Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-февралы № 82
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүн, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, преамбула жана 1-пункт түрдүү жөндөмөдөгү "тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жободо:
- аталышы, 1-пункт, 2-пункттун экинчи абзацы түрдүү жөндөмөдөгү "тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
13 | Төмөнкүлөргө карата алдын ала экспертиза жүргүзүү: |
|
- бир пайдалуу моделге; | 40 | |
- пайдалуу моделдер тобуна, бирден ашык пайдалуу моделдердин ар бирине; | +15 | |
- формуланын ар бир көз каранды пункту үчүн ондон ашык | +5 |
Өтүнмө боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ менен кошо берилет.";
14-пункттагы "Ойлоп табууга, пайдалуу" деген сөздөр "Пайдалуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Пайдалуу моделге өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүү баскычында оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү | 20 |
";
16-пункттагы "ойлоп табуунун," деген сөздөр алып салынсын;
19-пункт "оңдоолорду" деген сөздөн кийин ", толуктоолорду" деген сөздөр менен толукталсын;
23, 24-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
23 | Апелляциялык кеңешке каршылык арызын берүү: |
|
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге; | 75 | |
- пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө алдын ала экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге; | 75 | |
- ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимге; | 150 | |
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүгө каршы | 200 | |
24 | Мөөнөтүнөн өткөн ар бир ай үчүн, бирок 12 айдан ашык эмес, өтүнмө ээсинин мыйзамда белгиленген мөөнөтүн өткөргөндүгүн калыбына келтирүү: |
|
- ойлоп табууга жана пайдалуу моделге формалдуу экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, оңдолгон же жок документтерди берүүнү; | 30 | |
- өтүнмө боюнча ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талаптарын бузгандыгы жөнүндө билдирүүгө жообун; | 30 | |
- пайдалуу моделге өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүүнү; | 30 | |
- ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүүнү; | 30 | |
- Апелляциялык кеңешке ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө өтүнмөгө маңызы боюнча формалдуу экспертиза же экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимге каршылык арызын берүүнү; | 30 | |
- Апелляциялык кеңешке пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертиза же экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимге каршылык арызын берүүнү | 30 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"
24-1 | 31 ай өткөндөн кийин Патенттик кооперация келишими боюнча эл аралык өтүнмөлөрдүн документтерин берүүнүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү | 30 |
";
26, 27-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
26 | Каттоо: |
|
- ойлоп табууну жана ойлоп табууга патент берүүнү, формуласын, чиймелерин, рефератты жана башка материалдарды кошкондо 35 бетке чейинки көлөмдө анын сыпаттамасын жарыялоо; | 50 | |
- 35тен ашкан ар бир барагына; | +5 | |
- пайдалуу моделди жана пайдалуу моделге патент берүүнү, формуласын, чиймелерин, рефератты жана башка материалдарды кошкондо 35 бетке чейинки көлөмдө анын сыпаттамасын жарыялоо; | 50 | |
- 35тен ашкан ар бир барагына | +5 | |
27 | Ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин авторунун күбөлүгүн берүү | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө ээсине патент берүү жөнүндө чечим алган жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Патентти каттоо жана берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбеген учурда, каттоо, жарыялоо жана патент берүү жүргүзүлбөйт жана тиешелүү өтүнмө чакыртылып алынган болуп эсептелет.
Кошумча алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ кошумча алым төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө билдирме өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Белгиленген өлчөмдө кошумча алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ аталган мөөнөттө берилбеген учурда, көлөмү 35 барактан ашкан сыпаттамалар жарыяланбайт.";
30-пунктта:
"Ойлоп табууга" деген сөздөрдөн кийин ", пайдалуу моделге" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жылы үчүн алым ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттердин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жыл үчүн алым ушул Жобонун 34, 35-пункттарында белгиленген өлчөмдө төлөнөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"
35-1 | Өтүнмө ээсине берилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделге патентинин колдонуусун ар жылда күчүндө сактоо: |
|
биринчи жылга | 30 | |
экинчи жылга | 35 | |
үчүнчү жылга | 40 | |
төртүнчү жылга | 40 | |
бешинчи жылга | 55 | |
алтынчы жылга | 70 | |
жетинчи жылга | 70 | |
сегизинчи жылга | 85 | |
тогузунчу жылга | 105 | |
онунчу жылга | 125 |
";
- III бөлүмдө:
36-1-пункт "күчүнө кирген" деген сөздөрдөн кийин ", 1960-жылдын 28-ноябрындагы Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусунун Гаага актысы жана 1999-жылдын 2-июлундагы Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык каттоо жөнүндө Гаага макулдашуусунун Женева актысы)" деген сөздөр менен толукталсын;
38-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
39, 40-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
39 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн материалдарына маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү баскычында оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү | 20 |
40 | Төмөнкүлөргө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү: |
|
- өнөр жай үлгүсүнүн бир вариантына; | 80 | |
- бирден ашык өнөр жай үлгүсүнүн ар бир вариантына | +20 |
";
41-пункттагы "12" деген цифралар "6" деген цифрага алмаштырылсын;
42-пункттагы "жана алдын ала" деген сөздөр алып салынсын;
43-пунктта:
биринчи абзацтагы "12" деген цифралар "6" деген цифрага алмаштырылсын;
үчүнчү, төртүнчү абзацтардагы "алдын ала экспертиза же", "же алдын ала экспертиза" деген сөздөр алып салынсын;
45, 46-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
45 | Өнөр жай үлгүсүнө патентти каттоо жана берүү, ал жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 50 |
46 | Өнөр жай үлгүсүнүн авторунун күбөлүгүн берүү | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө ээсине патент берүү жөнүндө чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Патентти каттоо жана берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбеген учурда, өнөр жай үлгүсүн каттоо, жарыялоо жана патент берүү жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө чакыртылып алынган болуп эсептелет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 49-1-пункт менен толукталсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
49-1 | Өнөр жай үлгүсүнө патентти калыбына келтирүү жана ал жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 150 |
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жылы үчүн алым ушул Жобонун 51-пунктунда белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жылы үчүн алым ушул Жобонун 52-пунктунда белгиленген өлчөмдө төлөнөт.";
бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 52-1-пункт менен толукталсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
52-1 | Өнөр жай үлгүсүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу ар бир беш жылдык мезгилге | 150 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат менен кошо берилет.
Патенттин күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ патенттин күчүнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн, мындай учурда алымдардын өлчөмү кошумча 50%га көбөйөт.";
- V бөлүмдө:
аталышы "тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 70-1-пункт менен толукталсын:
"
70-1 | Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө, мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берүү жана алдын ала экспертиза жүргүзүү | 20 |
";
71-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
71 | Экспертиза жүргүзүү: |
|
- өтүнмө берилген белгиге; | 150 | |
- Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын (мындан ары - ТКЭК) бирден ашык ар бир классына; | +75 | |
- товар чыгарылган жердин аталышына; | 150 | |
- географиялык көрсөтмөгө | 30 |
Өтүнмө берүү, билдирилген белгиге алдын ала экспертиза, экспертиза жүргүзүү, географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына экспертиза жүргүзүү үчүн, алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө менен кошо же интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
Аталган документти өтүнмө берилгенден кийин берген учурда алымдын өлчөмү 20%га көбөйөт.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөттө берилбеген учурда, өтүнмө берилген жок деп эсептелинет.
Эгерде ТКЭКтин бир нече классы үчүн товардык белгини каттоого өтүнмө берүү жана экспертиза жүргүзүү үчүн белгиленген алымдын өлчөмүнө караганда азыраак өлчөмдөгү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөттө берилген учурда, өтүнмө ээсине белгиленген өлчөмгө чейин алымды кошумча төлөөгө, ушундай кошумча төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө билдирүү өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде төлөөгө укук берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөттө берилбеген учурда, өтүнмө берилген белгиге экспертиза өтүнмө ээси тандап алган ТКЭКтин класстарына, же мындай тандап алуу жок болгон учурда өтүнмөдө биринчи болуп көрсөтүлгөнү жана алым төлөнгөнү боюнча жүргүзүлөт.";
72-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
75-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
75 | Өтүнмө боюнча экспертизанын суроо-талабына жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу: |
|
- товардык белгиге, ар бир ай үчүн, бирок 12 айдан ашык эмес; | 30 | |
- географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө боюнча, бирок 6 айдан ашык эмес | 30 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган өтүнүч кат менен кошо берилбеген учурда, өтүнүч кат берилген жок деп эсептелет.";
76-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
76 | Апелляциялык кеңешке каршылык арызын берүү: |
|
- билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында товардык белгиге өтүнмө боюнча кабыл алынган чечимге; | 300 | |
- билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында географиялык көрсөтмөгө, товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө боюнча кабыл алынган чечимге; | 300 | |
- товардык белгини каттоого каршы; | 400 | |
- географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы | 400 |
";
78-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- товардык белгиге өтүнмөгө, географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүү процессиндеги суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, оңдолгон же жок документтерди берүү;
- өтүнмө берилген белгини экспертизалоо үчүн суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечимге жүйөлөрдү жана сын пикирлерди берүү;";
80-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
80 | Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү | 150 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ объектти каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсисе жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген алты айлык мөөнөттө берилбеген учурда, товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, товардык белгиге күбөлүк берүү, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү жүргүзүлбөйт.";
81-пункт "жана" деген сөздөн кийин "географиялык көрсөтмөнү," деген сөздөр менен толукталсын;
82-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
82 | Ээсинин демилгеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү: |
|
- Кыргыз Республикасынын Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрине жана товардык белгиге күбөлүккө; | 50 | |
- Кыргыз Республикасынын Географиялык көрсөтмөлөрдүн жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарынын мамлекеттик реестрине жана географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүккө; | 50 | |
- товардык белгиге өзгөчө укукту келишимсиз өткөрүүнү каттоо боюнча; | 50 | |
- товардык белгинин улуттук каттоосун Мадрид системасы боюнча эл аралык каттоого алмаштыруу боюнча | 50 |
Өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен кошо берилет.";
83, 84-пункттар "товар чыгарылган" деген сөздөргө чейин "географиялык көрсөтмөнү жана" деген сөздөр менен толукталсын;
93-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
93 | Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо: |
|
| - иштин ар бир багытына карата патенттик ишенимдүү өкүл болууга талапкерлерди аттестациялоо; | +50 |
| - аттестациялык комиссиянын чечимине апелляция; | 50 |
| - экзамендерди кайталап өткөрүү; | 50 |
| - патенттик ишенимдүү өкүлдү каттоо жана күбөлүк берүү; | 50 |
| - Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрине жана патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; | 10 |
| - патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнүн дубликатын берүү, ушул берүү тууралуу жарыялоо | 20 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |