Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 202
Ош шаардык Кеңешинин Регламентине ѳзгѳртγγлѳрдγ жана
толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин “Акыйкат жана Ынтымак”кѳпчγлγк коалициясынын лидери А.Алановдун 2014-жылдын 22-апрелиндеги №01-4-472 сандуу катын карап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин Регламентин 1.7 беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, Регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясын 2014-жылдын 25-августундагы 17-токтомуна таянып, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин Регламентине тѳмѳндѳгγдѳй ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
Глава VI “орун басары” деген сѳздѳр “орун басарлары” деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
Статья 6.1. «тѳрт» деген сѳз «алты» деген сѳз менен, “γчѳѳ” деген сѳз “бешѳѳ” деген сѳз менен алмаштырылсын.
Статья 7.3 “орун басарлары” деген сѳздѳр “айлык акы алып иштеген орун басары гана” деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
Статья 7.3 “Тѳраганын коомдук негизде иштеген орун басарлары туруктуу комиссиянын мγчѳсγ катары иштейт, бирок тѳрагасы боло албайт.” деген сγйлѳм менен толукталсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун жана Регламенттин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, Регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин биринчи сессиясынын 2012-жылдын 13-апрелинде № 5 токтому менен бекитилген |
Ош шаардык Кеңешинин Регламенти
I. Бап
Негизги жоболор
1.1. Ош шаарында жергиликтүү өз алдынча, башкаруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-бөлүгүнө ылайык түзүлөт.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңеши (мындан ары - шаардык Кеңеш) Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет.
1.2. Депутаттардын шаардык Кеңеши шаардын калкы тарабынан 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүүнүн негизинде жалпы, тең, тике шайлоо менен 45 депутаттан шайланат.
Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде шаар калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет.
1.3. Шаардык Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарга, Ош шаарынын Уставына, ушул Регламентке, шаардык Кенештин ишмердигине тиешелүү жана башка нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзөт.
1.4. Шаардык Кеңештин ишинин натыйжасы анын сессиясынын, туруктуу комиссияларынын, коомдук башталышта өз укук-милдеттерин аткарган депутаттардын ар биринин жүргүзгөн иш аракети менен аныкталат.
1.5. Шаардык Кеңеш өзүнүн түзүмүн жана штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү нормативдик-укуктук актыларын жетекчиликке алуу менен өз алдынча түзөт.
1.6. Шаардык Кеңештин иши шаардык Кеңештин сессиясында бекитилген иш планга ылайык жүргүзүлөт.
Шаардык Кеңештин иш планынын долбоору Президиумдун, туруктуу комиссиялардын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыгат.
Шаардык Кеңештин иш планы тиешелүү органдарга сессияда бекитилгенден кийин 10 күн ичинде жөнөтүлөт.
Шаардык Кеңештин иш планына кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү туруктуу депутаттык комиссиялардын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын сунушун эске алуу менен сессияда каралат.
1.7. Шаардык Кеңештин Регламенти шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Регламен өзгөртүү, кошумчалоо жана тактоолор шаардык Кеңештин төрагасынын, депутаттык комиссиялардын же депутаттардын демилгеси менен кабыл алынат.
1.8. ДЛаардык Кеңеш юридикалык жак болуп эсептелет жана өзүнүн тегерек мөөрү болот. Жайгашкан жери: Ош шаары, Ленин көчөсү - 221.
II. Бап Шаардык кеңешинин сессиясы
2.1. Шаардык Кеңештин сессиясы анын алдында турган маселелерди коллективдүү талкулоону жана аларды аткаруу боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу уюштуруучулук-укуктук иштердин негизги формасы болуп эсептелет.
Шаардык Кеңеште шаардык Кенештин Президиуму түзүлөт. Президиумдун курамына шаардык Кенештин төрагасы, анын орун басарлары, туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жана депутаттык фракциялардын жетекчилери жана депутаттык фракциялардын коалицияларынын жетекчилери киришет.
Шаардык Кеңештин Президиуму кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет. Президиумда сессиянын кароосуна алдын ала сунуш кьшынган маселелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелер да каралат, сунуш иретинде чечимдер кабыл алынат.
Президиумдун отурумуна шаардык Кеңештин төрагасы төрагалык кылат. Ал жок болгон учурда төраганын орун басары төрагалык кылат.
Шаардык Кеңештин сессиясы зарылдыгына жараша, кварталына бир жолудан кем эмес шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
Ар бир сессиянын башталышында депутаттар катоодон өтүшөт.
Сессияга шаардык Кеңеш тарабынан чакырылган кызмат адамдары өзү келип катышууга милдеттүү, ошондой эле бийлик органдарынын өкүлдөрү жана атуулдар катыша алат.
Шаардык Кеңештин төрагасы сессияга катышып отургандар жөнүндө депутаттарга маалымат берет.
Сессияда катышып жаткан өкүлдөр жана атуулдар шаардык Кеңештин сессиясынын ишине кийлигишүүгө укугу жок, сессиянын маселелерин талкулаган учурда өзүнүн макул жана каршы болгон пикирин билдире алышпайт. Алар төрагага баш ийип, та"ртипти сакташ керек.
Чакырылгандар, өкүлдөр жана атуулдар үчүн сессия залында атайын орундар даярдалат.
Эгерде алар тартип бузушса, сессиянын ишине тоскоолдук кылышса төрага жана депутаттардын сунушу менен сессия залынан чыгарып салынат.
2.2. Кезектеги сессияны чакыруу, аны өткөрүүнүн орду жана каралуучу маселелер жөнүндө шаардык Кеңештин төрагасы сессияга чейин 10 күндөн кем эмес мурда депутаттарга маалымат берет жана калкка кабарлайт.
Сессияда каралуучу негизги маселелер боюнча долбоорлор жана керектүү материалдар сессияга чейин үч күндөн кем эмес мурда депутаттарга таркатылып берилет.
2.3. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы шаардык Кеңештин төрагасынын, туруктуу депутаттык комиссиялардын демилгеси менен, шаардын мэринин кайрылуусунун негизинде, ошондой эле шаардык Кенештин үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес депутаттарынын талабы менен чакырылат.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндөгү сунуш, каралуучу маселени көрсөтүү менен, аны чакыруунун себебин кыскача негиздеп, шаардык Кеңештин төрагасына кат жүзүндө жөнөтүлөт.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттарга кабар сессияга чейин эки күндөн кем эмес мурда берилет.
Зарыл болгон учурларда шаардык Кеңештин чечими менен жабык сессиялар өткөрүлөт.
Мындай сессия мамлекеттик жана коммерциялык сырды сактоо, жарандардын жеке турмушуна жана менчигине байланышкан маалыматтар тарабаш максатында уюштурулат. Жабык сессиянын чечимдери депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен бекитилет.
Жабык сессияны төрага, президиум, шаардык Кеңештин комиссиялары, фракциялар же депутаттардын үчтөн бир бөлүгү чакыра алат.
Жабык сессияда төрага депутаттарга жабык сессиянын чакырылышынын максатын түшүндүрөт.
Жабык сессиянын протоколу мыйзамда каралган тартипте шаардык Кеңеште сакталат.
2.4. Шаардык Кеңештин сессиясын депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышкан учурда өткөрүүгө болот.
Мыйзамдарда башка тартипте каралгандан бөлөк учурларда шаардык Кеңештин өзүнө таандык болгон маселелер боюнча чечим шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Шаардык Кеңештин чечими «Токтом» формасында кабыл алынат жана шаардык Кеңештин төрагасы кол коет. Токтомдун тиркемелерине шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси кол коет.
Шаардык Кеңеш тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдер шаардын аймагында жашаган жарандар, мамлекеттик бийлик органдары жана башкармалыктары, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Жабык өткөрүүнү талап кылган учурлардан башка убактарда сессиялар ачык-айкын өтөт. Ага эмгек жамааттарынын, коомдук уюмдардын, бирикмелердин, кыймылдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
Кээ бир зарыл болгон учурларда сессияда карала турган маселелер сурамжылоо жолу менен каралышы мүмкүн. Сурамжылоо жолу менен кароодо ар бир депутат карала турган маселе боюнча даярдалган токтомдун тексти менен таанышып чыгып, анын акыркы барагынын артына өз колун коет. Депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү кол койсо, токтом кабыл алынды деп эсептелет. Мындай жол менен кабыл алынган токтом, шаардык кеңештин кезексиз сессиясында каралды деп эсептелет жана ага катардагы номер коюлат. Бул ченем, токтомду кабыл алуу үчүн депутаттардын үчтөн экисининен кем эмес добушун талап кылган маселелерге таркатылбайт
2.5. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди- кароого жана алар боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
Сессияда каралуучу маселелер:
-жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин аныктоо;
-шаардын бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
-шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү;
-жергиликтүү коомчулукгун муниципалдык менчигин тескөөнүн тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьектисин менчиктештирүүнүн программасын бекитүү, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу; шаардык жергиликтүү өз алдынча -башкаруунун аткаруу органдарынын ишмердиги жөнүндөгү отчетун угуу жана ага баа берүү боюнча токтом кабыл алуу;
мыйзамдарда каралган учурларга ылайык депутаттардын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу; жергиликтүү коомчулуктун Уставын бекитүү;
-мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү үчүн административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунушту иштеп чыгуу; Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана аларды кызматынан бошотуу, Кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу; шаардык Кенештин Регламентин кабыл алуу; кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
-Өкмөт тарабынан аныкталган нормативдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунунадминистративдик органдарынын түзүмүн, штаттык бирдигин бекитүү;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муздак суу, агындылоо (канализация) жылуулуктан пайдалануунун, ошондой эле таштандыларды ташып чыгаруу кызматы боюнча тарифтерди бекитет;
алкоголдук ичимдиктерди, тамекини сатуу ордун, анын убактысын чектөө, керек болсо тыюу салу жана каада-салтка (ритуалдык) байланышкан иш •чараларды өткөрүүнүн Эрежесин аныктоо;
-ирригациялык тармактарды, үй алдындагы участокторду (барчаларды) кармоонун тартибин аныктайт;
шаардын мэрии шайлоо;
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарында каралган Эрежелерге ылайык шаар мэрине ишеним көрсөтпөйт;
-Шаар жерлерине салыктын мыйзамдарда каралган базалык ченинин (ставкасынын) чегинде дифференциалдык (жиктелген) ченин киргизүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү коомдоштуктун (сообщества) Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.
Чыгып сүйлөөлөр трибунадан, ордунан жана залга коюлган микрофон аркылуу уюштурулат. Процедуралык (жол-жобо) маселелер боюнча депутатка сөз кезексиз берилет.
Сессиянын отуруму эрте мененки саат 10:00дө башталат, ар бир 2 саатта 20 мүнөт тыныгуу жарыяланат. Түшкү тамакка 1 саат убакыт берилет.
.Жарыш сөздөр депутаттардын сунушу менен токтотулат, андан кийин доклад жасоочу 10 мүнөттүн чегинде корутунду сөз менен чыгууга акылуу.
Сессиянын чечими менен токтомдун лолбоору боюнча башында жалпысынан же пункттар, бөлүмдөр боюнча, анан жалпы добуш берүү менен жүргүзүлөт.
Сессияда жумушчу органдар түзүлөт: секретариат (катчылык), эсептөө комиессиясы, зарылчылыгына жараша башка комиссиялар. Жумушчу органдар ачык добуш берүү менен түзүлөт.
Секретариат шаардык Кеңештин аппараты менен бирге сессиянын отурумунун стенограммасын уюштурат, чыгып сүйлөөнү каалагандарды жазат, депутаттардын кайрылууларын документ түрүндө каттайт.
Секретариат чыгып сүйлөө үчүн жазылган депутаттардын тизмесин президиумга берет.
Шаардык Кеңештин аппараты сессия болуп өткөндөн кийин 10 күнгө чейин сессиянын токтомдорун тиешелүү даректерге жөнөтөт. Ал эми зарыл маселелер боюнча кезексиз сессиялар өткөрүлгөн убактарда токтомдор үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Сессиянын күн тартиби, иштөө тартиби ачык добуш берүү менен бекитилет.
Шаардык Кенештин төрагасы сессияны ачат жана жабат, докладчыга жана сөзгө чыгуучуларга сөз берет. Жарыш сөздөрдү уюштурат, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорун, депутаттардын сунуштарын добушка коет жана добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт.
Сессиянын ачылышы жана жабылышы Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосу менен ишке ашырылат.
Сессия мамлекеттик же расмий тилде алып барылат. Керектүү учурда котормочу чакырылат.
-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, шаардын аймагында жайгашкан башка мекемелердин, уюмдардын иштеринин натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашыруу маселелери;
-өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин талаптагыдай аткарбаган учурда, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органдарынын жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен тышкары мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;
-вице-мэрлерге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;
-чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө, ошондой эле мэриянын аймактык бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө макулдук берүү;
-муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;
-шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле чек араларды белгилөө, өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
-шаардын аймагында көрктөндүрүүнүн, сооданын, тышкы көрнөктөрдү жана маалыматтарды жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү;
-шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоо жана мал жаюу эрежелерин бекитүү.
Шаардык Кеңештин сессияларында жалпы кызыкчылыктардагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субөекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.
Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине Ош шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде Ош шаардык кеңеши 3 айдын ичинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси аны токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.
Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн вице-мэрге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда мэр 10 жумушчу күндүн ичинде аларды кызмат ордунан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.
Вице-мэрге, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине кайталап ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда, мэр аларды токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.
III. Глава Шаардык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясын өткөрүүнүн тартиби
3.1. Жаңыдан шайланган шаардык Кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы мурдагы шайланган шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан шаардык Кеңешке шайлоо болгон күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын шаардык Кеңештин эң карыя депутаты ачат.
Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын же анын мүчөлөрүнүн биринин маалыматын угат.
Төрага жана анын орун басарлары шайлангандан кийин сессияны алар алып барышат.
3.2. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кеңештин Регламентин бекитүү, төрагасын, анын орун басарлары шайлоо маселелери, Кенештин ишин уюштуруунун башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын жана депутаттык фракциялардын сунушу боюнча төраганын орун басарлары шайланат.
IV.Глава Шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясын өткөрүүнүн тартиби
4.1.Шаардык Кеңештин ар бир сессиясында анын жүрүшү жана мазмуну жөнүндө протокол түзүлөт.
Шаардык Кеңештин сессиясынын протоколунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
-протоколдун номери;
-шаардык Кеңештин аталышы, сессиянын катар номери;
-өткөрүлгөн айы, күнү жана орду;
-шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын саны, катышкан жана катышпаган депутаттардын, чакырылгандардын саны;
-сессияны ачкан депутаттын аты-жөнү;
-сессиянын күн тартиби, ар бир маселе боюнча сүйлөгөн депутаттын аты-жөнү, кайсы партиядан экендиги;
-макул же каршы добуш бергендердин так саны жана кабыл алынган чечимдердин баарынын тизмеси.
Сессиянын протоколуна тиркелүүчү документтер:
-шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган бардык токтомдор;
-сессиянын стенограммасы;
-сессияга катышкан депутаттардын тизмеси;
-докладдардын тексттери;
-депутаттардын төрагага берген кат жүзүндөгү сунуштары, пикирлери жана суроолору;
-сессияда каралып жаткан маселелер боюнча түшкөн ар түрдүү билдирүүлөр, справкалар;
4.2. Шаардык Кеңештин сессиясынын протоколу толтурулгандан жана төрага кол койгондон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен тиркемелер менен бирге көктөмөгө тигилет.
Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары сессиянын протоколундагы жазуулардын тууралыгы үчүн жооп берет.
Сессиянын протоколунун өз убагында толтурулушу үчүн шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси жооп берет.
Сессиянын материалдарынын толуктугун жана сакталышын шаардык кеңештин аппарат жетекчиси камсыз кылат
4.3. Шаардык Кеңештин токтомдору (менчигинин түрүнө карабастан) тиешелүү ишкана-мекемелерге. уюмдарга он күндүк мөөнөттө жөнөтүлөт.
4.4. Шаардык Кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын дарегине берилген сунуштар жана калоолор ошол уюмдун жетекчилери тарабынан каралууга жана анын натыйжалары боюнча шаардык Кеңешке жана анын тиешелүү комиссияларына мыйзамдарда каралган тартипте маалымат берүүгө тийиш.
V. Бап Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
5.1. Шаардык Кеңештин төрагасы фракциялык көпчүлүк же фракциялардын көпчүлүгүнүн коалициясына кирген депутаттардын ичинен шаардык Кенештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат._
Добуш берүү тартиби сессия тарабынан аныкталат.
Шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгондо төрага шайланды деп эсептелинет.
Коалициялык көпчүлүктү түзүү келишимин депутаттык фракциялардын жетекчилери түзүшөт жана ага кол коюшат.
Көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын жана азчылык фракцияларынын коалипиясынын депутаттарынын сандары бирдей болуп калган учурда, эки тарап тең шаардык кеңештин төрагалыгына талапкерлерди көрсөтө алат.
коалициялык көпчүлүк бузулган учурларда 10 күндүн ичинде жаңы түзүлгөн коалициялык көпчүлүктүн талабы менен шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жана башка уюштуруу иштери боюнча шаардык кеңештин кезексиз сессиясы чакырылат. Көрсөтүлгөн 10 күндүн ичинде кезектеги сессия болсо, бул маселелер кезектеги сессияда карала берет
Эгерде бюллетенге киргизилген талапкерлердин саны экиден көп болсо жана алардын бири да шайланган депутаттардын жалпы санынын тиешелүү көпчүлүк добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкерге кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кайталап добуш берүү учурунда депутаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды болуп эсептелет.
Эгерде добуш берүү бюллетенине эки же бир талапкер киргизилип, алардын бири да шайлоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү сандагы добуш ала албаса, мындай учурда шаардык Кеңештин төрагалыгына талапкерлерди көрсөтүү кайталап жүргүзүлөт.
Добуш берүү тизмесине киргизилип, шайланган депутаттардын жалпы санынын тиешелүү көпчүлүк добушун ала албаган депутат ушул сессияда кайрадан талапкер катары көрсөтүлбөйт.
шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басары башка кызмат оорундарын ээлебейт.
Шаардык Кеңештин төрагасынын шайланышы жөнүндө шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
5.2. Өз милдетин аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган учурда шаардык Кенештин төрагасы шаардык Кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен» деген сүйлөм, «депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен»
5.3. Өзүнө тагылган милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган жагдайларга байланыштуу шаардык Кенештин төрагасынын өзүнүн өтүнүчү менен анын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Төраганын ыйгарым укугунун мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө шаардык Кеңеш ачык добуш берүү менен токтом кабыл алат.
Токтом ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бергенде кабыл алынды болуп эсептелет.
5.4. Шаардык Кеңештин төрагасынын ваканттык (бош) кызмат ордуна шайлоо өткөрүү шаардык Кенештин кезектеги сессиясына, мурдагы төраганын ыйгарым укугу токтотулгандан кийин бир айдан ашык эмес убакытта, белгиленет.
Шаардык Кеңештин терагасы: шаардык Кенештин өкүлү болот, мамлекеттик, сот жана башка бийлик органдарында анын атынан сүйлөйт;
-Өкмөт тарабынан белгиленген типтүү нормативдердин (ченемдердин) негизинде шаардык Кеңештин аппараттык курамын түзөт жана аны бекитүү үчүн сессияга сунуш кылат, шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин кызматка алат жана бошотот;
-шаардык Кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат. Шаардык Кеңештин токтомуна кол коет, алардын аткарьшышын көзөмөлдөйт;
-шаардык Кеңештин туруктуу жана башка комиссияларынын, депутаттык топтордун ишин координациялайт;
-депутаттарга өз ыйгарым укуктарын аткарууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт. Депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди шаардык Кеңеште кароо үчүн сунуштарды даярдайт;
-шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишине маалымдуулукту жана коомдук пикирди эске алууну камсыз кылат;
-шаардык Кеңештин аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара байланышын уюштурат;
-шаардын тургундарынын шаардык Кеңешке жиберилген арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт;
-шаардын аймагындагы жарандарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын берүү жөнүндө Президентке, Өкмөткө өтүнүч кат менен кайрылат.
-шаардык Кеңештин төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын башчысы катары мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес жана башка уюмдарында жана чет өлкөдө шаардын өкүлү боло алат;
-өз ишинде шаардын төрагасы аны шайлаган Кеңешке баш иет жана өз иши тууралуу Кеңешке жылына кеминде бир жолу отчет берип турат;
-депутаттардын шаардык Кенешинин финансалык-чарбалык иш кагаздарына кол коюуга акылуу.
-төрага өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат
VI. Бап Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары жана аппараты
(Өзгөртүүлөр Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 17 сентябрындагы №202 токтомуна ылайык)
6.1. Шаардык Кеңештин төрагасынын алты орун басары болот. Алардын бирөө айлык акы алуу менен, калган бешөө коомдук негизде иштейт.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда төраганын жана депутаттык фракциялардын сунуштары боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен шаардык Кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
6.2. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары төраганын тапшырмаларын аткарат. Төрага жок болгондо же өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурларда, анын милдетин айылык акы алып иштеген орун басар аткарат.
6.3. Шаардык Кеңештин төраганын орун басарлары ээлеген кызмат ордунан шаардык Кеңештин депутаттарынын - үчтөн биринин демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
6.4. (Ош шаардык кеңешинин токтом менен "алынсын" 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 19)
6.5. Шаардык Кеңештин түзүмү жана штаттык бирдиги шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
6.6. Шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан дайьтндалат жана шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан бошотулат.
VII. Глава Шаардын кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссиялары шаардык Кеңештин карамагына кирген тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашыруу, ал чечимдердин өзүнө баш ийген аймакта жайгашкан мекеме жана уюмдар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө үчүн түзүлөт.
Шаардык Кеңеш тарабынан убактылуу комиссиялар да түзүлүшү мүмкүн.
7.2. Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин шаардык Кеңеш аныктайт. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде шаардык Кеңеш зарыл болгон учурда жаны туруктуу комиссияларды түзүмү, мурда түзүлгөндөрүн жоюшу жана кайра уюштурушу, алардын курамына өзгөртүүүлөр киргизиши мүмкүн.
7.3. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына шаардык Кеңештин төрагасы жана анын айлык акы алып иштеген орун басары гана шайлана албайт. Тѳраганын коомдук негизде иштеген орун басарлары туруктуу комиссиянын мγчѳсγ катары иштейт, бирок тѳрагасы боло албайт.
(Өзгөртүүлөр Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 17 сентябрындагы №202 токтомуна ылайык)
Эгерде туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасын шайлоодо добуштар тең болуп, төрага шайланбаган калса, төраганын шайлоо маселеси шаардык кеңештин сессиясында чечилет.
7.4. Туруктуу комиссиянын жана шаардык Кеңештин төрагасынын сунушу менен шаардык Кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
7.5. Туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укугу өзүнүн өтүнүчү, ошондой эле өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк бербеген шартка байланыштуу шаардык Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.6. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы өз ишине окумуштууларды, адистерди, кызматкерлерди жана башка жактарды тартууга акылуу.
7.7. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешслүү чечим кабыл алат.
7.8. Шаардык Кенештин туруктуу комиссиясы:
-шаардык Кенештин кароосуна киргизилген тиешелүү аймактын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
-тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасынын өнүгүшү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин чыцдоого байланышкан маселелер боюнча Кеңешке сунушун киргизет;
-өз аймагынын экономикалык өнүгүү планынын долбооруы жана бюджетин, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду алдын ала карайт, ал боюнча өздөрүнүн сын пикирлерин даярдайт, зарыл болгон учурда аны Кеңештин кароосуна сунуш кылат;
-жергиликтүү Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана уставдык таламдардыы сакталышына көзөмөл жүргүзөт;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кеңештин регламентинде каралган жана башка ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
7.9. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана адистеринин маалыматын угууга акылуу.
Туруктуу депутаттык комиссиянын чечимдери мыйзамдарга ылайык келбеген учурда депутаттардын шаардык Кеңешинин сессиясы тарабынан жокко чыгарылат.
7.10. Туруктуу депутаттык комиссиялар өз ишин шаардык Кеңештин сессиясында бекитилген «Туруктуу депутаттык комиссиялар жөнүндө» Жобонун негизинде алып барат.
Туруктуу депутаттык комиссиялар жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилиши мүмкүн.
Киргизилген өзгөртүүлөр жана кошумчалар шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
VIII. Бап Шаардык кеңештин депутаты
8.1. Шаардык Кеңештин депутаты оз милдетин Кыргыз Республикасынын Конституциясында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамда, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттырынын статусу жөнүндө» мыйзамда жана башка укуктук-нормативдик актыларда көрсөтүлгөн укуктардан жана милдеттерден пайдаланып аткарат.
Сессияларга, өзү шайланган туруктуу депутаттык комиссиянын отурумдарына катышуу ар бир депутаттын эн негизги, ыйык милдети.
