Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 26-сентябры ПЖ № 206
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө
(КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188, 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 57, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130, 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 357 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы № 135 "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык токтом кылам:
(КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын тиркелген уставы жана башкаруу түзүмү бекитилсин.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:
- белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик, уюмдарды кайра каттоону жүргүзсүн;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 28-сентябрында N 85 жарыяланды
Президент |
| А.Атамбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ТҮЗҮМҮ
(КР Президентинин 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 357 Жарлыгынын редакциясына ылайык)