ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 1140 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакция22.09.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2023-жылдын 22-сентябры № 1140

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

 

 

Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын сунушталган тизмеги (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтин түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери Тизмекке ылайык төмөндөгүлөр боюнча туруктуу негизде иш жүргүзсүн:

- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;

- ишмердиги коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.

3. Адам ресурстары, иш-кагаздарды жүргүзүү жана укуктук колдоо башкармалыгы Министрликтин кызматкерлерин ушул буйрук менен тааныштырсын жана бул буйрукту Министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

5. Бул буйрук кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

 

Министрдин орун басары

Б.К. Арыкбаева

(министр жок учурунда)