8.2. Шаардык Кеңештин депутаты:
-шаардык Кеңештин сессиясында жана өзү шайланган органдардын отурумдарында чечүүчү добуш берүү укугуна ээ;
-шаардык Кеңештин торагалыгына жана органдарына шайланууга жана шайлоо укугуна ээ;
-сессияда бекитилген «Депутаттын жардамчысы жөнүндө» Жобонун негизинде коомдук башталыштагы жардамчысын дайындайт;
-сессиянын күн тартиби, маселелерди кароонун ирети боюнча сунуштарды киргизет;
-шаардын турмушуна тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук органдарга, мекеме, уюм. ишкана жетекчилерине (менчигинин түрүнө карабастан) суроо-талаптар менен кайрылат;
-жарыш сөздөргө катышат, суроолорду берет, чечимдердин долбооруна оңдоолорду киргизет;
-өз сунуштарын негиздөө менен добуш берүүнүн жүрүшүндө- орчундуу маселелер боюнча чыгып сүйлөйт, түшүндүрмөлөрдү берет. Эгерде киргизген сунушу депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болбосо, өз оюн биЛдирип, тиешелүү органдарга, массалык-маалымат каражаттарына кайрыла алат;
-Кеңешке баш ийген бардык органдардын, мекеме жетекчилеринин, кызмат адамдарынын отчетун шаардык Кеңештин сессиясында кароого сунуш кылат;
-шаардык Кеңештин депутаттарын ишкана, мекеме, уюмдардын жетекчилеринин демилгеси менен шаардык Кеңеш же анын төрагасы менен алдын ала макулдашпай туруп иштен алуу га жана административдик жаза колдонуу иретинде айлык акысы темен кызматка которууга болбойт.
8.3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдын 19-статьясына ылайык шаардык Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланышкан маселе боюнча шаардын аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүү укугунан, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын кечиктирбей кабыл алуу укугунан пайдаланат.
Суроо-талаптар депутат же депутаттар тобу тарабынан оозеки же жазуу түрүндө берилиши мүмкүн.
Суроо-талап түшкөн мамлекеттик орган же жетекчи оозеки же жазуу түрүндө шаардык Кенештин сессиясына: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө тийиш.
8.4. Шаардык Кеңештин депутаты менчигинин түрүнө карабай бардык ишкана, мекеме, уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жараандык бирукмелердин финансалык-чарбалык ишмердигинен башка иш аракетине текшерүү жүргүзүү керектиги жөнүндөгү маселени Кеңешке коюуга акылуу
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча керектүү учурда депутат текшерилген мекеме-уюмдардын, ишканалардын ишиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча өз сунушун айта алат.
8.5. Шаардык Кеңештин депутаты:
Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
Депутаттык фракция партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана шаардык кеңеш тарабынан катталууга жатат.
Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү каалоосун билдирген фракциялар шаардык кеңештин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялашат.
Шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп эсептелет.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана өзүн көпчүлүккө карата оппозиция катары жарыя кылган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште оппозиция деп эсептелет.
Фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүн оппозиция катары жарыя кылбаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште азчылык деп эсептелет.
Шаардык кеңеште бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңеште бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңештин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
-коомдук пикирди, калктын керектөөлөрүн, суроо-талаптарын изилдейт жана ал жөнүндө шаардык Кеңешке жана анын органдарына билдирет, сунуш киргизет жана алардын мыйзамдуу суроо-талаптарын канааттандырарлык башка чараларды көрөт;
-жарандарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык -жактан өнүгүү жана мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырат;
-шаардык Кеңештин депутаты шайлоочулардын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган шаардык Кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес отчет берүүгө тийиш.
Шаардык Кеңеште депутаттык топтор жана фракциялар түзүлүшү мүмкүн. Депутаттык топ өз ара сүйлөшүү жолу менен депутаттык милдетти аткаруу үчүн түзүлөт жана топтун жыйынын чечими менен бекитилет. Депутаттык топ депутаттардын укугуна жана милдетине байланышкан маселелерди карайт жана иштин жыйынтыгы депутаттык топтун чечими менен кабыл алынат. Чечим шаардык Кеңештин төрагасына, тиешелүү мамлекеттик, коомдук уюмдарга, бирикмелереге, ишкана-мекемелерге сунуш иретинде берилет.
Депутаттык фракциялар саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин мүчөлөрүнөн, тиешелүү саясий партиянын көз карашын иш жүзүнө ашыруу максатында түзүлөт.
Фракция жана депутаттык топтор бирдей укукка ээ.
Фракция, депутаттык топ шаардык Кеңештин чечимдеринин долбоору менен алдын ала таанышканга укуктуу жана алар боюнча өзүнүн сунуштарын берет.
Фракция, депутаттык топтор өзүнүн чечимин шаардык Кеңештин төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
Фракция, депутаттык топтор өзүн-өзү таратууга укугу бар.
Депутаттык кайрылуу
Депутаттык кайрылуу - бул депутаттын официалдуу органдарга, кызмат адамдарына, тиешелүү маселелерди чечүү боюнча койгонсуроо жана сунушу. Депутаттык кайрылуу менен:
-мэрге;
-шаардык мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилерине;
-коомдук жана башка бирикмелердин жетекчилерине кайрылууга акылуу.
Депутаттык кайрылуу мамлекеттик жана коммерциялык сырга жеке жарандардын укугуна байланыштуу жарыялоого болбой турган маалыматтарды талап кыла албайт.
Мамлекеттик бийлик органдары, кызмат адамдары депутаттын кайрылуусуна мыйзамдарда каралган тартипте кат түрүндө же шаардык Кеңештин сессиясында оозеки жооп берет. Эгерде депутаттын кайрылуусуна жооп берилбесе же туура эмес жооп берилсе, шаардык Кенештин чечими менен мыйзамдарда каралган тартипте жетекчилердин аракеттерине баа берилет.
IX. Бап Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн мурда токтотулушу
9.1. Жергиликтүү Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
-туруктуу жашоо үчүн башка жакка кетип, ал жерде жашоосу депутаттык милдетин такай жана натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк бербеген учурда;
-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында каралгандай кызматты айкалыштырып иштөө мүмкүнчүлүгү болбогон кырдаал пайда болгондо;
-депутаттык ыйгарым укуктарынан өз ыктыяры менен баш тартканда;
-соттун чечими менен депутат жөндөмсүз же анчалык жөндөмдүү эмес деп табылганда;
-депутат каза болгондо же анын белгисиз жок болгондугу же өлгөндүгү жөнүндөгү соттун чечими күчүнө киргенде;
-депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
-депутат жыл ичинде жүйөлүү себептерсиз катары менен төрт жолудан ашык сессияга катышпаса;
-депутаттык мандатты каралган тартипти бузуу жолу менен алган фактылар аныкталганда (шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганда же жокко чыгарылганда;
-Кеңештин таркатылышы.
-тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде, саясий партиянын жетекчи органынын чакыртып алуусу
Депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган же каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине ылайык депутаттын ваканттык ордуна алмаштыруу жүргүзүлөт.
Х. Бап Шаардык кеңеш ээлик кылуучу массалык маалымат карадаттары жөнүндө
10.1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңеши жана Ош шаарынын мэриясы «Ош шамы» гезитинин түзүүчүлөрү болуп саналат. Газета алардын органы болгондугуна байланыштуу гезиттин башкы редакторун бекитүү жана бошотуу маселелери Ош шаарынын мэриясынын сунушу менен шаардык Кенештин сессиясында каралат жана шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
Х1. Бап Шайлоочулардын суроо талаптары менен иштөө
11.1. Шайлоочулардын шаардык Кеңештин депутаттарына берген суроо-талаптары алдын-ала каралып, жалпыланып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу планын түзүүдө жана бюджетти бөлүштүрүүдө эске алынат.
XII. Бап Шаардын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн болжолдуу багыттарын, шаардык бюджетти бекитүү жана анын аткарылышы жөнүндө
12.1. Шаардык Кеңеш өз аймагында социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча мэриянын тиешелүү кызматтары сунуш кылган программасын талкуулайт жана бекитет, анын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.
Шаардык Кеңеш шаардын бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитет. Бюджеттин аткарьшышын жана бюджеттен тышкаркы фонддордун сарпталышын жылына эки жолу карайт.
Шаардын экономикалык- жана социалдык өнүгүшүнүн, бюджеттин долбоору жана алардын аткарылышы жөнүндөгү отчеттор боюнча материалдар алдын ала талкулоо үчүн шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына берилет.
Туруктуу комиссиялар сессияга эки жума калганга чейин кечиктирбей өз сунуштарын жана сын-пикирлерин билдирет.
Экономикалык-социалдык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары, бюджеттин долбоору жана аткарылышы жөнүндөгү отчеттор боюнча материалдар шаардык Кеңештин депутаттарына сессияга 5 күн калганга чейин берилет.
ХIII. Бап Шаардык кеңештин көзөмөлдүк ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы
13.1. Шаардык Кеңештин көзөмөлдүк ыйгарым укуктарын ишке ашыруу шаардык Кеңештин комиссияларынын жана депутаттарынын эн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.
13.2. Шаардык Кеңештин өз компетенциясынын ичинде кабыл алынган чечимдерин менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары, коомдук бирикмелердин аткаруусу милдеттүү.
13.3. Шаардык Кеңеш жылына эки жолу шаардын мэринин шаардын аймагындагы иштин абалы жөнүндөгү отчетун угат.
13.4. Кызмат адамдары жана жарандар шаардык Кенештин чечимдерин аткарбагандыгы үчүн мыйзам тартибинде белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Шаардык Кеңеш аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн өзүнүн сунушу менен тиешелүү органдарга кайрылат.
XIV. Бап Шаардык кеңештин шаардын өзүн өзү башкаруусу, коомдук бирикмелер, калктын аймактык жана коомдук өзүн өзү башкаруу органдары жана ичарба жүргүзүүчү субъекттери менен өз ара аракеттери
14.1. Шаардык Кенештин шаар мэриясы менен өз ара мамилелери милдеттерди чектөөнүн, шаардык Кенешке жана шаар мэриясына таандык болгон жана мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарды берүү пр'инцибинин негизинде түзүлөт.
14.2. Шаардык Кенеш жана мэрия аймактык өз алдынча башкаруу органдарына өз менчигин түзүүсүнө, өз алдынча экономикалык жана финансалык чарбалык ишмердигин жүргүзүүсүнө тиешелүү шарт түзөт.
14.3. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык Кенештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийгилишүүгө акысы жок.
Аймактын таламдарына тиешеси бар маселелер боюнча шаардык Кенеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын заседаниелерине катышуу үчүн тиешелүү Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, менчик ишканалардын жана шаар мэриясынын органдарынын өкүлдөрүн чакыра алат.
Шаардын мэриясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча шаардык Кеңеш менен ар дайым консультацияларды өткөрүп турат жана өзүнүн чечимдерин макулдашат.
14.4. Муниципалдык менчикти тескөөнү жана башкаруу тартиби шаардык Кенеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардын жана компетенциялардын негизинде аныкталат.
Шаардык Кенештин муниципалдык менчикте болбогон ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен болгон чарбалык мамилеси салыктык жана келишимдик негизде жүргүзүлөт.
14.5. Кыргыз Республикасынын Жогорку мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, Республикалык уюмдардын органдары өз ишинде шаардык Кенештин жана шаардын мэриясынын сунуштарын карап чыгып, аны эске алууга, карап чыгуунун натыйжаларын белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттүү.
14.6. Өзүнүн мыйзамдуу укутары бузулган учурда шаардык Кенеш аларды коргоо үчүн сотко кайрылышы мүмкүн.
XV. Бап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынтутуму(системасы)
15.1. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болгон Ош шаардык Кенеши жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы болгон мэрия түзөт.
15.2 Ош шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары болуп - аймактык кеңештер, үй, көчө, кварталдык комитеттер жана ушул аймакта жашаган жараандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн ыктыярдуу бирикмеси эсептелет.
15.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун чектери, тургундардын сунушу боюнча, шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.
15.4. Аймактык коомчулуктун оз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык Кенеш тарабынан бекитилген аймактык коомдук ©з алдынча башкаруу органдарынын Жобосунун негизинде ишке жүргүзүлөт.
XVI. Бап Шаардык кеңеш менен мэриянын өз ара иш аракеттери
16.1. Ош шаардык Кеңеши менен Ош шаардык мэриясынын өз ара иш аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
16.2. Ош шаардык Кеңеши өз ишмердигин жүргүзүү үчүн шаардык Кеңеш тарабынан бекитилген бюджета жана банкта өздүк эсеби болот.
16.3. Ош шаардык Кеңеши жана Ош шаардык мэриясы ишкана-мекемелердин, уюмдардын ишмердигине, чарбалык субьектилердин иштөө режимине, шаардыктардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелер боюнча өздөрүнүн токтомдорун жана чечимдерин бир-бирине жөнөтүп турат.
XVII. Бап Ош шаарынын мэрин шайлоо
I. Негизги жоболор
17.1. Ош шаарынын мэри шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Мэрди шайлоо Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт».
17.2. Шаардын мэрин шайлоо шаардык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышканда болуп өттү деп эсептелет.
17.3. Шаардын мэрии шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан белгиленет.
II. Шайлоону уюштуруу
17.4. Ош шаарынын мэрии шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо белгиленген күндөн тартып 20 күндүн ичинде өткөрүлөт. Шаардык Кенеш мэрди шайлоо боюнча комиссиянын курамына депутаттарды мүчөлүккө сунуш кылууга же өзүнүн альтернативалуу комиссиясын түзүүгө акылуу. даярдык көрүү жана өткөрүүнү шаардык Кенештин аппаратын катыштыруу менен ишке ашырат.
17.5. Аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык Кенеши менен биргеликте шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин аныктайт. Шайлоо бюллетенинин үлгүсүн жана текстин аймактык шайлоо комиссиясы бекитет.
17.6. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.
17.7. Шайлоо бюллетенине мэрдик кызматка талапкер катары аракеттеги мыйзамга ылайык сунуш кылынган талапкер гана киргизилет.
III. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби
17.8. Ош шаарынын мэрии шайлоо атайын ажыратылган бөлмөдө өткөрүлөт.
Депутаттардын катышуусу, добуш берүүнү уюштуруу, бөлмөнү жабдуу жана анда керектүү тартипти сактоо боюнча жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссиясына жана шаардык Кенештин аппаратына жүктөлөт.
XVIII. Бап Регламентти бузгандыгы үчүн жооптуулук
18.1. Регламентти бузуу менен кабыл алынган чечим кабыл алынган мезгилден тартып жараксыз деп эсептелет. Шаардык Кенештин Регламентине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келбеген документтерди даярдаган аппараттын кызмат адамдары, шаардык Кенештин депутаттары же башка юридикалык жана физикалык жактар мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.
18.2. Депутаттардын шаардык Кенеши, анын туруктуу комиссиялары сотко кайрылып, Кеңешке баш ийген аймакта жашаган жарандардын укуктарын, мыйзамдык таламдарын жана ошондой эле шаардык Кенештин ыйгарым укуктарын бузган шаардын мэриясынын, ишканалардын, мекемелердин, бирикмелердин, уюмдардын актыларын жараксыз деп эсептөө жөнүндө талап коюуга акылуу.
XIX. Бап Корутунду жобо
19.1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык шаардык Кеңештин имаратынын үстүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги көтөрүлүп турат.
19.2. Шаардык Кеңештин, анын органдарынын жана депутаттардын ишмердиги менен байланышкан чыгымдардын сметасы ал маселелердин туруктуу комиссияларда каралгандыгын эске алуу менен шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
19.3. Шаардык Кеңештин төрагасына, анын айлык акы алып иштөөчү орун басарына аппарат жетекчисине берилүүчү айлык акылар, машинага берилүүчү лимиттер, иштөө үчүн түзүлгөн шарттар шаардын мэри, вице-мэри менен барабар негизде шаардык бюджеттен каржыланат.
Калган аппараттын кызматкерлеринин айлык акыларынын өлчөмдөрү Өкматтүн тиешелүү документтеринин жана шаардык Кеңеш бекиткен бюджеттин негизинде иштин көлөмүнө жараша шаардык Кенештин төрагасы тарабынан аныкталат.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
З. Сасыкбаев |