Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-январы № 18
Жекелештирүү каражаттарын каттоо маселелери боюнча актыларды бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 153 "Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 11-беренелерин, 54-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө жана мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 153 "Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелеринде:
- преамбула "тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун алууга өтүнмө берүү укугуна, чыгарылган товар Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарга жооп берген учурда товар чыгарылган жердин аталышы катары колдонулган географиялык объекттин аймагында жайгашкан, мүчөлөрү уставдын негизинде иш жүргүзгөн ассоциациялар (бирликтер) ээ болот.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Белгиленген тартипте катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу Мыйзамдын 35-беренесинин 5-бөлүгүндө аталган жактар товардын касиеттерин жана мүнөздөмөлөрүн тастыктаган шартта, ошол эле географиялык объектте турган жана ошол эле касиеттери жана мүнөздөмөлөрү менен товарды чыгарган кайсы болбосун юридикалык же жеке жакка кийин берилиши мүмкүн.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өтүнмө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Кыргызпатент) түздөн-түз берилет же кагаз жүзүндө почта аркылуу же электрондук өтүнмө берүү (мындан ары - ЭӨБ) системасы аркылуу электрондук форматта жөнөтүлөт. ЭӨБ системасы аркылуу өтүнмө берүүнүн тартиби Кыргызпатент тарабынан бекитилүүчү ЭӨБ системасын пайдалануу боюнча нускама менен белгиленет.";
- 3-пунктта:
экинчи абзацтагы "тарабынан" деген сөз "тарабынан жекече, өкүл аркылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү, төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка тартип белгиленбесе, товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана аларды пайдаланууга укук берүүгө же товар чыгарылган жерлердин катталган аталышын пайдаланууга укук берүүгө байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзүшөт.
Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген өтүнмөгө талаптагыдай таризделген ишеним каттын түп нускасы же ишеним каттын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.";
алтынчы абзацтагы "Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге байланыштуу белгиленген мыйзам тартибинде же өз-ара" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункттун экинчи абзацы "жашаган ордун" деген сөздөн кийин ", топтун, ассоциациянын (бирликтин) уставын жана электрондук почтанын дарегин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу жүзүндөгү макулдугу (жеке жактар үчүн);
- патенттик ишенимдүү өкүлгө жана/же өкүлгө нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбаган ишеним кат.";
- 10-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ушул Эрежелердин 12-пунктунда каралган шарттарды сактоо менен электрондук түрдө берилиши мүмкүн.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Өтүнмөнү жана ага тиркелүүчү документтерди электрондук түрдө толтурууга кошумча талаптар же алып салуулар, кол тамганы тариздөөгө талаптардан тышкары, Кыргызпатент тарабынан бекитилүүчү жана жарыялануучу ЭӨБ системасын пайдалануу боюнча нускама менен белгиленет.
Эгерде өтүнмө Кыргызпатенттин расмий веб-порталы аркылуу берилсе, өтүнмөнүн электрондук формасына квалификациялык электрондук кол тамга (мындан ары - КЭК) коюлат.
Эгер өтүнмө Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы) аркылуу берилсе, КЭК талап кылынбайт.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Өтүнмөнү кагаз түрүндө бергенде өтүнмөгө тиркелген документтер басылган түрүндө бир нускада берилет.";
- 12-пунктта:
биринчи абзацтагы "ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген" деген сөздөр "Кыргызпатент тарабынан белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеде келтирилген" деген сөздөр "Кыргызпатент тарабынан белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "71" деген цифралар "731" деген цифраларга алмаштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товар чыгарылган жердин аталышын каттоону сураган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүнү сураган ишкердик менен алектенген жеке жак үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - СИН), ошондой эле бар болсо ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (ИУЖК коду) көрсөтүлөт. Жеке жак үчүн идентификациялык жеке номер (ИЖН) көрсөтүлөт.";
алтынчы абзацтагы "Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - ИМБДУ) ST.3 стандарты" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун ST.3 стандарты (мындан ары - ИМБДУнун ST.3 стандарты)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи, сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"731 кодундагы графадан кийинки графада өтүнмө ээсинин толук почта дареги (юридикалык жактын юридикалык дареги же жеке жактын жашаган жеринин дареги), анын ичинде өлкөнүн расмий аталышы, ошондой эле телефондун, мунун ичинде мобилдик телефондун номери, электрондук почтанын (мындан ары - e-mail) экиден кем эмес дареги, эгер бар болсо факстын номери көрсөтүлөт.
750 кодундагы графага кат жазышуу үчүн дарек, дарек ээсинин аты же аталышы, телефондун, анын ичинде мобилдик телефондун номери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо факстын номери келтирилет.";
тогузунчу абзацтагы "Кыргызпатентте катталган" деген сөздөр "e-mail жана мобилдик телефондорунун номерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл дайындалган учурда толтурула турган 740 кодундагы графага ал жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет: аты-жөнү, Кыргызпатентте катталган номери, Кыргыз Республикасында жайгашкан жеринин дареги, телефондун, анын ичинде мобилдик телефондордун номерлери, экиден кем эмес e-mail дареги, эгер бар болсо, факстын номери.";
он биринчи абзацтагы "54" деген цифралар "540" деген цифраларга алмаштырылсын;
он жетинчи абзацтагы "Мыйзамдын 28-беренесинин төртүнчү бөлүгүнөн" деген сөздөр "Мыйзамдын 35-беренесинин 6-бөлүгүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он тогузунчу абзацтагы "Мыйзамдын 29-беренесинин бешинчи бөлүгүнүн экинчи абзацына" деген сөздөр "Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырма биринчи абзацтагы "Мыйзамдын 29-беренесинин бешинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацына" деген сөздөр "Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун бешинчи абзацындагы "алар ушул кат-кабарлары алган" деген сөздөр "ушул кат-кабарлар жиберилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункттун биринчи абзацындагы "Мыйзамдын 30-беренесинин экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "Мыйзамдын 38-беренесинин 3-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пункттун үчүнчү абзацындагы "алган" деген сөз "жиберилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 19-пунктта:
биринчи абзацтагы "Мыйзамдын 30-беренесинин 4-бөлүгүнө" деген сөздөр "Мыйзамдын 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "алгандан" деген сөз "жиберилгенден" деген сөзгө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтү эгер өтүнмө белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, ошондой эле алым төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбесе, узартылбайт.";
- 20-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "экспертизанын алдын ала чечимине же" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацындагы "мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери тастыкталган" деген сөздөр "алым төлөнгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Өтүнмө ээси өтүнмөнү аны кароонун каалаган этабында чакыртып алууга укуктуу. Өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө арыз Географиялык көрсөтмөлөрдүн жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товар чыгарылган жердин аталышы катталган жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү жөнүндө жазуу киргизилген күндөн кеч эмес берилиши керек.";
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда, өтүнмө ээсине электрондук кабарлама менен билдирилет.";
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Алдын ала экспертиза.
1) Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү.
Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатентте өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүлөт.
2) Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн милдеттери.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Эреженин 7-11-пункттарында каралган өтүнмөнүн керектүү документтеринин курамы, аны тариздөөнүн тууралыгы, алымдын төлөнгөндүгү текшерилет. Бул текшерүүнүн натыйжасында өтүнмөнү кароого кабыл алуу же аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
3) Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн мазмуну.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө берилген материалдарда төмөнкү белгиленген талаптардын болушу жана шайкештиги текшерилет:
- товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана аларды пайдалануу укугун берүү жөнүндө арыз же товар чыгарылган жердин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү жөнүндө арыз;
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аталышын же аты-жөнүн жашаган/турган жеринин дарегин (даректерин) көрсөтүү;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлдүн, андайлар бар болгондо аты-жөнү жана жашаган/турган жеринин дареги;
- билдирилген белгилери;
- товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана аны пайдапануу укугун берүү же чыгарылган жерин (географиялык объектинин чегин) көрсөтүү менен товар чыгарылган жердин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү суралган товарларды көрсөтүү;
- товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы;
- өтүнмө берүү, алдын ала экспертиза жүргүзүү жана билдирилген белгилерге экспертиза жүргүзүү үчүн алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патенттик ишенимдүү өкүлгө, өтүнмө ээсинин өкүлүнө берилген ишеним кат;
- компетенттүү органдын (органдардын) өтүнмө ээсинин көрсөтүлгөн географиялык объектте жайгашкандыгы жана өзгөчө касиеттери ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же болбосо жаратылыш шарттары жана адам факторлору менен бир учурда аныкталган товарды чыгаргандыгы жөнүндө корутундусу(лары);
- товар чыгарылган өлкөдө бирдирилген товар чыгарылган жердин аталышына чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун ырастоочу документ;
- мамлекеттик же расмий тилде берилбеген өтүнмөгө тиркелген документтердин котормолору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга, иштетүүгө, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу жүзүндөгү макулдугу.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө ушул пунктчанын үчүнчү-он төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин болушу текшерилет.
Өтүнмө берүү күнү ушул Эрежелердин 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин келип түшкөн күнү боюнча, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда - берилген документтин акыркысы келип түшкөн күнү боюнча белгиленет.
Ушул пунктчанын он үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосун бергенге чейин тапшырылган документтер келип түшкөн жок деп эсептелет.
Ушул пунктчанын бешинчи, он биринчи, он экинчи, он төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин өтүнмөнүн материалдарында жок болушу же алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга дал келбөөсү өтүнмөнү кароого кабыл алуу жана өтүнмөнүн берилген күнүн белгилөө жөнүндө чечим чыгаруу үчүн тоскоолдук болуп саналышы мүмкүн эмес.
Алдын ала экспертиза жүргүзүү этабында туура эмес тариздөө жана/же өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин жок болуу фактылары аныкталган учурда өтүнмө ээсине өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлоодо аларды берүүнүн жана/же тактоонун, оңдоонун зарылдыгы жөнүндө билдирилет.
4) Кошумча материалдарды сурап алуу.
Эгерде алдын ала экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмө ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды бузуу менен таризделгени белгиленсе, өтүнмө ээсине аныкталган бузууларды көрсөтүү жана аны жөнөткөн күндөн тартып эки айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди берүү сунушу менен сурам жиберилет.
Сурамдын негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү, алтынчы-тогузунчу абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин өтүнмөнүн материалдарында жок болушу;
- алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документте ыйгарым укуктуу уюмдун белгиленген эсебине алымдын төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтын жоктугу;
- төлөнгөн алымдын суммасынын белгиленген өлчөмгө дал келбөөсү.
Эгерде өтүнмө ээси тарабынан берилген жооп суралган маалыматтарды жана/же документтерди толук өлчөмдө камтыбаса, ага сурам экинчи ирет жиберилиши мүмкүн.
Экспертизанын сурамына жооп берилбегенде, өтүнмө ээси тарабынан жооп берүүнүн белгиленген мөөнөтү бузулганда жана бул мөөнөттөрдө аны узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбегенде өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет жана бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
5) Өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим.
Өтүнмөнүн материалдары ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш келгенде, ошондой эле өтүнмө ээси тарабынан суралган маалыматтар жана документтер өз убагында берилген учурларда өтүнмө берилген күндү көрсөтүү менен өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жиберилет.
Өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим менен өтүнмө ээси Мыйзамда жана ушул Эрежелерде каралган башка маалыматтарды жана/же документтерди берүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарланышы мүмкүн.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн оң натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ведомствонун расмий сайтына жыйырма жумуш күндүн ичинде Кыргызпатент тарабынан белгиленген форма боюнча берилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтар жарыяланат.
Өтүнмө жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде кайсы болбосун кызыкдар жак жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн каршы пикирин берүүгө укуктуу, ал каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарууда экспертиза тарабынан каралат.
6) Өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим.
Эгерде экспертизанын сурамына өтүнмө ээсинин берген жообу өтүнмө боюнча суралган маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат жана өтүнмө ээсине бул жөнүндө тиешелүү кабарлама жиберилет.
Өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарламада чыгарылган чечим боюнча негиздер келтирилет. Мындай негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- арызда өтүнмө ээсинин көрсөтмөсүнүн жоктугу;
- арызда өтүнмө ээсин көрсөтмөсүнүн ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсү;
- өтүнмөдө товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоо үчүн арналган жана/же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү суралган белгилердин жоктугу;
- өтүнмөдө каттоо жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү же товар чыгарылган жердин катталган аталышын пайдалануу укугун берүү суралган товар көрсөтүлбөсө;
- өтүнмөдө товар чыгарылган жер көрсөтүлбөсө (географиялык объектинин чеги);
- өтүнмөдө товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасынын жоктугу.";
- 26-пунктта:
1-пунктчанын биринчи абзацындагы "Мыйзамдын 27-беренеси" деген сөздөр "өтүнмө берген күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктчада:
төртүнчү абзацтагы "Мыйзамдын 27-беренесинде" деген сөздөр "Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Товарлар чыгарылган жерлеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр)" деген сөздөр "Реестрде" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-пунктчанын экинчи абзацындагы "Мыйзамдын 27-беренесинде" деген сөздөр "Мыйзамдын 34-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктчанын төртүнчү абзацындагы "1 жана 2-тиркемелердин" деген сөздөр алып салынсын;
6-пунктчанын экинчи, үчүнчү абзацтарындагы "Мыйзамдын 27-беренесинде" деген сөздөр "Мыйзамдын 34-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктчада:
экинчи абзацтагы "Мыйзамдын 27-беренеси" деген сөздөр "Мыйзамдын 34-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "Мыйзамдын 28-беренесинин төртүнчү бөлүгү жана 27-беренеси" деген сөздөр "Мыйзамдын 34-беренеси жана 35-беренесинин 6-бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацындагы "өтүнмө ээси сурам алган" деген сөздөр "өтүнмө ээсине сурам жиберилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
-төмөнкүдөй мазмундагы 4-глава менен толукталсын:
"4. Өтүнмөлөрдү өзгөртүп түзүү
29. Товар чыгарылган жердин аталышы жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө тиешелүү түрдө географиялык көрсөтмөгө жана географиялык көрсөтмөнү каттоого өтүнмөгө жана тескерисинче ушул Эрежелердин талаптарын сактаган шартта өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
30. Ушундай өзгөртүп түзүүнүн тартиби Кыргызпатент тарабынан белгиленет.".
3. Каттоого өтүнмө берилген товардык белгинин Кыргыз Республикасында катталган фирмалык аталыштарга окшоштугу же чаташтыруу даражасына чейин окшоштугу жөнүндө маселени чечүүдө Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ЖМКнын электрондук маалыматтар базасы оптималдаштырылганга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестри колдонулат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |