Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121, 2018-жылдын 11-июнундагы № 277, 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Жөнгө салуу предмети жана колдонуу чөйрөсү
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө ыйгарым укуктуу органдын уруксат документтерди "бирдиктүү терезе" принциби боюнча берүүсүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- объектти долбоорлоого архитектуралык-пландоочу шарттарды берүүнү;
- долбоордук документтерди макулдашууну жана экспертизалоону;
- курулушка уруксат берүүнү;
ошондой эле курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартибин жөнгө салат.
1.3. "Бирдиктүү терезе" принцибинде уруксат документтерди берүү үчүн керектүү кошумча шарттарды, макулдуктарды, корутундуларды алуу максатында архитектура жана курулуш органынын башка ыйгарым укуктуу органдар менен координацияны жана өз ара байланыштагы ишти камсыздоосу каралат.
1.4. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана жол-жоболору "Кыргыз Республикасындагы Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен белгиленет.
1.5. Объектти долбоорлоого жана курууга, долбоордук документтерди макулдашууга жана экспертизалоого, курулушуна жана эксплуатацияга киргизилишине көзөмөл жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардагы айрым нормалар "Кыргыз Республикасындагы Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ушул Жобонун нормаларына каршы келбөөгө тийиш жана буларга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
1.6. Бул Жобо төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу тарыхый жана маданий мурас объекттерине, ошондой эле жаратылыштын эстеликтерине;
- эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык жөнгө салынчу объекттерге.
2. Бул Жободо колдонулчу түшүнүктөр
Автордук көзөмөл - аткарылчу курулуш-монтаждоо жумуштарынын долбоордук чечимдерге ылайыктыгын контролдоо, аны долбоордун түзүүчүлөрү курулуштун бүткүл мезгилинде жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууда ишке ашырышат.
Архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ) - аймактык архитектура жана шаар куруу органдары берчү, архитектуралык шарттарды жана талаптарды, анын ичинде курулуш объектисинин функциялык арналышына, жайгаштырылышына жана негизги параметрлерине карата талаптарды, ошондой эле инженердик тармактарга кошуунун техникалык шарттарын, санитардык, өрткө каршы, экологиялык милдеттүү шарттарды жана объектти долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана шаар куруу документтеринде каралган чектөөлөрдү камтыган документ;
Объектти эксплуатацияга кабыл алуу актысы - объекттин эксплуатацияга киргизилгенин ырастачу укук белгилечү документ;
Башкы подрядчы - ал объект боюнча заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде зарыл болсо субподрядчы катары башка уюмдарды тартуу менен бардык белгиленген жумуштардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу уюм;
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү - курулуш тармагындагы мыйзамдардын талаптары аткарылышын текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши;
Шаар куруу документтери - калктуу конуштардын пландаштыруу структурасынын райондук пландаштыруу документтери, башкы пландары, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка элементтерин чектөөнүн жана куруунун толук пландаштыруу долбоорлору.
Шаар куруу регламенти - шаардагы жана айылдагы калктуу конуштарда жер участокторду жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин куруунун жана пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттериндеги жол берилчү өзгөртүүлөрдүн жыйындысы.
Имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдуулары - адамдардын жашоосу, эмгектениши, материалдык баалуулуктардын сакталышы жана өндүрүштүк процесстердин камсыздалышы үчүн нормативдик же ыңгайлуу шарттарды түзүүчү инженердик системалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси.
Инженердик-техникалык изилдөө - объекттин конструкциялары, инженердик тармактары жана технологиялык чечимдери боюнча техникалык корутунду жасоо үчүн керектүү маалыматтарды алуу максатында аткарылчу изилдөө жумуштарынын комплекси.
Инженердик-техникалык шарттар (ИТШ) - инженердик тармактарга кошуу үчүн техникалык шарттарды аныктачу документ.
Чакан архитектуралык форма объектилери - декорациялык-монументалдык искусство объекттери (таш мамылар, эстеликтер, аркалар), фонтандар, декорациялуу тосмолор, анын ичинде жарнамалык курулмалар жана дизайндын жана абаттоонун башка элементтери.
Курулуш объектиси - куруу, реконструкциялоо, кеңейтүү үчүн өзүнчө долбоор жана смета түзүлчү өзүнчө турган имарат жана курулма же имараттардын жана курулмалардын комплектиси аларга тиешелүү бардык жабдуулары ж.б. менен;
Жеңилдетилген типтеги объекттер - чатырлар, киосктор, павильондор, жайкы аянтчалар, бастырмалар жана башка капиталдык эмес объекттер.
Курулуш аянты - жумуштарды жүргүзүүнүн шарттары менен аныкталчу аянттын убактылуу берилишин эске алып курулуш объектисин жайгаштыруу үчүн, ошондой эле куруу-монтаждоо уюмунун кызматтарын жайгаштыруу үчүн долбоорго ылайык белгиленген тартипте берилген жер участогу.
Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аянттарына курулуш куруу- нун жана жер пайдалануунун эрежелери (мындан ары - курулуш куруу жана жер пайдалануу) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары.
Курулуштун узактыгы - курулуш аянтында жумуштар башталгандан тартып долбоордо белгиленген жумуштардын баары толук аткарылганда объекттер жана ишканалардын кубаттуулуктары, алардын кезектери, иштетилчү комплекстери жана айрым объекттери ишке киргизилгенге чейинки убакыт аралыгы.
Курулуштун долбоору (архитектуралык-курулуштук долбоор) - архитектуралык-көркөм, көлөмдүк-пландоо, конструкциялык, технологиялык, инженердик, жаратылышты коргоочу, экономикалык жана башка чечимдерди, ошондой эле курулушту жүргүзүү, аянтты инженердик даярдоо жана абаттоо үчүн сметалык эсептөөлөрдү камтыган долбоордук (долбоордук-сметалык) документтер.
Жумуштарды жүргүзүүнүн долбоору - курулуштун өнөр жайлык, энергетикалык, турак жай-жарандык жана башка түрлөрүн жана ишке кое берүүчү комплекстерин куруунун тартибин, шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктачу жана куруу-монтаждоо жумуштарын аткаруунун жалпы жана комплекстин объекттери боюнча ырааттуулугун жана мөөнөттөрүн белгилечү документтер.
Курулушка уруксат - жер участоктун, башка кыймылсыз мүлк объектисинин менчик ээсинин же пайдалануучунун (ижарачынын) курулуштарды жана курулмаларды курууга жана реконструкциялоого укугун ырастаган укукту белгилечү документ.
Реконструкция (кеңейтүү, кайрадан жабдуу) - өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес арналыштагы ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү, алардын натыйжасында негизги фонддордун жаңыланышы ишке ашат.
Профилин өзгөртүү - имараттын же жайлардын функциялык арналышын өзгөртүү.
Кайрадан пландаштыруу - жайлардын планын өзгөртүү.
Курулуш иши (мындан ары - куруу) - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жагындагы иштери.
Куруу-монтаждоо жумуштары - имараттарды жана курулмаларды тургузууда аткарылчу жумуштардын жалпы курулуш, жасалгалоо, санитардык-техникалык, атайын, ошондой эле монтаждоо жумуштарын кошо камтыган комплекси.
Техникалык көзөмөл - заказчы куруп жаткан курулушту көзөмөлдөө, аткарылган куруу-монтаждоо жумуштарын кабыл алуу менен кошо.
Долбоордук документтерди экспертизалоо - тапшырылган долбоордун техникалык жөнгө салуу объекттерине - объекттерди куруу үчүн долбоордук документтерге карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды белгилеген архитектуралык-пландаштыруу шарттарына жана техникалык регламенттерге шайкеш экендиги жөнүндө жыйынтыктарын жазуу жүзүндө баяндоо менен тапшырылган долбоордун сапаты тууралуу калыс пикирин билдирүүчү эксперт тарабынан жүргүзүлчү текшерүү жана талдоо.
Шаар түзүүчү объекттер - конуш жайгаштыруу системасында, шаардын пландоо структурасында, калктуу конуштарда архитектуралык-пландоо жана мейкиндиктик композициянын мурдатан бар жана курууга белгиленген объекттери.
Курулуштун өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттери - долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык сызыктуу эмес параметрлер эске алынган стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулчу капиталдык курулуш объекттери.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2-бөлүм. Объекттерди куруунун жана жана өзгөртүүнүн уруксат документтерди алууну талап кылуучу түрлөрү
2.1. Жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бар жеке адамдар жана юридикалык жактар кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана курулуш жагынан айрым өзгөртүүлөрдү жасоо укугуна ээ.
2.2. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн уруксат документтерди толук көлөмдө алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
а) капиталдык объекттерди куруу (№ 1 тиркеме);
б) объектти көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, профилин өзгөртүү жана планын өзгөртүү (№ 2 тиркеме).
2.3. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн уруксат документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
а) эки кабаттан ашык эмес, аянты 300 кв.м ашпаган жеке менчик турак үйлөрдү куруу;
б) айыл чарбалык арналыштагы, бийиктиги 5 м ашпаган, аянты 100 кв.м ашпаган бир кабаттуу турак эмес жай куруу.
в) аянты 50 кв.м чейинки көмөкчү чарбалык арналыштагы курулманы куруу;
г) 100 кв.м чейинки бир кабат турак эмес жай куруу;
д) объектти көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерин өзгөртпөстөн профилин өзгөртүү жана планын өзгөртүү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотууга жана жайгаштырууга, чакан архитектуралык формадагы объекттерди, анын ичинде жарнамалык курулмаларды орнотууга уруксат документтерди берүү тартибин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы белгилейт.
2.5. Уруксат документтердин алынышы талап кылынбаган курулуштун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо жумуштары, анын ичинде капиталдык ремонт;
- жеке менчик турак үйлөрдө далистерди жана башка турак эмес жайларды куруу, чарбалык арналыштагы объекттерди куруу.
3-бөлүм. Уруксат документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
3.1. Объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүүгө байланышкан жол-жоболорду, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте долбоордук документтерди макулдашууну аймактык архитектура жана курулуш органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекиткен шаар куруу документтерине жана курулуш куруу жана жер пайдалануу (укуктук зоналарга бөлүү) документтерине ылайык жүргүзүшөт.
3.2. Ушул Жободо белгиленген долбоордук документтерди экспертизалоого байланышкан жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик экспертиза башкармалыгы жана анын аймактык органдары, ошондой эле белгиленген тартипте аккредиттелген эксперттик уюмдар жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Курулушка уруксат ушул Жободо белгиленген тартипте архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органдары тарабынан берилет.
3.4. Объекттик эксплуатацияга кабыл алуу архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органдары тарабынан ишке ашырылат.
4-бөлүм. Долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди алуунун негизги этаптары жана мөөнөттөрү
4.1. Долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди аймактык архитектура жана курулуш органы "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эки этап менен берет (уруксат документтер ушул Жободо каралгандай жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилгенден башка учурларда):
Биринчи этап - архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүү;
Экинчи этап - долбоордук документтерди макулдашуу, экспертизалоо жана курулушка макулдук берүү.
4.2. Ар бир этап ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
Биринчи этап: - 20 иш күн;
Экинчи этап - 40 иш күн.
4.3. Биринчи этапта аймактык архитектура жана курулуш органы архитектуралык-пландаштыруу шарттарын аныктайт (мындан ары - АПШ), ага ылайык долбоордук документтер даярдалат да, ал андан кийин макулдашууга берилүүгө тийиш.
Экинчи этапта аймактык архитектура жана курулуш органы долбоордук документтердин архитектуралык-пландаштыруу шарттарына жана шаар куруу регламенттерине шайкештигин аныктайт жана экспертиза жүргүзүү жана корутунду алуу үчүн долбоордук документтерди экспертиза бөлүмүнө жиберет. Оң корутунду алынгандан кийин долбоордук документтер мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына (мындан ары - МАКК) курулушка уруксат берүү үчүн жиберилет.
4.4. Уруксат берүүчү документтерди алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби төмөнкүдөй айрым этаптардан жана жол-жоболордон өтүүнү карайт:
а) 2.3-пунктта "а", "б", "в", "г", пунктчаларында) каралган курулуш объекттери жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүлөр үчүн биринчи этапта объекти долбоорлоого инженердик-техникалык шарттарды (мындан ары - ИТШ) алуу жана экинчи этапта курулушка уруксат алуу менен долбоордук документтерди макулдашуу талап кылынат.
Уруксат документтерин алуунун тартиби жана мөөнөтү ушул Жобого № 3 тиркемеге (№ 3 схема) ылайык аныкталат;
б) көлөмдүк-пландаштыруу жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүүсүз кайра профилдештирүү жана кайра пландаштыруу объекттери үчүн оң корутундунун жана кыскартылган көлөмдө (пландаштыруу схемасы) бекитилген долбоордук документтин негизинде аймактык архитектура жана курулуш органы тарабынан берилүүчү кайра профилдештирүүгө жана кайра пландаштырууга уруксат алуу талап кылынат.
Уруксат документтерин алуунун тартиби жана мөөнөтү ушул Жобого № 4 тиркемеге (№ 4 схема) ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Ушул Жободо каралгандардан тышкары кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө башка уруксат документтерин алуу талап кылынбайт.
5-бөлүм. Объектти долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруу шарттарын (АПШ) берүү
5.1. Объектти долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруу шарттарын (мындан ары - АПШ) алуу үчүн арыз ээси аймактык архитектура жана курулуш органына белгиленген формада арыз берет.
Арыздын формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
АПШ берүүгө арыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына дал келүүгө, ошондой эле арыз ээси пландаштырып жаткан курулуштун түрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
5.2. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) жер участогуна (жер участогунун планы менен) менчик укугуна же пайдаланууга укукту аныктоочу жана укуктук тастыктоочу документтин көчүрмөсү, ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерине (алар болгондо) укукту аныктоочу документтер жана техникалык паспорт;
б) көлөмдүк-пландык чечилиши менен эскиз сунуш (кагаз же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт).
Эскиз сунушка инженердик тармакка талап кылынган жүктөмдүн эсеби тиркелет (аны аныктоо мүмкүн болсо) же инженердик камсыздоонун альтернативдик чечими көрсөтүлөт.
Реконструкцияланчу, профили өзгөртүлчү же кайра пландаштырылчу объекттер боюнча инженердик камсыздоосу бар экени жана болуп жаткан керектөө канча экени көрсөтүлөт;
в) эгерде арызды жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн ээси берсе, мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу адамга берилген документ;
г) акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3. Аймактык архитектура жана курулуш органы ушул Жобонун 5.2-пунктунда каралган документтердин толук пакети менен арызды кабыл алууну жүргүзөт жана арыз ээсине белгиленген формадагы арызды кабыл алуу жөнүндө тастыктоочу документти берет.
Арызды кабыл алуу жөнүндө тастыктоочу документтин формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
5.4. АПШ арыз түшкөн күндөн тартып 20 жумушчу күн мөөнөтүндө арыз ээсине берилет.
5.5. Ушул Жобонун 5.2-пунктуна ылайык материалдарды тиркөө менен арызды алган аймактык архитектура жана курулуш органы үч жумуш күнүнүн ичинде объектини куруу жөнүндө арыз шаар курулуш документтеринин талаптарына жана Курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине ылайык келишин белгилейт.
Арыз шаар курулуш документтеринин талаптарына жана Курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине ылайык келбегендиги аныкталган учурда аймактык архитектура жана курулуш органы көрсөтүлгөн мөөнөттө билдирилген курулуш ниеттеринин дал келбегендиги жана арызды канааттандырбастан кайтарып берүү жөнүндө корутунду берет, мында шаар курулуш регламенттерине ылайык жер участогун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү сөзсүз көрсөтүлөт.
5.6. Объектти куруу жөнүндө берилген арыздын шаар куруу документтеринин талаптарына жана Имарат куруу жана жер пайдалануу эрежелерине ылайыктыгын аныктоодо Жобонун 5.5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир күндөн кечиктирбестен аймактык архитектура жана курулуш органы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу органдарына корутунду алуу үчүн жиберүүгө милдеттүү.
Аймактык архитектура жана курулуш органы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү түрдө:
- электр менен камсыздоочу;
- суу жана канализация менен камсыздоочу, - инженердик-техникалык кызматтарга жиберет.
Объектти долбоорлоо үчүн архитектуралык-пландоо шарттарын даярдоо жана объектти курууга уруксат берүү үчүн жылуулук жана газ менен камсыздачу инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
Арыз ээси кайрылганда аймактык архитектура жана курулуш органы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жылуулук жана газ менен камсыздачу инженердик-техникалык тармактарга кошулуу мүмкүндүгү жөнүндө техникалык шарттарды алуу үчүн жиберет (бар болсо).
Эскертүү:
- ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талаптар объекттин функциялык арналышына жараша зарыл учурларда жиберилет;
- жүктөмдү көбөйтүү каралбаган объекттер үчүн же инженердик камсыздоо долбоордо альтернативдүү чечилген учурда тийиштүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121, 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.7. Пландаштырылуучу курулуш объектин эстеликтерди коргоо зоналарынын чектеринде жайгаштыруу учурунда аймактык архитектура жана курулуш органы корутунду берүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, ошондой эле арыздын жана тиркелүүчү документтердин көчүрмөсүн жиберет.
5.8. Ушул Жобонун 5.6-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар 10 жумуш күндүк мөөнөттө аймактык архитектура жана курулуш органына долбоорлонуучу объектини негизги инженердик-техникалык тармактарга кошуу жөнүндө ал кошулуучу жерди көрсөтүү менен тиешелүү корутундуну жана техникалык шарттарды жиберүүгө милдеттүү. Кошуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда объектини инженердик камсыздоонун башка варианттары көрсөтүлүүгө тийиш.
5.9. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат, өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, айлана-чөйрөнү коргоо, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча орган (зарыл учурларда) корутундуларды көрсөтүлгөн мөөнөттө бербесе, арыз көрсөтүлгөн органдар тарабынан жактырылды деп эсептелет жана мындай учурда объектини долбоорлоого АПШны берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
5.10. Аймактык архитектура жана курулуш органынын суроо-талабына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан корутундулар акысыз берилет.
5.11. Аймактык архитектура жана курулуш органынын алдында объекттерди жайгаштыруу маселелери жана алардын архитектуралык-пландаштыруу жана көркөм чечилиштери боюнча консультациялык милдеттерди аткаруучу Архитектуралык-шаар курулуш кеңеши түзүлөт.
5.12. Архитектуралык-шаар курулуш кеңеши жөнүндө жобо аймактык архитектура жана курулуш органынын буйругу менен бекитилет.
Архитектура-шаар куруу кеңешине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү милдеттүү түрдө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5.13. Архитектура-шаар куруу кеңеши баарын камтыган толук пландоо долбоорунда же имарат куруу долбоорунда каралгандан башка, шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо маселесин кароого укуктуу.
Мындай учурда объектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын даярдоо жана берүү үчүн жогоруда аталган объекттер боюнча арыз жана ага тиркелген документтер Архитектура-шаар куруу кеңешинде ушул Жобонун 5.4-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
5.14. Архитектуралык-шаар курулуш кеңешинин чечими протокол түрүндө таризделет, ал объектини долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруу шарттарын иштеп чыгууда сунуштоочу мүнөзгө ээ.
5.15. Аймактык архитектура жана курулуш органы ушул Жобонун 5.4-пунктунда белгиленген мөөнөттө АПШны же белгиленген форма боюнча арыз ээсине милдеттүү кабарлоо менен аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди берүүгө милдеттүү.
АПШ эки нускада түзүлөт, анын бири арыз ээсине берилет, экинчиси аймактык архитектура жана курулуш органында калат.
АПШнын формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
5.16. Объектини долбоорлоого АПШ төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоорлонуучу объектиге карата негизги шаар курулуш жана архитектуралык-пландаштыруу талаптарын, анын ичинде шаар курулуш документтеринде жана куруу жана пайдалануу эрежелеринде белгиленген жер участогун пайдалануу жана куруунун шаар курулуш регламенттери жөнүндө маалыматты;
- санитардык, өрткө каршы, экологиялык талаптарды (объектинин функционалдык багытына жараша);
- ыңгайлаштыруу, парковкаларды жана подъезддерди уюштуруу боюнча талаптарды (объектинин функционалдык багытына жараша);
- инженердик тармактарга кошуунун техникалык шарттарын.
5.17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген архитектуралык жана конструктивдүү чечимдерге, ички жабдууларга, курулуш объектинин ички иштерине талаптарды, ошондой эле арыз ээсинин жана долбоорду иштеп чыгуучунун укуктарын чектөөчү башка талаптарды жана шарттарды АПШга кошууга жол берилбейт.
5.18. Айлана-чөйрөнү коргоо жана тарыхый, маданий эстеликтерди коргоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык тиричилигин камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын терс корутундусу АПШны берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
5.19. Инженердик тармактарга кошуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу АПШны берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт. Мындай учурда инженердик тармактар менен камсыздоонун башка варианттарын аныктоо зарыл.
5.20. АПШнын талаптарына макул болбогон учурда арыз ээси архитектура жана курулуш боюнча жогору турган органга же сотко кайрылууга укуктуу.
5.21. АПШны берүү акы төлөтүүчү негизде ишке ашырылат, алардын наркы "Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн методикасына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.
6-бөлүм. Долбоордук документтерди макулдашуу
6.1. Иштелип чыккан долбоордук документтер аймактык архитектура жана курулуш органында макулдашылууга тийиш.
Долбоордук документтерди макулдашуу төмөнкү предметке ишке ашырылат:
- АПШнын шарттарына жана талаптарына шайкеш келүү;
- долбоордук документтин шаар курулуш регламенттерине жана шаар курулуш документтеринде жана куруу жана пайдалануу эрежелеринде белгиленген башка талаптарга шайкеш келүү;
- өрткө каршы, санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарга шайкеш келүү.
6.3. Арыз ээси аймактык архитектура жана курулуш органына белгиленген формадагы бирдиктүү арызын берет.
Бирдиктүү арыздын формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
6.4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) долбоордук документтер; мамлекеттик жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн долбоордук-сметалык документтер эки нускада берилет;
б) инженердик-геологиялык корутунду (экспертиза жүргүзүү үчүн);
в) (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
г) (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
д) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анын филиалдарынын же болбосо объектти реконструкциялоо, кайра профилдештирүү же кайра пландаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик текшерүү жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардын (курулушка уруксат үчүн) оң корутундусу.
Ушул пунктта каралгандардан тышкары башка документтерди берүү талабына жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
6.5. Аймактык архитектура жана курулуш органы ушул Жобонун 6.4-пунктунда каралган документтердин толук пакети менен арызды кабыл алат жана арыз ээсине арызды кабыл алууну ырастоочу талон берет.
6.6. Аймактык архитектура жана курулуш органы арыз түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө долбоордук документтин белгиленген талаптарына шайкеш келишин текшерүүгө жана арыз ээсине милдеттүү түрдө кабарлоо менен долбоордук документти макулдашуу жөнүндө чечим же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө негизделген чечим (буйрук) кабыл алууга милдеттүү.
6.7. АПШ берүүдө биринчи этапта берилген техникалык шарттарга жана талаптарга шайкеш келишине ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар менен долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрүн макулдашуу талап кылынбайт.
Долбоордук документтерге коюлуучу өрткө каршы санитардык-гигиеналык жана башка шаар курулуш талаптарын сактоо боюнча жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана башкы инженерине жүктөлөт.
6.8. Долбоордук документтерди макулдашуу аймактык архитектура жана курулуш органынын жетекчисинин койгон колу менен күбөлөндүрүлөт жана долбоордук документке коюлган мөөр менен тастыкталат.
6.9. АПШнын шаар курулуш регламенттерине жана талаптарына долбоордук документтин ылайык келбеши, ошондой эле долбоордук документтин укукту ырастоочу документтин курамындагы жер участогунун схемасына ылайык келбеши долбоордук документти макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
6.10. Аймактык архитектура жана курулуш органы долбоордук документте макулдашкан датадан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен арызды жана арыз ээсинин долбоордук документин мамлекеттик экспертизанын аймактык органына мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө эки нускада берилген документтер менен чогуу жиберет. Долбоордук документтерин милдеттүү экспертизалоо талап кылынбаган объекттер боюнча аймактык архитектура жана курулуш органы документтердин жогоруда айтылган тизмесин жана макулдашылган долбоордук документтерди объектти курууга уруксат берүү үчүн мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
6.11. Долбоордук документтерди макулдашуу акы төлөтүүчү негизде ишке ашырылат, анын наркы "Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча белгиленет.
7-бөлүм. Долбоордук документтерди экспертизалоо
7.1. Долбоордук документтерди экспертизалоо предмети анын шайкештигине баа берүү болуп саналат:
- АПШнын долбоордук чечимдеринин долбоорлоого (долбоордун заказчысы менен иштеп чыгуучусунун ортосунда) жана шаар курулуш документтерине тапшырмага дал келишине;
- кабыл алынган көлөмдүк-пландаштыруу конструктивдик чечимдерин, колдонулуучу материалдардын жана инженердик жабдуулардын негиздүүлүгүнө, имараттардын жана курулмалардын тургузулуучу курулуш конструкцияларынын ишенимдүүлүгүнө жана бекемдигине;
- инженердик-геологиялык табылгалардын натыйжаларына ылайык келишине;
- экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана гигиеналык ченемдерге ылайык келишине;
- көрсөткүчтөрдүн, анын ичинде курулуштун эсептик же сметалык наркынын негиздүүлүгүнө жана тууралыгына (мамлекеттик жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн гана).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Долбоордук документтерди экспертизалоо милдеттүү же ыктыярдуу болушу мүмкүн:
а) долбоордук документтерди жана инженердик табылгаларды милдеттүү экспертизалоо коомдук багыттагы объекттерге, турак жай-жарандык, өнөр жайлык жана курорттук-рекреациялык курулуш объекттерине, ошондой эле инженердик тармактарга жана курулмаларга карата жүргүзүлөт.
Республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылануучу объекттердин долбоордук-сметалык документтери мамлекеттик экспертиза органдары тарабынан милдеттүү өтүүгө тийиш жана экспертиза, ошондой эле курулуштун сметалык наркы колдонуудагы нормативдик документтерине ылайык келүү предметине да жүргүзүлөт;
б) ушул Жобонун 7.3-пунктунда каралган объекттердин башка категорияларына карата ыктыярдуу экспертиза арыз ээсинин демилгеси боюнча мамлекеттик экспертиза органдары, ошондой эле белгиленген тартипте берилген тиешелүү лицензиясы бар уюмдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
7.3. Объекттердин төмөнкүдөй категориялары үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт:
- 300 кв.м ашпаган аянттагы эки кабаттан ашпаган жеке турак үйлөрдү куруу;
- бийиктиги 5 м чейин, аянты 100 кв.м ашпаган айыл чарба багытындагы бир кабаттуу турак эмес жайларды куруу;
- 50 кв.м ашпаган аянттагы көмөкчү чарбалык багыттагы курулмаларды куруу;
- 100 кв.м чейинки турак жайлык эмес бир кабаттуу жайлар;
- куруу типтүү же кайрадан колдонулуучу жеке долбоорлор боюнча аткаруу болжолдонгон объекттер үчүн имараттарды бир курулуш аянтчасында жайгаштыруу шартында, алардын конструктивдүү жана көлөмдүк пландаштыруу чечилиштерин, башкы планын жана инженердик тармактарын өзгөртүүсүз шартта.
Эскертүү: имаратты жайгаштыруу шарттарын, конструктивдүү жана көлөмдүк-пландаштыруу чечилиштерин, башкы планын жана инженердик тармактарын өзгөрткөн учурда типтүү долбоор милдеттүү экспертизалоого берилүүгө тийиш. Мында өзгөртүү киргизилген долбоордук документтердин бөлүмдөрү экспертизалоо предмети болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
7.4. Экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү объекттердин өлчөмү жана татаалдыгына жараша белгиленет жана 20 жумушчу күндөн ашпоого тийиш:
- ири (1000 кв.м ашуун) - 20 жумушчу күнгө чейин;
- орто (300дөн ашуун, 1000 кв.м чейин) - 10 жумушчу күнгө чейин;
- чакан (50дөн 300 кв.м чейин) - 7 жумушчу күнгө чейин.
Айрым учурларда ири объекттердин долбоордук документтерин кароодо көрсөтүлгөн мөөнөт арыз ээсине жазуу жүзүндө сөзсүз кабарлоо менен 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
7.5. Ушул Жобонун 7.4-пунктунда белгиленген мөөнөттө долбоордук документтердин жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасы боюнча долбоордук документтер белгиленген форма боюнча нормативдик талаптарга ылайык келиши жөнүндө корутунду түзүлөт.
Экспертизанын корутундусунун формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
7.6. Кабыл алынган долбоордук чечимдер боюнча нормативдик талаптарга ылайык экспертизага сын-пикирлер жана сунуштар болсо конкреттүү кемчиликтерди же болбосо объекттин долбоордук-техникалык чечилиштерин бекитүүдө экспертизадан баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен долбоордук документтерди жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө корутунду түзүлөт.
Экспертиза жүргүзүү процессинде мамлекеттик экспертиза органы аныкталган сын-пикирлерди жана укук бузууларды жумушчу тартибинде четтетүү үчүн долбоорду иштеп чыгуучуну ишке тартууга укуктуу.
7.7. Долбоордук документтерди жеткире иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу корутунду түзүү учурунда арыз ээси долбоордук документтерди корутундуда баяндалган сын-пикирлер менен сунуштарды эске алуу менен кайрадан экспертиза берүүгө милдеттүү.
7.8. Мурдагы экспертиза жүргүзүүдө аныкталган сын-пикирлерди четтетүү бөлүгүндө кайталап экспертиза жүргүзүү ушул Жобонун 7.7-пунктунда каралган материалдар түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.
7.9. Экспертизанын оң корутундусу мамлекеттик экспертиза башкармалыгынын аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет, мөөр менен тастыкталат жана бекитилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына жиберилет.
Көз карандысыз эксперт жүргүзгөн экспертизанын корутундусу кол коюу жана мөөрү менен тастыкталат жана арыз ээсине берилет.
Эскертүү: белгиленген тартипте макулдашуудан жана (же) экспертизадан өткөн долбоордук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө арыз ээси ушул Жободо каралган тартипте долбоордук документтерди макулдашууга жана (же) экспертизага кайталап берүүгө милдеттүү. Мында өзгөртүү киргизилген долбоордук документтердин бөлүмдөрү гана макулдашуу жана (же) экспертизалоо предмети болуп саналат.
7.10. Экспертиза жүргүзүү акы төлөтүүчү негизде ишке ашырылат, анын наркы "Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча белгиленет.
8-бөлүм. Курулуш курууга уруксат берүү
8.1. Курулуш курууга уруксат алуу үчүн мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына төмөнкүдөй документтер берилет:
а) белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген долбоордук документтер жана долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүнүн оң корутундусу;
б) (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
в) (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
8.2. Объекттерди реконструкциялоодо, кайра профилдештирүүдө жана кайра пландаштырууда (көлөмдүк-пландоо жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүү менен) курулуш курууга уруксат алуу үчүн 8.1-пунктта каралган документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анан филиалдарынын же объектти реконструкциялоого мүмкүнчүлүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик изилдөө жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардын оң корутундусу.
8.3. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы арыздын жана ушул Бөлүмдүн 8.1. жана 8.2-пункттарында каралган документтердин келип түшкөн күнүнөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде курулуш курууга белгиленген формада уруксат берүүгө милдеттүү.
Курулуш курууга уруксат берүүнүн формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Эскертүү: курулушка уруксатта объектти тийиштүү жоопкерчилик деңгээлиндеги лицензиялуу уюмдун куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт (иштин бул түрү лицензияланган учурда).
Объекттин категориясына жараша курулуштун уруксатына Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органдарынын курулуштун аяктаган негизги этаптары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн графиги тиркелет жана ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Курулуштун уруксатын арыз ээсине берүү үчүн Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органы аны арызды кабыл алган аймактык архитектура жана курулуш органына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
8.4. Берилген документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы арыз ээсине милдеттүү түрдө билдирүү менен курулуш курууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө негизделген чечимди (буйрукту) 5 жумушчу күндүн ичинде кабыл алууга милдеттүү.
Бузуулар четтетилгенден кийин арыз берүүчү экинчи жолу кайрылган учурда курулуш курууга уруксат 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
8.5. Уруксат арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө, объектти куруунун узактыгына жараша кийин жыл сайын мөөнөтүн узартуу менен берилет.
8.6. Уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн узартуу үчүн арыз берүүчү уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күн мурун мөөнөтүн узартуу зарылчылыгы жөнүндө арызы, негиздемеси жана курулуш курууга уруксатын (оригинал) тиркөө менен мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына кайрылат.
8.7. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы арызды алган учурдан тартып уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн 1 жылга узартуу жөнүндө чечимди, курулуш курууга уруксатка бул тууралуу мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын жетекчисинин же (ал жок болгон учурда) анын орун басарынын колу жана мөөрү менен ырасталган тиешелүү жазуу киргизүү аркылуу 3 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.
8.8. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын курулуш курууга уруксатынын көчүрмөсү, ошондой эле долбоордук документтер, автордук көзөмөл журналы, жумуш өндүрүшүнүн журналы курулуш жүргүзүлүп жаткан жайда сакталышы керек жана МАККнын аймактык органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын биринчи талабы боюнча берилиши керек.
8.9. Курулуш объектисине болгон менчик укукту башка адамга өткөрүп берүүдө, убактылуу токтотууда же объектти консервациялоодо арыз берүүчү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына бул тууралуу билдириши керек.
8.10. Курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда ушул Жобонун 8.3-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде объектти курууга уруксат берилген деп эсептелет. Бул учурда мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы үч күндүн ичинде курулуш курууга уруксат бериши керек.
8.11. Курулуш курууга уруксат акысыз берилет.
8.12. Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуштун объекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик архитектура-курулуш, автордук жана техникалык көзөмөлгө алынууга тийиш.
9-бөлүм. Объектти пайдаланууга кабыл алуу
9.1. Ушул Жобонун 2.3-пунктунун "д" пунктчасында каралган объекттерден тышкары курулуш аяктагандан кийин объект мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы тарабынан пайдаланууга кабыл алынышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2. Курулуш аяктагандан кийин объектти пайдаланууга кабыл алуу үчүн арыз берүүчү объекттин курулушу аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына арыз жиберет.
9.3. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) курулушту аяктоо жана бардык этаптарды кабыл алуу жөнүндө ырастоочу актылар (автордук, техникалык көзөмөлдүн журналдары жана жумушту өндүрүү журналы);
б) аткаруучу-техникалык документтер (аткаруучу съемкалар, көмүскө жумуштардын актылары);
в) объектти тышкы тармактарга кошуу жөнүндө ырастоолор же бул объектти абонент тарабынан кабыл алуу жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар берген ырастоолор;
г) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;
д) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууну сыноо актылары.
9.4. Ушул Жобонун 9.3-пунктунда каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт. Өзгөчө учурларда гана мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын жетекчисинин чечими боюнча курулуш чөйрөсүндө техникалык регламенттердин талаптарына карама каршы келбеген башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
9.5. Арыз берүүчү объекттерди пайдаланууга кабыл алуу үчүн берилген документтердеги маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө анын арызында тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
9.6. Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө чечим мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы тарабынан арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 жумушчу күндөн ичинде кабыл алынышы керек жана объектти белгиленген формада пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт түрүндө таризделет.
Актка арыз берүүчү, долбоордун автору, башкы подрядчы жана мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет жана ал мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акттын формасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
9.7. Эгер белгиленген мөөнөттүн ичинде объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын тиешелүү чечими кабыл алынбаса же объектти пайдаланууга кабыл алуудан баш тартылган учурда, объект пайдаланууга кабыл алынган деп эсептелет жана орган арыз ээсинин талабы боюнча үч күндүк мөөнөттүн ичинде Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө актты бериши керек.
9.8. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилген Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт объектти пайдалануу жана кыймылсыз объектке болгон укукту мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп эсептелет.
9.9. Объектти пайдаланууга кабыл алуу акысыз негизде жүргүзүлөт.
9.10. Аймактык архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эксплуатацияга кабыл алынган объекттер жөнүндө маалыматты, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун аймактык органына кыймылсыз мүлк объекттериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ай сайын жиберип турат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
10-бөлүм. Бул Жобону бузгандык үчүн жоопкерчилик
10.1. Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү процессине катышуучу башка субъекттердин иш-аракеттери жогору турган архитектура жана курулуш органына, ошондой эле сотко даттанылышы мүмкүн.
10.2. Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү процессине катышуучу башка субъекттер ушул Жободо каралган мөөнөттөрдү бузгандыгы, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизсиз чечимди кабыл алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
10.3. Табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтар алар көрсөтүүчү кызматтардан негизсиз баш тартуу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга зыян келтирүү үчүн, анын ичинде көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн бааларды (тарифтерди) негизсиз жогорулатуу аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган администрациялык, материалдык жоопкерчилик тартышат.
10.4. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жободо белгиленген нормаларды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган администрациялык жоопкерчилик тартышат.
|
| Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого № 1 тиркеме |
Жаңы курулуш объектилерди долбоорлоого, курууга уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби жана объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө № 1 схема
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аракеттердин ырааттуулугу | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (жумуш күнү менен) | Жыйынтыктоочу документ | Эскертүү |
Биринчи этап - архитектуралык-пландаштыруучу шарттарды алуу (20 күн) | ||||||
1.1 | АПШны алууга архитектура жана курулуш органына арыз | Арыз: - Жер участогуна жана жер участогундагы мүлктүк объектилерге (эгер болсо) укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер (техпаспорт); - объекттер- дин фасаддарынын эскизи; - техникалык шарттар (болсо) | Архитектура жана курулуш | 3 | Техникалык шарттарга суроо-талаптар жана ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу же курулуш документине дал келбестиги жөнүндө корутунду |
|
1.2 | Инженердик тармактарга кошулуучу техникалык шарттарды жана өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, СЭСтин, айлана чөйрөнү коргоонун корутундуларын чогултуу жана алуу | Арыздын көчүрмөсүн жана ага материалдарды тиркөө менен суроо-талап | Инженердик-техникалык кызматтар, СЭС, өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, айлана-чөйрөнү коргоо | 10 | Техникалык шарттар Корутундулар | Суроо-талаптар бир эле учурда аталган кызматтарга жиберилет |
1.3 | АПШны берүү | Техникалык шарттар Корутундулар | Архитектура жана курулуш органдары | 7 | Объектти долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруучу шарттар |
|
| Долбоордук документтерди иштеп чыгуу |
|
| нормалар |
|
|
Экинчи этап - макулдашуу, долбоордук документтердин экспертизасы жана курулушка уруксат алуу (40 күн) | ||||||
2.1 | Долбоордук документтерди макулдашуу | Арыз: - долбоордук документ; - инженердик- геологиялык корутунду; - курулуш-монтаждоо жумуштарды аткаруу укугуна лицензиянын көчүрмөсү; - жооптуу аткаруучуларга: автордук, техникалык көзөмөлгө жана жумушту өндүргөнгө тиешелүү буйруктарынын көчүрмөсү | Архитектура жана курулуш органдары | 10 | Башкы архитектор тарабынан бекитилген долбоордук документ | Долбоордук документ экспертизага жиберилет |
2.2 | Долбоордук документтин экспертизасы | - макулдашылган долбоордук документ; - инженердик-геологиялык корутунду | Экспертиза органдары, эксперттик уюмдар | 7-20 | Экспертизанын корутундусу | Корутунду Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл органдарына жиберилет |
2.3 | Курулушка уруксат берүү | - Долбоордук документ; - экспертизанын корутундусу; - курулуш-монтаждоо жумуштарын аткаруу укугуна лицензиянын көчүрмөсү; - жооптуу аткаруучуларга: автордук, техникалык көзөмөлгө жана жумушту өндүргөнгө тиешелүү буйруктарынын көчүрмөсү | Архитектуралык-курулуш көзөмөл органдары | 10 | Курулушка уруксат | Курулушка уруксат архитектура органдарына жиберилет |
| Объекттин курулушу |
| Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү, автордук көзөмөл | нормалар |
|
|
Үчүнчү этап - объектти пайдаланууга кабыл алуу (10 күн) | ||||||
3.1 | Объектти пайдаланууга кабыл алуу | Жобонун 9.3-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен арыз | Архитектуралык-курулуш көзөмөл органдары | 10 | Объектти пайдаланууга кабыл алуу актысы |
|
|
| Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого № 2 тиркеме |
Реконструкциялоо, кайра профилдештирүү, турак жана турак эмес жайларды (көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерди өзгөртүү менен) кайра пландаштыруу объекттери боюнча уруксат документтерди берүү тартиби жөнүндө № 2 СХЕМА
№ | Аракеттердин ырааттуулугу | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (жумуш күнү менен) | Жыйынтыктоочу документ | Эскертүү |
Биринчи этап - архитектуралык-пландаштыруучу шарттарды алуу (20 күн) | ||||||
1.1 | Реконструкциялоого, кайра профилдештирүүгө же кайра пландаштырууга архитектуралык-пландаштыруучу шарттарды алыш үчүн арыз | Арыз: - кыймылсыз объекттерине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер (техпаспорт) (болсо); - объекттин эскизи; - техникалык шарттар (болсо) | Архитектура жана курулуш органдары | 3 | Кайра профилдештирүү же кайра пландаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду |
|
1.2 | Инженердик тармактарга кошулуучу техникалык шарттарды чогултуу жана алуу (зарыл учурда) | Арыздын көчүрмөсүн жана ага материалдарды тиркөө менен суроо-талап | Инженердик-техникалык кызматтар | 10 | Техникалык шарттар | Суроо-талап бир эле учурда аталган кызматтарга жиберилет |
| Объекттин техникалык абалын текшерүү |
| Лицензиясы бар адистештирилген уюм | нормалар | Объекттин техникалык абалы жөнүндө корутунду | Бир учурда аткарылат |
1.3 | Объектти долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруучу шарттарды алуу | Техникалык шарттар Корутундулар | Архитектура | 7 | АПШ |
|
| Долбоордук документтерди иштеп чыгуу | АПШ |
| нормалар | Доолбордук документ |
|
Экинчи этап - макулдашуу, долбоордук документтердин экспертизасы жана курулушка уруксат алуу (40 күн) | ||||||
2.1 | Долбоордук документти макулдашуу | Долбоордук документ | Архитектура жана курулуш органдары | 10 | Башкы архитектор тарабынан бекитилген долбоордук документ | Долбоордук документ экспертиза органына жиберилет |
2.2 | Долбоордук документтин экспертизасы | АПШ Долбоордук документ | Экспертиза органдары | 7-20 | Корутунду | Корутунду жана долбоордук документ Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл органына жиберилет |
2.3 | Курулушка уруксат берүү | Долбоордук документ Корутунду | Архитектура жана курулуш органдары | 10 | Курулушка уруксат | Уруксат жана долбоордук документ архитектура органына жиберилет |
| Объектти куруу |
|
| нормалар |
|
|
Үчүнчү этап - объектти пайдаланууга кабыл алуу (10 күн) | ||||||
3.1 | Объектти пайдаланууга кабыл алуу | Жобонун 9.3-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен арыз | Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү | 10 | Пайдаланууга кабыл алуу актысы |
|
|
| Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме |
Менчик турак үйдү, ошондой эле 2.3-п. (б, в, г-пунктчалар) каралган объекттерди долбоорлоого, курууга уруксат документтерди берүү тартиби жана объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө № 3 схема
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аракеттердин ырааттуулугу | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (жумуш күнү менен) | Жыйынтыктоочу документ | Эскертүү |
Биринчи этап - инженердик-техникалык шарттарды алуу (15 күн) | ||||||
№ | Аракеттердин удаалаштыгы | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (иш күндөр менен) | Жыйынтык документ | Эскертүү |
1.1 | Корутунду жана инженердик- техникалык шартты алууга арыз | Арыз: - жайга укукту аныктачу жана укуктук ырастачу документтер (техпаспорт); - пландоо схемасы | Архитектура жана курулуш органдары | 3 | Объектти куруу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутунду, ыйгарым укуктуу органдар га ТШ жана корутунду алууга арыз |
|
1.2 | Инженердик тармактарга кошулуучу техникалык шарттарды чогултуу жана алуу | Арыздын көчүрмөсүн жана ага материалдарды тиркөө менен суроо-талап | Инженердик-техникалык кызмат | 10 | Техникалык шарттар | Суроо-талап бир эле учурда аталган кызматтарга жиберилет |
1.3 | Корутунду жана ИТШ берүү | ТШ | Архитектура жана курулуш органдары | 5 | Объектти куруу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду жана ИТШ |
|
| Долбоордук документтерди иштеп чыгуу |
| Долбоорлоо уюму | нормалар | Долбоордук документ |
|
Экинчи этап - долбоордук документтерди макулдашуу жана курулушка уруксат алуу (20 күн) | ||||||
2.1 | Долбоордук документти макулдашуу | Арыз: - долбоордук документ; - инженердик-геологиялык изилдөөлөр | Архитектура жана курулуш органдары | 5 | Башкы архитектор тарабынан бекитилген долбоордук документ | Долбоордук документ курулушка уруксатты тариздөө үчүн Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнө жиберилет |
2.2 | Долбоордук документтин экспертизасы | - макулдашылган долбоордук документ; - инженердик-геологиялык корутунду | Экспертиза органдары, эксперттик уюмдар | 7-20 | Экспертизанын корутундусу | 300 кв. метрден жогорку менчик турак үйлөр гана үчүн. Корутунду Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл органына жиберилет |
2.3 | Курулушка уруксат берүү | Макулдашылган долбоордук документ | Архитектура-курулуш көзөмөл органдары | 5 | Курулушка уруксат |
|
| Объектти |
|
| нормалар |
|
|
Үчүнчү этап - объектти пайдаланууга кабыл алуу (5 күн) | ||||||
3.1 | Объектти пайдаланууга кабыл алуу | Жобонун 9.3-пунктунда да каралган документтерди тиркөө менен арыз | Архитектура-курулуш көзөмөл органдары | 5 | Объектти пайдаланууга кабыл алуу актысы |
|
|
| Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого № 4 тиркеме |
№ 4 схема Турак жана турак эмес жайларды профилин өзгөртүү, кайра пландаштыруу объекттери боюнча уруксат документтерди берүү тартиби жөнүндө (көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аракеттердин удаалаштыгы | Тапшырылчу документтер | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү (иш күнү менен) | Жыйынтык документ | Эскертүү |
1.1 | Профилин өзгөртүүгө же өзгөртүп пландаштырууга уруксат алуу үчүн арыз | Арыз: - жайга укукту аныктачу жана укукту ырастачу документтер (техпаспорт); - пландоо схемасы | Архитектура жана курулуш органдары | 5 | Профилин өзгөртүүгө же өзгөртүп пландаштырууга мүмкүндүк жөнүндө корутунду жана пландоонун макулдашылган схемасы |
|
1.2 | Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | Пландоонун макулдашылган схемасы жана (же) профилин өзгөртүүгө же өзгөртүп пландаштырууга уруксат | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоочу жергиликтүү орган | 10 | Техникалык паспорт |
|
Эскертүү: Пландоонун макулдашылган схемасы жана корутунду көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн кайрадан пландаштыруу жана профилди өзгөртүү үчүн негиз болот.
Аймактык архитектура жана курулуш органы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоочу жергиликтүү органга кыймылсыз мүлк объекттеринин профилин өзгөртүүгө жана кайрадан пландаштырууга уруксат берүү жөнүндө маалыматты жиберет.