Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 7-декабры ПЖ № 333
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык;
- муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.";
2) ушул Жарлыктын 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 5, 6-тиркемелер менен толукталсын;
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- Тартиптин 1-тиркемеси ушул Жарлыктын 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" 1-главасында:
онунчу абзац "Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацта ", Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "5-тиркеме |
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы
Мукабасы күрөң түстөгү булгаарыдан жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 145x105 мм.
Алдынкы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн мамлекеттик тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган:
"МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШЧИСИ"
(тиешелүү классты көрсөтүү менен).
Арткы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн расмий тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган:
"ГОСУДАРСТВЕННЫЙ СОВЕТНИК ГОСУДАРСТВЕННОЙ ГРАЖДАНСКОЙ СЛУЖБЫ __ КЛАССА"
(тиешелүү классты көрсөтүү менен).
Кошумча баракча калыңдыгы 200 гр/м2 жылтырак кагазга басылган. Бүктөлгөн түрдөгү форматы - 140x100 мм. Ачылганда эки тарабында кыргыз оймолорунун элементтери бар татаал тангир торчосунда мөөр, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Ар бир тараптын жогору жагында өз-өзүнчө мамлекеттик жана расмий тилдерде ал чыккан датаны жана каттоо номерин көрсөтүү менен - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет башчынын фамилиясы, аты, атасынын аты басылган. Төмөнкү бурчунун сол жагында тигинен документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылат.
Кошумча баракчанын биринчи бетинде мамлекеттик тилде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат:
"МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШЧИСИ класстык чени ыйгарылды".
Кошумча баракчанын экинчи бетинде расмий тилде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат:
"ПРИСВОЕН КЛАССНЫЙ ЧИН
ГОСУДАРСТВЕННЫЙ СОВЕТНИК ГОСУДАРСТВЕННОЙ ГРАЖДАНСКОЙ СЛУЖБЫ ___ КЛАССА".".
|
| 2-тиркеме |
|
| "6-тиркеме |
Муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы
Мукабасы күрөң түстөгү булгаарыдан жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 145x105 мм.
Алдынкы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн мамлекеттик тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган:
"МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МУНИЦИПАЛДЫК КЕҢЕШЧИСИ"
(тиешелүү классты көрсөтүү менен).
Арткы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн расмий тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган:
"МУНИЦИПАЛЬНЫЙ СОВЕТНИК МУНИЦИПАЛЬНОЙ СЛУЖБЫ ___ КЛАССА"
(тиешелүү классты көрсөтүү менен).
Кошумча баракча калыңдыгы 200 гр/м2 жылтырак кагазга басылган. Бүктөлгөн түрдөгү форматы - 140x100 мм. Ачылганда эки тарабында кыргыз оймолорунун элементтери бар татаал тангир торчосунда мөөр, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Ар бир тараптын жогору жагында өз-өзүнчө мамлекеттик жана расмий тилдерде ал чыккан датаны жана каттоо номерин көрсөтүү менен - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет башчынын фамилиясы, аты, атасынын аты басылган. Төмөнкү бурчунун сол жагында тигинен документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылат.
Кошумча баракчанын биринчи бетинде мамлекеттик тилде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат:
"МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МУНИЦИПАЛДЫК КЕҢЕШЧИСИ класстык чени ыйгарылды".
Кошумча баракчанын экинчи бетинде мамлекеттик тилинде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат:
"ПРИСВОЕН КЛАССНЫЙ ЧИН
МУНИЦИПАЛЬНЫЙ СОВЕТНИК МУНИЦИПАЛЬНОЙ СЛУЖБЫ ___ КЛАССА".".
|
| 3-тиркеме |
|
| "Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинин 1-тиркемеси |
Улук жана жогорку класстык чендерди ыйгаруу каралган саясий мамлекеттик кызмат орундарынын, атайын мамлекеттик кызмат орундарынын, саясий муниципалдык кызмат орундарынын тизмеги
№ | Кызмат ордунун аталышы | Класстык чен |
1 | Президент | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
2 | Жогорку Кеңештин Төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстан 1-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси |
3 | Мамлекеттик катчы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директору, Президенттин басма сөз-катчысы, Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басары | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстан 2-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси |
4 | Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин атайын өкүлү, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында), Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы, Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлүнүн орун басары, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы - сектордун башчысы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Акыйкатчы (Омбудсмен), Президенттин иш башкаруучусу Президентке караштуу мамлекеттик органдын (Президенттин түздөн-түз карамагында) жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу мамлекеттик органдын (Президенттин түздөн-түз карамагында) жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары, Эсептөө палатасынын аудитору Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
5 | Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун (башкармалыктын, бөлүмдүн, катчылыктын курамында) башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти, Президенттин Администрациясынын спичрайтери, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин Аппаратынын улук консультанты, Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары), аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгаруу каралган мамлекеттик органдардан тышкары Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары), аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгаруу каралган мамлекеттик органдардан тышкары Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
6 | Республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы, төрагасынын орун басары | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки муниципалдык кеңешчиси |
7 | Калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болгон шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаардын жана айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
".