Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
13-пунктчада "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
2-пунктта ", Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган тескеменин 2, 3, 4, 5, 7-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2, 3, 4, 5-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган тескеменин 13-тиркемесинде:
аталышында, 1-пунктта "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр алып салынсын;
3-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) редакциялоо жана которуу сектору.";
10-пункттун 3-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) редакциялоо жана которуу сектору:".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык (мындан ары - башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, анын түзүмүнө аймактарды өнүктүрүү сектору кирет;
2) тармактык саясат бөлүмү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү, анын түзүмүнө кадрдык иштер сектору кирет;
4) сыйлыктар боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүмдөр (секторлор) башкармалыктын (башкармалыктын бөлүмдөрүнүн) курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруу максатында башкармалыктын начальниги Президенттин Администрациясынын башка, анын ичинде ушул башкармалыктын курамына кирбеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Башкармалыктын начальнигинин уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын жана тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын кызмат орундарын айкаштырган эки орун басары болот.
Башкармалыктын начальниги жок мезгилде анын милдетин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальнигинин орун басары болуп саналган тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы аткарат.
Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бир эле учурда аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы болуп саналат жана ал жок мезгилде бөлүм башчынын милдетин аткарат.
Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы башкармалыктын начальниги жана башкармалыктын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы бир мезгилде жок болгон учурда, ошондой эле башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальнигинин милдетин аткарат.
Тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүм башчы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин кадрдык иштер секторунун башчысы же башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы аныктаган бөлүмдүн эксперттеринин бири аткарат.
Сектордун башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин бөлүмдүн башчы жана башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектордун башчысы аныктаган эксперттердин бири аткарат.
Сыйлыктар боюнча сектордун башчысы Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республиканын аймактарындагы иштердин жалпы абалына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына тиешелүү сунуштарды даярдоо;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында) ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген уюштуруучулук маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында) ишин координациялоо;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын республиканын аймактарына жумушчу сапарларын, башка иш-чараларды бөлүмдүн компетенциясынын чегинде уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;
6) белгиленген компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарында кадр саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
9. Аймактарды өнүктүрүү секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат;
1) аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын ишке ашырууну жалпы координациялоону камсыз кылуу.
2.2. Тармактык саясат бөлүмүнүн негизги милдеттери
10. Тармактык саясат бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу:
- экономика (жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен тышкары), тышкы жана ички соода, инвестициялар, туризм, экспорттук контролдоо, тарифтик эмес жөнгө салуу, расмий статистика;
- ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, адал-индустрия, эркин экономикалык зоналар, лицензиялык-уруксат берүү системасынын иштеши;
- өнөр жай, анын ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы;
- монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, метрология, стандартташтыруу, аккредитациялоонун улуттук системасы;
- салык салуу, салыктык эмес кирешелер, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, бажы саясаты;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана анын алдын алуу;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, камсыздандыруу рыногу, финансылык отчеттуулук жана аудит системасы, банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
- мамлекеттик финансыларды башкаруу, мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу, бюджеттик кредиттөө;
- мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик аудит, ички аудит, бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугу;
- тышкы жана ички мамлекеттик карызды башкаруу;
- финансы жана акча-кредит саясатын, баалуу кагаздар рыногун, финансы-кредиттик уюмдарды, төлөм жана банк системасын, ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү;
- автомобиль, темир жол, электр, суу транспорту, жарандык авиация, жол-транспорт комплексин жана коммуникацияларды өнүктүрүү, бул чөйрөдө техникалык регламенттерди сактоо;
- айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резервдер жана токой чарбасы;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук;
- суу жана жер ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштеши, кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоо, Кыргыз Республикасындагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштер;
- этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, мамлекеттин экологиялык коопсуздугу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо;
- геология, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу, анын ичинде бул чөйрөлөрдөгү контролдоо жана көзөмөлдөө;
- отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык көзөмөлдөө;
- архитектура жана шаар куруу, курулуш комплекси, анын ичинде турак жай курулушу жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасы, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө);
- саламаттык сактоо, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
- эмгек, иш менен камсыз кылуу, миграция, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары;
- социалдык коргоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, гендердик саясат;
- билим берүү, анын ичинде баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү маселелери, илим, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштеши, интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү;
- маданият, жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчисинин чечимдерин, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону камсыз кылуу (жалпы мамлекеттик стратегиядан жана өнүктүрүү программасынан, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү пландардан, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актылардан тышкары);
3) мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү башка актылардын долбоорлорунун Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
2.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн негизги милдеттери
11. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан төмөнкү маселелер боюнча камсыз кылуу:
- мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (мыйзамдарды өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун өнүктүрүү боюнча стратегияларды жана концепцияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин координациялоо);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо;
- мамлекеттик органдарды башкаруунун оптималдуу түзүмүн калыптандыруу, мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасында штаттык сандын чегин калыптандыруу;
- жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
2) Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башка актылардын долбоорлорунун стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
12. Кадрдык иштер секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кадрдык чечимдер боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык Президенттин Администрациясынын кадрдык курамын түзүү, Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
3) белгиленген компетенциянын алкагында Президенттин Администрациясында кадрдык процесстерди документтик жактан камсыздоо.
2.4. Сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери
13. Сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары чөйрөсүндө Президенттин мамлекеттик саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле Президенттин атынан башка сыйлыктар маселелери боюнча Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
5) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылары жана башка сыйлыктар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынан жана мыйзамдарынан, Президенттин актыларынан келип чыгуучу башка милдеттерди ишке ашыруу.
3. Башкармалыктын функциялары
14. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө (секторлорго) жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
15. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзөт, алардын ишин өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, башкармалыктын начальнигине киргизет;
2) тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактар боюнча республикадагы коомдук-саясий кырдаалды баалоо, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасы боюнча аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды туруктуу негизде даярдап турат;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарларын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын, шаарлардын мэрлерин жана вице-мэрлерин тийиштүү кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу менен байланышкан маселелерди координациялайт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүү жана аларды таратууну даярдоо жана уюштуруу, ошондой эле башка шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү менен байланышкан башка маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин бөлүмдүн компетенциясынын чегинде координациялайт;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аймактарга жумушчу сапарларына байланыштуу иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аймактарга болгон сапарларына байланыштуу ал жерлерде болуу программаларын, баруу объекттери жана аймактар боюнча аналитикалык материалдарды даярдайт;
7) жер-жерлерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын карайт, зарыл болгон учурда бул максаттар үчүн Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, мамлекеттик жана башка органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн ишке тартат;
8) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте карайт жана киргизет;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында зарыл болгон иш-чараларды даярдоону уюштурат;
10) жер-жерлерде кадр саясатынын абалына, аймактардын жетекчилеринин ишинин жана функциялык даярдыгынын деңгээлине талдоо жүргүзөт;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
12) зарыл болгон учурда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын ишин инспекциялоону жүзөгө ашырат.
16. Аймактарды өнүктүрүү сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- аймактарды, анын ичинде чек ара аймактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- аймактарды өнүктүрүү фонддорун уюштуруу жана иштетүү;
2) туруктуу негизде тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасын баалоо боюнча жыйынды аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды даярдайт;
3) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын жүргүзүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде ушул чөйрөдө пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну жалпы координациялайт;
4) аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык реформа маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат.
3.2. Тармактык саясат бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
17. Тармактык саясат бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлорунун Президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы менен милдеттүү түрдө макулдашып, бөлүм тарабынан чыгарууга даярдалган Президенттин Администрациясынын укуктук актыларынын мазмунуна чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) белгиленген тартипте даярдайт;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдү жана багыттарды өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат.
3.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
18. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик кадр саясаты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
- аймактык, муниципалдык жана башка мамлекеттик кадрлардын резервдерин түзүү жана иштетүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын системасында түзүмдүк өзгөртүп түзүүлөрдү жүргүзүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана регламенттөө;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлоруна Президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча долбоорлорду даярдайт:
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери;
- Министрлер Кабинетинин түзүмүн, Президенттин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү маселелери боюнча Президенттин актылары;
4) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин координациялайт;
5) тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказды бекитүү маселелерин координациялайт, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
19. Кадрдык иштер сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына кадрларды тандоого көмөк көрсөтөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер (кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу, тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу, өргүү жөнүндө, иш сапарлар тууралуу, кадрдык башка маселелер), сектордун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча (сот органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү соттордун судьяларын жана чет өлкөлүк мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу маселелеринен тышкары) чечимдерин даярдайт жана жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
3) Президенттин Администрациясында, анын ичинде "е-Кызмат" автоматташтырылган системасы аркылуу кадрларды эсепке алат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт, анын ичинде:
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине иш сапардык күбөлүктөрдү тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин ооруу баракчаларын тариздейт жана эсебин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин Т-2 формасы боюнча карточкаларын тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин эмгек китепчелерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдарга маалымкат-объективкаларды тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин чет өлкөгө иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды (тизмелерди) туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин сапаттык курамы, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдар жөнүндө маалыматты туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдардын (сот органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү соттордун судьяларын жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилерин кошпогондо) өздүк иштерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторун эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине маалымкат берет;
4) сектордун компетенциясынын алкагында Президенттин Администрациясынын кызматкерлери тарабынан Президенттин Администрациясында кызмат өтөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт;
5) Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясында эмгек тартибин, дресс-кодду сактоону контролдойт;
7) Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жеке (өздүк) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияларды берүүгө көмөктөшөт;
8) Президенттин Администрациясынын кадр маселелери боюнча комиссиясынын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарынын эсебин жүргүзөт, мамлекеттик органдардагы бош кызмат орундары жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде даярдайт;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна класстык чендерди ыйгарууга талапкер мамлекеттик кызматчылар боюнча материалдарды даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын телефондук маалымдамасын даярдоону жүзөгө ашырат;
12) зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жер-жерлерде кадрдык кызматтар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
3.4. Сыйлыктар боюнча сектордун өзгөчө функциялары
20. Сыйлыктар боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен байланышкан комплекстүү маселелерди координациялайт;
2) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйналышын уюштурат жана анын толук жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
4) Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу салтанаттуу аземи менен мамлекеттик иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
5) сыйлоо үчүн берилген материалдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин карайт жана экспертиза жүргүзөт, сыйлоо материалдарын тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизет же аларды кайтарып берүүнү жүзөгө ашырат;
6) бекитилген үлгүлөр жана сыпаттамалар, алардын күбөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарынын белгилерин жана мамлекеттик сый акыларын белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылат;
7) мамлекеттик сыйлыктар фондун жүргүзүүнү уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга консультациялык жардам көрсөтөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча каттарды, кайрылууларды, арыздарды карайт, кызматтык кат алышууну жана почталык кат-кабарларды жөнөтүүнү жүзөгө ашырат;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча чечимдерин белгиленген тартипте даярдайт, жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин өз убагында аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
12) төмөнкүлөрдү өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде элдин тарыхый-маданий руханиятынын негиздерине таянуу менен жана/же Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесине арналган укук колдонуу боюнча калыптанган практиканы эске алуу менен мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын жаңы түрлөрүн киргизүүнү жана колдонуудагы түрлөрүн жоюуну;
- мамлекеттик сыйлыктарды, мамлекеттик сый акыларды, башка сыйлыктарды тапшыруу жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча иш-чараларды өткөрүү аземдерин, атрибутикаларын жана практикасын;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшыруу, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча аналитикалык жана статистикалык иштерди жүргүзөт;
14) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдеринен жана талаптарынан келип чыккан башка функцияларды аткарат.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
21. Башкармалык жана анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор), башкармалыктын жана анын курамына кирген бөлүмдөрдүн (секторлордун) жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
3) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Башкармалыктын начальниги жалпы ыйгарым укуктар менен бирге:
1) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине башкармалыктын курамына кирбеген Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тартиптик чараларды колдонуу жөнүндө, анын ичинде тиешелүү тапшырмаларды аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу фактылары боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
2) Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелине кол коет.
23. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
- Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларынын колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
24. Тармактык саясат бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар тиешелүү маселелерди кароодо Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат.
25. Сыйлыктар боюнча сектор жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылар жана башка сыйлыктар чөйрөсүндө белгиленген эрежелерди жана талаптарды бузуу менен таризделген материалдарды жана документтерди толуктап иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарына, мекемелерине, чыгармачыл бирликтерине кайтарып берүүгө;
2) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде каралган тизмеге киргизилбеген адамдардан Президенттин атына, Президенттин Администрациясына жана/же сыйлыктар боюнча секторго келип түшкөн сунуштарды жана кайрылууларды кароосуз жана/же жоопсуз калтырууга.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
26. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор) өз ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
27. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (аймактык өнүктүрүү жана административдик-аймактык реформа маселелери боюнча);
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
28. Тармактык саясат бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (стратегиялык пландоо, аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык түзүлүш жана административдик-аймактык реформа, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелеринен, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен, жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын маселелерин координациялоо, саясатты иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү, бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо иши, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү, мамлекеттик инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (этностор аралык мамилелер жана маалымат маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мамлекеттик материалдык резерв, токой кызматы маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
- "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун жана башка акционердик коомдордун (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалардын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка чарбакер субъекттердин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Бөлүм Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, эки тараптуу өнүктүрүү фонддору, Кыргызстандын кесиптик бирликтеринин федерациясы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
29. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин (жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарды.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ал башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалык өз ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жүзөгө ашырат.
4. Башкармалыктын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү, анын курамында кодификация сектору иштейт;
2) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы өкүлчүлүгү.
Жогоруда аталган бөлүм, сектор жана өкүлчүлүк башкармалыктын курамындагы (башкармалыктагы бөлүмдүн) түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Президенттин Администрациясынын түзүмүнүн жана штаттык санынын алкагында Президент тарабынан аныкталат.
Башкармалыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
6. Башкармалыктын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президент тарабынан белгиленет.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
2) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда (мындан ары - Конституциялык сот) билдирүү;
4) Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Президенттин Администрациясы кабыл алган чечимдерге укуктук талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) шайкештигин камсыз кылуу;
5) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
6) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ишин өркүндөтүү;
7) кабыл алынган мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин) системалаштыруу жана кодификациялоо, актылардын кагаз нускаларын эсепке алуу жана контролдук абалда кармоо;
8) Президенттин мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен укуктук реформа маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга катышуу;
9) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү маселелери боюнча ишин маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик-болжолдук камсыз кылуу;
10) Президенттин Администрациясында, аткаруу бийлигинин кураторлук кылган органдарында жана башкармалыктын компетенциясынын чегинде башка мамлекеттик органдарда мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу;
11) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын аткарууну камсыз кылуу.
3. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
8. Коюлган милдеттердин жана функциялардын чегинде башкармалык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан башкармалыктын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, консультациялык кеңештердин, анын ичинде ведомстволор аралык кеңештердин ишине катышууга;
3) Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Министрлер Кабинетинин регламентин бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарууга;
4) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Башкармалыктын жетекчилиги
9. Башкармалыкка Президенттин Жарлыгы менен кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкармалыктын начальниги жетекчилик кылат.
