Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 1-декабры №64-нпа
КР КЧ 40-01:2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”, КР КЧ 40-02:2023 “Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери” жана КР КЧ 40-03:2023 “Калкынын саны 5000 ге чейинки калктуу конуштардын жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун жаңы, кеңейтилүүчү жана реконструкциялануучу тутумдарын долбоорлоо жана куруу ченемдерин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:
Төмөнкү курулуш ченемдери бекитилсин:
- КР КЧ 40-01:2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”;
- КР КЧ 40-02:2023 “Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери”;
- КР КЧ 40-03:2023 “Калкынын саны 5000 ге чейинки калктуу конуштарды жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери”.
2. Мамкурулуштун турак жай-коммуналдык чарбаны жана Евразия экономикалык биримдикти өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн;
- 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө “Керемет” илимий-туруктуу өнүктүрүү жана экология институту менен бирдикте илимий, долбоордук, подряддык жана коомдук уюмдардан сунуштарды, сын-пикирлерди чогултуу жана талдоо боюнча иштерди жүргүзсүн. Зарыл болгон учурда ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик техникалык документтерге толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Мамкурулуштун 2018-жылдын 31-декабрындагы № 34-нпа буйругу менен бекитилген “КР КЧ 40-01:2018 Калкынын саны 3000 ге чейинки чакан калктуу конуштарды тышкы суу менен камсыздоо тутумдары”;
- КЧжЭ 2.04.02-84* “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”;
- КЧжЭ 2.04.03-85 “Канализация. Тышкы тарамдар жана курулмалар”;
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 14-декабрында gosstroy.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары С.Э.Джантелиевге жана директордун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Директор | Н.К. Орунтаев |