Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 26-октябры № 571
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
1-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери ушул Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 194 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2017-жылдын 17-июлундагы № 213 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 293 буйругу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У. Жапаров |