Загрузка документа…
(Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 36/8-7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 5/1-7
“ Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому,Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2017-жылдын 8-февралындагы №01-1/129 сандуу катынын негизинде Талас шаардык мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын курамы боюнча сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркелет)
2. “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамы жума сайын өткөрүлүүчү отурумдардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жеке өзү катышуу жагы белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Есенкулов |
| ТИРКЕМЕ №1 |
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын курамы
Койчубеков Азат Күлчороевич – Талас шаарынын биринчи вице мэри, комиссиянын төрагасы;
Киргабаков Тилек Сейдакматович – Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кенесариев Аалиакбар Абдрахманович - Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы
МураталиевАртык Аширмамбетович - Шаар куруу жана архитектура боюнча Талас шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары
Боронбаева Кенже Калыгуловна - Талас район аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары
Кыдыралиев Эмил Аманович -Талас шаардык мэриясынын башкы адиси-юрист
Сопалиев Майрамбек Керимбекович -Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканансынын жетекчиси
Орунбаева Айнура Муктарбековна – “EKOTAGO” коомдук уюмунун төрайымы
Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович - СДПК фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
Аблабеков Памир Суеркулович- Республика фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
Жусупбеков Адылбек Доолотбекович-Кыргызстан фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Момунбеков Нуркан Алтынбекович - Мекеним Кыргызстан фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Атаканов Нурлан Чырбанович-Айкөл фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
Ж.Боркеев- Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын адиси “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын катчысы.
Жооптуу катчы | А.Ж. Сариева |