Редакцияот 22.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 22-июну № 01-05/ 256

Сулейманова Фатиманын арызы жөнүндө

  Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Монтажная №2/1 үйүнүн тургуну Сулейманова Фатиманын жашап жаткан үйүнүн бөлмөсүнүн пайдалануу багытын дүкөн үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Монтажная №2/1 үйүнүн тургуну Сулейманова Фатиманын арызы канааттандырылсын.

2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Кочкор-Ата шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Токтосунов