Башкармалыктын начальниги башкармалыктын курамына кирген бөлүмдөргө жалпы жетекчилик кылат жана Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана Президенттин Администрациясынын кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары менен болгон мамилелерде алардын атынан чыгат.
10. Башкармалыктын начальнигинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары (мындан ары - бөлүм башчысы) башкармалыктын начальнигинин Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган сунушу боюнча Президенттин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Башкармалыктын начальниги:
1) башкармалыктын ишин пландайт жана уюштурат, башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылат;
2) аткаруу үчүн келип түшкөн документтерди башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
3) Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик жана башка органдардан зарыл маалыматтарды жана башка материалдарды суроого жана алууга укуктуу;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тапшырган маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик жана башка органдардын жетекчилерин чакырат;
5) Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан каралууга тийиш болгон маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин тартат;
6) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги, Конституциялык соттогу өкүлчүлүгүнө башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпы жетекчилик кылат;
7) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
8) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелерди кароодо Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасында - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
9) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлоруна, башкармалыктын кароосуна келип түшкөн, башкармалыктын компетенциясына кирген башка документтерге кол коёт;
10) башкармалыкта жашыруундуулук режимин сактоону жана мыйзамдарга ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтарды таратууга жол бербөөнү камсыз кылат;
11) башкармалыктын кызматкерлеринде болгон документтердин аткарылышына контролдоону камсыз кылат;
12) башкармалыктын компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
13) башкармалыктын кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата тартиптик жазаларды колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
14) башкармалыктын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Бөлүм башчысы:
1) башкармалыктын начальниги жок учурда аны алмаштырат, анын ичинде башкармалыктан чыккан кызматтык документтерге кол коюуга укуктуу;
2) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
3) башкармалыкта иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча башкармалыктын кароосуна келип түшкөн документтерди жана кайрылууларды башкармалыктын кызматкерлеринин арасында бөлүштүрөт;
5) башкармалыктын начальниги жок учурда, ошондой эле анын тапшырмасы боюнча башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасында - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
6) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча эксперттик-аналитикалык маалымкаттарды жана мыйзам чыгаруу ишинин маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
7) жарандык коомдун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
8) башкармалыктын начальниги тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү
13. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт.
14. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын жана башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Бөлүмдүн башкы эксперттери, эксперттери, сектор башчысы бөлүм башчысынын жана башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
2) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
3) белгиленген тартипте укуктук талдоо жүргүзүү жана Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси кабыл алган чечимдердин мыйзамдарга шайкештигин камсыз кылуу.
17. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Президентке кол коюуга киргизилүүчү мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзүү;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте кайтаруу үчүн Президенттин мыйзамдарга карата каршы пикирлерин даярдайт;
3) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлорун жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтерди иштеп чыгуу;
4) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) жана башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана башка укуктук документтердин долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
5) мыйзам чыгаруу иши боюнча аналитикалык материалдарды даярдоо;
6) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
7) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө укуктук консультация берүү.
18. Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн бөлүм төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына өз ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмаларды берүү;
2) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
19. Бөлүм башчысы:
1) төмөнкү иштерди уюштурат:
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, Президенттин кол коюусуна келип түшкөн мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзүү боюнча;
- Президент, Министрлер Кабинети жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси кабыл алган чечимдерге укуктук талдоо жүргүзүү жана мыйзамдарга шайкештигин камсыз кылуу боюнча;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө ченемдик укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча методикалык жардам көрсөтүү боюнча;
2) бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан укуктук экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган корутундуларды; мамлекеттик органдардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, жарандардын жана уюмдардын каттарына жана суроо-талаптарына, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларына жооптордун долбоорлорун текшерет;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Бөлүм башчынын орун басары:
1) кол коюу үчүн Президентке киргизилген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келбеген учурда Президенттин каршы пикирлеринин долбоорлорун даярдайт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлоруна жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын кароосуна келип түшкөн башка документтерге бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча укуктук экспертиза жүргүзөт;
3) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери даярдаган корутундулардын долбоорлорун жана мамлекеттик органдарга жана жарандарга жооптордун долбоорлорун текшерет;
4) бөлүмдүн аткаруусундагы документтерди көзөмөлдөйт жана алардын өз убагында аткарылышы жөнүндө актуалдуу маалыматтарды даярдайт;
5) бөлүм башчысы жок учурда аны алмаштырат, анын ичинде бөлүмдөн чыккан кызматтык документтерге кол коюуга укуктуу.
21. Кодификация секторунун башчысы:
1) кабыл алынган мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин) системалаштырууну жана кодификациялоону жүзөгө ашыруу боюнча ишти белгиленген тартипте уюштурат;
2) сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентти, Министрлер Кабинетинин Төрагасын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисин, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарларын жана түзүмдүк бөлүмдөрдү маалымдама-маалыматтык тейлөөнү уюштурат.
22. Бөлүмдүн башкы эксперти:
1) бөлүмдүн компетенциясынын алкагында тиешелүү тармактар боюнча министрликтерди жана административдик ведомстволорду тескейт;
2) зарыл болгон учурда бөлүм башчысынын орун басарын алмаштырат;
3) бөлүмдүн жана башкармалыктын жетекчилигинин бөлүштүрүүсү боюнча бөлүмдүн эксперттерин тескейт;
4) кол коюу үчүн Президентке киргизилген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келбеген учурда Президенттин каршы пикирлеринин долбоорлорун даярдайт;
5) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин жана Президенттин Администрациясынын кароосуна келип түшкөн башка документтерге укуктук экспертиза жүргүзөт;
6) бөлүмдүн компетенциясынын алкагында Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жалпылайт, талдайт жана даярдайт;
8) Президенттин Администрациясынын кызматкерлери менен мыйзамдарды колдонуу боюнча консультациялык иштерди жүргүзөт;
9) өзүнүн функциялык милдеттерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
23. Бөлүмдүн эксперти:
1) кол коюу үчүн Президентке киргизилген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келбеген учурда Президенттин каршы пикирлеринин долбоорлорун даярдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлоруна жана Президенттин кароосуна жана Президенттин Администрациясына келип түшкөн башка документтерге укуктук экспертиза жүргүзөт;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди иштеп чыгат жана даярдоого катышат, алар боюнча корутундуларды даярдайт;
4) Президенттин Администрациясынын кызматкерлери менен мыйзамдарды колдонуу боюнча консультациялык иштерди жүргүзөт;
5) өзүнүн функциялык милдеттерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5.1. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
24. Укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин тескейт (жаза аткаруу системасынын, соттук-эксперттик иштин жана пробациянын маселелерин кошпогондо);
2) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлорун жөнгө салуу предметине жараша бардык мамлекеттик органдар, аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
6. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги, Конституциялык соттогу өкүлчүлүгү
25. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги, Конституциялык соттогу өкүлчүлүгүнүн (мындан ары - өкүлчүлүк) ишине жетекчилик кылуу төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү (мындан ары - Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүл) - Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүктү камсыз кылуу бөлүгүндө;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү (мындан ары - Конституциялык соттогу туруктуу өкүл) - Конституциялык соттогу өкүлчүлүктү камсыз кылуу бөлүгүндө.
Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүл башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
26. Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн орун басары болот, ал Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн жана башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
27. Өкүлчүлүктүн эксперттери туруктуу өкүлдүн жана башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
28. Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүктү камсыз кылуу бөлүгүндө өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Жогорку Кеңеште Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүү;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жогорку Кеңеш менен натыйжалуу жана оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мыйзам чыгаруу демилгелеринин Жогорку Кеңеште өтүшүн контролдоону камсыздоо.
29. Өкүлчүлүк Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүктү камсыз кылуу бөлүгүндө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Жогорку Кеңеште, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө таратылуучу зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды алат;
2) Жогорку Кеңештин комитеттерине, убактылуу комиссияларына, депутаттык фракцияларына жана Аппаратына өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды алуу үчүн кайрылат;
3) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, министрликтерден, административдик ведомстволордон жана аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлчүлүктүн иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте сурайт жана алат;
4) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жогорку Кеңеште "Министрлер Кабинетинин күнүнө" жана "Министрлер Кабинетинин саатына" материалдарды даярдоо боюнча ишин координациялайт;
5) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерине Жогорку Кеңештин иши, Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жөнүндө маалымдайт;
6) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан киргизилүүчү мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларын өз убагында даярдоо боюнча ишин жалпы координациялоону камсыз кылат;
7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында "Ар түрдүү маселелер" бөлүмүндө айтылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын аткаруу боюнча тиешелүү иштерди жүзөгө ашырат;
8) Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга Президенттин каршы пикирлерин билдирет;
9) Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлору кабыл алынган учурда Президенттин, Министрлер Кабинетинин позициясын билдирет;
10) Президент тарабынан киргизилген талапкерлерди шайлоо, бошотуу, ошондой эле аларга макулдук берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңешке сунуштайт;
11) Президенттин тапшырмасы боюнча айрым жерлерде өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө; Кыргыз Республикасына агрессия же түздөн-түз агрессия коркунучу болгон учурда согуштук абалды жарыялоо, согуштук абалды киргизүү жөнүндө Президенттин жарлыктарын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
12) Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын жана/же кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө Президенттин сунуштарын, ошондой эле анда каралууга тийиш болгон маселелерди сунуштайт;
13) Президенттин Жогорку Кеңешке ар жылдык кайрылууларын жана Жогорку Кеңештин кароосуна Президент тарабынан киргизилүүчү башка документтерди даярдоого катышат;
14) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун жетекчилиги менен өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, жолугушууларды уюштурууга көмөк көрсөтөт;
15) Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү бөлүгүндө эксперттик жана жумушчу топтордун жана аткаруу бийлигинин органдарынын жана Президенттин Администрациясынын кызмат адамдарынын ишин координациялайт;
16) Министрлер Кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетун Жогорку Кеңеште уюштуруучулук жактан коштойт;
17) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеште кароо жана учурдагы жылга республикалык бюджеттин аткарылышы процессин координациялоону жүзөгө ашырат;
18) Жогорку Кеңештин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдарынын келүүсүн камсыз кылууда Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөк көрсөтөт;
19) өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды министрликтерге, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт, зарыл болгон учурда Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, башкармалыктардын начальниктеринин тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
20) фракциялардын, комитеттердин жыйналыштарына жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдарын Жогорку Кеңеште Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелер боюнча чакырат.
30. Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүктү камсыз кылуу бөлүгүндө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруунун алкагында өкүлчүлүк төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүүгө, зарыл болгон учурда Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тиешелүү тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоого;
2) фракциялардын, комитеттердин жыйналыштарына жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдарын Жогорку Кеңеште Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелер боюнча чакырууга.
31. Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүл төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) Президентте болгон кеңешмелерге, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринде болгон кеңешмелерге катышууга;
2) өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан документтердин жана тапшырмалардын аткарылышын контролдоого;
3) Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин позициясын билдирүү менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан чыгууга;
4) Президент каршы пикир менен кайтарган мыйзамдар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
5) Президент тарабынан четке кагылган мыйзамдын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу процессине катышууга;
6) Жогорку Кеңештин Төрагасында жума сайын өтүүчү координациялык кеңешмелерге катышууга, Жогорку Кеңештин календардык жана учурдагы иш пландарын түзүүдө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын эске алууну камсыз кылууга;
7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атайын чечимисиз катышууга;
8) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште жана анын органдарында кароодо расмий өкүлдөрдүн (мыйзам долбоорлору боюнча баяндамачылардын) позициялары туура келбеген учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий позициясын айтууга;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышуусун контролдоого;
10) мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнүн катышуусу мүмкүн болбогон учурда, аларды убактылуу алмаштыруу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин Төрагасы, фракциялардын, комитеттердин жетекчилери менен оперативдүү тартипте макулдашууга;
11) зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырууга жана Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери, Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тапшырган, өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелерди оперативдүү тартипте чечүү үчүн тиешелүү тапшырмаларды берүүгө укуктуу;
12) зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан каралууга тийиш болгон маселелерди даярдоого катышуу үчүн тартууга, өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча алардын маалыматын угууга;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча жана жеке демилгеси боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
14) Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар банкынан, анын ичинде өкмөттүк маалыматтар банкынан, анын ичинде өкмөттүк маалыматтар банкынан, байланыш жана коммуникациялар системасынан, башка техникалык каражаттардан белгиленген тартипте пайдаланууга;
15) өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
32. Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн орун басары төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) туруктуу өкүл жок учурда анын ордун алмаштырууга;
2) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атайын чечимисиз Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышууга;
3) министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жогорку Кеңеште "Министрлер Кабинетинин күнүнө" жана "Министрлер Кабинетинин саатына" материалдарды даярдоо боюнча ишин координациялоого;
4) Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште жана анын органдарында кароодо расмий өкүлдөрдүн (мыйзам долбоорлору боюнча баяндамачылардын) позициялары туура келбеген учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий позициясын айтууга;
5) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышуусун контролдоого;
6) мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнүн катышуусу мүмкүн болбогон учурда, аларды убактылуу алмаштыруу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин Төрагасы, фракциялардын, комитеттердин жетекчилери менен оперативдүү тартипте макулдашууга;
7) Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткарууну координациялоого;
8) Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялоого;
9) Президент четке каккан мыйзамдын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссияларынын ишине катышууга;
10) Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн же башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
33. Өкүлчүлүктүн эксперттери:
1) Жогорку Кеңештин, фракциялардын жана комитеттердин жыйналыштарына киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды изилдейт;
2) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарды даярдайт;
3) өкүлчүлүктүн жетекчилигине Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарына катышуу үчүн зарыл материалдарды өз убагында берүүнү камсыз кылат;
4) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына маалыматтык-талдоо материалдарын, отчетторду даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;
5) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген жана Жогорку Кеңеш менен Президенттин кароо процессинде турган мыйзам долбоорлорунун электрондук маалымат базасын түзөт жана контролдук абалда кармайт;
6) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлорунун даярдалышына мониторинг жүргүзөт;
7) Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшүн талдайт;
8) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен "Министрлер Кабинетинин күнүнө" жана "Министрлер Кабинетинин саатына" материалдарды, Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды даярдоодо өз ара аракеттенет;
9) Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин жыйналыштарына чакырылган аткаруу бийлигинин органдарынын башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууда Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөк көрсөтөт;
10) Президент четке каккан мыйзамдын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссияларынын ишине катышат;
11) Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Президент четке каккан мыйзамдын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссияларынын ишине катышат;
12) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка материалдарды иштеп чыгат жана даярдоого катышат;
13) Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин жыйналыштарына катышат;
14) Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлдүн жана анын орун басарынын, ошондой эле башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6.1. Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү
34. Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
35. Конституциялык соттогу туруктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Конституциялык сотто Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүү;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Конституциялык соттун ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.
