Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-марты № 104-т
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү 2023-жылга артыкчылыктуу катары аныкталсын: жаздык жана күздүк буудай, жаздык жана күздүк арпа, күрүч, жүгөрү, картошка, пахта, сафлор, соя, беде жана эспарцет.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:
- 2023-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча сунуштарды 3-тиркемеге ылайык жетекчиликке алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларында жана автомай куюучу станцияларда дизелдик отунду жана күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүн 4-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоону камсыз кылуу сунушталсын.
5. Кыргыз жер семирткичтерди берүүчүлөрдүн ассоциациясына 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн минералдык жер семирткичтерди 5-тиркемеге ылайык көлөмдө алып келүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте оруп-жыйноо иштеринин башталышы менен жер-жерлерде дан даярдоочу убактылуу пункттарды уюштурсун.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкү мөөнөттөрдө берип турсун:
- жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айыл чарба техникасынын даярдыгы жөнүндө, үрөндөрдүн жана минералдык жер семирткичтердин болушу тууралуу - 2023-жылдын 15-мартына чейин;
- жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө - 2023-жылдын 15-майына чейин;
- жазгы-талаа жумуштарынын аяктагандыгы жөнүндө - 2023-жылдын 25-июлуна чейин;
- өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн оруп-жыйноо жумуштары жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн аяктагандыгы тууралуу - 2023-жылдын 25-декабрына чейин.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Максаттар | Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар | Индикатор - күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-компонент. Туруктуу айыл чарба принциптеринин негизинде өсүмдүк өстүрүү тармагын андан ары өнүктүрүү | ||||||
1 | Агро токой чарбасынын методдорун чарба жүргүзүү практикасына киргизүү | Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн "Шорго жана кыртыштын эрозиясына каршы күрөшүүдөгү агро токой чарбасынын методдору", "Кургакчылыкка чыдамдуу өнүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн тандоо" темаларында практикалык семинарларды өткөрүү | Топурактын түзүмүн жакшыртуу жана кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу | 2023-жылдын I кварталы ичинде | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
2 | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айдоо аянттарынын түзүмү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоону адистештирүү жөнүндө маалымдоо | Айдоо аянттарынын түзүмүн аткаруу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн артыкчылыктуу түрлөрүн жана жаңы сортторду айдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча "Талаа күндөрүн" өткөрүү | АЧМ сайтында Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрин жайгаштыруу. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча негизделген чечимдерди кабыл алуу | 2023-жылдын I жана III кварталы ичинде | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖМК (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттардын эсебинен |
3 | Айыл чарбасында жаңы МКТны колдонууну кеңейтүү | РАӨБларды жана фермерлерди МКТны айыл чарба өндүрүшүндө жана эсепке алууда колдонуу мүмкүндүктөрүнө, аларды пайдаланууга окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | РАӨБлардын кызматкерлеринин жана фермерлердин арасында жаңы МКТны колдонгондордун санын көбөйтүү | Дайыма | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
4 | Селекция жана үрөнчүлүк жаатында агрардык илимдин потенциалын жогорулатуу | Иштеп жаткан адистердин квалификациясын жогорулатуу, жаштарды тартуу үчүн КУАУда селекциянын жана үрөнчүлүктүн багыттары боюнча бюджеттик орундарды ачуу, тиешелүү документтерди иштеп чыгуу | Илимий-изилдөө институттарынын жана лабораториялардын материалдык-техникалык базасын кайра жабдуу жана жаңылоо
Өсүмдүк генбанкынын ресурстарын өнүктүрүү | Жыл ичинде | АЧМ, КДИИИ, КМЧЖИИИ, КУАУ, КТУ "Манас" (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
5 | Органикалык айыл чарба принциптерин киргизүү | Республиканын ар бир аймагында фермерлер үчүн өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын колдонуу маселелери, айыл чарба өндүрүшүнүн улуттук органикалык жана экологиялык стандарттары боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүү. Органикалык принциптер боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү үчүн дем берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу | Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын сатуунун көлөмүн 15%га жогорулатуу Органикалык принциптер боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянттарын жалпы айдоо аянтынын 5%ына чейин көбөйтүү | 2023-жыл ичинде | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
Органикалык айыл чарба жерлеринин жана органикалык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн маалыматтар базасын жана аны актуалдаштыруу механизмин иштеп чыгуу | АЧМнын веб-сайтына маалыматтар базасын жайгаштыруу | 2023-жыл ичинде | АЧМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен | ||
6 | Мөмө-жемиш жана башка өсүмдүктөрдүн сапаттуу көчөт материалын өндүрүү | Питомниктердин ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо. Сертификацияланган көчөттөрдү өндүрүү жана сатуу | Учурдагы питомниктердин базасы түзүлдү жана актуалдаштырылды (адистиги боюнча, көлөмү боюнча). Сертификаттын бланкынын формасы бекитилди | Жыл ичинде | АЧМ, УИА, КУАУ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
7 | Өсүмдүк өстүрүү тармагында интеграциялык процесстерге дем берүү | Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн "Үрөнчүлүк секторундагы кооперация", "Өсүмдүк өстүрүү тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууда кластерлештирүүнүн ролу", "Өсүмдүк өстүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуу" ж.б. темаларда окутуу иш-чараларын уюштуруу | Кооперация жүргүзүүнүн ар кандай формаларынын артыкчылыктары жөнүндө дыйкандардын жана фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу. Үрөн материалынын сапатын жана аны сатууну жогорулатуу үчүн ири үрөнчүлүк чарбалардын айланасында чакан фермердик чарбаларды бириктирүү. Кайра иштетүүчү ишканалар менен чынжырчаларды түзүү | 2023-жыл ичинде | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
2-компонент. Жазгы талаа жумуштарына өз убагында даярдык көрүү жана жүргүзүү | ||||||
8 | Кайрак жерлерди колдонууну көбөйтүүнүн эсебинен пайдаланылбай жаткан айдоо аянтын кыскартуу | Суу үнөмдөөчү технологияларды колдонуунун жана тиешелүү мелиоративдик иштерди жүргүзүүнүн эсебинен пайдаланылбай жаткан айдоо жерлерин өздөштүрүү | 2022-жылдын деңгээлине карата пайдаланылбаган айдоо жерлеринин аянтын 4,0 миң га кыскартуу | 2023-жылдын 15-июлуна чейин | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Донордук уюмдардын каражаттарынын жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен |
9 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү себүү материалдары менен камсыз кылууга колдоо көрсөтүү | Сорт алмаштыруу жана сорт жаңылоо планын түзүү
Үрөндөрдү жана көчөт материалдарын сертификациялоону жүргүзүү | Сертификацияланган үрөндөр менен 75%дан кем эмес камсыз болуу (100 миң тоннага жакын). Айдоо аянттарынын түзүмүнө ылайык себүү программасын аткаруу. Сорт алмаштыруу жана сорт жаңылоо планын аткаруу | 2023-жылдын I жана III кварталы ичинде | Үрөнчүлүк чарбалар (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен. Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен |
КР Министрлер Кабинетинин 25.01.2022-жылдагы № 24-т тескемесинин аткарылышына мониторинг жүргүзүү | Тандалган үрөндөрдүн көлөмдөрү жана төлөнгөн жана кредитке таризделген үрөндөрдүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды салыштыруу | 3 жыл ичинде | АЧМ, ФМ, ММРФ, "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын жана үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | ||
"Дотация жөнүндө" КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | КР Министрлер Кабинетинин чечими менен дотацияга сумманы аныктоо жана бекитүү; дотацияланган үрөндү 100% сертификациялоо | 2023-жылдын I жана III кварталдары | КР МК, АЧМ, ФМ, үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен | ||
10 | Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен камсыздоо | Минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчүлөргө ташып келүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү | 130,0 миң тонна көлөмүндө минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо (айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн муктаждыктарына жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша) | 2023-жыл ичинде | АЧМ, минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | Минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен |
Пестициддерди ташып келүүчүлөргө аларды ташып келүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү | Республиканын айыл чарбасы керектүү көлөмдө пестициддер менен камсыз кылуу. Республикага 610 тонна пестициддер алынып келинди | 2023-жыл ичинде | АЧМ, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
11 | Айыл чарба өсүмдүктөрүн өзгөчө кооптуу зыянкечтерден коргоо | Өзгөчө кооптуу зыянкечтерге (чегирткелер жана америка ак көпөлөгү - ААК) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик иш-чараларды жүргүзүү | Аянттар изилденди: - чегиртке боюнча - 70 миң га; - ААК боюнча - 1,5 миң га
Илдетке чалдыккан аянттардагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чегирткелерди жана ААК жок кылуу үчүн тазалоо иштери жүргүзүлөт (факт боюнча) | 2023-жылдын 1-сентябрына чейин | ФМ, АЧМ | Бул максаттар үчүн тиешелүү департаментке 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен |
12 | Айыл чарба техникасынын, жабдуулардын жана асыл тукум малдын лизингин өнүктүрүү | Айыл чарба техникасынын, инновациялык технологиялардын жана асыл тукум малдын лизингин өнүктүрүү үчүн ЕАӨБ турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 50,0 млн. доллар суммасындагы инвестициялык каражаттарды тартуу боюнча чечимдин долбоорун КР Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү | КР Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү чечимди кабыл алуу | 2023-жылдын I кварталы | КР МК, ФМ, АЧМ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | Кредиттик каражаттардын эсебинен |
Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттерине тракторлорду, дан жыйноочу комбайндарды жана айыл чарба техникасынын башка түрлөрүн лизингге берүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну камсыздоо | Машина-трактор паркын толуктоо жана жылына 3%га чейин жаңылоо | 2023-жыл ичинде | "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча), АЧМ, ЖМА | Учурдагы лизингдик кредиттик линиялардын эсебинен түзүлгөн "Айыл-Банк" ААКтын лизинг фонду | ||
13 | Айыл чарба техникасын оңдоону уюштуруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоону уюштуруу | Айыл чарба техникасын өз убагында оңдоону уюштурууга көмөк көрсөтүү | Айыл чарба талаа жумуштарын механикалаштыруунун деңгээлин жогорулатуу | 2023-жылдын февраль-апрель айлары | АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), агротехникалык жана техникалык сервистик кызматтар (макулдашуу боюнча) | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын жана кредиттик каражаттардын эсебинен |
2023-жылы сезондук талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларда жана автомай куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыздоо | АЧМ менен Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу | 2023-жылдын ичинде, себүү жана жыйноо иштеринин башталышына карата | АЧМ, КР Нефтетрейдерлер ассоциациясы | Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдардын бардык түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы сунуш кылган баалар боюнча сатып алуу | ||
14 | Сугат суу менен камсыздоо жана сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды вегетация мезгилине даярдоо | Мамлекеттик сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды тазалоо жана оңдоо | Оңдоо: - 180,4 км канал, - 623 гидротехникалык курулма, - 307 гидропост, - 107 насостук станция, - 190 насостук агрегат, - 716,1 км каналдарды механикалык тазалоо | 2023-жылдын 1-майына чейин | СРК, ФМ | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
Ички чарбалык сугат тармактарын (СПАнын жана жергиликтүү калктын каражаттарына жараша) жана гидротехникалык курулмаларды текшерүү жана оңдоо | Оңдоо: - 227,5 км сугат тармагы; - 2383 гидротехникалык курулма; - 246 гидропост. Каналдарды тазалоо: - механикалык - 2695,5 км; - кол менен - 3848,4 км | 2023-жылдын февраль-апрель айлары | ЖМА, СПА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | СПАнын каражаттарынын эсебинен | ||
Айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүдө жана көп жылдык бак-дарактарды сугат суусун топтоо жана ным топтоочу сугаттарды жүргүзүү | Төмөнкүлөр аркылуу шарттарды түзүү: - 16 суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейнин оңдоо жана тазалоо; - 33 суу сактагычты, күндүзгү жана суткалык жөнгө салуу бассейнин максималдуу көлөмгө чейин толтуруу | 2023-жылдын февраль-апрель айлары
2023-жылдын октябрь-декабрь айлары | АЧМ, СРК, СПА (макулдашуу боюнча) | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен | ||
15 | Айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча макулдашууларды түзүү | Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн жана экспорттук мүмкүндүктөрдү аныктоо менен 4-сх отчетуна ылайык жазгы себүү өнөктүгүнүн жыйынтыгын чыгаргандай кийин ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча потенциалдуу сатуу рынокторун издөө жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен макулдашууларды түзүү боюнча иштерди жүргүзүү | Агрардык сектордун экспорттук потенциалын жогорулатуу (30%га). Дыйкандардын жана фермерлердин кирешелерин көбөйтүү. Ички дүң продукциянын өсүшү | 2023-жылдын II-IV кварталы | АЧМ, ЭКМ, ТИМ, КРП ЫУӨ, ЖМА |
|
3-компонент. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо | ||||||
16 | Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо | Оруп-жыйноо иштерин макулдашып жүргүзүүнү жана оруп-жыюу техникасын максималдуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу | Төмөнкүлөр иштелип чыкты жана бекитилди: - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо графиктери; - комбайндардын жүрүү маршруттарынын схемалары | 2023-жылдын июнь-июль айлары | КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары, АЧМ | Талап кылынбайт |
Учурдагы айыл чарба техникаларды оңдоону өз убагында жүргүзүү жана өрткө каршы коопсуздук чараларын сактоону камсыз кылуу. Өстүрүлгөн түшүмдү кырмандардын жана кампа жайларынын кабыл алуусуна жана кайра иштетүүгө өз убагында даярдоо | Оңдолгон жана тазалоо иштерине тартылган техниканын саны 80%дан кем эмес. Кабыл алууга даяр кырмандардын саны - 34 даана (100%) жана кампа жайлары 112 даана (100%) | 2023-жылдын май-июль айлары | КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары, АЧМ, чарба жүргүзүүчү субъекттер | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен | ||
Оруп-жыйноо иштерин өз убагында жүргүзүү жана түшүмдүн коромжусун минималдаштыруу үчүн учурдагы оруп-жыйноо техникасын оптималдуу пайдалануу | Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн тездетип жыйноо үчүн кошумча тартылган дан жыйноочу комбайндардын саны | 2023-жылдын июнь-октябрь айлары | КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары, АЧМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), чарбалык субъекттер | Тартылган мамлекеттик органдарга 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен | ||
17 | Мамлекеттик резервди азык-түлүк буудай даны жана ун комбинатынын сырьесунун запастары менен толуктоо | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн 2023-жылдын түшүмүнөн 100 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алуу: - ММРФке 40 миң тоннага чейин; - тегирменчилер ассоциациясынын эсебинен 60 миң тоннага чейин. Азык-түлүк буудай данын квотанын чегинде берүүдөн жүйөлүү баш тарткан учурда АЧМ квоталардын аткарылбаган көлөмдөрүн келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык башка райондорго кайра бөлүштүрөт | "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо, дыйкандарга жана фермерлерге материалдык колдоо көрсөтүү. Суроо-талаптарга ылайык квоталарды кайра бөлүштүрүү | 2023-жылдын 25-декабрына чейин | ӨКМ караштуу ММРФ, АЧМ, ЖМА, КРП ЫУӨ, Тегирменчилер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
100 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алууга квоталарды иштеп чыгуу жана бекитүү (республиканын райондору боюнча) | Квоталарды иштеп чыгуу жана жер-жерлердеги аткаруучуларга жана сатып алуучуларга жеткирүү | 2023-жылдын 10-июнуна чейин | АЧМ КРП ЫУӨ жана ЖМА менен бирдикте | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен | ||
ММРФ аркылуу сатып алынуучу сапаты үчүнчү класстан төмөн болбогон, азык-түлүк буудай данын сатып алуу баасын аныктоо | ММРФ сатып алуу үчүн азык-түлүк буудай данына бааны аныктоо | 2023-жылдын 1-июнуна чейин | МКЖСК, АЧМ, ММРФ, КРП ЫУӨ, КР УСК (макулдашуу боюнча) | |||
Зарыл болгон учурда ММРФ сатып алынуучу баасын кайра карап чыгуу укугун МКЖСК берүү | Рыноктун конъюнктурасына жараша бааны кайра карап чыгуу | ММРФна сатып алуу мөөнөтү аяктаганга чейин | МКЖСК, АЧМ, ММРФ, КРП ЫУӨ, КР УСК (макулдашуу боюнча) | |||
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Токтогул, Аксы, Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын жана Жумгал райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, Талас облусунун Манас, Кара-Буура райондорунда жана Талас шаарында азык-түлүк буудай данын даярдоочу убактылуу пункттарды уюштуруу жана аларды андан ары мамлекеттик резервдин аймактардагы жооптуу сактоочулары тарабынан өз алдынча ташып алуу | Данды ташууга байланыштуу фермерлердин чыгымдарын кыскартуу - Уюштурулган дан алуучу пункттарынын саны - 21. Данды даярдоо мөөнөтүнүн ичинде кабыл алуу пункттарынын иш графигин түзүү
Данды кабыл алуу пункттарын уюштурууга жана сактоо пункттарына жеткирүүгө ММРФнын чыгымдары эсептелип чыкты - 50 млн. сом | Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарын да (2023-жылдын июль-декабры) | ММРФ, КРП Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарындагы ЫУӨ, ЖМА | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттардын жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен | ||
18 | Кант кызылчасын өз убагында жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Кант кызылчасын кабыл алуучу пункттардан кайра иштетүүчү жайларга ташуу үчүн вагондорду бөлүп берүү | Кант кызылчасын сактоого жана аны тезирек кайра иштетүүгө, ошондой эле кызылча өстүрүүчү фермерлерге шекер менен төлөп берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2023-жылдын сентябрь-декабры | "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" МИ, кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде | Кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен |
4-компонент. Дан өсүмдүктөрүн күзгү себүү иштерине өз убагында даярдык көрүү жана жүргүзүү | ||||||
19 | 2022-жылга салыштырганда күздүк буудайды себүү аянтын 5,5%га көбөйтүү зарылдыгын эске алуу менен 2024-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө сунушталуучу түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу | Төмөнкү пунктчада келтирилген облустар боюнча күздүк буудайдын айдоо аянтына ылайык райондор боюнча 2024-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын сунушталган структурасынын долбоорун иштеп чыгуу | Райондор боюнча 2024-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүнүн долбоорун даярдоо. Айдоо аянттарынын түзүмүн 100% үрөн менен камсыз кылуу | 2023-жылдын 15-августуна чейин АЧМге берүү менен | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
2024-жылдын түшүмү үчүн республикада күздүк буудайдын айдоо аянтын 190 миң гектарга жеткирүү, анын ичинде: Баткен облусунда - 9 миң га; Жалал-Абад облусунда - 20 миң га; Ош облусунда - 18 миң га; Ысык-Көл облусунда - 16 миң га; Талас облусунда - 10 миң га; Чүй облусунда - 117 миң га | Күздүк буудайдын айдоо аянты 190 миң га - 100% | 2023-жылдын сентябрь-ноябры | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
20 | 2023-жылы күздүк себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн сертификатталган үрөндүк материалдар менен камсыз кылууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары үчүн сапаттуу сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү жана сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөн менен камсыз болушу - 100%. Айдоо аянттарынын түзүмүнө ылайык себүү программасын аткаруу - 100%. 2024-жылга сорт алмаштыруу жана сорт жаңыртуу планы | 2023-жылдын август-октябры | АЧМ, КРП ЫУӨ, ЖМА | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын 2023-жылга каралган бюджеттик каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
21 | Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу | Ысык-Көл облусунда 2023-жылы жыйналган түшүмдөн күздүк буудайдын үрөндөрүнүн өтмө фондун түзүү | Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттө себүүнү камсыздоо | 2023-жылдын сентябрь-октябры | КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АЧМ, Ысык-Көл облусунун үрөн чарбалары жана айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көл облусунун үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
ААК | - | Америка ак көпөлөгү; |
АЧК | - | айыл чарбасын каржылоо; |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
АӨРБ | - | агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгы; |
Генбанк | - | Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн генетикалык банкы; |
ГТК | - | гидротехникалык курулмалар; |
ЕАӨБ | - | Евразиялык өнүктүрүү банкы; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КДИИИ | - | Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту; |
КМЧЖИИИ | - | Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КР MK | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети; |
КР УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Ботаникалык бак; |
КР УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; |
"Манас" КТУ | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университети; |
МИ | - | мамлекеттик ишкана; |
МКЖСК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы; |
МКТ | - | маалыматтык-коммуникациялык технология; |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; |
СПА | - | Кыргыз Республикасынын Суу пайдалануучулар ассоциациясы; |
СРК | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги. |
|
| 2-тиркеме |
2023-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянтынын ТҮЗҮМҮ
(миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Республика боюнча | Жалпы аянтка % | Облустар боюнча | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | |||
Бардык айдоо аянты | 1232,8 | 100 | 66,8 | 160,2 | 184,4 | 111,9 | 182,6 | 107,6 | 419,3 |
Бардык дан жана чанактуу дан өсүмдүктөрү, анын ичинде | 667,7 | 54,2 | 43,5 | 69,3 | 92,6 | 29,1 | 94,3 | 71,9 | 267,0 |
- буудай | 250,0 | 20,3 | 15,0 | 20,7 | 45,2 | 7,0 | 41,7 | 10,4 | 110,0 |
- арпа | 240,4 | 19,5 | 12,5 | 13,5 | 46,3 | 21,8 | 22,8 | 4,5 | 119,0 |
- дан жүгөрү | 109 | 8,8 | 11,0 | 30,4 | 0,1 | 0,1 | 26,6 | 4,0 | 36,8 |
- чанактуу дан | 55,8 | 4,5 | 1,0 | 0,3 | 0,4 | 0,2 | 0,2 | 53,0 | 0,7 |
- башка дан өсүмдүктөрү | 12,5 | 1,0 | 4,0 | 4,4 | 0,6 |
| 3,0 |
| 0,5 |
Кант кызылчасы | 14,5 | 1,2 |
|
| 0,1 |
|
| 0,5 | 13,9 |
Пахта | 23,03 | 1,9 | 0,03 | 12,0 |
|
| 10,4 |
| 0,6 |
Тамеки | 0,6 | 0,05 | 0,2 |
|
|
| 0,4 |
|
|
Май өсүмдүктөрү | 20,5 | 1,7 | 0,8 | 5,5 | 0,1 | 0,8 | 3,0 | 0,8 | 9,5 |
Картошка | 74,2 | 6,0 | 2,5 | 8,4 | 24,0 | 6,3 | 13,0 | 10,2 | 9,8 |
Жашылча | 55,3 | 4,5 | 3,4 | 13,0 | 3,1 | 0,5 | 10,1 | 4,2 | 21,0 |
Бакча өсүмдүктөрү | 10,8 | 0,9 | 0,1 | 4,0 |
|
| 2,7 | 0,1 | 3,9 |
Тоют өсүмдүктөрү | 366,2 | 29,7 | 16,3 | 48,0 | 64,5 | 75,2 | 48,7 | 19,9 | 93,6 |
|
| 3-тиркеме |
Айыл чарба өсүмдүктөрүн АДИСТЕШТИРҮҮ
Кыргыз Республикасы
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалын арттыруу үчүн өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагындагы артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- пайдаланылбаган айдоо жерлерди өздөштүрүүнүн эсебинен жалпы айдоо аянтын көбөйтүү жана республиканын тоо этектериндеги дыйканчылык зонасында жаңы сугат жерлерин пайдаланууга киргизүү;
- дан, чанактуу дан, жашылча-жемиш бакчалардын жана техникалык өсүмдүктөрдүн айдоо аянтын, ошондой эле ички муктаждыкты камсыз кылуу жана экспорт үчүн өзгөчө баалуу жерлерге дары чөптөрдүн аянтын кеңейтүү;
- интенсивдүү технологияларды жана тамчылатып сугаруу системаларын колдонуу менен тоо этектериндеги дыйканчылык зонасында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүүнүн негизинде айыл чарба өндүрүшүндө кластердик ыкманы киргизүү.
Баткен облусу
Негизги үч дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистешкен: буудай, арпа жана дан жүгөрү, ал жалпы айдоо аянтынын 60%га жакынын ээлейт.
Баткен облусунун кыртыштык-климаттык шарттары мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берет: Кадамжай районунда - алча жана гилас; Баткен районунда - өрүк, Лейлек районунда өрүк жана жүзүм.
Ошондой эле Лейлек районунун тоолуу аймактарында арпа эгүүгө болот, мында арпа айдоолору жайкы кургакчылыкта жакшы өсөт.
Жаңы айдоо жерлерин пайдаланууга киргизүүнүн жана өздөштүрүүнүн эсебинен көп жылдык чөп - бедени жана эспарцетти айдоо аянтын кеңейтүү сунушталат.
Мындан тышкары жашылча-бакчалардын жана чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн, дан жүгөрүнүн, күрүчтүн жана картошканын айдоолорун турукташтыруу зарыл.
Жалал-Абад облусу
Адистештирүү дан, жашылча-бахчалар, мөмө жана май өсүмдүктөрүнө (күн карама, сафлор), пахтага, тамеки өстүрүүгө негизделген.
Облустарга буудай, май жана чанактуу дан өсүмдүктөрүн айдоону кеңейтүү сунушталат. Ички жана тышкы рыноктордо суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу органикалык пахта жана күрүчтүн айдоо аянттарын көбөйтүү сунушталат.
Тамчылатып сугаруу системасын жана күнөсканаларды киргизүүнүн эсебинен жашылча өстүрүү сунушталат.
Аксы жана Ала-Бука райондорунун тоолуу зоналарында мөмө-жемиш (өрүк, алма, кара өрүк) өстүрүү сунушталат.
Ошондой эле дан жүгөрүнү, бакча өсүмдүктөрүн, жашылча жана картошканы себүүнү турукташтыруу сунуш кылынат.
Too этектеринде көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтын көбөйтүү сунушталат.
Ысык-Көл облусу
Адистештирүү картошка, кылкандуу дан, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана дары чөптөрүн өстүрүүгө негизделген.
Тамчылатып сугарууну киргизүүнүн эсебинен жаңы айдоо жерлерин пайдаланууга киргизүүгө байланыштуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн отургузууну кеңейтүү зарыл.
Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң райондору мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистештирилген. Жети-Өгүз, Түп жана Ак- Суу райондору - кылкандуу дан эгиндерине жана картошкага адистештирилген.
Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун сугат өрөөндөрүндө дары чөптөрдү айдоону кеңейтүү зарыл.
Тоолуу аймактарынын этегиндеги участоктордо арпа жана көп жылдык чөп өстүрүү сунушталат. Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Нарын облусу
Облус тоют даярдоого адистештирилген. Көп жылдык чөптөрдүн жыйноо аянттары жана алардын айдоо аянтындагы салыштырма салмагы 70%ды түзөт.
Бир жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын кыскартуунун эсебинен арпанын айдоо аянтын көбөйтүү сунушталат.
Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунун тоолуу зоналарына төмөнкү этегинде жана Нарын районунун түштүк бөлүгүндө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө артыкчылык берилет.
Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун түштүк бөлүгүндөгү сугат өрөөндөргө дан өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталууда.
Ат-Башы, Кочкор жана Нарын райондору картошка жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистешкен.
Ош облусу
Облустун адистештирүүсү дан эгиндерин, чанактуу дан (соя), жашылча-бакча, мөмө-жемиш, май (күн карама, сафлор) өсүмдүктөрүн, пахта жана тамеки өстүрүүгө негизделген.
Алай, Чоң-Алай, Ноокат райондорунун өзгөчө тоолуу зоналарында кургакчылыкка туруштук берген арпанын, ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн (күн карама, сафлор) жана көп жылдык чөптөрдүн себүү аянттарын кеңейтүү сунушталат.
Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунун суу боюндагы жерлерге күрүчтүн айдоолорун жайгаштыруу керек.
Тамчылатып сугаруу системасын жана күнөсканаларды ишке киргизүүнүн эсебинен жашылчанын себүү аянттарын кеңейтүү сунушталат.
Too этектериндеги зоналарда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Кара-Суу жана Араван райондорунун өрөөндүү зоналарында пахта, дан эгиндерин, чанактуу дан жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүн, ал эми Ноокат жана Өзгөн райондорунда - тамеки, дан эгиндерин жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Дан жүгөрүнүн, бакча өсүмдүктөрүнүн жана картошка айдоолору турукташтырылууда.
Талас облусу
Облус жалпы айдоо аянтынын 53%ынан ашыгын ээлеп турган чанактуу дан өсүмдүгү - төө буурчакты өстүрүүгө жана экспорттоого адистештирилген.
Талас өрөөнүнүн жогорку зонасы арпаны, көп жылдык чөптү жана картошканы өстүрүүгө адистешкен. Өрөөндүн төмөнкү зонасынын жер-климаттык шарттары дан жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн, ал эми тоо этегиндеги аймактары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу.
Чүй облусу
Облус дан өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын, жашылча-бакча өсүмдүктөрүн жана көп жылдык чөптөрдү өстүрүүгө адистешкен.
Буудай, май өсүмдүктөрүнүн, кант кызылчасынын жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүнүн айдоолорун кеңейтүү сунуш кылынат. Ошондой эле тамчылатып сугаруунун эсебинен жашылча өндүрүүнү көбөйтүү үчүн күнөсканалар сунушталат.
Too этегиндеги зоналарда жаңы айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн жана тамчылатып сугарууну пайдалануунун эсебинен беденин жана эспарцеттин, жүзүмдүн, мөмө-жемиштердин айдоолорун кеңейтүү сунуш кылынат.
Арпа, дан жүгөрүнүн, чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоолору турукташтырылууда.
Суусамыр өрөөнүндө арпа, көп жылдык чөптөрдү өстүрүү, ал эми Чоң-Кемин зонасында картошка менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө артыкчылык берилет.
|
| 4-тиркеме |
2023-жылы айыл чарба жумуштарын жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын КЕРЕКТЕЛҮҮСҮ
тонна
Облустардын аталышы | Дизель отуну | Автобензин | Мотор майы | |||||||||
Бардыгы | анын ичинен | Бардыгы | анын ичинен | Бардыгы | анын ичинен | |||||||
жазгы-талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү-талаа иштерине | жазгы-талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү-талаа иштерине | жазгы-талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү-талаа иштерине | ||||
Кыргыз Республикасы | 102417 | 42171 | 42246 | 18000 | 25588 | 11834 | 9695 | 4059 | 5160 | 2014 | 1969 | 1177 |
Баткен | 6940 | 3610 | 2480 | 850 | 1377 | 626 | 510 | 241 | 360 | 197 | 88 | 75 |
Жалал-Абад | 13439 | 6220 | 5600 | 1619 | 3707 | 1515 | 1680 | 512 | 560 | 180 | 220 | 160 |
Ысык-Көл | 13244 | 6830 | 5120 | 1294 | 3030 | 2213 | 463 | 354 | 515 | 234 | 156 | 125 |
Нарын | 6737 | 1911 | 4826 |
| 1647 | 882 | 765 |
| 552 | 296 | 256 |
|
Ош | 13282 | 4840 | 6140 | 2302 | 3982 | 1612 | 1520 | 850 | 690 | 185 | 250 | 255 |
Талас | 10372 | 6330 | 3200 | 842 | 1774 | 954 | 560 | 260 | 550 | 316 | 159 | 75 |
Чүй | 38403 | 12430 | 14880 | 11093 | 10071 | 4032 | 4197 | 1842 | 1933 | 606 | 840 | 487 |
|
| 5-тиркеме |
2023-жылы айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн минералдык жер семирткичтерге болгон КЕРЕКТӨӨ
(миң тонна)
Облустар | Жылдык керектөө | Анын ичинде минералдык жер семирткичтердин түрлөрү боюнча | ||
Азот | Фосфор | Калий | ||
Кыргыз Республикасы | 268,6 | 163,6 | 105,8 | 17,2 |
Баткен | 15,8 | 9,3 | 5,5 | 1,0 |
Жалал-Абад | 42,4 | 24,2 | 15,4 | 2,8 |
Ысык-Көл | 45,8 | 24,2 | 16,0 | 5,6 |
Нарын | 18,8 | 9,3 | 7,9 | 1,6 |
Ош | 46,8 | 27,2 | 16,9 | 2,7 |
Талас | 27,2 | 17,0 | 9,5 | 0,7 |
Чүй | 89,8 | 52,4 | 34,6 | 2,8 |