Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 22-февралы ПТ № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-ноябрындагы № 205 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумунун КУРАМЫ
Абдрахматов Канатбек Ермекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор; |
Абдырахманов Толобек Абылович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор; |
Арбаев Кубан Султанович | - | ветеринария илимдеринин доктору, профессор; |
Асанов Авыт | - | физика-математика илимдеринин доктору, профессор; |
Асизбаев Рустам Эмилжанович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор; |
Баетов Батыркул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор; |
Боконбаев Кулубек Джоомартович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор; |
Борубашев Бекбосун Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор; |
Дженбаев Бекмамат Мурзакматович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун биогеохимия жана радиоэкология лабораториясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор; |
Джумагулова Айнагуль Сексеналиевна | - | медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Камчыбеков Толобек Кадыралиевич | - | экономика илимдеринин доктору, профессор; |
Мамытов Миталип Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Мукасов Ысманалы Мукасович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун улуттук жана чет өлкөлүк философия бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, профессор; |
Сатывалдиев Абдураим | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун директору, химия илимдеринин доктору, профессор; |
Тыналиева Бакыт Карыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, профессор. |