36. Конституциялык соттогу туруктуу өкүл өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атайын чечимисиз Конституциялык соттун жыйналыштарына белгиленген тартипте катышууга;
2) "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында жана Конституциялык соттун регламентинде каралган бардык учурларда конституциялык сот өндүрүшүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан чыгууга;
3) Конституциялык соттун судьяларынын суроо-талаптары боюнча Конституциялык сот карап жаткан маселелер боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин позициясын билдирүүгө;
4) Конституциялык сотко кароо үчүн Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген материалдарды даярдоого катышууга;
5) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан Конституциялык сотко киргизүү болжолдонгон кайрылуулардын долбоорлорун Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине берүүгө;
6) Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча Президент, Министрлер Кабинети Конституциялык сотко кайрылуу жиберген негиздерди тактоого жана өзгөртүүгө;
7) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин кайрылууларын Конституциялык соттун жыйналышында ишти кароо башталганга чейин кайтарып алууга;
8) Конституциялык соттун жыйналыштарына Президенттин, Министрлер Кабинетинин кайрылуусунда баяндалган Президенттин, Министрлер Кабинетинин позициясына зарыл болгон тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
9) Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө, зарыл учурларда Президентке жана Министрлер Кабинетине Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
10) Конституциялык соттун иши жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине маалымдоого;
11) Конституциялык сот тарабынан конкреттүү иштерди кароодо Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук позициясын иштеп чыгуу жана кызыкчылыктарын билдирүү үчүн корутундуларды өз убагында даярдоо боюнча өз ара аракеттенүүгө жана алардын ишин координациялоого;
12) ишти Конституциялык сотто угууга даярдоодо зарыл болгон корутундуларды, материалдарды жана башка маалыматтарды Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
13) өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды алуу үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратына кайрылууга;
14) зарыл болгон учурларда Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине өз ишинин айрым багыттары боюнча эксперттик жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө, ошондой эле өзүнүн функцияларын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн белгиленген тартипте Президенттин Администрациясынын, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, окумуштууларды жана көз карандысыз эксперттерди тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
15) белгиленген тартипте маалыматтар банкынан, анын ичинде өкмөттүк маалыматтар банкынан, байланыш жана коммуникациялар системасынан, Президенттин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын башка техникалык каражаттарынан пайдаланууга;
16) Конституциялык сотто Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүү менен байланышкан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
37. Конституциялык соттогу туруктуу өкүл жок учурда анын ордун башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча бөлүмдүн башчысы алмаштырат.
7. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
38. Конституциялык соттогу туруктуу өкүл бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- Конституциялык сот, Конституциялык соттун аппараты;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар.".
39. Өкүлчүлүк өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин Аппараты;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы (мындан ары -башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) башкаруу милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) контролдоо бөлүмү;
2) кырдаалдык борбор;
3) жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүм, борбор жана сектор башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын курамына кирген бөлүмдөрдү жалпы жетектеген башкармалыктын начальниги башкарат.
Башкармалыктын начальнигинин контролдоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Бөлүм башчы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги жокто кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Бөлүм башчынын - башкармалыктын начальнигинин орун басарынын орун басары болот, ал бөлүм башчы жок мезгилде аны алмаштырат.
Кырдаалдык борборду директор жетектейт, анын орун басары болот.
Кырдаалдык борбордун директорунун орун басары кырдаалдык борбордун директору жок болгон мезгилде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторду сектор башчысы башкарат. Сектор башчысы жок болгон мезгилде аны башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектор башчысы аныктаган сектордун эксперттеринин бири алмаштырат.
7. Башкармалыктын жарандардын жана юридикалык жактардын актыларын, тапшырмаларын, каттарын жана кайрылууларын контролго коюу жана контролдон алуу үчүн пайдаланылуучу мөөрлөрү бар.
2. Башкармалыктын милдеттери
8. Башкармалык белгиленген компетенциясынын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмгө, борборго жана секторго жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. Контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аткаруу тартибин сактоо деңгээлин контролдоо жана баалоо маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;
2) мыйзамдарды, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле башка контролдук документтерди талаптагыдай кароону камсыз кылуу.
2.2. Кырдаалдык борбордун негизги милдеттери
10. Кырдаалдык борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштин ар кандай чөйрөсүндөгү учурдагы абалды терең талдоонун негизинде башкаруу боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алуу процессинде Президентти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоону камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын ишин координациялоо боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;
3) Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине өлкөнүн коомдук-саясий абалынын өзгөрүшүнө, анын ичинде кризистик кырдаалдарда натыйжалуу чара көрүү боюнча сунуштарды даярдоо.
2.3. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери
11. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына, Президенттин Администрациясына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын талаптагыдай кароону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштуруу;
3) Президенттин коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама), зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жарандарды кабыл алууну уюштуруу.
3. Башкармалыктын функциялары
12. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмгө, борборго жана секторго жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Контролдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
13. Контролдоо бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарды, Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларынын өз убагында жана толук аткарылышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын каралышын, башка контролдук документтерди;
- жалпы улуттук долбоорлорду ишке ашырууну;
- Президенттин Кыргызстандын элине жыл сайын кайрылууларынан келип чыгуучу тапшырмаларды ишке ашырууну;
2) текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине маалымдайт жана алардын негизинде аткаруу тартибин бузууларды алдын алуу жана аныкталгандарын жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;
3) мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды актыларды жана тапшырмаларды аткарууда мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата, анын ичинде Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактар жана сунуштары менен даярдайт жана Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
4) аныкталган бузууларды, мыйзамдарды, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын кароону, башка контролдук документтерди талаптагыдай эмес аткаруу фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;
5) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын, башка контролдук документтерди талаптагыдай эмес аткарууга жол берген кызмат адамдарына карата тиешелүү органдардын жетекчилери тарабынан тартиптик жоопкерчилик чараларынын колдонулушун белгиленген тартипте контролдоону камсыз кылат;
6) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен контролдук документтерди салыштырып текшерет, актылардын, тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин (Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилген тапшырмалар бөлүгүндө) контролдойт жана тапшырмаларды аткарууну контролдон алуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
8) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча актыларды жана тапшырмаларды аткарууну контролдоо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;
9) контролдо турган актылардын электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт;
10) башкармалыктын карамагында болгон тиешелүү документтерди түзөт жана архивге берет.
3.2. Кырдаалдык борбордун өзгөчө функциялары
14. Кырдаалдык борбор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) башкаруу милдеттерин аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын маалыматтык жана башка маалымат базаларына кошулуу аркылуу маалыматтык-аналитикалык системаларды, программалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултат жана иштеп чыгат;
2) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтардын, ошондой эле ар кандай булактардан алынган башка маалыматтардын негизинде төмөнкү маселелерге тиешелүү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт, жалпылайт жана талдайт:
- мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо;
- улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
- жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
- кылмыш-жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши, соттук-эксперттик иш;
- иштин башка чөйрөлөрү;
3) борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен контролду жүзөгө ашырат;
4) улуттук коопсуздук кызыкчылыгында менчигинин түрүнө карабастан стратегиялык багыттагы объекттерди башкаруучу уюмдар менен алардын карамагында болгон маалыматтар базасына кошулуу жана Президенттин Администрациясынын маалыматтар базасын түзүү үчүн маалымат алуу үчүн белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
5) борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын ишин координациялайт:
- коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
- коргоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо;
- жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
- кылмыш-жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши;
- соттук-эксперттик иш;
6) борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн маалыматтык системаларды, маалыматтар базасын, башка техникалык каражаттарды түзөт, пайдаланат жана өркүндөтөт;
7) борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясына даректелген каттардын жана кайрылуулардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдойт;
8) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
3.3. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун өзгөчө функциялары
15. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына жана Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылууларын кароону жана эсепке алууну уюштурат;
2) чечүү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын таандыктыгы боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка мамлекеттик мекемелерге кароого жиберет, алардын талаптагыдай каралышын контролдойт, зарыл болгон учурда жарандардын кайрылууларын кароонун жакындап калган мөөнөттөрү жөнүндө эскертүүлөрдү жиберет;
3) Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууну уюштурат, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына, Президенттин Администрациясына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат, талдайт;
5) мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды жарандардын кайрылууларын кароодо, анын ичинде Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кароодо мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактар жана сунуштар менен даярдайт жана Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
6) аныкталган бузууларды, жарандардын кайрылууларын талаптагыдай эмес кароо фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;
7) секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен контролду жүзөгө ашырат;
8) жарандардын кайрылууларын Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен салыштырып текшерет, жарандардын кайрылууларын кароонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
9) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;
10) сектордун карамагында турган тиешелүү документтерди түзөт жана архивге берет.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
16. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүм, борбор жана сектор, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жаппы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ болот.
17. Башкармалык жалпы ыйгарым укуктары менен катар эле төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында текшерүүлөрдү, ошондой эле мыйзамдарды, Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тапшырмаларын, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдук документтерди аткарууну контролдоо боюнча башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүлөрдү жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдук документтерди аткарууну контролдоо максатында Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жооптуу кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен атайын комиссияларды, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөөгө;
4) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызмат адамдарын оозеки угууга жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылууга;
5) суралган маалыматты өз учурунда бербегендиги, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана башка чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдогу документтерди талаптагыдай каралбагандыгы үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизүүгө;
6) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана башка чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле кызматтык жорук жасоого жол бергендиги үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү, бошотуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизүүгө;
7) текшерүүлөрдүн натыйжасында аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберүүгө, ошондой эле алар боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалары тууралуу маалыматтарды талап кылууга;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
9) мамлекеттик органдардын мамлекеттик, ошондой эле атайын байланыш жана коммуникация системаларын, маалыматтык базаларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
10) белгиленген тартипте жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басарлары менен макулдашуу боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө;
- аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызматкерлерине жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө;
11) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга, башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоого;
12) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча аңгемелешүү жүргүзүүгө жана тейлеген мамлекеттик органдардагы Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген жетектөөчү кызмат орундарына талапкерлерди киргизүүгө;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын ишке ашыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу, башка контролдук документтерди кароо боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
14) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары боюнча колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткарылган жоопторду жеткире иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте кайтарууга;
15) кайрылууларда коюлган маселелерди контролдоо, чечүү максатында жерине баруу менен айрым арыздарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
16) жарандардан келип түшкөн кайрылууларды Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине, прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге кароого жиберүүгө, аларды кароонун жүрүшүн жана аларга жооптордун жиберилишин көзөмөлдөөгө.
18. Башкармалыктын начальниги башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин актыларынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;
2) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
3) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сунуштарды киргизет;
4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу;
6) зарыл болгон учурда башкармалык тейлеген мамлекеттик органдардагы жетекчи кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт.
19. Бөлүм башчы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сактоолорун камсыз кылат;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин актыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарууну контролдоону уюштурат;
3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сунуш киргизет;
5) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелөөгө укуктуу;
6) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу.
20. Бөлүм башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) бөлүм башчысы менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарууну контролдоону уюштурат;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка контролдук документтердин Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, министрликтер, Мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында аткарылышын контролдойт;
4) жума сайын жана квартал сайын контролдук документтерди аткаруунун абалы жөнүндө отчетторду белгиленген форма боюнча түзүүнү уюштурат, түзүмдүк бөлүмдөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча сандык жана сапаттык талдоо жүргүзөт;
5) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоону уюштурат;
6) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
8) бөлүм башчысы тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
21. Кырдаалдык борбордун директору башка ыйгарым укуктар менен катар эле:
1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте борбордун кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишинин талаптагыдай уюштурулушун жана кызматтык тартипти сакташын камсыз кылат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
3) жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш эмес маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
4) зарыл болгон учурда белгиленген тартипте борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча ишке катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартат;
5) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
6) борбордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Кырдаалдык борбордун директорунун орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар эле:
1) борбордун директору менен биргеликте борбордун кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) борбордо иш кагаздарынын талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
3) борбордун иш пландарынын долбоорлорун түзүүнү, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) борбордун директору менен макулдашуу боюнча борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
5) борбордун директорунун тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
6) борбордун директору тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
23. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар эле тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине, прокуратура органдарына жана компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге жиберилген коштоочу каттарга кол коёт.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
24. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүм, борбор жана сектор ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара тыгыз аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
25. Кырдаалдык борбор белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мамлекеттик материалдык резерв, токой кызматынын маселелерин кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (кылмыш-жаза аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин.".
|
| 4-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү, анын түзүмүнө ТӨМ жана донордук жардамга мониторинг сектору кирет;
2) санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм.
Жогоруда аталган бөлүмдөр (сектор) башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктын бөлүмдөрү) болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.
Башкармалыктын начальнигинин стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Бөлүм башчы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги жокто кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин ТӨМ жана донордук жардамга мониторинг секторунун башчысы же бөлүм башчы аныктаган башкы эксперттердин бири аткарат.
Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал жок мезгилде аны алмаштырат.
Бөлүм башчылары башкармалыктын начальнигинин жетекчилиги астында иштейт.
Сектор башчысы жок болгон мезгилде аны бөлүм башчы жана башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектордун башчысы аныктаган сектордун эксперттеринин бири алмаштырат.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторго жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын төмөнкү маселелер боюнча ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана башка жактан камсыз кылуу:
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык пландоо, анын ичинде стратегиялык маанидеги долбоорлорду башкаруу;
- жашыл экономика;
- этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомду гуманитардык жана руханий жактан өнүктүрүү, мамлекеттик тилди жана тил саясатын, динди өнүктүрүү;
2) "Өкмөттүк акселераторлор" механизми аркылуу реформаны натыйжалуу жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу;
3) өлкөнү инновациялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
9. ТӨМ жана донордук жардамга мониторинг секторунун негизги милдети болуп Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын төмөнкү маселелер боюнча ишин камсыз кылуу саналат:
- Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (мындан ары - ТӨМ) ишке ашыруу;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо;
- өнүктүрүү, донордук жана гранттык жардамды тартууну координациялоо боюнча эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү (тармактык жөнгө салуу маселелерин кошпогондо).
2.2. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн негизги милдеттери
10. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн негизги милдети болуп төмөнкү маселелер боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана уюштуруучулук жактан камсыздоо саналат:
- мамлекеттик башкарууну санариптик өнүктүрүү, электрондук кол тамга, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук башкаруу, жеке маалыматтарды коргоо, электр жана почта байланышы;
- санариптик көндүмдөрдү, интернетти жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын башка түрлөрүн өнүктүрүү;
- санариптик мамлекетти куруу чөйрөсүндө демилгелерди ишке ашыруу;
- калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо инфраструктурасын, архив ишин өнүктүрүү;
- маалыматтарды түзүүнүн, иштеп чыгуунун, сактоонун, берүүнүн жаңы методдоруна негизделген мамлекеттик башкаруунун санариптик экономикасын, ошондой эле санариптик компьютердик технологияларды өнүктүрүү.
3. Башкармалыктын функциялары
11. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө (секторго) жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
12. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын жана аларды ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар пландарын иштеп чыгат;
2) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аныкталган стратегиялык маанидеги долбоорлорду башкарат;
3) тышкы жана ички факторлордун таасирин эске алуу менен Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча реформаларга комплекстүү мониторинг жана талдоо жүргүзөт, тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды, анын ичинде ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерди, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерди оңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча тиешелүү жылга Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
5) дүйнөдөгү жана региондогу экономикалык кырдаалды талдайт, потенциалдуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды баалайт жана иштеп чыгат;
6) Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
7) өлкөдөгү иштердин абалы жана Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары, гуманитардык жана руханий өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө Президенттин Кыргызстан элине ар жылдык кайрылуусун даярдоону камсыз кылат;
8) орто мөөнөттүү стратегияларды жана өнүктүрүү саясатын түзүү, мамлекеттик стратегиялык пландоонун методологиясын жана укуктук негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
9) "жашыл" экономиканы өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана демилгелерди иштеп чыгат жана илгерилетет, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитеттин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
10) жарандык өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат, мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү, "Манас" эпосу жана тарых илими маселелерин координациялайт;
11) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо, мамлекеттик-улуттук курулушту өнүктүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, этностор аралык мамилелер, дин, мамлекеттик тил, "Манас" эпосу жана тарых илими жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү сунуштарды иштеп чыгат;
12) Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылат;
13) Президентке караштуу Улуттук биримдикти чыңдоо жана дин саясаты боюнча эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык жактан камсыз кылат;
14) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, тейлеген багыттары боюнча, анын ичинде этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомду гуманитардык жана руханий жактан өнүктүрүү, дин, мамлекеттик тил жана тил саясаты, "Манас" эпосу жана тарых илими маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана жол-жоболук коштойт.
13. ТӨМ жана донордук жардамга мониторинг сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) улуттук өнөктөштөр - министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ТӨМдү адаптациялоо, ишке ашыруу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү процессине тартылган башка уюмдар жана адамдар тарабынан ТӨМдү ишке ашырууга жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана адаптациялоого багытталган чаралардын ишке ашырылышын координациялайт жана көмөк көрсөтөт;
2) Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеште орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жактыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
3) Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын жактыруу боюнча иш жүргүзөт;
4) тиешелүү жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсүн жактыруу боюнча иш жүргүзөт;
5) саясатты аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык финансы институттары, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, изилдөө институттары менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялайт;
6) тышкы жардамды тартуу процессин координациялоо бөлүгүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенет (тармактык жөнгө салуу маселелерин кошпогондо);
7) эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүүчү донордук жана гранттык жардамдарга мониторинг жүргүзүүнү координациялайт;
8) Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин аянтчасында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен диалогду уюштурууну туруктуу негизде жүзөгө ашырат, Координациялык кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
9) гранттык жана донордук жардамды тартуу боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт;
10) тейлеген багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, аларга экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
3.2. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн өзгөчө функциялары
14. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) санариптик өнүктүрүү, электрондук кол тамга, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук башкаруу, жеке маалыматтарды коргоо, электр жана почта байланышы, ошондой эле калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо инфраструктурасын, архив ишин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, башка документтердин долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
15. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр жана сектор, башкармалыктын жетекчиси жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Мамлекеттик катчыга аналитикалык жана маалымдама материалдарды, өлкөнү өнүктүрүүнүн ар кандай багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жана талдоонун негизинде сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
3) тейлөөчү мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, ошондой эле аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды жетекчиликтин кароосуна киргизүүгө укуктуу;
4) Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
5) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
16. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр жана сектор өз ишин компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
17. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү:
1) тейлеген багыттары боюнча "Кыргызстан элинин ассамблеясы" коомдук бирикмеси, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (стратегиялык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ТӨМ, жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо маселелерин координациялоо, саясатты иштеп чыгуу жана эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо, уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүүчү донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик инвестициялар жана эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (этностор аралык мамилелер бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун;
- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин;
- "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин;
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын (комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу);
- Кыргызстан элинин "Мурас" тарыхый жана маданий мурастар фондун (улуттук-мамлекеттик курулуш бөлүгүндө);
- "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти чыңдоо жана дин саясаты боюнча эксперттик кеңештин (эксперттик кеңештин ишин уюштуруу-методикалык камсыздоо);
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
18. Санариптик өнүктүрүү бөлүмү төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүү маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, акционердик коомдордун жана башка чарбалык субъекттердин;
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.".
|
| 5-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүмдүн курамына төмөнкүлөр кирет:
1) протокол кызматы;
2) Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор (мындан ары - ЕАЭБ иштери боюнча сектор).
Кызмат жана сектор бөлүмдүн курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Бөлүмдүн кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Бөлүмдү бөлүмдүн башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.
Бөлүм башчынын эки орун басары болот, алардын бири протокол кызматынын жетекчиси болуп саналат.
Бөлүм башчы жок болгон мезгилде анын милдетин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу маселелерин тейлеген бөлүм башчынын орун басары (мындан ары - бөлүм башчынын орун басары) аткарат.
Бөлүм башчынын орун басары - протокол кызматынын жетекчиси бир учурда бөлүм башчы жана бөлүм башчынын орун басары жок болгон учурда кызматтык документтерге кол коюу укугу менен бөлүм башчынын милдетин аткарат.
Бөлүм башчынын орун басары - протокол кызматынын жетекчиси жок болгон мезгилде анын милдетин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен протокол кызматынын башкы эксперти аткарат.
ЕАЭБ иштери боюнча сектор башчысы жок болгон мезгилде секторду жетектөө жана сектордун маселелери боюнча тиешелүү документтерге кол коюу бөлүм башчы же бөлүм башчынын орун басары тарабынан ишке ашырылат.
7. Бөлүмдүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дипломатиялык рангдар ыйгарылышы мүмкүн.
2. Бөлүмдүн милдеттери
8. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты, эл аралык мамилелер жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишин камсыз кылуу;
2) Президенттин мамлекеттин тышкы саясатын жетектөө боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруусун маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо;
3) тышкы саясаттын бирдиктүү принцибин сактоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын бөлүмдүн компетенциясына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишин координациялоо.
9. Протокол кызматынын негизги милдети Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин протоколдук камсыздоо болуп саналат.
10. ЕАЭБ иштери боюнча сектордун негизги милдети Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) органдарында жана Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бөлүмдүн функциялары
11. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдайт:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын калыптандыруу;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды пландайт жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дипломатиялык кат алышуусун жүргүзөт;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
4) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчисине кыйла актуалдуу эл аралык жана эки тараптуу маселелер боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт;
5) чет мамлекеттердин башчыларынын жана өкмөт башчыларынын республикага, Президенттин мамлекеттер аралык деңгээлде чет өлкөлөргө, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин өкмөттөр аралык эл аралык иш-чаралардын алкагында болгон иш сапарларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
6) мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларга Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына материалдарды даярдоону камсыз кылат;
7) эл аралык укуктук актылардын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жана токтотуу маселелери боюнча чечимдерди даярдоого катышат;
8) дүйнөдөгү саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу системасынын иштөөсү жөнүндө маалыматтарды чогултат, талдайт жана иштеп чыгат, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
9) тышкы саясий чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин натыйжалуулугун талдайт;
10) тышкы саясаттын базалык маселелери жана багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
11) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) ишин координациялайт, ТИМдин коллегиясынын ишине катышат;
12) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет өлкөлөргө иш сапарларынын программаларын макулдашат, бул программаларды аткаруу боюнча программаларды координациялайт;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен иш-чаралар пландалып жаткан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруучу жана камсыз кылуучу даярдоо жана алдынкы топторду кабыл алууга катышат;
14) чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштуруучу жана камсыз кылуучу, мындай топторду жетектөөчү даярдоо жана алдынкы топторду түзүү жана багыттоо боюнча ишти координациялайт;
15) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы иш-чаралардын форматтарын макулдашат;
16) республикалык тышкы саясий органдарда жана алардын чет өлкөдөгү бөлүмдөрүндө мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышат;
17) эл аралык түзүмдөрдөгү квоталык кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн дайындоо маселелерин белгиленген тартипте координациялайт жана илгерилетет;
18) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерин дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин сунуштамасына корутундуларды даярдайт, ошондой эле жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгарат;
19) тышкы саясий жана тышкы экономикалык иштин милдеттерин ишке ашырууда, анын ичинде чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташтыкты түзүүдө жана өнүктүрүүдө координациялайт жана ТИМге көмөк көрсөтөт;
20) Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык комиссияларынын жана кеңештеринин чет мамлекеттер менен ишин координациялайт;
21) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга шарт түзүүчү окутуу семинарларын жана тренингдерди даярдоого жана өткөрүүгө катышат.
12. Протокол кызматы жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) төмөнкүлөрдү протоколдук-уюштуруучулук камсыздоо боюнча ишти координациялайт:
- Кыргыз Республикасына жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чет өлкөлөргө иш сапарларын;
- Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын региондорундагы кеңешмелерин, жыйналыштарын жана жумушчу сапарларын;
2) Президентке, Президенттин жубайына жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине протоколдук маселелер боюнча консультация берет;
3) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы ички мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды протоколдук-уюштуруучулук даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча ишин координациялайт;
4) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды өткөрүүнү Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги менен, республиканын ичиндеги иш-чараларды өткөрүүнү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги менен макулдашат;
5) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторун тариздөө бөлүгүндө ТИМдин ишин координациялайт;
6) Кыргыз Республикасынын протоколдук церемониалын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет.
13. ЕАЭБ иштери боюнча сектор өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды жүзөгө ашырат:
- ЕАЭБ жана ДСУ алкагында актылардын долбоорлорун жана сүйлөшүү процессин жол-жоболук коштоону камсыз кылат;
- ЕАЭБ жана ДСУ органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча ишин координациялайт;
- ЕАЭБ жана ДСУ органдарынын эл аралык келишимдеринин жана чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт.
4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
14. Бөлүм, бөлүмдүн, кызматтын, сектордун жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарууга укуктуу;
3) чет мамлекеттердин өкүлдөрү, бул мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларга, анын ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (мындан ары - КМШ) Экономикалык кеңешинин жана ЕАЭБ, КМШ, ДСУ жана башка эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышууга укуктуу;
5) Министрлер Кабинетинин Төрагасын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы ар кандай протоколдук иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
6) жооптуу кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн тапшырмалардын өз убагында же толук эмес аткарылгандыгы жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине баяндоого укуктуу;
7) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы протоколдук иш-чараларды аткарууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин тартууга укуктуу;
8) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы иш-чаралардын планына киргизүү үчүн тышкы саясат маселелери боюнча сунуштарды пландайт жана киргизет;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет өлкөлөргө барууларын жана иш сапарларын белгиленген тартипте уюштурууну камсыз кылат;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын жана чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу, бөлүм тейлеген кызмат адамдарын дайындоого сунуштарды карайт жана сунушталган талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт жана аталган маселелер боюнча өзүнүн корутундуларын Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын негизги иш-чараларынын планы боюнча сунуштарды даярдайт;
6) бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жер-жерлердеги жумушчу органдарынын ишине катышат.
16. Бөлүм башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча башка документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялайт;
2) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү боюнча ишти координациялайт;
3) эл аралык кызматташтыктын көйгөйлүү маселелери боюнча сунуштарды жалпылайт;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын негизги иш-чараларынын планы боюнча сунуштарды даярдайт;
5) бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жер-жерлердеги жумушчу органдарынын ишине катышат;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын жана чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
17. Бөлүм башчынын орун басары - протокол кызматынын жетекчиси жалпы ыйгарым укуктарга толуктоо катарында:
1) даярдоо жана алдынкы топторду түзүү жана чет өлкөлөргө жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт, алардын ишин координациялайт;
2) Президенттин жана Президенттин жубайынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чаралардын уюштуруу-протоколдук маселелерин Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги менен, ички республикалык иш-чараларды уюштурууну Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги менен макулдашат;
3) чет өлкөлөрдө жана Кыргыз Республикасында Президенттин жана Президенттин жубайынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чаралардын уюштуруу-протоколдук бөлүгүн координациялайт;
4) Президенттин жана Президенттин жубайынын эл аралык байланыштарын протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат.
18. Кызматтын башкы эксперти башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) даярдоо жана алдынкы топторду түзүү жана чет өлкөлөргө жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт, алардын ишин координациялайт;
2) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чаралардын уюштуруу-протоколдук маселелерин Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги менен, ички республикалык иш-чараларды уюштурууну Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги менен макулдашат;
3) чет өлкөлөрдө жана Кыргыз Республикасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чаралардын уюштуруу-протоколдук бөлүгүн координациялайт;
4) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин эл аралык байланыштарын протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылат.
19. ЕАЭБ иштери боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын макулдашылган позицияларын иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ органдарынын жыйналыштарынын күн тартибинин маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
3) ЕАЭБ жана ДСУ алкагындагы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
4) бөлүм башчысынын жана бөлүм башчынын орун басарынын тапшырмаларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Бөлүмдүн эксперттери башка ыйгарым укуктар менен катар бөлүм башчы бекиткен милдеттерди бөлүштүрүүнүн алкагында:
1) бөлүмдөгү ички бөлүштүрүүгө ылайык эл аралык кызматташуу маселелерин тейлейт;
2) тейлеген багытына ылайык тышкы саясат маселелери боюнча ТИМ жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан куттуктоолорду, кайрылууларды даярдоону камсыз кылат;
4) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын жана эл аралык уюмдардын дарегине жөнөтүү үчүн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалган каттардын, кайрылуулардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
5) Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк делегациялардын республикага болгон иш сапарларын жана Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, өкмөттүк делегациялардын чет өлкөлөргө иш сапарларын даярдоо боюнча ТИМдин ишин координациялайт;
6) эл аралык келишимдердин долбоорлоруна белгиленген тартипте экспертиза жүргүзөт;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
8) эл аралык кызматташтыктын тейлөөчү багыттары боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
9) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарды изилдейт жана бөлүм башчыга оперативдүү маалымдайт;
10) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча материалдарды даярдайт, өкмөттөр аралык, эки тараптуу жана көп тараптуу комиссиялардын эксперттик жана башка кеңешмелерине, жыйналыштарына катышат;
11) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө, жолугушууларга, эл аралык уюмдардын эксперттик кеңешмелерине катышат;
12) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы ички мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтык материалдарга жана документтерге талдоо жүргүзөт;
13) ТИМ, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте иш сапарлардын программаларынын схемаларын, ошондой эле иш сапарлардын кеңири программаларын, тиешелүү иш-чаралардын тизмелерин иштеп чыгууга катышат;
14) Кыргыз Республикасынын протоколдук церемониалын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
15) бөлүм башчысынын, бөлүм башчысынын орун басарынын, бөлүм башчысынын орун басарынын - кызматтын жетекчисинин, башкы эксперттин жана ЕАЭБ иштери боюнча сектордун башчысынын айрым тапшырмалары боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
21. Бөлүм өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка органдар, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
22. Бөлүм төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- ТИМдин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иши, ЕАЭБ, КМШнын экономикалык кеңешинин жана ДСУнун маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын (Президенттин, Президенттин жубайынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүгүндө);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.".