Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 153 токтому менен бекитилген) |
Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана
пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар
чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө
өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана
кароонун эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты.
(Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого
жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү же катталган товарлар
чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга
укук берүүгө өтүнмөнү түзүү жана берүү
1. Өтүнмө берүүгө укугу бар жактар.
Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун алууга өтүнмө берүү укугуна, чыгарылган товар Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарга жооп берген учурда товар чыгарылган жердин аталышы катары колдонулган географиялык объекттин аймагында жайгашкан, мүчөлөрү уставдын негизинде иш жүргүзгөн ассоциациялар (бирликтер) ээ болот.
Белгиленген тартипте катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу Мыйзамдын 35-беренесинин 5-бөлүгүндө аталган жактар товардын касиеттерин жана мүнөздөмөлөрүн тастыктаган шартта, ошол эле географиялык объектте турган жана ошол эле касиеттери жана мүнөздөмөлөрү менен товарды чыгарган кайсы болбосун юридикалык же жеке жакка кийин берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өтүнмө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Кыргызпатент) түздөн-түз берилет же кагаз жүзүндө почта аркылуу же электрондук өтүнмө берүү (мындан ары - ЭӨБ) системасы аркылуу электрондук форматта жөнөтүлөт. ЭӨБ системасы аркылуу өтүнмө берүүнүн тартиби Кыргызпатент тарабынан бекитилүүчү ЭӨБ системасын пайдалануу боюнча нускама менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берүү.
Өтүнмө Кыргызпатентке өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан жекече, өкүл аркылуу же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилет.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка тартип белгиленбесе, товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана аларды пайдаланууга укук берүүгө же товар чыгарылган жерлердин катталган аталышын пайдаланууга укук берүүгө байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзүшөт.
Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген өтүнмөгө талаптагыдай таризделген ишеним каттын түп нускасы же ишеним каттын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин астында өкүлчүлүк кылууга ишеним кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат ал жүргүзүлүүчү өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт, ал эми анын ишеним катына шектенүүлөр келип чыккан учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде легалдаштыруу талап кылынбаган учурдан тышкары, Кыргызпатенттин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринде легалдаштырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыгына өкүлчүлүк кылууга Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат ушул жактын өзү тарабынан, ошондой эле өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү тарабынан берилет. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.
Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген жак тарабынан кол коюлат;
- ишеним кат патенттик ишенимдүү өкүл катарында Кыргызпатентте катталган жеке жактын атына берилет;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлөт;
- ишеним катта ал берилген күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал жараксыз.
Эгер ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөргө берилсе, анда товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдалануу укугун берүү боюнча иштер алардын кимиси менен болбосун жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген, патенттик ишенимдүү өкүлдүн кандай аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталуучу белги географиялык объектинин расмий заманбап аталышы, ушул объектинин тарыхый аталышы боло алат.
Товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталуучу белги кошумча түрүндө товардын түрдүк (жайлык) белгисине, фантазиялык белгисине көрсөтмөнү камтый алат, алар өз алдынча укуктук коргоого ээ болбойт.
Белгилер эгерде алар анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды белгилөө үчүн пайдаланылган шартта гана товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталат.
5. Географиялык объектинин аталышы болуп саналган же анын аталышын камтыган менен, анын чыгарылган жерине байланышы жок болгон, белгилүү бир түрдүн товарын белгилөө катары Кыргыз Республикасында жалпы пайдаланууга киргизилген белги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында таанылбайт.
6. Өтүнмөлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө;
- катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө.
7. Өтүнмө товар чыгарылган жерлердин аталышынын бирине тийиштүү болушу керек.
8. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- өтүнмө ээсин (өтүнмө ээлерин), ошондой эле анын (алардын) турган ордун же жашаган ордун, топтун, ассоциациянын (бирликтин) уставын жана электрондук почтанын дарегин көрсөтүү менен товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө же катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө арыз (мындан ары - арыз);
- билдирилүүчү белги;
- аны белгилөө үчүн анын чыгарылган ордун көрсөтүү менен (географиялык объектинин чектерин) товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү же катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товарды көрсөтүү;
- товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде тургандыгы жана анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары жана адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу;
- чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн - жогоруда көрсөтүлгөн абзацта берилген документтин ордуна товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товар чыгарылган жерлердин аталышына анын укугун тастыктаган документ тиркелет;
- белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
- "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу жүзүндөгү макулдугу (жеке жактар үчүн);
- патенттик ишенимдүү өкүлгө жана/же өкүлгө нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбаган ишеним кат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ушул Эрежелердин 12-пунктунда каралган шарттарды сактоо менен электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер бул документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тирелет. Котормонун тактыгына өтүнмө ээси жооптуу.
Башка тилде берилген документтер Кыргызпатентке алардын берилген күнү берилген күн катары эсептелет, эгерде алардын котормосу башка тилдеги документтерди берген күндөн тартып эки айдын ичинде келип түшсө, анда документтер алардын котормосу келип түшкөн күнү алынган болуп эсептелет.
Өтүнмөнү жана ага тиркелүүчү документтерди электрондук түрдө толтурууга кошумча талаптар же алып салуулар, кол тамганы тариздөөгө талаптардан тышкары, Кыргызпатент тарабынан бекитилүүчү жана жарыялануучу ЭӨБ системасын пайдалануу боюнча нускама менен белгиленет.
Эгерде өтүнмө Кыргызпатенттин расмий веб-порталы аркылуу берилсе, өтүнмөнүн электрондук формасына квалификациялык электрондук кол тамга (мындан ары - КЭК) коюлат.
Эгер өтүнмө Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы) аркылуу берилсе, КЭК талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Өтүнмөнү кагаз түрүндө бергенде өтүнмөгө тиркелген документтер басылган түрүндө бир нускада берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга өтүнмө Кыргызпатент тарабынан белгиленген форма боюнча берилет.
Катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө Кыргызпатент тарабынан белгиленген форма боюнча берилет.
"Өтүнмө" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт. Эгер кайсы бир маалыматтарды толугу менен тийиштүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн болбосо, аларды арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени карагыла" деген жазууну көрсөтүү менен өзүнчө баракка ошол эле форма боюнча беришет.
731 кодунун астындагы графада өтүнмө ээси (ээлери) тууралуу маалыматтар берилет: юридикалык жактын толук расмий аталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын фамилиясы, аты (атасынын аты, эгер бар болсо), мында фамилиясы атынын астында көрсөтүлөт.
Товар чыгарылган жердин аталышын каттоону сураган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүнү сураган ишкердик менен алектенген жеке жак үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - СИН), ошондой эле бар болсо ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (ИУЖК коду) көрсөтүлөт. Жеке жак үчүн идентификациялык жеке номер (ИЖН) көрсөтүлөт.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоону сураган жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүнү сураган чет өлкөлүк юридикалык жак же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жак үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун ST.3 стандарты (мындан ары - ИМБДУнун ST.3 стандарты) боюнча турган ордуна же жашаган ордуна ылайык өлкөсүнүн коду, дареги көрсөтүлөт.
731 кодундагы графадан кийинки графада өтүнмө ээсинин толук почта дареги (юридикалык жактын юридикалык дареги же жеке жактын жашаган жеринин дареги), анын ичинде өлкөнүн расмий аталышы, ошондой эле телефондун, мунун ичинде мобилдик телефондун номери, электрондук почтанын (мындан ары - e-mail) экиден кем эмес дареги, эгер бар болсо факстын номери көрсөтүлөт.
750 кодундагы графага кат жазышуу үчүн дарек, дарек ээсинин аты же аталышы, телефондун, анын ичинде мобилдик телефондун номери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо факстын номери келтирилет.
Кат жазышуу үчүн адресат катарында Кыргыз Республикасындагы өтүнмө ээсинин-юридикалык жактын турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган өтүнмө ээсинин-жеке жактын жашаган ордунун дареги же e-mail жана мобилдик телефондорунун номерлери патенттик ишенимдүү өкүлдүн турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дарек көрсөтүлсө болот.
Өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл дайындалган учурда толтурула турган 740 кодундагы графага ал жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет: аты-жөнү, Кыргызпатентте катталган номери, Кыргыз Республикасында жайгашкан жеринин дареги, телефондун, анын ичинде мобилдик телефондордун номерлери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо, факстын номери.
540 кодунун астындагы графада билдирилүүчү белги көрсөтүлөт.
"Товарды көрсөтүү" жана "Чыгарылган жери" графаларында ал (алар) үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышы арналган товар (товарлар) көрсөтүлүшү керек. Мында алардын өзгөчө касиеттери географиялык объектинин жаратылыш шарттарынан же адам факторлорунан (өзгөчө же негизинен) же болбосо бир эле мезгилде жаратылыш шарттарынан жана адам факторунан алынган чыныгы чыгарылган товарлар гана көрсөтүлүшү керек.
Өтүнмө товар чыгарылган жердин көрсөтүлүшүн камтышы керек. Товар чыгарылган жер географиялык объектинин чектерин көрсөтүү аркылуу баяндалышы керек. Географиялык объектинин чектери координаталардын, жердин табигый чектеринин - суулардын, тоолордун, көлдөрдүн; административдик чектердин; узакка созулган курулмалардын, коммуникациялардын ж.у.с. жардамы менен баяндалат.
