Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ № 103 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-июлу ПТ № 136
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун жол-жобосун тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |