Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 161 тескемесине)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы жөнүндө жобо

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобого ылайык каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын (мындан ары - Коллегия) ишин регламенттейт.

2. Коллегия өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) компетенциясына кирген эң маанилүү маселелерди коллегиалдуу кароо, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, башка ченемдик укуктук актыларды, Президенттин Администрациясынын тапшырмаларын талаптагыдай ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча уюштуруу чараларын көрүү максатында жүзөгө ашырат.

3. Коллегия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Коллегия кеңеш берүүчү, коллегиалдуу орган болуп саналат, анын чечимдери Кыргыз Республикасынын Президенти, аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн сунуш берүүчү жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

 

2. Коллегиянын негизги функциялары жана ыйгарым укуктары

 

5. Коллегия төмөнкү функцияларды аткарат:

1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын тапшырмаларын аткаруу боюнча отчетторун жана маалыматтарын угат;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча:

- социалдык-экономикалык, саясий-укуктук жана башка мүнөздөгү эң маанилүү маселелерди козгогон Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын долбоорлорун;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдарды жана мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамына кирген жана анын карамагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн ишин координациялоону, ошондой эле атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелерин;

- Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген башка маселелерди;

3) каралып жаткан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат.

6. Жүзөгө ашыруучу функцияларынын алкагында Коллегия төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кызмат адамдарынан документтерди, маалыматтык-аналитикалык жана башка материалдарды суроого жана алууга;

2) өзүнүн жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын чакырууга жана угууга;

3) белгиленген компетенциясынын чегинде министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдарга, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тапшырмаларды берүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу кызмат адамдарына карата кызмат ордунан бошотуу, тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

5) жүктөлгөн функциялардын алкагында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

 

3. Коллегиянын курамы

 

7. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери кызмат орду боюнча Коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кириши мүмкүн.

Коллегиянын курамын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекитет. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси кызмат орду боюнча Коллегиянын төрагасы болуп саналат. Коллегиянын төрагасынын биринчи орун басары жана орун басары болот.

Коллегиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- Коллегиянын жыйналыштарында бардык маселелерди талкуулоого катышууга;

- Коллегиянын чечимин шашылыш талап кылган маселелер боюнча Коллегиянын төрагалык кылуучусуна Коллегиянын кезексиз жыйналышын өткөрүү жөнүндө сунушту киргизүүгө.

Коллегиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жыйналыштарга катышууга, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана алар боюнча чечимдерди иштеп чыгууга активдүү катышууга;

- эгерде Коллегиянын сунушталган чечиминин долбоорунда баяндалгандан айырмаланса, талкуулануучу маселелер боюнча өзүнүн аргументтүү пикирин Коллегиянын кароосуна жазуу жүзүндө киргизүүгө;

- Коллегиянын кезектеги жыйналышынын күн тартибине пландан тышкаркы маселени киргизүү жөнүндө сунуштарды күн мурунтан берүүгө;

- Коллегиянын чечимдерин аткарууну камсыз кылууга, зарыл болгон учурда Коллегиянын төрагасына Коллегиянын чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого.";

(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)

 

4. Коллегиянын ишин уюштуруу тартиби

 

8. Коллегиянын жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу өткөрүлөт.

9. Коллегияда кароо үчүн маселелер Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча аныкталат.

Президенттин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Президенттин Администрациясынын Жетекчисине Коллегияда маселелерди кароо үчүн тейлеген багыттарына ылайык сунуштарды киргизет.

10. Коллегиянын төрагасы Коллегиянын жыйналыштарын чакырат, күн тартибин аныктайт, Коллегиянын жыйналыштарына төрагалык кылат.

Коллегиянын төрагасы жок учурда анын ыйгарым укуктарын Коллегиянын төрагасынын биринчи орун басары (орун басары) аткарат.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)

11. Коллегиянын жыйналышы эгерде ага Коллегиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болуп саналат.

Коллегиянын чечимдери жыйналышка катышкан Коллегиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.

Коллегиянын чечимдери чечим түрүндө кабыл алынат. Коллегиянын чечимине жыйналышка төрагалык кылуучу кол коёт.

(Абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесине ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)

12. Коллегиянын жыйналышына материалдарды даярдоону Президенттин Администрациясынын Коллегиянын жыйналышында каралууга тийиш болгон маселе компетенциясына кирген түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча материалдарды Коллегиянын кароосуна даярдоону мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да жүзөгө ашырышы мүмкүн.

Каралып жаткан маселе боюнча материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- каралып жаткан маселе боюнча аналитикалык маалымкатты (маалымат) же отчетту;

- Коллегиянын жыйналышына чакырылган адамдардын тизмесин;

- Коллегиянын чечиминин долбоорун.

Материалдар Коллегиянын мүчөлөрүнө Коллегиянын тиешелүү жыйналышы өтүүчү датага чейин үч күндөн кечиктирбестен берилет.

13. Коллегиянын жыйналышына каралып жаткан маселелерге ылайык маалыматтарды жана отчетторду угуу үчүн кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана башка кызмат адамдары чакырылат.

Зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча Коллегиянын жыйналыштарына коомдук бирикмелердин, илимий мекемелердин, жарандык, эксперттик жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.

Коллегиянын чечимдери (анын ичинде сунуштамалар) эгерде аларды аткаруунун (кароонун) башка мөөнөтү белгиленбесе, аларды алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө милдеттүү түрдө аткарылууга (каралууга) тийиш.

Коллегиянын чечимдери жыйналыш өткөн күндөн тартып 3 күндүн ичинде контролдоо, мониторинг жүргүзүү үчүн Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аткаруу үчүн тиешелүү органдарга жана уюмдарга жиберилет.

14. Коллегиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо (Коллегиянын жыйналышынын протоколун жүргүзүү, Коллегиянын мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды чакыруу, башка маселелер) Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)

15. Коллегиянын ишин уюштуруунун ушул Жободо чагылдырылбаган башка маселелери Коллегия тарабынан өзүнүн жыйналыштарында чечилет.