Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн
РЕГЛАМЕНТИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 59, 2022-жылдын 16-майындагы № 128, 2022-жылдын 15-сентябрындагы N 210, 2023-жылдын 15-майындагы № 150,
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211, 2024-жылдын 29-мартындагы № 84, 2024-жылдын 29-мартындагы № 85, 2024-жылдын 29-октябрындагы № 205, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78,
2025-жылдын 16-июлундагы № 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн ушул регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) ишин документтик камсыз кылуунун талаптарын жана документтер менен иштөөнүн тартибин белгилейт.
2. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) документтер менен иштөөнүн уюштурулушу жана абалы, тапшырмалардын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын жана башка документтердин көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн башка органдарына, уюмдарына, башка адамдарга канцеляриянын начальнигинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жана тиешелүү тариздөөсүз берүүгө катуу тыюу салынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4-1. Мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлорун даярдоодо мессенджерлерди пайдалануу менен кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого тыюу салынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 16-майындагы № 128, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2. Документтер менен иштөөнүн тартиби
5. Жашыруун эмес мүнөздөгү жана "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар кызматтык документтер (кирүүчү, чыгуучу, ички корреспонденция) алар түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө документтердин аткарылышын контролдоонун автоматтык системасы (мындан ары - АСКИД) же электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДЖС) аркылуу милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.
"Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар корреспонденция менен иштөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
"Купуя" жана "Жашыруун" грифтери менен корреспонденция Президенттин жана Министрлер Кабинетинин биринчи сектору тарабынан иштетилет.
Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылуулары келип түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө катталууга тийиш.
Жеке кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү камтыган бланкта таризделген же уюмдун мөөрү менен берилген кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө келип түшкөн күнү катталат жана ошол эле катталган күнү андан ары иштеп чыгуу үчүн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Президенттин Администрациясына жиберилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Документке милдеттүү түрдө: датасы, чыгыш номери, тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчетту (маалыматты) жиберүүдө же суроо-талапка берилген жоопто - тапшырманын чыгыш номерине шилтеме коюлууга тийиш.
Жогоруда аталган Типтүү нускаманын талаптарына шайкеш келбеген документтер канцелярия тарабынан кароосуз кайтарып берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Жашыруун эмес мүнөздөгү келип түшкөн документтер катталган күнү канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого ылайык Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кароосуна берилет.
Жарандардын кайрылуулары аларды каттоо күнү жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кароосуна берилет.
Жеке кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү камтыган бланкта таризделген же уюмдун мөөрү менен берилген кайрылуулар аларды каттоодон кийинки жумуш күндөн кечиктирбей, жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кароосуна берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын аткаруу жөнүндө маалыматтык-маалымдама мүнөздөгү документтер, отчеттор (маалыматтар), түзүмдүк бөлүмдөрдүн суроо-талаптарына жооптор, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн дарегине жазылган каттар аларды каттоодон өткөргөн күнү, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча түздөн-түз түзүмдүк бөлүмдөргө берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
8. Документтер жана жарандардын кайрылуулары Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан каралгандан кийин алардын резолюциясына ылайык иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү же жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан аткаруучуларга кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Түзүмдүк бөлүмдөр 3 жумуш күндүн ичинде Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин конкреттүү сунуштарын же тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жүргүзөт. Зарыл болгон учурда Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмаларынын долбоорлору даярдалат жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү аркылуу тиешелүү түрдө кароого (кол коюуга) киргизилет.
Тапшырмалардын долбоорлору жана сунуштар аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан милдеттүү түрдө визаланат. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына киргизилген сунуштар жана тапшырмалардын долбоорлору курамында түзүмдүк бөлүм иштеген Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги менен макулдашылууга тийиш.
Документ кошумча изилдөөнү талап кылган учурларда, сунуштарды же тапшырмалардын долбоорлорун даярдоо мөөнөтү Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары же ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жүйөлүү кызматтык катынын негизинде 10 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Мамлекеттик органдарга, уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына кызматтык кат алышуу менен байланышкан, ошондой эле оперативдүү, техникалык же уюштуруу-жол-жоболук мүнөздөгү документтерге алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кол коюшу мүмкүн.
11. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын атына түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан даярдалган документтер (тапшырмалардын долбоорлору, кызматтык каттар, маалыматтар, отчеттор ж.б.) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө каттоодон өткөндөн кийин ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
12. Президенттин корреспонденциясы Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылууга тийиш.
Кечиктирилбестен чечүүнү талап кылган документтер түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Президентке берилип, кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасына, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына же ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына маалымдалат.
Президенттин корреспонденциясы жумуш күндөрү күн сайын саат 11.00дө жана 16:00дө түзүлөт. Түзүмдүк бөлүмдөр Президентке жиберүүчү корреспонденция иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө саат 10:30га жана 15:30га чейин киргизилет.
Президенттин корреспонденциясы иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин жардамчысына же аны алмаштырган адамга реестр боюнча кол койдуруу аркылуу берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
13. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын корреспонденциясы жумуш күндөрү күн сайын саат 10:00гө жана 15:00гө түзүлөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына жиберилген корреспонденция түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө 09:30га жана 14:30га чейин киргизилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын корреспонденциясы иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан тиешелүү түрдө кеңешчилерге, жардамчыларга же аларды алмаштырган адамдарга өткөрүп берилет, алар документтерди алгандыгы тууралуу алган датасын жана убактысын көрсөтүү менен реестрге же каттоо карточкасына кол коюшат жана алар үчүн жооптуу болушат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
14. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына берилүүчү документтер маселени маңызы боюнча, кыска, мазмундуу жазылууга, А4 форматындагы ак кагазга, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен, бир саптык интервал аркылуу таризделүүгө, аткаруучу жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан колу жана датасы коюлууга тийиш. Мында сол жана оң тилкелери 3 см, жогорку жана төмөнкү жагы 2 см болууга тийиш. Документтин текстин эки же андан көп баракка тариздегенде, экинчи жана кийинки барактарына номер коюлууга тийиш. Барактардын катар номерлери төмөнкү колонтитулдун оң бурчуна коюлат. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына киргизилүүчү кызматтык каттарга тиешелүү баштапкы материалдар милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
15. Макулдашылган, бекитилген, кол коюлган документтер жана материалдар таркатуу барагына ылайык мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет, аны жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу тариздейт.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жиберүүдө, алардын көчүрмөлөрү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмгө жиберилүүгө тийиш.
16. Жөнөтүүгө арналган документтер (чыгыш кат-кабарлар) Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген кызматтык документтерди тариздөөнүн үлгүлөрүнө ылайык таризделет. Туура эмес таризделген документтер аткаруучуга жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берилет.
Чыгыш корреспонденция документтерге кол коюлган күнү же кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен, шашылыш документтер -токтоосуз түзүлөт жана жөнөтүлөт. Документтер даректелүүчүгө жеткирилгенде алуучунун аты-жөнүн, датасын жана убактысын көрсөтүү менен кол койдурулуп, реестр боюнча берилет.
17. Чыгыш корреспонденцияны түзүү, каттоо жана жеткирүү күнүнө эки жолу (саат 9:30да жана 14:30да) иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт. Региондорго жиберилүүчү чыгыш корреспонденция почталык, фелдьегердик жана атайын байланыш менен жиберилет.
18. Факс менен жөнөтүү үчүн талаптагыдай таризделген документтер кабыл алынат (документке кол коюлушу керек, чыгыш номери жана датасы болууга тийиш). Жөнөткөндөн кийин жана журналга белги коюлгандан кийин документ андан ары даректелүүчүгө жеткирүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берилет.
19. Материалдарды факс менен жөнөтүүгө уруксатты канцеляриянын начальниги же анын орун басары берет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
20. Документтерди (материалдарды) факс аркылуу жөнөтүүдө, сканерлөөдө жана түзүмдүк бөлүмдөргө бекитилген көп функционалдуу түзүлүштөрдү жана факстык аппараттарды пайдалануу менен документтердин көчүрмөлөрүн даярдоодо аткаруучу тиешелүү эсепке алуу журналдарына милдеттүү түрдө белги коёт.
Журналдар боолонуп, номерлери коюлуп жана аны жүргүзүүгө жооптуу кызматкер тарабынан кол коюлушу керек.
Журналдарда бардык графалар толтурулушу керек, бош калтырып кетүүгө жана оңдоолорго жол берилбейт.
21. Бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө документтерди өткөрүп берүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын көрсөтмөсү боюнча канцелярия аркылуу гана жүргүзүлөт.
Бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө жарандардын кайрылууларын өткөрүп берүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын көрсөтмөсү боюнча жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм аркылуу гана жүргүзүлөт.
Президенттин Администрациясынын бир башкармалыгынын курамында иштеген бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө жарандардын кайрылууларын жана документтерди өткөрүп берүүнү тиешелүү башкармалыктын начальниги канцелярия же жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм аркылуу гана жүзөгө ашырышы мүмкүн.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
22. Президенттин Администрациясынын кызматкери өргүүгө, узактыгы 5 жумуш күндөн ашкан иш сапарга кеткенде, узак убакытка дарыланууда жүргөндө андагы документтер түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча аны алмаштырган кызматкерге кол койдуруу менен берилет.
Кызматкер бошотулганда же которулганда анда аткаруу үчүн болгон бардык документтер жаңы дайындалган кызматкерге (же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча башка кызматкерге) иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнүн жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен, кыдыруу баракчасына белги коюлуп, өткөрүп берилет.
23. Иштердин номенклатурасы белгиленген формада, иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (мындан ары - Президенттин Архиви) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви (мындан ары - МБА) менен макулдашылат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси же анын тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан бекитилет.
Зарылдыкка жараша иштердин номенклатурасы жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн индекстери толук же жарым-жартылай өзгөрүшү мүмкүн.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы N 210, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
24. Президенттин Администрациясындагы көчүрмө-көбөйтүүчү иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкармасы) тарабынан аткарылат.
3. Айрым категориядагы документтер менен иштөө тартиби
25. "Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен келип түшүүчү документтер алынган учурдан 15 мүнөттөн кечиктирбестен иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө документтердин жана басылмалардын барактарынын жана нускасынын саны, коштомо катта көрсөтүлгөн тиркемелердин болушун текшергенден кийин датасын, келген убактысын көрсөтүү менен катталат.
"Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен катталган документтер 10 мүнөттүн ичинде Президенттин почтасын түзүү үчүн жооптуу болгон канцеляриянын кызматкерине кол койдуруу менен, берилген датасы жана убактысы көрсөтүлүп, өткөрүп берилет.
"Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен катталган документтер бир сааттын ичинде Президенттин жардамчысына же аны алмаштырган адамга кол койдуруу менен, берилген датасы жана убактысы көрсөтүлүп, өткөрүп берилет, ал 5 мүнөттүн ичинде Президенттин кароосуна киргизет.
Президент республиканын региондорунда же анын чегинен тышкары жерлерде болгон учурда Президенттин почтасын түзүү үчүн жооптуу болгон канцеляриянын кызматкери 10 мүнөттүн ичинде "Кезексиз. ЖККУнун кризистик жооп кылуусу" деген мөөнөттүүлүк категориясы менен документтердин келгени жөнүндө Президенттин жардамчысына же аны алмаштырган адамга телефон же байланыштын башка бардык түрү аркылуу билдирет.
Андан соң Президенттин жардамчысы же аны алмаштырган адам 10 мүнөттүн ичинде мамлекет башчысына жогоруда аталган документтердин келгендиги тууралуу билдирет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
26. Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Президентке кол коюуга жиберилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына өткөрүп берилет.
27. Ратификациялык грамоталар жана эл аралык макулдашууларга кошулуу жөнүндө грамоталар Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл болгон учурда англис тилинде 2 нускада түшүндүрмө кат менен киргизилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
28. Эл аралык келишимдердин долбоорлору Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл болгон учурда келишимдин тарабы болуп саналган өлкөнүн тилинде "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык киргизилет.
