Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-июлундагы N 440-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 3-ноябры № 597-т
Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелинин курулушун баштоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобого ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
1) түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Бишкек-Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелинин курулушун баштоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелесин;
2) түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакырууну иштеп чыксын, бекитсин жана түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |