу маселелери боюнча талдоо жүргүзүү жана бул жаатта тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу | 2022-2025-жылдар | Бул чөйрөдөгү проблемалуу аспекттерди табуу жана аларды чечүү боюнча сунуштарды берүү | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ИИМ, ДИМК, УКМК | ||
22.3. Диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2023-2024-жылдар | Диний негиздеги чыр-чатактардын чыгуусун азайтуу. Планды бекитүү. Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ИИМ, УКМК, КРП облустардагы ЫӨ, ДИМК | ||
22.4. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жергиликтүү коомчулук менен жумушчу жолугушууларын системалуу түрдө өткөрүүнү камсыз кылуу | 2022-2026-жылдар | Диний сабырсыздык жана дискриминация маселелери боюнча профилактикалык иштердин деңгээлин жогорулатуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ИИМ, УКМК, ДИМК | ||
23 | Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча адвокаттардын маалымдуулугун жогорулатуу | 23.1. Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам программасынын (МКЮЖ) өкүлдөрү үчүн басмырлоонун, зомбулуктун курмандыктары үчүн укуктук консультация берүү боюнча окууларды өткөрүү | 2022-2024-жылдар | МКЮЖ программасынын адвокаттарынын квалификациясын жогорулатуу. Окуудан өткөн адвокаттардын саны | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ЮМ, КР Адвокатурасы |
24 | Дискриминацияны жана экстремизмди алдын алуу | 24.1. Жергиликтүү коомчулуктун катышуусу менен аймактарда дискриминациянын, экстремизмдин жана диний чыр-чатактарды алдын алуу боюнча системалуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүү | 2022-жылдан тартып жыл сайын | Жергиликтүү коомчулуктун арасында дискриминацияны жана экстремизмдин алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу. Профилактикалык иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ИИМ, ММСЖСМ, УКМК, ДИМК |
24.2. Дискриминацияга, диний сабырсыздыкка, экстремизмге каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салуу боюнча дисциплинаны укук коргоо органдарынын жана адвокаттардын окуу борборлорунун ишине киргизүү | 2022-2026-жылдар | Диний чөйрөнүн айрым маселелери боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, сот эксперттеринин, ошондой эле адвокаттардын потенциалын жогорулатуу. Кошумча окуудан өткөндөрдүн саны | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), КР Адвокатурасы (макулдашуу боюнча), ДИМК | ||
25 | Диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо механизмдерин өркүндөтүү | 25.1. Дин тутуу эркиндигинин бузулушу, диний чөйрөдөгү басмырлоонун жана сабырсыздыктын көрүнүштөрү боюнча жарандардын кайрылуулары жана даттануулары боюнча ведомстволук маалыматтар базасын иштеп чыгуу | 2022-2025-жылдар | Диний чөйрөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү. чыр-чатактарды алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу үчүн база түзүү. Жарандардын канааттандырылган даттанууларынын жана кайрылууларынын саны | Республикалык бюджеттен кошумча каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) |
25.2. Диний негиздеги чыр-чатактарды эрте алдын алуу жана абалына мониторинг жүргүзүү системасын түзүү жана коштоо | 2023-2026-жылдардын 1-кварталы | Аймактык бирдиктин этноконфессионалдык картасы түзүлүп, анда компакттуу жашаган жерлерди көрсөтүү. Чыр-чатактарга эрте чара көрүү боюнча топторду, маалымат алуу үчүн колл-борборду түзүү | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ИИМ, ММСЖСМ, ДИМК, ЖӨБО | ||
25.3. Диний бирикмелердин, миссионерлердин даават иштерин жүргүзүүсү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2025-жыл | Диний үгүттөө ишин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүргөн нускаманы кабыл алуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК, ИИМ, диний уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
26 | Экстремисттик ишти алдын алуу жана каршы күрөшүү | 26.1. Радикалдуу диний идеологиянын таасирине дуушар болгон адамдарды дерадикализациялоонун ыкмаларын жана программаларын даярдоодо чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү жана аны андан ары Кыргыз Республикасында ишке ашыруу | 2022-2026-жылдар | Экстремисттик жана террористтик топчолордун мүчөлөрүн, адамдарды дерадикализациялоо боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын кабыл алуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | УКМК, ЖАК, ИИМ, ДИМК |
26.2. Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын соттолгон мүчөлөрү үчүн өзүнчө абак куруу | 2025-жыл | Өзүнчө колония куруу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | УКМК, ЖАК | ||
26.3. Өлкөнүн укук коргоо органдары, эксперттик кызматтары. прокуратура органдары жана соттук инстанциялары үчүн экстремисттик жана террористтик багыттагы белгилер камтылган Интернет тармактарындагы сайттардын жана башка контенттердин жана ЖМКнын ишмердүүлүгүн алдын ала эскертүү, табуу, чыгуу жана оперативдик түрдө токтотуу максатында материалдарды жеңилдетилген негизде карап чыгуу жана макулдашуу үчүн аракеттер алгоритмин алдын ала кароочу ЧУА иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-2025-жылдар | Экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү белгилерди камтыган материалдарды макулдашуу жана бөгөт коюу процессин жөнөкөйлөтүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | УКМК, СӨМ, МБА, ИИМ | ||
ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫН ИШКЕ АШЫРУУДА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ, ИШ-ЧАРАЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БААЛОО | ||||||
6. Иш-чаралар планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү | ||||||
27 | Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү | 27.1. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү | 2022-жыл | Ведомстволор аралык комиссиянын түзүмүн жана ишинин жобосун бекитүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК |
27.2. Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук жана аймактык иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жыл | Концепцияны ишке ашыруу процесси жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу. Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ведомстволук жана региондук (облустун, райондун деңгээлинде) иш-аракеттер пландарын бекитүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Планды аткарууга тартылган мамлекеттик органдар, КРП облустардагы ЫӨ жана ЖӨБО | ||
7. Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | ||||||
28 | Пландын аткарылышы боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн механизми жана куралдары | 28.1. Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча отчетторду берүү | 2022-жылдын январынан тартып отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин квартал сайын | Планды ишке ашыруу процессине талдоо жүргүзүү үчүн маалымат берүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | Планды аткарууга тартылган мамлекеттик органдар, КРП облустардагы ЫӨ жана ЖӨБО |
28.2. Ведомстволордун отчетторун талдоо жана Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча жыйынды отчетту даярдоо | 2022-жылдын январынан тартып отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин квартал сайын | Берилген отчетторго талдоо жүргүзүү жана аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларды берүү | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК | ||
28.3. Жыйынды отчеттордун негизинде Иш-чаралар планынын аткарылышына орто мөөнөттүү баалоону жүргүзүү | 2024-жылдын 3-кварталы | Концепцияны ишке ашыруудагы кемчиликтерди жана көйгөйлүү аспекттерди табуу, алар боюнча чечимдерди кабыл алуу | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ДИМК, өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
28.4. Жыйынды отчеттордун жана Концепцияны ишке ашыруунун натыйжаларына көз карандысыз талдоо жүргүзүүнүн негизинде Иш-чаралар планынын аткарылышын финалдык баалоо жүргүзүү | 2026-жылдын 4-кварталы | Финалдык отчеттун жыйынтыктары боюнча кийинки жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын көрүүсүн аныктоо | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ДИМК, өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Колдонулган кыскартуулар:
КР Адвокатурасы | - | Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы |
ЖОЖ | - | Жогорку окуу жай |
АКТЖКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖРМА | - | Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик |
МБА | - | Мамлекеттик байланыш агенттиги |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КРП облустардагы ЫӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ДОЖ | - | Диний окуу жайы |
ДИМК ДКИБ | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрация |