Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 692
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке коюу жана консулдук эсептен чыгаруу тартибин бекитүү боюнча берилген ыйгарым укуктардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |