Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 16-ноябры № 626-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19-т тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4.Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
1 - тиркеме
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү жана архивдик иш башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын кыймылсыз мүлктү каттоо жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Башкы штабынын анализ жана пландоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары - ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.
Эскертүү: Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кызматы боюнча киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелуү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү менен аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жиберилет.
2 - тиркеме
2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
жобо
I. Жалпы жоболор
1. 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19-т тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) 27.1-пунктун ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарын уюштуруучулук жактан даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы камсыз кылат.
II. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдети
4. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын ишин координациялоо болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдети Иш-чаралар планын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара натыйжалуу аракеттенүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.
III. Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары
6. Ведомстволор аралык комиссия:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча маалыматын жана башка маселелерди карайт;
- жыйналыштардын жыйынтыктары боюнча чечим чыгарат;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырат.
IV. Ведомстволор аралык комиссиянын укуктары
7. Жүктөлгөн милдетттерге ылайык Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча зарыл маалыматтарды суроого;
- өз жыйналыштарында Иш-чаралар планын аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин угууга;
- аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди тартуу менен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарына мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн чакырууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын алдында коюлган милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
V. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
8. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү аркылуу жүргүзөт. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы бир жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы же төраганын орун басарлары тарабынан чакырылат.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы даярдайт жана жыйналыш өткөнгө чейин беш жумуш күндө Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө берилет.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын комиссиянын төрагасы же төраганын орун басарлары өткөрөт.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу болуп саналат. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
12 Маселелерди талкуулоо ачык формада жүргүзүлөт. Чечим Ведомстволор аралык комиссиянын курамынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Ведомстволор аралык комиссиянын төрагалык кылуүчусунун добушу аныктоочу болуп саналат.
13 Жыйналыштын протоколун Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы жыйналыш өткөндөн кийин беш күндүн ичинде тариздейт, ага Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.