Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 1-февралы № 44
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-февралындагы № 44 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - конституциялык Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Негиздеме-маалымкатка ылайык конституциялык Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан, ошол эле учурда аны ишке ашыруу максатында тиешелүү өзгөртүү демилгеленип жаткан "Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштеп чыгуу этабында тургандыгын жана колдонууга киргизилбегендигин белгилейбиз.
Сунушталган конституциялык Мыйзамдын долбоорунда "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык стратегиялык пландоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу ыйгарым укугу менен толуктоо каралууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартибине ылайык стратегиялык пландоо - мамлекеттик стратегиялык башкаруунун мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча катышуучуларынын иши. Стратегиялык пландоо төмөнкү процесстерди өзүнө камтыйт: өнүгүү максаттарын жана стратегиясын аныктоо, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жана артыкчылыктарына жетүүгө багытталган ресурстарды болжолдоо, программалоо, пландоо, аныктоо жана бөлүштүрүү.
Ошентип стратегиялык пландоо улуттук стратегия, жалпы мамлекеттик өнүктүрүү программасы түрүндө таризделиши мүмкүн болгон мамлекеттик стратегиялык документтерди, ошондой эле аларга ылайык иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларды жана аталган Тартипте каралган башка документтерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 9-пункттарына ылайык Министрлер Кабинети Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат; экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Министрлер Кабинети улуттук программаларды иштеп чыгат жана Президентке бекитүүгө киргизет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат.
Баяндалганды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу боюнча конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын колдонуудагы редакциясынын алкагында стратегиялык пландоо болуп саналат.
Жогоруда жазылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун кабыл алуунун зарылдыгы жок экендиги жөнүндө белгилейт.