"Товардын өзгөчө касиеттерин баяндоо" графасында бул товарды окшош товарлардан айырмалоочу, ал үчүн белги катталган товардын касиеттери келтирилет. Баяндоодон ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттарынан же адам факторлорунан же бир эле мезгилде жаратылыш шарттарынан жана адам факторлорунан товардын өзгөчө касиеттеринин милдеттүү, объективдүү түрдө көз карандылыгы келип чыгууга тийиш.
Товардын касиети жалпы кабыл алынган атайын терминологияга (товар таануу, техникалык) ылайык ачык жана так баяндалышы керек.
Баяндоо маалыматтык мүнөздө болушу керек, негизинен, ушул географиялык объектиде климаттык, геологиялык же башка жаратылыш шарттарынын, салттуу ыкма менен товар даярдоого жөндөмдүү адамдарга (жамааттын) ылайык келген чыгарылган баштапкы заттын болушу көрсөтүлөт.
Катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген учурда, өтүнмө ээсинин чыгарган товарынын өзгөчө касиеттерин баяндоо Мыйзамдын 35-беренесинин 6-бөлүгүнөн улам, ага байланыштуу ушул товар чыгарылган жерлердин аталышы катталган товардын негизги касиеттерин баяндоо менен дал келиши керек.
"Тиркелүүчү документтердин тизмеси" графасы тийиштүү клеткаларга "X" белгисин коюу жана тиркелген документтердин ар бир нускасында нускалардын жана барактардын санын көрсөтүү аркылуу толтурулат. Алардын түрү өтүнмөнүн формасы менен караштырылбаса ("башка документ") тиркелген документтер үчүн алардын арналышы ачык көрсөтүлөт.
Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык өтүнмөгө тиркелүүчү компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусунда (корутундулары) өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде экендигин жана анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгын тастыктоо камтылышы керек.
Корутунду өз компетенциясынын, адистештирүүсүнүн күчүндө товарга карата квалификацияланган корутунду берүүгө жөндөмдүү органдан берилиши керек жана анын жасап чыгаруучу анын аталышы товарды белгилөө үчүн пайдаланыла турган географиялык объектинин чектеринде тургандыгын тастыктайт. Корутунду (корутундулар) эгер ал Мыйзам менен талап кылынган бардык маалыматтарды камтыса, бир компетенттүү органдан же бир нече компетенттүү органдан (мисалы, өтүнмө ээсинин турган орду жана товардын өндүрүш чектери жөнүндө жергиликтүү бийлик органынын корутундусу жана товардын өзгөчө касиеттери тууралуу башка компетенттүү органдын корутундусу) берилиши мүмкүн.
Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жерлердин аталышына өтүнмө берген чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун тастыктаган документ катарында, мисалы, товар чыгарылган өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдалануу укугуна берилген күбөлүк же сертификат, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү көрсөтүлүшү мүмкүн.
"Колу" деген графа бардык учурларда милдеттүү түрдө кол коюлган датаны көрсөтүү менен толтурулат.
Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коет. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө анын кызмат орду көрсөтүлүп, уюмдун жетекчиси кол коет, колу мөөр менен тастыкталат.
Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берүүдө өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.
Колу кол койгон жактын фамилиясы жана аты-жөнү көрсөтүлүп чечмеленет.
Өтүнмөдө кошумча барактар болсо, аларга дагы ушундай тартипте кол коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого
жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө боюнча жана
катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын
пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө боюнча иш жүргүзүү
13. Өкүлдү дайындоо.
Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү үчүн аны бергенден жана өтүнмөнү карап чыгууда өз кызыкчылыктарын билдиргенден кийин өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген ишеним катты ага берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Чет өлкөлүк юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактын өкүлү Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана боло алат.
Өкүлчүлүк кылууга ишеним кат өтүнмө берүүдө, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү процессинде дагы көрсөтүлөт. Ишеним кат өтүнмөгө кошулат.
Ага берилген ыйгарым укуктардын чектериндеги өкүлдүн кайсы болбосун аракеттери же ага карата Кыргызпатенттин кайсы болбосун аракети өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата аракеттин натыйжаларына ээ болот.
Өкүлчүлүк кылуу ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды, алардын күчүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу. Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурун токтотуу өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү аркылуу ишке ашырылат.
14. Кыргызпатент менен кат алышуу өтүнмө ээси же анын буга ыйгарым укук берилген өкүлү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жиберилүүчү материалдар анын номурун жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колунун коюлушун камтышы керек.
Өтүнмөнүн номурун камтыбаган материалдар, эгерде номурду кыйыр түрдө белгилөөгө мүмкүн болбосо, карап чыгуусуз кайтарылып берилет.
Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилген материалдар Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгер мөөнөтү "...ичинде" деген сөздөр менен берилсе жана мөөнөтүнүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөтүнүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумушчу күнү эсептелет. Эгер меөнөтүнүн бүткөн күнү тийиштүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөтү ушул айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгер өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинүн өкүлү жүргүзсө, Кыргызпатенттин кат-кабарларына байланыштуу материалдарды берүүнүн мөөнөтү ушул кат-кабарлар жиберилген күндөн тартып эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кыргызпатентте иш мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга алардын мамлекеттик же расмий тилде котормосу тиркелиши керек.
16. Мыйзамдын 38-беренесинин 3-бөлүгүндө караштырылган тартипте өтүнмө ээси өз демилгеси менен толуктоого, тактоого жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Өтүнмөнүн материалдарын толуктоо, тактоо жана өзгөртүү өтүнмө ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө арыз берүү аркылуу ишке ашырылат.
Өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын аталышы же өтүнмө ээсинин - жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөн учурда, ушул өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтер көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдар ушул Эрежелердин 27-пунктуна ылайык каралып чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Өтүнмө ээси (анын өкүлү) берген өтүнмөсү жана документтер менен алдын ала датасын жана таанышуу убактысын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатентте, ошондой эле документтерге же алардын бөлүктөрүнө тийиштүүлөрдү өтүнмөнүн көчүрмөсүнө сурам жиберүү аркылуу тааныша алат.
18. Өтүнмө ээсинин (анын өкүлүнүн) катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгуу, эксперт тарабынан анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары жана адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды белгилөөгө байланыштуу кошумча түшүндүрүүлөрдү алуунун зарылчылыгы келип чыкканда, ошондой эле өтүнмө берилген белгинин коргоо жөндөмдүүлүгүнө, товар келип чыкан жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча экспертизанын жана өтүнмө ээсинин позицияларын түшүнүктүү кылуу максатында жүргүзүлөт.
Мындай карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу боюнча же эки тарап тең ушул маселелер менен таанышкандан кийин, өтүнмө ээсинин сунушу боюнча жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн суроолору сурамда берилет, анда кошумча түрдө жолугушуунун максатка ылайыктуулугу, өтүнмө ээсинин аны жүргүзүү тууралуу өтүнүчү жөнүндө билдирилет.
Суралган материалдар өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууда катышууга ниеттенгендигине карабастан, сурам жиберилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилиши керек.
Өтүнмөнү карап чыгуунун күнү жана убакыты алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда, өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап бул тууралуу башка тарапка билдирет.
Алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке өтүнмө ээси же анын өкүлү келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын сунушун канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Ушул Эрежелердин 3 жана 13-пункттарынын шарттарын сактоо менен өтүнмөнү карап чыгууда өтүнмө ээсинин өкүлү катыша алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу Мыйзамдын 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык ишке ашырылат.
Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси сурамды жиберилгенден тартып, эки ай өткөнгө чейин берилиши керек.
Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтү эгер өтүнмө белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, ошондой эле алым төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбесе, узартылбайт.
Мындай учурда өтүнмө ээсине өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартылгандыгы тууралуу билдирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилет:
- эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
- өтүнмө берилген белгиге экспертизанын чечимине карата Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине макул эместигин билдирүүнүн мөөнөтү;
Өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан алым төлөнгөн шартында, өткөрүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айдан кем болбогон убакытта берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тийиштүү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптар сакталбагандыгы аныкталганда, өтүнүч кат канааттандырылбайт, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Өтүнмө ээси өтүнмөнү аны кароонун каалаган этабында чакыртып алууга укуктуу. Өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө арыз Географиялык көрсөтмөлөрдүн жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товар чыгарылган жердин аталышы катталган жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү жөнүндө жазуу киргизилген күндөн кеч эмес берилиши керек.
Өтүнмө ушул өтүнмөнү көңүлгө алуу жөнүндө кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилген күндөн тартып кайра сурап алынган болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кайра сурап алынган өтүнмө боюнча экспертиза жүргүзүлбөйт, товар чыгарылган жерлердин аталышы катталбайт жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берилбейт.
23. Ушул Эрежелердин 22-пунктунун жобосу кайра сурап алынды деп эсептелген өтүнмөлөргө карата дагы колдонулат.
Мында өтүнмөнүн кайра сурап алынган күнү болуп өтүнмө кайра сурап алынгандыгы тууралуу кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилген күн эсептелет. Кабарлоодо тийиштүү негиздемелер көрсөтүлөт.
3. Өтүнмөнү карап чыгуу
24. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдары кириш номуру коюлуп жана алардын келип түшкөн датасын көрсөтүү менен кабыл алынат.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин барактарынын саны жана келип түшкөн күнү көрсөтүлүп, өтүнмөнүн материалдарынын кабыл алынгандыгы жөнүндө тилкат берилет.
Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда, өтүнмө ээсине электрондук кабарлама менен билдирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Алдын ала экспертиза.
1) Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү.
Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатентте өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүлөт.
2) Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн милдеттери.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Эреженин 7-11-пункттарында каралган өтүнмөнүн керектүү документтеринин курамы, аны тариздөөнүн тууралыгы, алымдын төлөнгөндүгү текшерилет. Бул текшерүүнүн натыйжасында өтүнмөнү кароого кабыл алуу же аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
3) Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн мазмуну.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө берилген материалдарда төмөнкү белгиленген талаптардын болушу жана шайкештиги текшерилет:
- товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана аларды пайдалануу укугун берүү жөнүндө арыз же товар чыгарылган жердин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү жөнүндө арыз;
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аталышын же аты-жөнүн жашаган/турган жеринин дарегин (даректерин) көрсөтүү;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлдүн, андайлар бар болгондо аты-жөнү жана жашаган/турган жеринин дареги;
- билдирилген белгилери;
- товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана аны пайдапануу укугун берүү же чыгарылган жерин (географиялык объектинин чегин) көрсөтүү менен товар чыгарылган жердин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү суралган товарларды көрсөтүү;
- товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы;
- өтүнмө берүү, алдын ала экспертиза жүргүзүү жана билдирилген белгилерге экспертиза жүргүзүү үчүн алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патенттик ишенимдүү өкүлгө, өтүнмө ээсинин өкүлүнө берилген ишеним кат;
- компетенттүү органдын (органдардын) өтүнмө ээсинин көрсөтүлгөн географиялык объектте жайгашкандыгы жана өзгөчө касиеттери ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же болбосо жаратылыш шарттары жана адам факторлору менен бир учурда аныкталган товарды чыгаргандыгы жөнүндө корутундусу(лары);
- товар чыгарылган өлкөдө бирдирилген товар чыгарылган жердин аталышына чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун ырастоочу документ;
- мамлекеттик же расмий тилде берилбеген өтүнмөгө тиркелген документтердин котормолору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга, иштетүүгө, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу жүзүндөгү макулдугу.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө ушул пунктчанын үчүнчү-он төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин болушу текшерилет.
Өтүнмө берүү күнү ушул Эрежелердин 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин келип түшкөн күнү боюнча, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда - берилген документтин акыркысы келип түшкөн күнү боюнча белгиленет.
Ушул пунктчанын он үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосун бергенге чейин тапшырылган документтер келип түшкөн жок деп эсептелет.
Ушул пунктчанын бешинчи, он биринчи, он экинчи, он төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин өтүнмөнүн материалдарында жок болушу же алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга дал келбөөсү өтүнмөнү кароого кабыл алуу жана өтүнмөнүн берилген күнүн белгилөө жөнүндө чечим чыгаруу үчүн тоскоолдук болуп саналышы мүмкүн эмес.
Алдын ала экспертиза жүргүзүү этабында туура эмес тариздөө жана/же өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин жок болуу фактылары аныкталган учурда өтүнмө ээсине өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлоодо аларды берүүнүн жана/же тактоонун, оңдоонун зарылдыгы жөнүндө билдирилет.
4) Кошумча материалдарды сурап алуу.
Эгерде алдын ала экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмө ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды бузуу менен таризделгени белгиленсе, өтүнмө ээсине аныкталган бузууларды көрсөтүү жана аны жөнөткөн күндөн тартып эки айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди берүү сунушу менен сурам жиберилет.
Сурамдын негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү, алтынчы-тогузунчу абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин өтүнмөнүн материалдарында жок болушу;
- алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документте ыйгарым укуктуу уюмдун белгиленген эсебине алымдын төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтын жоктугу;
- төлөнгөн алымдын суммасынын белгиленген өлчөмгө дал келбөөсү.
Эгерде өтүнмө ээси тарабынан берилген жооп суралган маалыматтарды жана/же документтерди толук өлчөмдө камтыбаса, ага сурам экинчи ирет жиберилиши мүмкүн.
Экспертизанын сурамына жооп берилбегенде, өтүнмө ээси тарабынан жооп берүүнүн белгиленген мөөнөтү бузулганда жана бул мөөнөттөрдө аны узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбегенде өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет жана бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
5) Өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим.
Өтүнмөнүн материалдары ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш келгенде, ошондой эле өтүнмө ээси тарабынан суралган маалыматтар жана документтер өз убагында берилген учурларда өтүнмө берилген күндү көрсөтүү менен өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жиберилет.
Өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим менен өтүнмө ээси Мыйзамда жана ушул Эрежелерде каралган башка маалыматтарды жана/же документтерди берүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарланышы мүмкүн.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн оң натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ведомствонун расмий сайтына жыйырма жумуш күндүн ичинде Кыргызпатент тарабынан белгиленген форма боюнча берилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтар жарыяланат.
Өтүнмө жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде кайсы болбосун кызыкдар жак жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн каршы пикирин берүүгө укуктуу, ал каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарууда экспертиза тарабынан каралат.
6) Өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим.
Эгерде экспертизанын сурамына өтүнмө ээсинин берген жообу өтүнмө боюнча суралган маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат жана өтүнмө ээсине бул жөнүндө тиешелүү кабарлама жиберилет.
Өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарламада чыгарылган чечим боюнча негиздер келтирилет. Мындай негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- арызда өтүнмө ээсинин көрсөтмөсүнүн жоктугу;
- арызда өтүнмө ээсин көрсөтмөсүнүн ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсү;
- өтүнмөдө товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоо үчүн арналган жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү суралган белгилердин жоктугу;
- өтүнмөдө каттоо жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү же товар чыгарылган жердин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү суралган товар көрсөтүлбөсө;
- өтүнмөдө товар чыгарылган жер көрсөтүлбөсө (географиялык объектинин чеги);
- өтүнмөдө товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасынын жоктугу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү.
1) Карап чыгууга кабыл алынган өтүнмө боюнча билдирилген белгинин өтүнмө берген күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген талаптарына анын ылайык келишине экспертиза жүргүзүлөт.
Эксперттөө жүргүзүүнүн аягында Кыргызпатент товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим же товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим же катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө чечим же аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
2) Билдирилген белгинин экспертизасынын мазмуну.
Билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө текшерүү жүргүзүлөт:
- алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерүү жүргүзүлүүчү өтүнмөнүн материалдарынан тышкары, өтүнмөнүн материалдарынын өтүнмөнүн мазмунуна жана таризделишине жана ага тиркелген документтерге коюлган талаптарына туура келгендиги;
- Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ага коюлган талаптарга билдирилген белгинин туура келгендиги;
- өтүнмө ээсинин көрсөтүлгөн географиялык объектиде болгондугу көрсөтүлүп анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгы тууралуу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусунун (корутундуларынын) болгондугу жана мазмуну;
- эгер билдирилген белги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталган учурда, аны белгилөө үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товардын өзгөчө касиеттеринин баяндоосунун Реестрде камтылган маалыматтарга туура келгендиги.
3) Товар чыгарылган жерлердин аталышына карата талаптарга билдирилген белгинин туура келишин текшерүү.
Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген товар чыгарылган жерлердин аталышына карата талаптарга билдирилген белгинин туура келишин аныктоодо төмөнкүлөр текшерилет:
- ушул Эрежелердин 6-пунктунун жоболорун эске алып, билдирилген белгинин географиялык объектинин расмий заманбап аталышына же анын тарыхый аталышына туура келиши;
- анын аталышы өтүнмөдө анын чектери көрсөтүлгөн анык ошол жердеги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында билдирилген, географиялык объектинин жайгашкан жерин тастыктаган маалыматтардын бар экендиги;
- ушул географиялык объектинин жаратылыш шарттары жана/же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору менен шартталган өзгөчө касиеттерине ээ болгон товарды жекелештирүү үчүн пайдаланылуучу белги катарында өтүнмө берилген күнгө географиялык объектинин аталышынын болушу.
Эгер географиялык объектинин аталышы мурун товарды жекелештирүү үчүн колдонулса, бирок өтүнмө берген учурда товардын чыныгы келип чыккан жерлеринин жана анын өзгөчө касиеттерин көрсөтө турган өзүнүн баштапкы жөндөмдүүлүгүн жоготкон болсо, ал аны даярдаган ордуна байланыштуу болбогон белгиленген түрдүн (түрдүк түшүнүк) товарын белгилөө катарында Кыргыз Республикасында жалпы пайдаланууга киргизилген белги болуп эсептелинет;
- товардын көрсөтмөсүнүн болушу, аны белгилөө үчүн анын чыгарылган жерин көрсөтүү менен (географиялык объектинин чектери) товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралат;
- товардын өзгөчө касиеттерин баяндоонун болушу жана компетенттүү органдын корутундусуна туура келиши.
4) Компетенттүү органдын корутундусун текшерүү.
Компетенттүү органдын корутундусунун мазмунун текшерүүдө төмөнкүлөрдү тастыктаган маалыматтардын болушу белгиленет:
- ошол жерде өтүнмө ээсинин болушу, анын аталышы товарлар чыгарылган жерлердин аталышы катарында билдирилет;
- өтүнмө ээси өтүнмөдө көрсөткөн жердин аймагында товардын чыгарылышы, анын аталышы товарлар чыгарылган жерлердин аталышы катарында билдирилет;
- өтүнмө ээси чыгарган товарда өтүнмөдө көрсөтүлгөн жаратылыш шарттары жана/же адам факторлору же болбосо бир мезгилде жаратылыш шарттары жана адам факторлору менен географиялык объектиси үчүн өзгөчө же негизинен мүнөздүү болуп аныкталган өзгөчө касиеттеринин болушу.
5) Кошумча материалдарга сурам жиберүү.
Эксперттөөнү жүргүзүү мезгилинде Кыргызпатент билдирилген белгиге эксперттөөнү жүргүзүү аларсыз мүмкүн болбосо, өтүнмө ээсине кошумча материалдарга сурам жиберүүгө укуктуу. Сурам үчүн төмөнкүдөй кырдаалдар негиз болуп эсептелет:
- билдирилген белгини тактоонун зарылчылыгы;
- ушул Эрежелердин 9-пунктунда жана "Тиркелүүчү документтердин тизмеси" графасында көрсөтүлгөн документтерди көрсөтүүнүн зарылчылыгы;
- товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган белги үчүн товарды тактоонун зарылчылыгы;
- аны белгилөө үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товардын чыгарылган жерин тактоонун зарылчылыгы;
- өтүнмөдө көрсөтүлгөн товардын өзгөчө касиеттеринин баяндоосун тактоонун зарылчылыгы;
- компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусунда камтылган жана ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды, атап айтканда өтүнмөдө көрсөтүлгөн географиялык объектинин жаратылыш шарттарына же адам факторлоруна мүнөздүү болгон жаратылыш шарттарынан жана/же адам факторлорунан же болбосо бир мезгилде жаратылыш шарттары жана адам факторлору алардын өзгөчө касиеттеринин туруктуу көз карандылыгынын товарда бар экендигин тастыктаган маалыматтарды тактоонун зарылчылыгы.
Өтүнмөнү карап чыгууда башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле эскертүүлөр жана сунуштар жогоруда көрсөтүлгөн негиздерде жиберилүүчү сурамга киргизилиши мүмкүн.
Сурамда келтирилген кайсы бир суроо боюнча экспертизанын пикири Мыйзамдын, ушул Эрежелердин жана башка нормативдик укуктук актылардын жоболоруна шилтеме кылуу менен негизделиши керек.
Эксперттөөнүн сурамы боюнча өтүнмө ээсинин берген кошумча материалдары ушул Эрежелердин 15-пунктуна ылайык каралып чыгат.
Эксперттөөнүн сурамына жооп берилбей, жооп берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өтүнмө ээси бузганда жана ушул мөөнөттө аны узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабар берилет.
6) Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим. Катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим.
Билдирилген белги Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга туура келгендигин белгилөөдө, бул белги Реестрде катталбаса, товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Билдирилген белги Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга туура келгендигин белгилөөдө, бул белгинин Реестрде катталгандыгы аныкталган учурда, катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимде ошондой эле катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет:
- ага карата пайдалануу укугу берилүүчү товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталуучу белги же ага карата пайдалануу укугу берилген товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталган белги;
- ага (аларга) товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берилүүчү жак (жактар) жөнүндө маалымат;
- күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүнүн башталган күнү болуп эсептелген өтүнмөнүн берилген күнү;
- товардын өзгөчө касиеттеринин көрсөтмөсү жана баяндоосу, аны белгилөө үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышы катталат жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берилет.
7) Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим. Катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим.
Эгер билдирилген белгиге жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында, белги Мыйзамдын 34-беренеси менен караштырылган талаптардын эң кеминде бирине туура келбесе (Реестрде ушул белги катталбаган болсо), товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Эгер билдирилген белгиге жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында, белги Мыйзамдын 34-беренеси жана 35-беренесинин 6-бөлүгү менен караштырылган талаптарынын эң кеминде бирине туура келбесе (Реестрде ушул белги катталган болсо), катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде ошондой эле катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде Мыйзамга жана ушул Эрежелерге негизделген товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу үчүн жүйөлөр келтирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кошумча материалдарды текшерүү.
1) Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси тарабынан жиберилген кошумча материалдар келип түшкөндө, өтүнмө ээсинин аларды беришинде белгиленген мөөнөттү сактагандыгы текшерилет.
Көрсөтүлгөн материалдар өтүнмө ээсине сурам жиберилген күндөн тартып, эки айдын ичинде жиберилиши керек.
Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердии 14-пунктунун төртүнчү абзацын жетекчиликке алуу керек.
Эгер өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттү бузса жана ушул Эрежелердин 19-пунктуна ылайык аны узартуу жөнүндө өтүнүчтү жибербесе же экспертизанын сурамын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
2) Өз демилгеси боюнча же Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси жиберген жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртпөйбү, ушулары текшерилет.
Кошумча материалдар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртө турган болуп таанылат, эгер алар негизинен төмөнкүлөрдү камтыса:
- товардын касиетине көрсөтмө, аларга бул товар компетенттүү органдын корутундусунан улам ээ эмес;
- башка товарга көрсөтмө, эгер билдирилген белги товардын өзүнүн аталышын камтыса, ал үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышы арналган.
3) Өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртө турган кошумча материалдарды тааныган учурда, өтүнмө ээсине эксперттөөнүн чечимин кабыл алганга чейин (эксперттөөнүн ага жиберген кезектеги документинде) кошумча материалдарга киргизилген кайсы маалыматтар эксперттөөнүн ушундай жыйынтык чыгаруу үчүн негиз болгондугу жөнүндө билдирилет. Башка маалыматтар экспертиза жүргүзүүдө эске алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Эксперттөөнүн чечиминин негизинде Кыргызпатент товар чыгарылган жерлердин аталышын жана/же Реестрде товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды каттоону жүргүзөт.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана укук берүүгө тийиштүү маалыматтар Кыргызпатент тарабынан "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде жарыяланат.
4. Өтүнмөлөрдү өзгөртүп түзүү
(Бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунунhttps://cbd.minjust.gov.kg/230001535/edition/2881/kg редакциясына ылайык)
29. Товар чыгарылган жердин аталышы жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө тиешелүү түрдө географиялык көрсөтмөгө жана географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмөгө жана тескерисинче ушул Эрежелердин талаптарын сактаган шартта өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Ушундай өзгөртүп түзүүнүн тартиби Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
| Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерине 1-тиркеме |
К ы р г ы з п а т е н т т о л т у р а т | (22) Берилген датасы | Кириш № Келип түшкөн датасы | (21) Мамлекеттик каттоо № |
Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана Кыргыз Республикасында пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө | Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Кыргызпатент) 720021, Бишкек ш., Москва көч., 62 | ||
Арыз Өтүнмөнү жана төмөндө аталган документтерди берүү менен, өтүнмөдө көрсөтүлгөн белгини товар чыгарылган жердин аталышы катарында каттоону жана аларды пайдалануу укугун берүүнү суранам | ИУЖК боюнча уюмдун, ишкананын коду | ||
(71) Өтүнмө ээси:__________________________________________________________ __________________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт) | ИМБДУнун SТ.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду | ||
Өтүнмө ээсинин толук почта дареги: Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:____________ | |||
(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын аты-жөнү же аталышы): Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:____________ | |||
(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты-жөнү, каттоо номуру, турган жери): Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:____________ | |||
(54) Билдирилген белги (баш тамга менен басуу керек): | |||
Товарды көрсөтүү: | |||
Товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы: | |||
Чыгарылган жери (географиялык объектилердин чегараларын көрсөтүү менен): | |||
Тиркелүүчү документтердин тизмеси: | Барактардын саны 1 нуска | Нускалардын саны | |
[ ] Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ |
|
| |
|
|
| |
[ ] Компетенттүү органдын корутундусу |
|
| |
|
|
| |
[ ] Өтүнмөгө тиркелген документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосу |
|
| |
|
|
| |
[ ] Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү ишеним кат |
|
| |
|
|
| |
[ ] Башка документ (көрсөтүлөт) |
|
| |
|
|
| |
Колу:_______________________________________________________________ (өтүнмө ээсинин же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу. Юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт) 20______ "___" _________ (кол койгон датасы) | |||
| Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерине 2-тиркеме |
К ы р г ы з п а т е н т т о л т у р а т | (22) Берилген датасы | Кириш № Келип түшкөн датасы | (21) Мамлекеттик каттоо № |
Катталган товар чыгарылган жердин аталышын Кыргыз Республикасында пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө | Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Кыргызпатент) 720021, Бишкек ш., Москва көч., 62 | ||
Арыз Өтүнмөнү жана төмөндө аталган документтерди берүү менен, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүнү суранам ________________________________________ (Кыргыз Республикасында катталган товар чыгарылган жердин аталышы көрсөтүлөт) | ИУЖК боюнча уюмдун, ишкананын коду | ||
(71) Өтүнмө ээси: ___________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ (юридикалык жактын толукталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт) | ИМБДУнун SТ.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду | ||
Өтүнмө ээсинин толук почта дареги: Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:____________ | |||
(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын аты-жөнү же аталышы): Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:____________ | |||
(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты-жөнү, каттоо номуру, турган жери): Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:____________ | |||
Товарды көрсөтүү: | |||
Товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы: | |||
Чыгарылган жери (географиялык объектилердин чегараларын көрсөтүү менен): | |||
Тиркелүүчү документтердин тизмеси: | Барактардын саны 1 нуска | Нускалардын саны | |
[ ] Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ |
|
| |
|
|
| |
[ ] Компетенттүү органдын корутундусу |
|
| |
|
|
| |
[ ] Өтүнмөгө тиркелген документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосу |
|
| |
|
|
| |
[ ] Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү ишеним кат |
|
| |
|
|
| |
[ ] Башка документ (көрсөтүлөт) |
|
| |
|
|
| |
Колу:_______________________________________________________________ (өтүнмө ээсинин же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу. Юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт) 20______ "___" _________ (кол койгон датасы) | |||