Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-апрели № 146
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 271-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 161 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы жөнүндө жободо:
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери кызмат орду боюнча Коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кириши мүмкүн.
Коллегиянын курамын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекитет. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси кызмат орду боюнча Коллегиянын төрагасы болуп саналат. Коллегиянын төрагасынын биринчи орун басары жана орун басары болот.
Коллегиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Коллегиянын жыйналыштарында бардык маселелерди талкуулоого катышууга;
- Коллегиянын чечимин шашылыш талап кылган маселелер боюнча Коллегиянын төрагалык кылуучусуна Коллегиянын кезексиз жыйналышын өткөрүү жөнүндө сунушту киргизүүгө.
Коллегиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жыйналыштарга катышууга, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана алар боюнча чечимдерди иштеп чыгууга активдүү катышууга;
- эгерде Коллегиянын сунушталган чечиминин долбоорунда баяндалгандан айырмаланса, талкуулануучу маселелер боюнча өзүнүн аргументтүү пикирин Коллегиянын кароосуна жазуу жүзүндө киргизүүгө;
- Коллегиянын кезектеги жыйналышынын күн тартибине пландан тышкаркы маселени киргизүү жөнүндө сунуштарды күн мурунтан берүүгө;
- Коллегиянын чечимдерин аткарууну камсыз кылууга, зарыл болгон учурда Коллегиянын төрагасына Коллегиянын чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого.";
10-пункттун экинчи абзацындагы "орун басары" деген сөздөр "биринчи орун басары (орун басары)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коллегиянын чечимдери чечим түрүндө кабыл алынат. Коллегиянын чечимине жыйналышка төрагалык кылуучу кол коёт.";
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
14-пункттагы "мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин тескеген" деген сөздөр "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо маселелерин тескеген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын курамы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, коллегиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, коллегиянын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, коллегиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору, коллегиянын катчысы.
Коллегиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын реалдуу сектор маселелерин тескеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.".