Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январы № 19
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
1-пунктчанын он экинчи абзацындагы "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тууралуу корутунду берет;
- өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системаларынын кабарлоосуна мониторинг жүргүзөт;";
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жободо:
- 4-пункттун экинчи абзацындагы "күтүүгө" деген сөз "камсыздоого" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент мониторинга, прогнозирования чрезвычайных ситуаций при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1.";
- 9-пунктта:
1-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Министрлик тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жүргүзүлүүчү алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары боюнча сунуштарды даярдоого катышат;";
алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү үчүн кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын активдешүүсүнүн мүмкүндүгүнө мониторинг жүргүзөт жана алар боюнча корутунду, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорду берет;
- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга кабылышы ыктымал болгон конкреттүү участоктордо геомаалыматтык системаларды колдонуп, андан ары тыянактарды жана корутундуларды чыгаруу менен комплекстүү инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;";
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга кабылышы ыктымал болгон участоктордо илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, ошондой эле болжолдуу материалдарды даярдоо жана чыгаруу үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алууларды жүргүзөт;";
- 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат жана координациялайт;";
- 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- табигый жана техногендик коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын иштешин уюштурат.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жободо:
- 6-пункттагы "723325, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Нариман көчөсү, н-ж" деген сөздөр "723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 10" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жободо:
- 8-пункттун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана Кыргыз Республикасы менен тиешелүү макулдашуулары бар мамлекеттердин чек ара аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин уюштурат жана жүргүзөт;";
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. ӨККнын толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат";
2) расмий тилде: "Служба по пожарному надзору при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".";
8) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент жөнүндө жободо:
- 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык келтирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзөт.";
9) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жободо:
- 7-пункттагы "Осмонкул көчөсү, 128" деген сөздөр "Осмонкул көчөсү, 128 б" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системаларынын кабарлоосуна мониторинг жүргүзүү.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча өзгөчө кырдаал коркунучу жана пайда болуу мезгилинде алдын алуу, жоюу иш-чараларын, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн ЖКМС күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү берет.";
10) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Борбордун юридикалык дареги: 722100, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, Ахунбаев көчөсү, 2.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жакты юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