РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 210 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы N 571 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» тескемеси

Редакция15.09.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 15-сентябры № 210

Архивдик документтерди мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү боюнча ишти тартипке келтирүү максатында:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:

- 23-пунктундагы "менен макулдашылат, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви (мындан ары - МБА) менен макулдашылат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 109-пункту "Президентинин Архивине" деген сөздөрдөн кийин "жана МБАга" деген сөздөр менен толукталсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

 

А.Жапаров