29. Чет тилдерде келип түшкөн корреспонденция Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына баяндама берүү үчүн тышкы саясат бөлүмүнө жөнөтүлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
30. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусу менен өткөрүлүүчү кеңешмелерге суроолорду даярдоодо кеңешменин протоколунун долбоору менен материалдар Президенттин Администрациясына министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан кеңешмени өткөрүүнүн белгиленген датасынан 7 күн мурун берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
31. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен өткөрүү пландалган жолугушуулар, иш сапарлар жана башка иш-чаралар үчүн даярдалган сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, программалар жана башка материалдар мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына иш-чараны өткөрүү датасына чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, ал эми жеткире иштелип чыккан материалдар иш-чаранын датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.
Майрамдык жана тарыхый күндөргө, кесиптик майрамдарга, юбилейлерге Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан куттуктоолордун тексти маалыматтык саясат кызматы тарабынан алдын ала спичрайтерлер менен макулдашылып даярдалат жана белгиленген датага чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен киргизилет.
Майрамдык жана тарыхый күндөргө, кесиптик майрамдарга, юбилейлерге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын атынан куттуктоолордун тексти Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жардамчылары жана кеңешчилери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы тарабынан даярдалат.
Сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын, куттуктоолордун тексттери А4 жана А5 форматтарындагы ак кагазга, 16 өлчөмүндөгү Arial шрифти менен, бир жарым саптык интервал аркылуу таризделүүгө тийиш, анын сол жана оң тилкелери 3 см, жогорку жана төмөнкү тилкелери 2 см болушу керек.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
32. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен жолугушууларды, иш сапарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү мезгилинде кандайдыр бир тапшырмалар берилсе, жооптуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир айлык мөөнөттө же бул тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында белгиленген мөөнөттө аларды аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалыматты Президенттин Администрациясына беришет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
33. Кийинки жумага Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш планына киргизүү үчүн сунуштар түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө учурдагы жуманын шаршемби күнү саат 12.00гө чейин берилет. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү пландын долбоорун Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бекитүүсүнө учурдагы жуманын бейшемби күнү саат 17.00гө чейин киргизет.
Кийинки айга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш планына киргизүү үчүн сунуштарды түзүмдүк бөлүмдөр учурдагы айдын 20сында саат 12.00гө чейин уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө киргизет. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү пландын долбоорун учурдагы айдын 22синде саат 12.00дөн кечиктирбестен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бекитүүсүнө киргизет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Президенттин актыларынын долбоорлору менен иштөө тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
34. Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткарган адамдар тарабынан киргизилиши мүмкүн. Актылардын долбоорлорунун башка адамдар тарабынан киргизилишине жол берилбейт, киргизилген учурда алар кароосуз кайтарылат.
Президенттин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү Президенттин актысынын долбоорунун Президенттин Администрациясынын регламентинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзөт.
Президенттин актысынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинин 2-главасынын талаптарына ылайык келбеген учурда актынын долбоору компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайтарып берүү себептерин негиздөө менен иштеп чыккан мамлекеттик органга толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
Актынын долбоору Регламенттин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору бөлүштүрүү үчүн ылайык келгендиги жөнүндө тиешелүү корутунду менен документти кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүм) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кароосуна киргизилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
341. Жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) актынын долбооруна экспертиза жүргүзөт жана корутунду даярдайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун мазмунунун тийиштүү чөйрөдөгү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына (стратегияларга, концепцияларга, программаларга ж.б.) ылайык келгендиги же ылайык келбегендиги жөнүндө маалыматтар;
- долбоорду кабыл алуунун жагымдуу жана терс кесепеттеринин (финансылык, экономикалык, социалдык ж.б.) болжолдору.
Актынын долбоору ушул пункттун талаптарына ылайык келбеген учурда актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын же Президенттин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин колу менен иштеп чыккан мамлекеттик органга кайтарылат.
Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан чечимдердин долбоорлорунун кайтарылышын/чакыртып алынышын эсепке алуу максатында актынын долбоорун кайтаруу жөнүндө каттын көчүрмөсү компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
35. Президенттин актысынын долбоорун даярдоодо жана демилгелөөдө түзүмдүк бөлүм корутунду даярдабайт, долбоорду кабыл алуу менен жетишиле турган акыркы натыйжалар негиздеме-маалымкатта чагылдырылат.
Президенттин кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актыларынын долбоорлоруна корутунду жана/же негиздеме-маалымкат талап кылынбайт.
Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыгат жана демилгелинет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 15-майындагы № 150, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211 , 2024-жылдын 29-мартындагы № 84 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
36. Актынын долбоору ушул Регламенттин 341-пунктунун талаптарына ылайык келген учурда актынын долбооруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коёт жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен төмөнкүдөй тартипте макулдашылат:
1) чечимдин долбоору документтердин пакети менен тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына корутунду берүү үчүн жөнөтүлөт (Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына байланышкан кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо). Чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу түзүмдүк бөлүм жооптуу түзүмдүк бөлүмгө макулдашуучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө корутундуну берет (актынын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган же эске алынбаган сын пикирлердин жана сунуштардын бар экендиги, ошондой эле сын пикирлердин жана сунуштардын жоктугу жөнүндө маалымат жыйынды таблицада чагылдырылат жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана аткаруучу тарабынан кол коюлат);
2) долбоор канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө берилет. Канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүндө актылардын долбоорлорун экспертизалоо укуктук экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат;
3) бардык зарыл болгон документтери менен Президенттин кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоо жана кол коюу камсыз кылынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
361. Президенттин Администрациясында толуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген маселенин маңызын өзгөртүүсүз же толуктоосуз толукталып иштелип чыккан Президенттин актыларынын долбоорлору иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары тарабынан 2 жумуш күндүн ичинде кайрадан макулдашылууга (кол коюлууга) тийиш.
Кайрадан макулдашуу актынын долбоорунун текстине кол коюу же актынын өзгөртүлгөн же толукталган долбоорун тиркөө менен жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган катты жөнөтүү жолу менен иш тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстин которуу да камсыз кылынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
37. Президенттин актыларынын долбоорлорун кол коюуга даярдоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
- тескеменин долбоору - 10 жумуш күндөн ашык эмес;
- жарлыктын долбоору - 14 жумуш күндөн ашык эмес.
Аталган мөөнөттөрдү узартууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечими боюнча гана жол берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
38. Президенттин актыларынын долбоорлорун Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө экспертизалоо мөөнөтү 5 жумуш күнгө чейин.
Президенттин актыларынын долбоорлорун редакциялоо канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан күнүгө 18-20 басма бет эсебинде, актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилге которуу - 8-10 басма бет эсебинде жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
39. Президенттин актыларынын долбоорлорун төмөнкүдөй тартипте кол коюлат:
- (КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 205 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери жана жетекчиси, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана жетекчиси жана бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, канцеляриянын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына байланышкан кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлоруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси кол коёт.
Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы бетине коюлат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2024-жылдын 29-октябрындагы № 205, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
40. Президенттин актысынын долбооруна жана анын тиркемелерине ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кол коёт:
- мамлекеттик тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери;
- расмий тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорунун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери.
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу (андан чыгаруу), ырайым кылуу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Президенттин актыларынын долбоорлоруна укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери кол койбойт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
41. Президенттин актыларынын долбоорлорун визалоого жана кол коюуга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке киргизүү канцелярия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Президенттин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке визалоого жана кол коюуга киргизилген күндөн тартып аларды чыгарууга даярдоо мөөнөттөрү токтотулуп турат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору менен иштөө тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
42. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында же сурамжылоо жолу менен (оперативдүү тартипте) кабыл алынат (жактырылат).
Чечимдердин долбоорлорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине ылайык жана анда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорлорунун, Министрлер Кабинетинин актыларынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзөт.
Актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин регламентинин 9, 541, 542, 547, 548, 63, 64-пункттарынын талаптарына ылайык келбеген учурда компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү кайтаруунун себептерин негиздөө менен аны кароосуз кайтарат.
Актынын долбоору Регламенттин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору бөлүштүрүү үчүн ылайык келгендиги жөнүндө тиешелүү корутунду менен документти кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүм) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын кароосуна киргизилет.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
421. Жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) актынын долбооруна экспертиза жүргүзөт жана корутунду даярдайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун мазмунунун тийиштүү чөйрөдөгү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына (стратегияларга, концепцияларга, программаларга ж.б.) ылайык келгендиги же ылайык келбегендиги жөнүндө маалыматтар;
- долбоорду кабыл алуунун жагымдуу жана терс кесепеттеринин (финансылык, экономикалык, социалдык ж.б.) болжолдору.
Актынын долбоору ушул пункттун талаптарына ылайык келбеген учурда актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын же Президенттин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин колу менен иштеп чыккан мамлекеттик органга кайтарылат.
Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан чечимдердин долбоорлорунун кайтарылышын/чакыртып алынышын эсепке алуу максатында актынын долбоорун кайтаруу жөнүндө каттын көчүрмөсү компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
422. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун даярдоодо жана демилгелөөдө түзүмдүк бөлүм тарабынан корутунду даярдалбайт, долбоорду кабыл алуу менен жетишиле турган акыркы натыйжалар негиздеме-маалымкатта чагылдырылат.
Түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан демилгеленген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентине ылайык жана анда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
43. Актынын долбоору ушул Регламенттин 42-1-пунктунун талаптарына ылайык келген учурда актынын долбооруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коёт жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен төмөнкүдөй тартипте макулдашылат:
1) чечимдин долбоору документтердин пакети менен тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына корутунду берүү үчүн жөнөтүлөт. Министрлер Кабинетинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарын ээлеген же талапкер адамдарга карата кадр маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун кошпогондо, чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу түзүмдүк бөлүм жооптуу түзүмдүк бөлүмгө макулдашуучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө корутундуну берет (актынын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган же эске алынбаган сын пикирлердин жана сунуштардын бар экендиги, ошондой эле сын пикирлердин жана сунуштардын жоктугу жөнүндө маалымат жыйынды таблицада чагылдырылат жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана аткаруучу тарабынан кол коюлат);
2) долбоор канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө берилет. Канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу боюнча түзүмдүк бөлүмүндө актылардын долбоорлорун экспертизалоо укуктук экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат;
3) бардык зарыл болгон документтери менен Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароо же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоо жана кол коюу камсыз кылынат.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
44. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын, Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн терс корутундусу мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун демилгечиге кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Түзүмдүк бөлүмдөр мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген башка материалдардын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуксуз.
Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясындагы долбоорду концепциясын өзгөртпөстөн толуктап иштеп чыгууга жана долбоорду Президенттин Администрациясында каралып жатканда кайсы стадиясында болбосун негиздемесин келтирүү менен кайра чакыртып алууга укуктуу.
Президенттин Администрациясында толуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген маселенин маңызын өзгөртүүсүз же толуктоосуз толукталып иштелип чыккан Президенттин актыларынын долбоорлору иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары тарабынан 2 жумуш күндүн ичинде кайрадан макулдашылууга (кол коюлууга) тийиш.
Кайрадан макулдашуу актынын долбоорунун текстине кол коюу же актынын өзгөртүлгөн же толукталган долбоорун тиркөө менен жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган катты жөнөтүү жолу менен иш тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан ушул пункттун төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстин которуу да камсыз кылынат.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
45. Жазуу жүзүндөгү сурамжылоо жолу менен Министрлер Кабинетинин жыйналышын өткөрбөстөн каралуучу мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна кол коюуга даярдоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
- тескеменин долбоору - 15 жумуш күндөн ашык эмес;
- мыйзамдын, токтомдун долбоорлору - 20 жумуш күндөн ашык эмес.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүү үчүн даярдоо 14 календардык күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Бул мөөнөттөрдү узартууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чечими боюнча гана жол берилет.
46. Президенттин Администрациясында мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун экспертизалоо мөөнөтү 5 жумуш күнгө чейин.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун редакциялоо канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан күнүгө18-20 басма бет өлчөмүндө, актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилге которуу - 8-10 басма бет өлчөмүндө жүзөгө ашырылат.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
47. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, канцеляриянын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан визаланат. Мыйзамдын долбоору Президентке киргизиле турган учурда ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын визасы коюлат.
Министрлер Кабинетинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарын ээлеген же талапкер болгон адамдарга карата кадрдык маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.
Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Мыйзам долбоорлоруна, аларды Жогорку Кеңештен чакыртып алуу жөнүндө каттарга, мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн визасы коюлат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211, 2024-жылдын 29-мартындагы № 84, 2024-жылдын 29-октябрындагы № 205 , 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
48. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана анын тиркемелерине ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кол коюшат:
мамлекеттик тилде - канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери;
расмий тилде - канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорунун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
49. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароого пландаштырылган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбооруна визалар коюлгандан кийин долбоор бардык коштоочу документтер менен канцеляриянын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмгө Министрлер Кабинетинин жыйналышына чейин 6 күн мурун берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
50. Мыйзам долбоорлору боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кол коюусуна Жогорку Кеңештин Төрагасынын атына мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө коштомо катты киргизет.
51. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун визалоого жана кол коюуга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке киргизүү канцелярия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президентке визалоого жана кол коюуга киргизилген күндөн тартып аларды чыгарууга даярдоо мөөнөттөрү токтотулуп турат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлору менен иштөө тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
52. Жооптуу түзүмдүк бөлүм:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемесинин долбоорун (мындан ары - тескеменин долбоору) документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет (Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тийиштүү кадр маселелери, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүү, кызматтык иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча тескемелердин долбоорлорун кошпогондо);
2) тескеменин долбоорун канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө киргизет;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоону жана визалоону камсыз кылат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору, ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн актылардын долбоорлорун кошпогондо, жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, канцеляриянын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана ушул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан виза коюлат. Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тийиштүү кадр маселелери, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүү, кызматтык иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлоруна жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемесинин долбоорлоруна, ушул пункттун бешинчи абзацында көрсөтүлгөн актылардын долбоорлорун кошпогондо, жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, канцеляриянын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана ушул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине өргүү берүү маселелерине, башка кадр маселелерине тиешелүү тескемелеринин долбоорлоруна жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан виза коюлат.
Зарыл болгон учурда тескеменин долбооруна Президенттин Иш башкаруучусу, ал эми ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу адам тарабынан виза коюлат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
53. Тескеменин долбоорунун жана ага тиркемелердин ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө кол коюлат:
- мамлекеттик тилде - актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болсо мыйзамдарды системалоону жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери;
- расмий тилде - актынын долбоорунун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болсо мыйзамдарды системалоону жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 85 тескемесинин редакциясына ылайык)
54. Тескемелердин долбоорлорун визалоого жана кол коюуга Министрлер Кабинетинин жетекчилигине киргизүү канцелярия тарабынан ишке ашырылат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211 тескемесинин редакциясына ылайык)
55. Ички тартиптин маселелери (өргүүлөрдү берүү (чакыртып алуу), материалдык жардам көрсөтүү, иш сапарга жиберүү, жазаларды колдонуу жана сыйлоо) боюнча тескемелердин долбоорлорун даярдоо, аларды каттоо, эсепке алуу, жиберүү жана сактоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын кадрдык иштер боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
7. Президентке кол коюу үчүн келген мыйзамдарды кароонун тартиби
56. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы Жогорку Кеңеш кабыл алган Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) укуктук экспертиза жүргүзөт, анын натыйжалары боюнча аларды Президентке кол коюу үчүн киргизет же аларга каршы пикирлердин долбоорлорун даярдайт.
Мында Президентке кол коюуга келип түшкөн республикалык бюджет, салык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар Президентке кол коюуга экспертиза жүргүзбөстөн киргизилет.
57. Президентке кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамдар (республикалык бюджет, салыктар жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардан тышкары) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан мыйзамдарга кол коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алуу үчүн 10 күндөн кем эмес мөөнөттү белгилөө менен кагаз түрүндө же электрондук формада тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана зарыл болгондо министрликтерге, ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет.
Мында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо, денонсациялоо же аларга кошулуу жөнүндө мыйзамдар аларды демилгечи тарабынан киргизилген редакцияда Министрлер Кабинетинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган учурда, ошондой эле Президенттин өкүлдөрүнүн катышуусу менен макулдашуучу топ тарабынан иштелип чыккан макулдашылган редакцияда Президенттин каршы пикиринен кийин кабыл алынган мыйзамдар 5 күндөн кем эмес мөөнөттү белгилөө менен кагаз түрүндө же электрондук формада тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана зарыл болгондо компетенциясына ушул мыйзамдар менен жөнгө салынуучу маселелер кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Президентке кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамдарга сын пикирлер жана/же сунуштар жок болсо, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү мыйзамга мамлекеттик жана расмий тилдерде лингвистикалык экспертиза жүргүзөт.
Лингвистикалык экспертиза жүргүзүүдө мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги мыйзамдын текстинде дал келбестиктер табылган учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракетте бул дал келбестиктерди жумушчу тартипте жоёт.
Андан кийин мыйзам ага корутундуну жана укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган кызматтык катын тиркөө менен Президентке кол коюу үчүн киргизилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
58. Негиздер бар болсо укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан Президенттин каршы пикиринин долбоору даярдалат (Президенттин каты түрүндө таризделет) жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылган корутундуну жана кызматтык катты тиркөө менен Президенттин кол коюусуна киргизилет.
59. Президентке кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамга принциптүү эмес мүнөздөгү сын пикирлер жана/же сунуштар бар болсо, укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан корутунду даярдалып, ал Президенттин тапшырмасы менен мыйзам долбоорун демилгелеген мамлекеттик органга жиберилет. Мында мыйзам Президенттин кол коюусуна Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылган мыйзамга кол коюуга боло тургандыгы жөнүндө корутундуну жана кызматтык катты тиркөө менен киргизилет.
60. Жогорку Кеңеш Президенттин мыйзамга карата каршы пикирлери менен макул болбосо жана мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү менен мурунку кабыл алынган редакцияда кайра кабыл алса, мындай мыйзам канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде укуктук экспертиза жүргүзүүсүз Президентке кол коюу үчүн киргизилет.
8. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдорун даярдоонун тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
61. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңешме органдарынын кеңешмелеринин протоколдору кеңешмелерди, жыйналыштарды даярдаган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан мамлекеттик жана/же расмий тилдерде даярдалат жана канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдердин ченемдерине шайкеш келишине карата лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдору канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан редакцияланбайт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
62. Протоколго кеңешме, жыйналыш өткөргөн адам кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүм виза койгондон кийин кол коёт.
63. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөргөн кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору өткөрүү датасын, катар номерин көрсөтүү менен милдеттүү түрдө катталууга тийиш жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жөнөтүлөт. Тиркелген материалдары менен протоколдордун түп нускалары канцеляриянын учурдагы архивинде сакталат.
Эгерде протоколдорго жумуш күндүн аягында кол коюлса же каттоого киргизилсе, анда аларды кийинки жумуш күнү каттоого жол берилет.
( КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
64. Президентке караштуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдору комиссия мүчөлөрү кол койгондон кийин көктөлөт, номерленет жана канцеляриянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мында протоколдун ар бир барагынын арткы бетине комиссиялардын жооптуу катчылары тарабынан кол коюлууга тийиш.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
65. Кеңешмени, жыйналыштарды уюштуруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм милдеттүү тартипте;
- микрофон, бет ачарды көрсөтүү, аудиожазуу, стенограмма ж.б. үчүн зарыл болгон жабдуулар ж.б. менен камсыз кылуу жөнүндө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон кызматтык катты Иш башкармасына жиберет;
- катышуучулардын аты-жөнүн көрсөтүү менен куверттерди даярдайт;
- чакырылган адамдардын акыркы тизмесин түзөт, ал Президенттин Администрациясынын административдик имаратынын кароо жана өткөрүү пункттарына берүү үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин биринчи сектору менен макулдашылат;
- катышуучуларды отургузуу үчүн Президенттин протокол кызматынын кызматкерин чакырат (Президентке караштуу комиссиялардын жыйналыштарынан тышкары).
66. Президент өткөрүүчү кеңешмелерди, жыйналыштарды аудиожазуу маселеси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК) 9-кызматынын кызматкерлери менен макулдашылат.
Аудиожазуу кеңешме, жыйналыш өткөрүү үчүн жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерине гана аудиожазууларды каттоо журналына белги коюу менен берилет.
Аудиожазуу кеңешме, жыйналыш өткөрүлгөн күндөн баштап көтөрүп жүрүүчү компьютерлердин (ноутбуктардын) катуу дисктеринде бир ай сакталат жана аталган мөөнөт аяктаганда акт боюнча өчүрүлөт. Аудиожазуу актыга кол коюучу УКМКнын 9-кызматынын кызматкеринин катышуусу менен өчүрүлөт.
9. Актыларды каттоонун жана таркатуунун тартиби
67. Кол коюлган конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге, мыйзамдарга, Президенттин жарлыктарына жана тескемелерине, Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерине тиркелген документтердин бар экендиги жөнүндө маалымкат жана таркатуу көрсөткүчү толтурулат, ага жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коюп, долбоорго тиркелет. Чечимге тиркелүүчү документтердин толук болушуна, ошондой эле таркатуу көрсөткүчүн тийиштүү түрдө толтурууга жоопкерчилик жооптуу түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
68. Конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар, Президенттин жарлыктары жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелери датасын жана катар номерин көрсөтүү менен канцеляриянын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүндө кол коюлган күнү милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Эгерде актылар дем алыш, жумуш эмес майрам күндөрү же жумуш күндүн аягында кол коюлса жана каттоого киргизилсе, аларды кийинки жумуш күнү каттоого жол берилет.
Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78, 2025-жылдын 16-июлундагы ПТ N 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
69. Актыларды таркатуу жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан толтурулган таркатуу барагына ылайык ишке ашырылат.
70. Төмөнкү органдар жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ченемдик укуктук актыларды таркатуу барагына милдеттүү түрдө киргизилет: Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Жогорку Кеңеш, маалыматтык саясат жана укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөр. Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу жөнүндөгү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин таркатуу барагына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кошумча киргизилет.
"Жашыруун" же "КПҮ" грифи бар актыларды таркатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Ченемдик эмес мүнөздөгү актылар жооптуу түзүмдүк бөлүм аныктаган тиешелүү органдарга жиберилет.
Жарыяланууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар, ошондой эле башка актылар "Эркин Тоо" гезитине берилет.
Милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон Мыйзамдар, Президенттин жарлыктары канцелярия тарабынан жөнөтүү барагына ылайык "Эркин-Тоо" газетасына жөнөтүлөт.
Жарыяланууга тийиш болгон токтомдор жана тескемелер канцелярия тарабынан жөнөтүү барагына ылайык маалыматтык саясат кызматына жөнөтүлөт, ал жарыялоо боюнча ишти уюштурат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
71. Ушул Регламенттин 70-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын таркатуу барагына милдеттүү түрдө киргизилишин контролдоону канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү жүргүзөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
72. Мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларынын кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрү Юстиция министрлигине эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде канцелярия тарабынан жөнөтүлөт.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин актылары кагаз жүзүндөгүсү менен бир эле учурда Юстиция министрлигине "Microsoft Word" форматында мамлекеттик жана расмий тилдерде "npa@minjust.gov.kg" дарегине электрондук почта боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан жөнөтүлөт.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларын электрондук почта аркылуу жөнөтүүдө "Subject" ("Предмет", "Тема") талаасында актынын реквизиттери көрсөтүлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Актылардын, башка чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын контролдоонун тартиби
73. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларында камтылган тапшырмалар, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары контролго алынат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары документке коюлган же тиешелүү бланкка таризделген резолюциялар түрүндө таризделет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын бардык тапшырмалары, эгерде башкача көрсөтүлбөсө түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан бир айлык мөөнөттө аткарылат. "Өтө шашылыш" деген көрсөтмөнү камтыган тапшырмалар 2 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, "шашылыш" - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, "ыкчам" же "кыска мөөнөттө" - 10 жумуш күнгө чейин аткарылууга тийиш.
Эгерде түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболордо башкача каралбаса, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери тапшырмаларды башкармалыктын курамында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөргө гана бере алат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
74. Эгерде тапшырма бир эле убакта бир нече түзүмдүк бөлүмгө берилсе, анда "жооптуу" деген сөз менен белгиленген, же болбосо резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмгө аткаруу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. Бул түзүмдүк бөлүмгө ишти координациялоо, тапшырмада көрсөтүлгөн башка түзүмдүк бөлүмдөрдөн маалымат суроо, ошондой эле тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарбаган, белгиленген мөөнөттө маалыматты бербеген түзүмдүк бөлүмдөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө же тапшырмалардын сапатсыз аткарылганы жөнүндө жетекчиликке билдирүү укугу берилет.
75. Эгерде тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө белгиленген мөөнөттө талаптагыдай аткарууга бөгөт болгон жагдайлар пайда болсо түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси резолюциянын авторунун, ушул Регламенттин 76-пунктунда көрсөтүлгөн башка адамдардын атына тапшырмалардын өз убагында аткарылышына бөгөт болгон себептерди, алардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн көрүлгөн конкреттүү чараларды жана белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуштарды көрсөтүү менен маалымат берет.
76. Тапшырмаларды жокко чыгарууга, аткарылышын токтотуп турууга, аларды аткаруу мөөнөтүн узартууга, контролдон алып салууга резолюциянын автору гана укуктуу.
Президенттин тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан кабыл алыньш, андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымдалышы мүмкүн.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими, кийин Президенттин Администрациясынын Жетекчисине маалымдоо менен, берилген ыйгарым укуктарга ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими башкармалыктардын начальниктеринин орун басарлары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
77. Эгерде документ боюнча чечим кабыл алынса, зарыл маалымат берилсе, анын ичинде Президенттин Администрациясынын башкармалыктардын начальниктеринин колу коюлуп дарек ээсине жооп берилсе же аткарылгандыгы жөнүндө жетекчиликтин резолюциясы менен контролдон алып салуу тууралуу маалымкат даярдалса ал аткарылган болуп эсептелет. Контролдон алынган документтерге (түп нускасы) "көктөмөгө" деген белги коюлуп, бардык алгачкы топтолгон материалдары менен канцелярияга тапшырылат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
78. Түзүмдүк бөлүм Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын суроо-талабы боюнча жумушчу тартипте тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
11. Жарандардын кайрылууларын кароонун жана алардын аткарылышын контролдоонун тартиби
79. Жарандардын жеке жана жамааттык арыздары, кайрылуулары, даттануулары (мындан ары - жарандардын кайрылуулары) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
80. Жарандардын жазуу жүзүндө, электрондук билдирүү түрүндө же Президенттин Коомдук кабылдамасы аркылуу оозеки жеке кайрылуу түрүндө келип түшкөн кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун натыйжалары андан ары АСКИДге же ЭДЖСга тийиштүү маалыматтарды киргизүү же жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторго жөнөтүү менен канцелярия тарабынан катталат.
Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда милдеттүү түрдө анын алуучусу же кызмат адамынын аты-жөнү же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле арыз ээсинин аты-жөнү, байланыш телефону (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дареги, кайрылуунун маңызы көрсөтүлөт.
Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болушу керек. Зарыл болгон учурда аларга жарандын жүйөлөрүн ырастаган документтер тиркелет.
Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде сканерленген көчүрмөлөрдү, электрондук документтерди, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана видео материалдар) жайгаштырылган Интернет тармагындагы даректерди тиркөөгө жол берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
81. Электрондук кайрылуу алынгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же себебин негиздөө менен кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жиберилет. Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана мыйзамда белгиленген тартипте каралат.
Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө аткаруучу электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу.
Электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жиберилет.
82. Кайрылуу мазмунуна жараша Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына, башкармалыктардын начальниктерине баяндалат же болбосо кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга кароо жана арыз ээсине жооп берүү үчүн жиберилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
83. Аты-жөнү жана жооп жиберилүүчү почталык дареги көрсөтүлбөгөн жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары анонимдүү деп таанылат жана каралууга жатпайт.
Эгерде кайрылуунун текстинин окулушу кыйын болсо, кайрылуунун маңызын жана жүйөлөрүн билүү, тактоо үчүн арыз ээси (эгерде арыз ээсинин аты-жөнү жана почталык дареги окула турган болсо) чакыртылат. Эгерде арыз ээси менен байланышуу мүмкүн болбосо, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык ал боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат, буга жарандардын укуктары, эркиндиктери жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтар кайрылууда камтылган учурлар кирбейт.
84. Автордун бир жылдын ичинде бир эле маселени козгоп, кайталап берген кайрылуусуна биринчи жолу берилген кайрылуунун каттоо номери коюлат, ал эми каттоо карточкасына "кайталоо" деген белги; эгерде кайрылуу үч жана андан көп жолу келсе - "көп жолу" деген белги коюлат. Кайталанган кайрылуулардын мазмунун кароо ошол эле автордун мурда келип түшкөн кайрылуусу боюнча көрүлгөн чараларды жана ага берилген жооптор менен түшүндүрмөлөрдүн маңызын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кайрадан кайрылуу келип түшкөн учурда ага мурдагы кайрылууларда каралган материалдар тиркелет.
Жаңы далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген, текшерүүлөрдүн жеткире иштетилген материалдары бар жана жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген жарандардын кайрадан берилген кайрылуулары каралууга жатпайт, бул тууралуу кайрылуулардын авторлоруна маалымдалат.
85. Жогорку Кеңештин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана республиканын башка мекемелеринин түздөн-түз компетенциясына таандык жарандардын кайрылуулары катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган коштомо кат менен кайра жөнөтүлүүгө тийиш.
86. Жарандардын кайрылууларын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына кароого жөнөтүүгө жол берилбейт.
87. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга жана катталган күндөн баштап 14 жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш.
88. Кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну кароо мөөнөттөрү арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) кабарлоо менен узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндө чечим резолюциянын автору же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кабыл алынат.
89. Кайрылууларды кароо бир нече түзүмдүк бөлүмгө тапшырылган учурларда ишти координациялоо жана кароонун жыйынтыгы боюнча маалымкат даярдоо "жооптуу" деген сөз менен белгиленген түзүмдүк бөлүм же резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
90. Соттун чечимдерине даттанган жарандардын кайрылууларына ошол соттун чечимине даттануу тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
91. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине жооп жиберилет жана зарыл болгон учурда маалымкат түзүлөт, ага аткаруучу виза коёт жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коёт. Маалымкатка кароонун материалдары тиркелет.
92. Эгерде коюлган маселелерге оозеки же жазуу жүзүндөгү жооп берилген болсо, кайрылуулар каралды деп эсептелет.
Кайрылуу резолюциянын автору же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан контролдон алынат.
93. Кайрылууну кароонун натыйжалары жөнүндө корутунду, автор менен аңгемелешүү жана ага берилген жооп жөнүндө белгилер кайрылуунун түп нускасында же мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалымкатка жазылышы мүмкүн.
Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- кайрылууну толук же жарым жартылай канааттандыруу жөнүндө;
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;
- коюлган маселелерди чечүү жана табылган бузууларды четтетүү боюнча чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө.
Кайрылуу боюнча чечим жүйөлүү, конкреттүү укуктук актыларга шилтемеси менен болуп, ага даттануунун тартиби жөнүндө көрсөтмө камтылышы керек.
94. Кайрылуунун түп нускасы кайрылуунун авторлоруна жооп берүү тапшырмасы менен түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары кароого жөнөтүлгөн учурда, АСКИДге же ЭДЖСга кайрылуу жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат киргизилет.
95. Кайрылуунун авторлору түп нуска документтерин жазуу жүзүндө кайра талап кылууга укуктуу, буга кайрылуунун өзү кирбейт.
96. Жарандардын каралган кайрылуулары бардык материалдары менен бирге жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө кайтарылып берилүүгө тийиш.
97. Президенттин Коомдук кабылдамасы жумуш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт, зарыл болгондо анын иштөө тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн.
98. Президенттин Коомдук кабылдамасында жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын каттоо, эсепке алуу жана тариздөө жүргүзүлөт.
99. Жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасы, башкармалыктардын начальниктери бекиткен графикке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
100. Эгерде жаран тарабынан коюлган маселелер Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирбесе, ага тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби түшүндүрүлүп берилет.
101. Эгерде жарандарды кабыл алууда коюлган маселелерди чечүү мүмкүн болбосо, жазуу жүзүндөгү кайрылуу кабыл алынат, ал каттоодон кийин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө кароого жөнөтүлөт. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө, эгерде кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жаранга мурда жооп берилген болсо, кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
102. Жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдоо жана жалпылоо жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан жүзөгө ашырылат, ал мезгил-мезгили менен Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө маалымдайт, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын макулдугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарында талдоо каттарын жарыялайт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
103. Календардык жыл аяктаганда кайрылууларды текшерүүлөрдүн бардык материалдары көктөмө болуп түзүлөт жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдүн учурдагы архивинде беш жыл сакталат, андан кийин жок кылынат же Президенттин архивине иштердин номенклатурасына ылайык өткөрүп берилет.
Кайрылууларды текшерүүлөрдүн материалдары учурдагы архивден түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин макулдугу менен документтерди эсепке алуу карточкасына кол койдуруу аркылуу берилет.
12. Документтерди учурдагы архивге берүүнүн тартиби
104. Иш кагаздарын жүргүзүүдө аткарылган жана аяктаган документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 10 жумуш күндүн ичинде түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө аларды көктөмөгө түзүү жана андан ары сактоо үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берилет.
105. Документтер көктөмөгө түзүү үчүн документтин сырткы жагына "Көктөмөгө" деген белги коюлуп, барактардын саны жана эсептен чыгаруу күнү көрсөтүлүп, түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусунун визасы менен берилет.
Аткарылбаган жана контролдон алынбаган документтерди сактоо үчүн өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
106. Эсептен чыгарылуучу документтерге сактоо үчүн өткөрүп берилүүчү документтердин тизмеси 2 нускада тиркелет, ага түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси/жетекчинин орун басары кол коёт, алардын бири түзүмдүк бөлүмдө калат, экинчи нускасы өткөрүп берилген документтер менен сакталат.
Документтер түзүмдүк бөлүмдөрдүн иштеринин номенклатурасына ылайык жана бардык документтердин түп нускалары (жетекчиликтин тапшырмалары, мамлекеттик органдар менен кат алышуулары, кызматтык каттар, Президенттин Администрациясынын жооптору ж.б.) болгондо түзүлөт.
Сактоо үчүн берилген документтердин топтому туура эмес таризделгенде же толук эмес болгондо бардык документтер толук комплекттөө үчүн түзүмдүк бөлүмгө кайтарып берилет.
Өткөрүп берилген документтерди сактоо ар бир түзүмдүк бөлүмдүн иштеринин номенклатурасына ылайык жүргүзүлөт.
107. Канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө сактоого өткөрүп берилүүчү документтердин топтомунун толуктугу үчүн жоопкерчиликти түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлери тартат.
108. Канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм документтердин тизмесине ылайык бардык өткөрүп берилүүчү документтер болгондо көктөмөлөрдү тариздейт жана көктөмөнүн номерин жана эсептен чыгаруунун датасын көрсөтүү менен канцеляриянын учурдагы архивине сактоо үчүн документтер өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө АСКИДге же ЭДЖСга маалыматтарды киргизет.
109. Документтер канцеляриянын учурдагы архивинде тиешелүү шарттар болгондо 3 жыл бою сакталат, андан соң алар сактоо үчүн Президенттин архивине берилет. канцеляриянын учурдагы архивинде болгон архивдик документтерден көчүрмөлөрдү алууга, ошондой эле алар менен таанышып чыгууга канцеляриянын начальнигинин макулдугу менен жол берилет. Президенттин архивинде жана МБАга сакталууда турган Президенттин Администрациясынын архивдик документтеринен көчүрмөлөрдү алууга, ошондой эле алар менен таанышып чыгууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын же канцеляриянын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча жол берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы N 210, 2024-жылдын 29-мартындагы № 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
13. Ушул Регламентти сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик
110. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынуучу тартип жоопкерчилигине алып келет.