Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлердин Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 733 токтомуна 7-тиркеме |
Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 4-июнундагы № 320, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата коюлуучу критерийлерди, аларды каттоо тартибин (мындан ары – талаптар) аныктайт.
2. Жеке нотариалдык кеңсе (мындан ары – кеңсе), нотариалдык бюро (мындан ары – бюро) юридикалык жак болуп саналбайт.
3. Жеке нотариус (мындан ары – нотариус) нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнө ылайык белгиленген нотариалдык округдун чегинде бир кеңсеге ээ болууга милдеттүү.
4. Эки жана андан ашык жеке нотариус бюрону түзө алат. Бюронун ишин жана ишмердигин уюштуруу үчүн нотариустар бюронун иш тартибин, анын иш графигин, ар бир нотариустун иш графигин, архивдик нотариалдык документтерди сактоо тартибин жана бюронун ишине байланыштуу башка маселелерди аныктаган келишим түзүүгө милдеттүү.
5. Бир бюронун нотариустары нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүшүнө ылайык белгиленген бир нотариалдык округдун аймагындагы бир имаратта нотариалдык бюрону ачууга укуктуу.
6. Кеңсени, бюрону каттоо күбөлүгүндө белгиленген нотариалдык округдун чегинен тышкары жайгаштырууга жол берилбейт.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кеңсе, бюро нотариалдык иштин ачык мүнөзүн, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоого тийиш.
2. Кеңсеге жана бюрого талаптар
9. Кеңсе, бюро нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн ыңгайлаштырылган, профили өзгөртүлгөн турак жай жана турак эмес жайлардын категориясына кирген имаратта же жайда жайгаштырылууга жана төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге;
- өрт коопсуздугунун эрежелерине;
- электр коопсуздугунун эрежелерине;
- табигый жана жасалма жарык берүүнүн, жылытуунун болушуна;
- өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылууга.
Өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди жана гигиеналык нормативдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Нотариалдык конторадагы же бюродогу кабинеттердин жана башка жайлардын саны, алардын функциялык багыты, жайгашуусу жана өлчөмү төмөнкү факторлорду эске алуу менен нотариус тарабынан өз алдынча аныкталат:
1) нотариус тарабынан кабыл алуу жүргүзүлгөн кабинет нотариалдык конторанын башка жайларынан обочолонтулууга жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жашырындуулугун сактоону камсыз кылууга тийиш;
2) нотариустун жардамчылары өзүнчө жабдылган жумуш орундары менен камсыз болууга тийиш;
3) келүүчүлөр үчүн кабыл алуу бөлмөсүнүн, архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн жайлардын болушу;
4) нотариустун кабинети жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдар үчүн нотариустун кабыл алуусун күтүү үчүн жай жана эмерек, оргтехника, аты жазылган мөөрдү, штамптарды сактоо үчүн сейф, нотариалдык документтерди сактоо үчүн бекитилүүчү металл шкафтар менен жабдылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Имараттын биринчи кабатында жайгашкан кеңсенин же бюронун жайынын терезелеринде металл торчолору болушу керек, кыймылдын электрондук датчиктери же күзөт агенттиги менен келишим болгон учурларды кошпогондо.
12. Кеңсени, бюрону, жер төлөдөгү жайларга, жер алдындагы өтмөктөргө, киоскторго, павильондорго, контейнерлерге, паркингдерге жана башка убактылуу курулуштарга, курулмаларга жайгаштырууга жол берилбейт.
Нотариус нотариалдык округдун аймагындагы максаты өзгөртүлгөн турак жайда же турак эмес имаратта (жайда) жайгашкан нотариалдык конторанын иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
13. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Кеңсе, бюро жалпы болуу үчүн жерди (коридор, фойе), эгерде ыңгайлуу кыймыл жана күтүү үчүн орун каралган болсо, жарандарды жана юридикалык жактарды кабыл алуу бөлмөсү катары колдоно алат.
16. Архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн өзүнчө жай жок болгондо архивдик нотариалдык документтерди кулпуланган металл шкафтарда же ящиктерде сактоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Көрнөктөгү кеңсенин, бюронун аталышы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен аткарылат.
20. Кеңсенин же бюронун жарандар жана юридикалык жактар үчүн кабылдамасында көрүнүктүү жерде нотариус жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын көчүрмөсү), Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасынын телефон номерлери, нотариустун(тардын) телефондорунун номерлери, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик алымдын ставкаларынын өлчөмдөрү алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жайгаштырылат.
3. Кеңсенин жана бюронун каттоо тартиби
21. Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензияны (мындан ары – лицензия) алгандан кийин бир жылдын ичинде нотариус(тар) кеңсени, бюрону каттоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кеңсени, бюрону каттоо ушул талаптарга ылайык келген учурда нотариустун (нотариустардын) арызы боюнча 14 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан жүргүзүлөт, ал эми талаптарга ылайык келбеген учурда каттоодон жүйөлүү баш тартуу чыгарылат.
Каттоо күбөлүгүн алгандан кийин нотариустар тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга нотариалдык кеңсенин, бюронун ачылгандыгы жөнүндө кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 4-июнундагы № 320 токтомдорунун редакциясына ылайык)
23. Электрондук реестрлер кеңсенин, бюронун каттоосун ырастоо максатында жүргүзүлөт.
24. Кеңсенин, бюронун катталгандыгын ырастоочу документ болуп каттоо күбөлүгү саналат.
Каттоо күбөлүктөрүнүн үлгүлөрү Министрлик тарабынан бекитилет.
25. Каттоо күбөлүгү жарандардын кайрылууларынын тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык Министрлик тарабынан берилет.
26. Кеңсени жана бюрону каттоого арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) нотариустун байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги);
3) нотариустун инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери;
4) лицензиянын реквизиттери;
5) нотариалдык округдун аталышы;
6) кеңсенин же бюронун дареги.
27. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) лицензиянын көчүрмөсү;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугу же тиешелүү мүлктүк жалдоо келишиминин көчүрмөсү же башка келишим. Менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугунун формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат;
4) жайдын сүрөтү;
5) кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишим;
6) бюрону түзүү жөнүндө нотариустардын ырасталган келишими.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
271. Жеке нотариалдык кеңсени же бюрону каттоо (кайра тариздөө) жөнүндө арызда жай өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерине, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге ылайык келет деп ырасталат.
Арыздардын үлгүлөрү Министрлик тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Бюронун аталышы Министрлик тарабынан ыйгарылуучу каттоо номерди жана бюро жайгашкан аймактагы администрациялык-аймактык бирдиктин аталышын камтыйт.
Бюронун аталышында номерди ыйгаруу ирети менен жүргүзүлөт, мындай номерлерди электрондук реестрде өткөрүп жиберүүгө жана кайталоого жол берилбейт. Өз ишин токтоткон бюронун аталыштары жаңыдан түзүлгөн бюрого ыйгарылбайт.
29. Кеңсенин каттоо күбөлүгү төмөнкү учурларда кайра таризделүүгө тийиш:
1) нотариалдык округ өзгөргөндө;
2) дарек өзгөргөндө;
3) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө.
30. Ушул талаптардын 29-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер пайда болгондо нотариус Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ушул талаптардын 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен негиздер пайда болгон күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирбестен кайрылууга милдеттүү.
31. Ушул талаптардын 29-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн негиз пайда болгондо нотариус Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ырастоочу документтерди тиркөө менен кайрылууга милдеттүү.
32. Бюронун каттоо күбөлүгү төмөнкүдөй учурларда кайра таризделүүгө тийиш:
1) нотариалдык аймак өзгөргөндө;
2) дарек өзгөргөндө;
3) бюронун курамы өзгөргөндө, нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө.
4) бюро жоюлганда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ушул талаптардын 32-пунктунун 1, 2, 4 -пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер пайда болгондо бюро Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ушул талаптардын 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен негиздер пайда болгон күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирбестен кайрылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Бюронун курамы өзгөргөндө, нотариустун(тардын) фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө бюро Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ырастоочу документтерди тиркөө менен кайрылууга милдеттүү.
35. Каттоо күбөлүгү жоголгондо же бузулганда кеңсе же бюро жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде каттоо күбөлүгүнүн дубликатын алууга укуктуу.
Каттоо күбөлүгү бузулган учурда арызга каттоо күбөлүгүнүн бузулган бланкы да тиркелет.
36. Каттоо күбөлүгүнүн жоголгон же бузулган бланкы арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
37. Министрлик арыз берилген күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде жогорку оң бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар каттоо күбөлүгүнүн дубликатын берет.
38. Каттоо күбөлүгүн алгандан кийин нотариус бир айлык мөөнөттө нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришүүгө милдеттүү.
39. Кеңсени каттоо күбөлүгү Министрликтин чечими менен жокко чыгарылууга тийиш:
1) эгерде нотариус бир айдын ичинде жүйөлүү себептерсиз нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе;
2) каттоо күбөлүгүндө жана электрондук реестрде көрсөтүлгөн дарек боюнча кеңсе иш жүзүндө жок болсо.
40 Бюронун каттоо күбөлүгү Министрликтин чечими менен жокко чыгарылууга тийиш:
1) эгерде бир айдын ичинде жүйөлүү себептерсиз нотариустар нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе;
2) каттоо күбөлүгүндө жана электрондук реестрде көрсөтүлгөн дарек боюнча бюро иш жүзүндө жок болсо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Кеңсе лицензияны чакыртып алган же колдонулушу токтотулган күндөн тартып жоюлат.
42. Бюро бир айдын ичинде бюрону түзбөгөн бир нотариус курамда калганда жоюлат.
43. Каттоо күбөлүктөрүн толтурууда бузулган бланктар аларды кайталап пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган каражаттар жана ыкмалар менен жок кылынат, бул жөнүндө комиссия тарабынан тиешелүү актылар түзүлөт, анын курамы Министрлик тарабынан аныкталат.
1-тиркеме
ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ МИНИСТЕРСТВО ЮСТИЦИИ
№ КК______ Жеке нотариалдык кеңсени каттоо жөнүндө
КАТТОО КҮБƟЛΥГΥ № ____ (регистрационное удостоверение о регистрации частной нотариальной конторы № ________)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө уруксат берген ______ жылдын «___» _____________ лицензиясынын негизинде берилди. Жеке нотариустун нотариалдык округунун жайгашкан жерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин _____ -жылдын «___» ________ № ____ буйругунун негизинде ( ________________________) берилди.
(выдано на основании лицензии Министерства юстиции Кыргызской Республики на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года). (выдано на основании приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики от «__» _________ _____ года об определении местонахождения нотариальной конторы частного нотариуса).
_____________________________________________________________
______________________________________ нотариалдык округунда (в нотариальном округе)
________________________________________________дареги боюнча (по адресу)
_____________________________ _______________ жетекчи (руководитель) (ф.а.а.)
2-тиркеме
ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ МИНИСТЕРСТВО ЮСТИЦИИ
№ КК _______ Нотариалдык бюрону каттоо жөнүндө
КАТТОО КҮБƟЛΥГΥ № ____ (регистрационное удостоверение о регистрации нотариального бюро № ________)
Нотариустардын нотариалдык бюронун жайгашкан жерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин _____ -жылдын «___» ________ № ____ буйругунун негизинде ( ________________________) берилди. (выдано на основании приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики от «__» _________ года об определении местонахождения нотариального бюро нотариусов)
Курамында: (в составе:)
1.____________________________________________________________ (ф.а.а.),
_____-жылдын «___» ________ № ____ жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын негизинде аракеттенген (действующий (ая) на основании лицензии на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года);
2.____________________________________________________________ (ф.а.а.),
_____-жылдын «___»________ № ____ жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын негизинде аракеттенген (действующий (ая) на основании лицензии на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года);
3.____________________________________________________________ (ф.а.а.), _____-жылдын «___»________ № ____ жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын негизинде аракеттенген (действующий (ая) на основании лицензии на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года).
_____________________________________________________________
_______________________________________нотариалдык округунда (в нотариальном округе)
________________________________________________дареги боюнча (по адресу)
_________________________ _________________ жетекчи (руководитель) (ф.а.а.) | |||
|
АРЫЗ
Жеке нотариалдык кеңсени округ боюнча дарек аркылуу каттоону: (облус, шаар/район, көчө, үй/кабат/каб.) жана каттоо күбөлүгүн берүүнү (кайра тариздөөнү) суранам.
Тиркемелер:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20__-жылдын “___” ______ №___ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө нускамасына ылайык келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгынын корутундусу;
– тиешелүү органдардын жана кызматтардын адистеринин кеңсенин санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына шайкештиги актылары;
– юстициянын аймактык органынын адисинин корутундусу;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын актысы (корутундусу);
– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актысы (корутундусу);
– ижара (субижара) укугун ырастаган документтин көчүрмөсү же башка укук белгилөөчү документ (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белекке берүү, ссуда ж.б.), техникалык паспорттун көчүрмөсү;
– кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими;
- лицензиянын көчүрмөсү;
– жайдын сүрөтү.
______________________ _________________
(Ф.А.А.) колу
датасы
|
| Кыргыз Республикасынын юстиция министри ____________________ (Ф.А.А) ____________________ (Ф.А.А.) ____________________ жашаган жеринин дареги ____________________ байланыш маалыматтары |
АРЫЗ
Жеке нотариалдык бюрону округ боюнча юридикалык дарек аркылуу каттоону: (облус, шаар/район, көчө, үй/кабат/каб.) жана каттоо күбөлүгүн берүүнү (кайра тариздөөнү) суранам.
Тиркемелер:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетнин 20__-жылдын “___” ______ №___ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө нускамасына ылайык келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгынын корутундусу;
- нотариустардын бюро түзүү жөнүндө күбөлөндүрүлгөн келишими;
- лицензиялардын көчүрмөлөрү;
- тиешелүү органдардын жана кызматтардын адистеринин бюрону санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына шайкештиги актылары;
- юстициянын аймактык органынын адисинин корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын актысы (корутундусу);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актысы (корутундусу);
- ижара (субижара) укугун ырастаган документтин же башка укук белгилөөчү документ (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белекке берүү, ссуда ж.б.), техникалык паспорттун көчүрмөсү;
- кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими;
- жайдын сүрөтү.
_________________________ _________________
(Ф.А.А.) колу
датасы