Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2023-жылдын 28-декабры № 10-Б

Эсептердин бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы №5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы №605 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:

 

1. Эсептердин бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бухгалтердик эсеп, ички аудит жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:

1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялансын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 1-Б “Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.

 

Министр

А.К.Бакетаев