Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-февралы № 45-т
Жарандардын республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди жана мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга катышууга конституциялык укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 36-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы (мындан ары - Бирдиктүү портал) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) Бирдиктүү порталдын ишин, анын үзгүлтүксүз жана талаптагыдай иштөөсүн андан ары техникалык коштоону камсыздасын;
2) Бирдиктүү порталды эксплуатациялоо тартибин иштеп чыксын, бекитсин жана жарыяласын;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча Бирдиктүү порталга ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштыруу үчүн Бирдиктүү порталга кирүү укугун берсин;
4) Бирдиктүү порталдын ишине квартал сайын төмөнкүлөр камтылган мониторинг жүргүзүүнү камсыздасын:
- аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Бирдиктүү порталды эксплуатациялоо тартибинин талаптарынын сакталышын талдоо;
- Бирдиктүү порталда автоматтык түрдө эсептелген жооптордун статистикасына ылайык пайдалануучулардын комментарийлерине аткаруу бийлигинин органдарынын жоопторунун болушун текшерүү;
5) Бирдиктүү порталдын жаңылыктар блогуна кийин жайгаштыруу үчүн иштелип жаткан кыйла маанилүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматты (маалыматтарды) берүү графигин иштеп чыксын жана мамлекеттик органдарга жиберсин;
6) Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучуларга жана пайдалануучуларга методикалык жана техникалык жардам көрсөтсүн;
7) ушул тескеменин жоболору жөнүндө калктын жана мамлекеттик органдардын арасында тийиштүү маалыматтык ишти жүргүзсүн;
8) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мониторингдин натыйжаларын жана ушул тескеменин 3-пунктун бузууга жол берген аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине карата тартиптик жаза чаралары жөнүндө сунуштарды киргизип турсун;
9) эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына башка ченем жаратуучу субъекттер үчүн Бирдиктүү порталга ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун милдеттүү түрдө жайгаштырууну караган тиешелүү мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Мамлекеттик органдар:
1) Бирдиктүү порталга иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун негиздеме-маалымкаттары, салыштырма таблицалары жана жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары менен ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда) бир убакта жайгаштыруу менен коомдук талкуулоону камсыздасын;
2) талкуудагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна комментарийлерди калтырган жарандарга жана уюмдарга Бирдиктүү порталда ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо аяктаган күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен жоопторду берсин;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген Бирдиктүү порталды эксплуатациялоо тартибин аткарууга кабыл алсын;
4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген графикке ылайык иштелип жаткан кыйла маанилүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматты (маалыматтарды) (мамлекеттик жана расмий тилдерде) Бирдиктүү порталдын жаңылыктар блогуна жайгаштыруу үчүн жиберсин;
5) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жайгаштыруу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберүү практикасын токтотсун;
6) ушул тескемени аткарбагандыгы үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эске алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинде белгиленген мыйзам чыгаруу демилгеси укугуна ээ субъекттерге жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн ченем жаратуучу субъекттерге иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштырууну камсыздоо сунушталсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 354-т тескемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемеси.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |