Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 17-ноябры № 248
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлык системасын өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктунун онунчу абзацына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик сыйлыктарынын концепцияларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары үчүн техникалык мүнөздөмөлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизсин жана Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик сыйлыктарынын концепцияларын иштеп чыксын.
3. Жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын адистерин ишке тартууга жана керектүү материалдарды суроого укуктуу.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына жүктөлсүн.
5. Жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У.Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик сыйлыктарынын концепцияларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы
Малдыбаева Салиман Жанузаковна
| - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Маматалиев Марлен Абдрахманович
|
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Шаршеев Азамат Нуралиевич
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
|
Сакыев Нурбек Ашимович
| - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын талдоо жана болжолдоо секторунун инспектору;
|
Молдобаева Жазгуль Эриковна
|
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
|
Матисаков Каныбек Анарбекович
| - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти;
|
Сыдыкова Жылдыз Жамгырчыевна
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы;
|
Тынаев Узак Таштанбекович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик аппарат бөлүмүнүн башчысы;
|
Ниязов Давлятжан Осмонжанович
| - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кадрлар башкармалыгынын сыйлоо жана жарандык персоналды каттоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Самаева Фарида Салморбековна
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси;
|
Турганбаева Айнура Кимсанбаевна
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын социалдык маселелер чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Дыйканбаева Зыягуль Мурзахматовна
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын химиялык-спектрдик талдоо тобунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
|
Саралаев Нургазы Темирбекович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
|
Черикбаева Салия Шакибаевна
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Сагимбаев Мурат Курманбекович
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сүрөтчүсү, дизайнери (макулдашуу боюнча);
|
Молдобеков Бактыбек Дженишбекович
| - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун зергер борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Усубалиев Таалайбек Сыдыманович
| - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (макулдашуу боюнча);
|
Чаланов Ишенбек
| - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (макулдашуу боюнча);
|
Богданов Алексей Сергеевич
| - «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун техникалык жөнгө салуу, экология жана өндүрүштүк коопсуздук бөлүмүнүн начальниги, инженер-металлург (макулдашуу боюнча); |
Нышанов Анарбай
|
- металлдарды иштетүү боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Акымбаева Майрамкан Асанбаевна
Шафир Леонид Александрович
| - баалуу металлдар жана таштар боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
- геральдика боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
|