Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-майы № 251-т
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын 2023-жылы окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары - мамлекеттик заказ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына окутууну өткөрүү үчүн 5 492 520 (беш миллион төрт жүз токсон эки миң беш жүз жыйырма) сом бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- мамлекеттик заказды белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке берип туруу;
- мамлекеттик заказдын алкагында окууну ийгиликтүү аяктаган мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга (мындан ары - кызматчылар) окуу аяктагандан кийин бир айдын ичинде сертификат берүү.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
- кызматчыларды окутуу процессине жана сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүп турсун;
- мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) окутуунун программаларына жана план-графигине ылайык окутуу курстарына кызматчыларды жиберүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына мамлекеттик заказдын алкагында окутууну өткөрүү үчүн жер-жерлерде жайлар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын 2023-жылы окутууга мамлекеттик заказ
I. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына жайгаштыруу үчүн окутуу курстары
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун багыттары
1. Кайра даярдоо курстары:
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
1.1. Административдык административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна тийиштүү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган адамдар үчүн кайра курстары | ||||||||
Угуучулардын категориясы:административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна кирген кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган кызматчылар | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 200 академиялык саат (100 академиялык сааттан 2 топ) | ||||||||
Окуучулардын жалпы саны: 40 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык): - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар; - адам ресурстарын башкаруу; - башкаруудагы санариптик технологиялар; - процесстерди автоматташтыруу жана “e-Kyzmat” системасын колдонуу; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери: - маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; - иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; - түзүмдүк белүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; - башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; - коюлган маселелерди чечүүдө новатордук ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; - өз ишин, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; - кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу | 40 |
|
|
|
|
|
|
|
1.2. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна тийиштүү кызмат орундарына биринчи жолу кирген адамдар үчүн кайра даярдоо курстары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна тийиштүү кызмат орундарына биринчи жолу кирген кызматчылар | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 400 академиялык саат (100 академиялык сааттан 4 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 80 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык): - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар; - башкаруудагы санариптик технологиялар; - маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; - аналитикалык материалдарды даярдоо; - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; - ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; - башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу; - кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; - жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; - мамлекеттик жана расмий тилдерде иш боюнча кат алышуулар; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кесиптик компетенциялар системасында коомдук баалуулуктарды калыптандыруу; - кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу | 80 |
|
|
|
|
|
|
|
БАРДЫГЫ: 120 кызматчы | 120 |
|
|
|
|
|
|
|
2. Мамлекеттик заказдын алкагында окутуучу тренерлер үчүн курс
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
2.1. Мамлекеттик заказдын алкагында окутуучу тренерлер үчүн тренинг | ||||||||
Угуучулардын категориясы: билим берүү уюмдарынын тренерлери/окутуучулары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 16 академиялык саат (1-топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 20 тренер | ||||||||
Курстун негизги темасы: - окутуу методикасы, анын ичинде санариптик технологиялар боюнча | 20 |
|
|
|
|
|
|
|
3. Квалификацияны жогорулатуу курстары:
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
3.1. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ченемдик-укуктук камсыздоо | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 360 академиялык саат (72 академиялык сааттан 5 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 100 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - ченем чыгаруу иши; - ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу методикасы; - ченем чыгаруу техникасы; - ченемдик укуктук актынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү тартиби; - ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү; - ченемдик укуктук актынын жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизи; - ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби; - мыйзамдардын гендердик аспекттеринин укуктук колдонулушу; - ченемдик укуктук актынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү; - адам укуктары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемеси менен бекитилген 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын 3-пунктун аткаруу максатында) | 60 | 40 |
|
|
|
|
|
|
3.2. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруу механизмдери | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын кызматкерлери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 288 академиялык саат (72 академиялык сааттан 4 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 80 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери; - эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдар; - мамлекеттик сектордо адам ресурстарын башкаруунун негиздери; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсундөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери; - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү, кызмат өтөө; - карьералык өсүү жана мотивация; - кызматкерлерди аттестациялоо; - кадрлардын резерви жана ротация; - кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу системасы; - адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасы; - электрондук документ жүгүртүүнү жүргүзүү; - персонал менен натыйжалуу иштөөнүн формалары жана методдору; - чыр-чатактарды жөнгө салуу тартиби жана жол-жобосу; - тайм-менеджмент; - стресс-менеджмент; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу; - адам укуктары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемеси менен бекитилген 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын 3-пунктун аткаруу максатында); - кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү | 40 | 40 |
|
|
|
|
|
|
3.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта натыйжалуу башкаруу | ||||||||
Угуучулардын категориясы: түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 144 академиялык саат (72 академиялык сааттан 2 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 40 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар; - мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин стратегиялык пландоо; - финансылык менеджмент; - долбоордук башкаруу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; - башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; - башкаруудагы санариптик технологиялар; - адам ресурстарын башкаруу; - тайм-менеджмент; - стресс-менеджмент; - кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү | 40 |
|
|
|
|
|
|
|
3.4. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 288 академиялык саат (72 академиялык сааттан 4 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 80 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - жердин укуктук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жер мыйзамдарынын негизги түшүнүктөрү жана талаптары; - жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын компетенциялары; - Кыргыз Республикасынын жер фондуна кирген жерлердин категориялары; - жарандык укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн объекти катары жер участогуна болгон укук; - жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана функциялары; - калктуу конуштардын (шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын) жерлерин берүү; - жеке турак жай куруу үчүн жер берүү; - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жерлерди берүү; - жайыттарды башкаруу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүү; - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында куруу жана жер пайдалануу эрежелери; - коррупцияга каршы аракеттенүү |
| 80 |
|
|
|
|
|
|
3.5. Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 432 академиялык саат (72 академиялык сааттан 6 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик органдар өткөрүп берген маселелер; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук негиздери; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери; - аймактарды өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо; - жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү; - жергиликтүү деңгээлдеги башкарууда санариптик технологиялар; - жергиликтүү денгээлде кырсыктардын тобокелдигин талдоо жана баалоо; - программалык бюджет жана бюджеттик инвестицияларды башкаруу; - жергиликтүү коомчулуктардын арасында экстремизмди жана терроризмди профилактикалоо; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери; - коррупцияга каршы аракеттенүү жана кесиптик этика; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу | 40 | 80 |
|
|
|
|
|
|
БАРДЫГЫ: 420 кызматчы | 180 | 240 |
|
|
|
|
|
|
4. Окутуу курстары, анын ичинде улуттук программалар боюнча:
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
4.1. Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдар мезгилинде Кыргыз жараны - жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүү концепциясы | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 112 академиялык саат (16 академиялык сааттан 7 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн этаптары; - Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктүн саясий-укуктук негиздери; - Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктү калыптандыруу саясатынын негизги артыкчылыктары; - Кыргыз жараны - жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүүдө мамлекеттин жана жарандык коомдун институттарынын ролу | 60 | 80 |
|
|
|
|
|
|
4.2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуунун куралы катары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: инвестицияларды тартуу үчүн жооптуу кызматчылар | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 288 академиялык саат (36 академиялык сааттан 8 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 160 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдар; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негиздери; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөө, демилгелөө жана даярдоо; - жеке өнөктөштү тандоого тендер даярдоо жана өткөрүү; - келишимге кол коюу; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн чаралар |
