Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 637-т, 2023-жылдын 15-майындагы № 229-т, 2024-жылдын 25-апрелиндеги N 196-т,  2024-жылдын 31-июлундагы № 463-т

тескемелеринин редакцияларына ылайык)

 

2022-жылдын 08-июлу № 374-т

1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 295-б буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 474-б буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 101-б буйругу;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 502-б буйругу;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 108-б буйругу;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 336-б буйругу;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 581-б буйругу;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январындагы № 4-б буйругу;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-октябрындагы № 373-б буйругу;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 406-б буйругу;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 439-б буйругу;

13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июлундагы № 266-б буйругу;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 394-б буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын ТИЗМЕСИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 637-т, 2023-жылдын 15-майындагы № 229-т, 2024-жылдын 25-апрелиндеги N 196-т, 2024-жылдын 31-июлундагы № 463-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

 

№

Өкмөттөр аралык комиссиянын аталышы

Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы

1

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

2

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

3

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеши

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

4

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

5

Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-эмират комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

6

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары

7

Кызматташтык боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитети

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

8

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-белорусь комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары

9

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары

10

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары

11

Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чек ара маселелерин тескөөчү орун басары

12

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

13

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корея биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

14

Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-катар комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары

15

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

16

Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык саясат маселелерин тескөөчү орун басары

17

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-поляк комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

18

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан-СУАР КЭР" координациялык тобу

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

19

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-грузин биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

20

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украин комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

21

Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

22

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

23

Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

24

Экономикалык, өнөр жай кызматташтык жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

25

Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын финансы министри

26

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

27

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык саясат маселелерин тескөөчү орун басары

28

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри

29

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри

30

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри

31

Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индонезия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри

32

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри

33

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри

34

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу

- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри

35

Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык саясат маселелерин тескөөчү орун басары

36

Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

37

Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-словения биргелешкен комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри