Загрузка документа…
| 4-тиркеме | |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык) |
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын
мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык
кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди
ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 151, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 , 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ N 262, 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 330, 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104, 2025-жылдын 1-августандагы № 227 , 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибин аныктайт.
Ушул Тартиптин күчү саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга (мындан ары - кызмат адамдары) жайылтылат.
2. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
3. Класстык чендердин улуктугу ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык аларды санап чыгуунун ырааттуулугу боюнча аныкталат.
4. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- улук класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо алганда.
Улук жана жогорку класстык чендер саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.
5. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
Улук жана жогорку класстык чендер саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.
6. Класстык чендер ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен жогорку билими жана жалпысынан мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы бар болсо, жеке ыйгарылат:
- класстык чендердин улук тобу үчүн 5 жылдан кем эмес. Персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал жок болсо - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча кызмат адамына бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн;
- класстык чендердин жогорку тобу үчүн 10 жылдан кем эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын сунушу боюнча кызмат адамына бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасы үчүн тиешелүү кесиптик чөйрөдө жогорку жана олуттуу жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш стажына карата жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды сактабастан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) жыйналышында карабастан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 151, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
7. Класстык ченди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
8. Кызмат адамына класстык чен ыйгаруу жөнүндө маалыматтар кызмат адамдын эмгек китепчесинде, өздүк ишинде жана кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Кызмат адамынын класстык ченин төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар кызмат адамынын өздүк ишинде көрсөтүлөт. Ошондой эле ушул пунктта каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасына ("e-Kyzmat)" АМС) киргизилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чени ыйгарылган учурда тиешелүү күбөлүк берилет.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан улук класстык ченди ыйгарууда формасы жана сыпаттамасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген тиешелүү күбөлүк берилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
9. Класстык ченди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызмат адамынын өздүк ишине тиркелет.
2. Класстык чендерди ыйгаруу тартиби
10. Класстык чен биринчи же кезектеги болушу мүмкүн.
Биринчи класстык чен класстык чендердин тиешелүү тобунда класстык чени жок кызмат адамына ыйгарылышы мүмкүн. Мында ушул Тартиптин 22-пунктуна ылайык мурдагы иштеген жеринде кызматчыга ыйгарылган атайын класстык чени, аскердик же атайын наамы эске алынат.
11. Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары үчүн биринчи класстык чендер (класстык чендердин тобуна жараша) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) класстык чендердин улук тобунун алкагында - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
2) класстык чендердин жогорку тобунун алкагында - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
12. Саясий муниципалдык кызмат орундары үчүн биринчи класстык чендер (класстык чендердин тобуна жараша) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) класстык чендердин улук тобунун алкагында - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
2) класстык чендердин жогорку тобунун алкагында - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
13. Класстык чендердин улук тобунун алкагында биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам аталган саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Класстык чендердин жогорку тобунун алкагында биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам аталган саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин 2 жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Эгерде адам бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалса, анда биринчи класстык ченди ыйгаруу үчүн мөөнөт мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аталган кызмат орундарында үзгүлтүксүз иштеген жалпы бардык мезгили боюнча эсептелет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу каралган кызмат ордун ээлеген төмөнкүдөй кызмат адамдарына алардын арызы боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени ушул Тартипте белгиленген бул ченди ыйгарууга талаптарды сактоо шарты менен ыйгарылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерине (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнөн тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларына.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Кезектеги класстык чен кызмат адамынын мурдагы класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
Класстык ченди ыйгаруунун кезектүүлүгү класстык чендердин тобунун чегинде сакталат.
Ыйгарылган класстык ченде болуу мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет (ушул Тартиптин 22-пунктуна ылайык ыйгарылган класстык ченден тышкары; бул учурда эсептөө мамлекеттик жарандык кызматтын сакталган класстык чени, муниципалдык кызматтын класстык чени, аскердик же атайын наамы, атайын класстык чени ыйгарылган күндөн тартып жүргүзүлөт). Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет.
Кызмат адамынын бала багуу боюнча өргүүдө, узактыгы 14 календардык күндөн ашык болгон эмгек акысы сакталбаган өргүүдө (анын ичинде окуу өргүүлөрү) болуу мезгили көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине карата - сунушсуз;
2) атайын статусу бар мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында болгон мамлекеттик органдардын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызмат адамдарына карата - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча;
3) атайын статусу бар мамлекеттик органдарда (мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо) - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) бийликтин мыйзам чыгаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
5) бийликтин аткаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызмат адамдарын кошпогондо, 2 жана 5-пунктчаларда белгиленген учурларда мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү сунуштун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкүдөй документтер менен сунуш киргизилет:
1) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жогорку класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө маалымкат;
2) адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү талапкердин талаптарга ылайык келишин аныктоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана материалдарды суроого жана алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
17. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгарууга материалдар Комиссия тарабынан каралат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 151 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
3) саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан:
- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - акимин жана анын орун басарын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) сунушу боюнча;
- мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси, жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары), аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгаруу каралган мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.
Мында мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга сунуштама ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык мамлекеттик органдын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча киргизилет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
181. Класстык ченди сактоо тартибинде кызмат адамына мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык ченин ыйгаруу кызмат адамынын кайрылуусунун негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт (тиешелүү аскердик наамды, атайын класстык ченди же атайын наамды ыйгаруу жөнүндө чечимден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү тиркөө менен).
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
Мында муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга сунуштама ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча киргизилет.
20. Ушул Тартиптин 18-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген адамдарга мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, ошондой эле муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер киргизилет:
1) сунуштама;
2) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык класстык ченди ыйгаруу үчүн талапкер жөнүндө маалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошумча документтерди жана материалдарды суратууга жана алууга укуктуу.
(КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Класстык чен тартип жазасы колдонулган мезгилде, ошондой эле кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же кылмыш-жаза иши козголгон кызмат адамдарына ыйгарылбайт.
3. Класстык ченди сактоо тартиби
22. Муниципалдык кызматтын класстык чени бар кызмат адамдарына алар саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматтын класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени бар кызмат адамдарына алар саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.
Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери бар кызмат адамдарына бул аскердик же атайын наамына, атайын класстык ченине ылайык келген класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Класстык ченди теңдештирүү (ыйгаруу) тартиби ушул Тартиптин 2-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
Ушул пунктта белгиленген учурларда класстык чендер ушул Тартиптин 13-пунктунда каралган мөөнөт сакталбастан ыйгарылышы мүмкүн.
Бул пункт ушул Тартиптин 4, 5-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен колдонулат (ушул Тартиптин 1-тиркемесинен тышкары).
(КР Президентинин 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
23. Кызмат адамдары аларга ыйгарылган класстык ченде өмүр бою калат жана ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча гана класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
4. Класстык ченден ажыратуу, төмөндөтүү тартиби
24. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратуу, төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине карата - сунушсуз;
2) атайын статусу бар мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында болгон мамлекеттик органдардын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызмат адамдарына карата - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча;
3) атайын статусу бар мамлекеттик органдарда (мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо) - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) бийликтин мыйзам чыгаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
5) бийликтин аткаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
7) мурда мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата, жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндөгү жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда - Комиссиянын сунушу боюнча. Мында ушул пунктчада көрсөтүлгөн адамдар деп жогорку класстык чен Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган убакта ыйгарылган жана азыркы убакта кандайдыр бир мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар түшүнүлөт.";
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 , 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
25. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууга жана төмөндөтүүгө материалдарды Комиссия карайт.
26. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратуу, төмөндөтүү төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
3) саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан:
- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - акимин жана анын орун басарын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча;
- мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисин, жетекчисинин орун басарын (дайындоо жана бошотуу Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылган кызмат орундары) - мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.
Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратуу, төмөндөтүү ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
27. Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыкты төмөнкү учурларда чыгарат:
- жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар берилгенде.
Жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар берилгендиги ушул материалдарда анык эмес жана (же) жалган маалыматтардын камтылгандыгына байланыштуу Комиссиянын чечими менен аныкталат.
Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган учурда, ага карата Жарлык чыгарылган адамга тапшырылган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөр ведомстволук архивге өткөрүлүп берилет.
Укук коргоо жана бажы органдары тарабынан ага мыйзамсыз ээлик кылган адамдан алынган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө тапшырылат.
Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк соттун өкүмүн аткаруу тартибинде алып коюлат.
Ага ылайык кызматчы же ушул Тартиптин 24-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн адам жогорку класстык ченден ажыратылган реабилитациялоочу негиздер боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми жогорку класстык ченге укук калыбына келтирилүүгө тийиш.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жогорку класстык ченден ажыратылган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылат, мында кызматчыга же ушул Тартиптин 24-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн адамга же анын мураскерлерине жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк кайтарылат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
27-1. Класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда мамлекеттик органдын жетекчиси класстык ченди ыйгаруу тууралуу буйрукту жокко чыгарат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
272. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурда улук класстык ченден ажыратуу жөнүндө буйрук чыгарат:
- улук класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- улук класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар болгондо.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улук класстык ченден ажыратуу жөнүндө буйругу чыгарылган учурда ага карата буйрук чыгарылган адамга тапшырылган улук класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган улук класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивине өткөрүп берилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
|
| Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибинин 1-тиркемеси |
Улук жана жогорку класстык чендерди ыйгаруу каралган саясий мамлекеттик кызмат орундарынын, атайын мамлекеттик кызмат орундарынын, саясий муниципалдык кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
(КР Президентинин 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 , 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 330, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104, 2025-жылдын 1-августандагы № 227 , 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
№ | Кызмат ордунун аталышы | Класстык чен |
1 | Президент | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
2 | Жогорку Кеңештин Төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстан 1-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси |
3 | Мамлекеттик катчы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары,Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы, Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин басма сөз-катчысы, Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Акыйкатчы (Омбудсмен) | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстан 2-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси |
4 | Президенттин Администрациясынын борборунун директору (башкармалыктын курамында) - бөлүмдүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин атайын өкүлү, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктагы борбордун курамында), Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы, Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлүнүн орун басары, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы - сектордун башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Президенттин иш башкаруучусу Президентке караштуу мамлекеттик органдын (Президенттин түздөн-түз карамагында) жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу мамлекеттик органдын (Президенттин түздөн-түз карамагында) жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары, Эсептөө палатасынын аудитору Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
5 | Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун (башкармалыктын, бөлүмдүн, катчылыктын курамында) башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти, Президенттин Администрациясынын спичрайтери, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин Аппаратынын улук консультанты, Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары), аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгаруу каралган мамлекеттик органдардан тышкары Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары), аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгаруу каралган мамлекеттик органдардан тышкары Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
6 | Республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы, төрагасынын орун басары | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки муниципалдык кеңешчиси |
7 | Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
|
| Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибинин 2-тиркемеси |
Класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө МААЛЫМКАТ _____________________________________________ (аты-жөнү)
(КР Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Туулган күнү, айы жана жылы |
| Сүрөт |
Туулган жери |
| |
Улуту |
| |
Жарандыгы |
| |
Билими |
| |
Окууну аяктаган (качан, кайсы) |
| |
Адистиги |
| |
Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы |
| |
Класстык чени, аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы (качан, ким тарабынан ыйгарылган) |
| |
Тилдерди билүүсү |
| |
Сыйлыктары |
| |
Талапкерде учурда тартиптик жазалар барбы? |
| |
Талапкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатабы? |
| |
Эмгек иши
Күнү, айы, жылы | Күнү, айы, жылы | Министрликтин, ведомствонун, мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: эмгек ишинин мезгилдери кызматкердин эмгек китепчесиндеги жазууларга ылайык келүүгө тийиш.
Кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси |
|
|
|
|
|
__________________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) |
| ______________________ (колу) |
"___" _____________ 20___-ж. |
| Мөөр |