|
|
|
|
|
|
|
|
4.3. Мамлекеттик башкаруу снстемасындагы санариптик трансформациялоо | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 324 академиялык саат (36 академиялык сааттан 9 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 180 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - электрондук башкаруунун жана электрондук мамлекеттин укуктук негиздери; - "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын милдеттерин ишке ашыруу; - электрондук башкаруунун негиздери, электрондук башкарууну куруунун методдору жана технологиялары. Process Modeler колдонуу; - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө долбоорлорду башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу. Project Management практикалык колдонуу; - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу стратегиялык пландоо; - электрондук башкаруу долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо; - маалымат базалары менен иштөө. Маалыматтар базасын түзүүнүн негиздери. “e-Kyzmat” автоматташкан маалыматтык системасы. “Infodocs” автоматташкан маалыматтык системасы; - санариптик трансформациялоонун методдору. Булуттук технологиялар; - автоматташтырылган системалар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр (дүйнөлүк практика, Кыргыз Республикасынын практикасы). Электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук кызматтарды керсөтүү жана колдонуу практикасы, - маалыматтык коопсуздук; - коррупцияга каршы аракетгенүү | 100 | 80 |
|
|
|
|
|
|
4.4. Мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык отчеттуулук | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана жергиликгүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык жана экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 288 академиялык саат (36 академиялык сааттан 8 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 160 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик жана финансылык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдар; - бухгалтердик эсепте ички контролдоо системасы жана документ жүтүртүү; - мамлекеттик кызматтагы финансылык эсеп жана анын негизги элементтери; - кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу; - негизги фонддорду жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу; - товардык-материалдык запастарды эсепке алуу; - акча каражаттарын жана дебитордук карыздарды эсепке алуу; - милдеттенмелерди эсепке алуу (кредитордук карыз, эмгек акы ж.б.); - таза активдер; - мамлекеттик башкаруу секторунда финансылык отчеттуулукту түзүү; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү | 100 | 60 |
|
|
|
|
|
|
4.5. Мамлекеттик сектордогу долбоордук менеджмент | ||||||||
Угуучулардын категориясы: тармактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 252 академиялык саат (36 академиялык сааттан 7 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - долбоордун жашоо цикли жана долбоордун фазалары; - мамлекеттик башкаруу системасында долбоордук ыкманы ишке ашыруу; - программаны/улуттук долбоорду башкаруунун типтүү архитектурасы; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна долбоордук ыкманы киргизүү. Долбоордук менеджментти киргизүүнүн ченемдик негизи; - тобокелдиктерди башкаруу. Системалык кемчиликтер жана көйгөйлөр. Мамлекеттик органдардын долбоордук ыкманы колдонууга каршылык көрсөтүүсүнүн негизги себептери; - иштин иерархиялык тузүмү. Операциялардын ишин баалоо. Долбоорду башкаруунун улутгук системасынын уюштуруу схемасы | 80 | 60 |
|
|
|
|
|
|
БАРДЫГЫ: 780 кызматчы | 440 | 340 |
|
|
|
|
|
|
ЖАЛПЫ: 1320 кызматчы + 20 тренер (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына жайгаштыруу үчүн) | ||||||||
II. Региондук мамлекеттик билим беруу уюмдарына жайгаштыруу үчүн окутуу курстары Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун багыттары
1. Кайра даярдоо курстары:
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
1.1. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна кирген кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган адамдар үчүн кайра даярдоо курстары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна кирген кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган кызматчылар | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 600 академиялык саат (100 академиялык сааттан 6 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык): - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар; - адам ресурстарын башкаруу; - башкаруудагы санариптик технологиялар; - процесстерди автоматташтыруу жана "e-Kyzmat" системасын колдонуу; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери; - маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; - иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; - түзүмдүк бөлүмдөрдүн кейгөйлөрүн чечүүгө ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; - башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; - коюлган милдеттерди чечүүгө новатордук ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүндүктөрдү издөө; - өз ишин, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; - кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу |
|
| 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
1.2. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кирген кызмат орундарына биринчи жолу кирген адамдар үчүн кайра даярдоо курстары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кирген кызмат орундарына биринчи жолу кирген кызматчылар | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 700 академиялык саат (100 академиялык сааттан 7 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык): - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар; - башкаруудагы санариптик технологиялар; - маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; - анатитикалык материалдарды даярдоо; - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; - ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; - башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; - тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу; - кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; - жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; - мамлекеттик жана расмий тилдерде иш боюнча кат алышуулар; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кесиптик компетенциялар системасында коомдук баалуулуктарды калыптандыруу; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу |
|
| 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
БАРДЫГЫ: 260 кызматчы |
|
| 60 | 40 | 40 | 40 | 40 | 40 |
2. Квалификацияны жогорулатуу курстары:
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
2.1. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ченемдик-укуктук жактан камсыздоо | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 792 академиялык саат (72 академиялык сааттан 11 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 220 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - ченем чыгаруу иши; - ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу методикасы; - ченем чыгаруу техникасы; - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү тартиби; - ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү; - ченемдик укуктук актынын жөнгө салуучу таасирин талдоонун негиздери; -ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби; - мыйзамдардын гендердик аспекттеринин укуктук колдонулушу; - ченемдик укуктук актынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү; - адам укуктары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемеси менен бекитилген 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын 3-пунктун аткаруу максатында) |
|
| 60 | 20 | 40 | 40 | 40 | 20 |
2.2. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруу механизмдери | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын кызматкерлери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 432 академиялык саат (72 академиялык сааттан 6 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери; - эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдар; - мамлекеттик сектордо адам ресурстарын башкаруунун негиздери; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери; - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү, кызмат өтөө; - карьералык өсүү жана мотивация; - кызматчыларды аттестациялоо; - кадрдык резерв жана ротация; - кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы; - адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасы; - электрондук документ жүгүртүүнү жүргүзүү; - кызматкерлер менен натыйжалуу иштөөнүн формалары жана методдору; - чыр-чатактарды жөнгө салуу тартиби жана жол-жобосу; - тайм-менеджмент; - стресс-менеджмент; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу; - адам укуктары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемеси менен бекитилген 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын 3-пунктун аткаруу максатында); - кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү |
|
| 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
2.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта натыйжалуу башкаруу | ||||||||
Угуучулардын категориясы: түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 504 академиялык саат (72 академиялык сааттан 7 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар; - мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин стратегиялык пландоо; - финансылык менеджмент; - долбоордук башкаруу; - түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; - башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; - башкаруудагы санариптик технологиялар; - адам ресурстарын башкаруу; - тайм-менеджмент: - стресс-менеджмент; - кесиптик этика жана коррупцияга карты аракеттенүү |
|
| 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
2.4. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 792 академиялык саат (72 академиялык сааттан 11 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 220 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жер мыйзамдарынын негизги түшүнүктөрү жана талаптары; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциялары; - Кыргыз Республикасынын жер фондуна кирген жерлердин категориялары; - жарандык укуктардын объекти катары жер участогу жана аны менен болгон бүтүмдөр; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча ролу жана функциялары; - калктуу конуштардын жерлерин берүү (шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын); - жеке турак жай куруу үчүн жерлерди беруү; - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү; - жайыттарды башкаруу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүү; - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын куруу жана жер пайдалануу эрежелери; - коррупцияга каршы аракеттенүү |
|
| 60 | 20 | 40 | 40 | 40 | 20 |
2.5. Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 792 академиялык саат (72 академиялык сааттан 11 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 220 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик органдар өткөрүп берген маселелер; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук негиздери; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери; - региондорду өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо; - жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү; - жергиликтүү деңгээлдеги башкарууда санариптик технологиялар; - жергиликтүү денгээлде кырсыктардын тобокелдигин талдоо жана баалоо; - программалык бюджет жана бюджеттик инвестицияларды башкаруу; - жергиликтүү коомчулуктардын арасында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу; - мамлекеттик жана муниципапдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери; - коррупцияга каршы аракеттенүү жана кесиптик этика; - кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу |
|
| 60 | 20 | 40 | 40 | 40 | 20 |
БАРДЫГЫ: 920 кызматчы |
|
| 240 | 100 | 160 | 160 | 160 | 100 |
3. Окутуу курстары, анын ичинде улуттук программалар боюнча:
Курстардын тематикасы | Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны | |||||||
Бишкек шаары | Чуй облусу | Ош шаары жана Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | |
3.1. 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 192 академиялык саат (16 академиялык сааттаи 12 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 240 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - Кыргыз Республикасында жарандардын өзүн таануусун калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн этаптары; - Кыргыз Республикасында жарандардын өзүн таануусунун саясий-укуктук негиздери; - Кыргыз Республикасында жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу саясатынын негизги артыкчылыктары; - Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүдө мамлекеттин жана жарандык коомдун институттарынын ролу |
|
| 40 | 40 | 40 | 40 | 40 | 40 |
3.2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке инвестинияларды тартуу инструменти катары | ||||||||
Угуучулардын категориясы: инвестицияларды тартууга жооптуу кызматчылар | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 252 академиялык саат (36 академиялык сааттан 7 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдар; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негиздери; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө жана даярдоо; - жеке өнөктөштү тандоого тендерди даярдоо жана өткөрүү; - макулдашууга кол коюу; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн чаралар |
|
| 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
3.3. Мамлекеттик башкаруу системасындагы санариптик трансформациялоо | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 576 академиялык саат (36 академиялык сааттан 16 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 320 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - электрондук башкаруунун жана электрондук мамлекеттин укуктук негиздери; - “'Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын милдеттерин ишке ашыруу; - электрондук башкаруунун негиздери, электрондук башкарууну куруунун методдору жана технологиялары. Process Modeler колдонуу; - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө долбоорлорду башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын долбоорлорун иштеп чыгуу. Project Management практикалык колдонуу; - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу стратегиялык пландоо; - электрондук башкаруу долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо; - маалыматтар базалары менен иштөө. Маалыматтар базасын тузүүнүн негиздери. “E-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык системасы, “Infodocs” автоматташтырылган маалыматтык системасы; - санариптик трансформациялоо методдору. Булут технологиялары; - автоматташтырылган системалар жана электрондук кызматтарды көрсөтүү (дүйнөлүк практика, Кыргыз Республикасынын практикасы). Электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук кызматтарды көрсөтүү жана колдонуу практикасы; - маалыматтык коопсуздук; - коррупцияга каршы аракеттенүү |
|
| 60 | 40 | 60 | 60 | 60 | 40 |
3.4. Мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык отчеттуулук | ||||||||
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык жана экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 360 академиялык саат (36 академиялык сааттан 10 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 200 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик жана финансылык эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар; - бухгалтердик эсепке алуудагы ички контролдоо системасы жана документ жүгүртүү; - мамлекеттик кызматтагы финансылык эсепке алуу жана анын негизги элементтери; - кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу; - негизги фонддорду жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу; - товардык-материалдык запастарды эсепке алуу; - акча каражаттарын жана дебитордук карыздарды эсепке алуу; - милдеттенмелерди эсепке алуу (кредитордук карыз, эмгек акы ж.б.); -таза активдер; - мамлекеттик башкаруу секторунда финансылык отчеттуулукту түзүү; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү |
|
| 40 | 20 | 40 | 40 | 40 | 20 |
3.5. Мамлекеттик сектордогу долбоордук менеджмент | ||||||||
Угуучулардын категориясы: профилдик бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери | ||||||||
Сааттардын жалпы саны: 252 академиялык саат (36 академиялык сааттан 7 топ) | ||||||||
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы | ||||||||
Курстун негизги темалары: - долбоордун жашоо цикли жана фазалары; - мамлекеттик башкаруу системасына долбоордук ыкманы киргизүү; - программаны/улуттук долбоорду башкаруунун типтүү архитектурасы; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна долбоордук ыкманы киргизүү. Долбоордук менеджментти киргизүүнүн ченемдик негизи; - тобокелдиктерди башкаруу. Системалык кемчиликтер жана көйгөйлөр. Мамлекеттик органдардын долбоордук ыкманы колдонууга каршылык көрсөтүүсүнүн негизги себептери; - иштин иерархиялык түзүмү. Операциялардын ишин баалоо. Долбоорду башкаруунун улуттук системасынын уюштуруу схемасы |
|
| 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
БАРДЫГЫ: 1040 кызматчы |
|
| 220 | 140 | 180 | 180 | 180 | 140 |
ЖАЛПЫ: 2220 кызматчы (региондук мамлекеттик билим берүү уюмдарына жангаштыруу үчүн) | ||||||||
Окутуудан өткөн кызматчылардын жалпы саны: 3 560 адам