РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 16-майындагы № 128 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция16.05.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН Администрациясынын Жетекчисинин ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 16-майы № 128

Мамлекеттик маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык мүнөздөгү маселелерди ачыкка чыгаруу тобокелдиктерин болтурбоо максатында:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

"41. Мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдоодо мессенджерлерди пайдалануу менен кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого тыюу салынат.".

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

А.У. Жапаров