Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН Администрациясынын Жетекчисинин ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 16-майы № 128
Мамлекеттик маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык мүнөздөгү маселелерди ачыкка чыгаруу тобокелдиктерин болтурбоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. Мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдоодо мессенджерлерди пайдалануу менен кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого тыюу салынат.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси | А.У. Жапаров |