Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-сентябры № 210
Архивдик документтерди мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү боюнча ишти тартипке келтирүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 23-пунктундагы "менен макулдашылат, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви (мындан ары - МБА) менен макулдашылат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 109-пункту "Президентинин Архивине" деген сөздөрдөн кийин "жана МБАга" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.Жапаров |