Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы маалымат
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мамкартография) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында турат, мамлекеттик картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жана аларды жүргүзүүнү жетектейт, ошондой эле Кыргыз Республикасында геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
2. Мамкартография Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Мамкартография өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамкартографиянын уюмдаштыруу документи болуп ушул Жобо саналат.
5. Мамкартографиянын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Мамкартографиянын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение по геодезии и картографии "Госкартография" при Государственном агентстве по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Мамкартографиянын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Мамкартография";
- расмий тилде: "Госкартография".
7. Мамкартография юридикалык жак болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы боюнча - мамлекеттик мекеме болуп эсептелет, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
Мамкартографиянын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан, атайын каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан жүзөгө ашырылат.
8. Мамкартографиянын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 107.
2. Мамкартографиянын максаты
9. Мамкартографиянын максаты мамлекеттик маанидеги геодезиялык жана картографиялык иштерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча органдарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын заказдары боюнча атайын (тармактык) багыттагы геодезиялык жана картографиялык иштерди аткарууну камсыз кылуу, координаттардын, бийиктиктердин, гравиметриялык өлчөөлөрдүн системаларын белгилөө, ошондой эле санариптик мамлекеттик топографиялык карталар менен пландарды даярдоо болуп саналат.
3. Мамкартографиянын милдеттери
10. Мамкартографиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик жана атайын багыттагы геодезиялык, картографиялык иштерди аткарууну камсыз кылуу;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүү боюнча бирдиктүү техникалык саясат жүргүзүү, картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө илимдин, техниканын жана алдынкы тажрыйбанын заманбап жетишкендиктерин жайылтуу;
- улуттук мейкиндиктик маалымат инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү.
4. Мамкартографиянын функциялары
11. Мамкартографиянын функциялары:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кыргыз Республикасында топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, фундаменталдык жана атайын геодезиялык тармактарда пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктердин илимий негизделген системаларын белгилөө, жер кыртышынын кыймылына байкоо салуу;
- картографиялык, топографиялык-геодезиялык жана аэрофототасма материалдарын даярдоо жана пайдалануу тартибин жана стандарттарын белгилөө, аларды эсепке алууну, көбөйтүүнү жана сактоону контролдоо;
2) контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде метрология жана стандартташтыруу мыйзамдарына ылайык геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, геодезиялык өлчөө каражаттарын сыноо жана текшерүү;
- геодезиялык жана картографиялык иштерди мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдөө;
3) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- координаттар системасында геодезиялык, астрономиялык жана графиметриялык жумуштарды жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында зарыл болгон масштабдагы топографиялык тасмага тартууну камсыздоо;
- түрдүү багыттагы, анын ичинде санариптик карталарды түзүү жана басып чыгаруу (жарыялоо);
- топография-геодезиялык, картографиялык, аэро- жана космостон тасмага тартуу материалдарын борбордоштурулган эсепке алуу, сактоо, берүү;
4) колдоо функциялары:
- мамлекеттик картография-геодезиялык фондду жүргүзүү;
- Жердин формасын, өлчөмүн жана гравитациялык талаасын изилдөө жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, Жердин жасалма спутниктерине, Айга жана башка асман телолоруна чет мамлекеттердин картографиялык-геодезиялык кызматтары менен бирдикте геодезиялык жана картографиялык максаттарда байкоо жүргүзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерге катышуу;
- Мамлекеттик жер кадастрын, айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын комплекстүү изилдөө жана инвентаризациялоо үчүн зарыл болгон масштабдагы топографиялык тасмаларды жаңылоону камсыздоо;
- облустардын, шаарлардын жана райондордун чектериндеги өзгөрүүлөрдү, ошондой эле жерлердин жана географиялык объекттердин аталыштарынын өзгөрүшүн көрсөтүү менен нөөмөттүк маалымдама картасын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларынын, облустарынын, шаарларынын жана райондорунун, ошондой эле башка административдик-аймактык жана географиялык элементтеринин басып чыгарылган карталарындагы географиялык чиймелерди туура колдонууну белгиленген тартипте камсыздоо;
- монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Мамкартография тарабынан аткарылган картографиялык жана топографиялык-геодезиялык жумуштарды аткарууга техникалык долбоорлордун жана сметалардын бааларын жана сметалык ченемдерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында геодезиялык пункттарды эсепке алуу жана алардын сакталышын белгиленген тартипте камсыздоо;
- географиялык аталыштардын электрондук каталогун жүргүзүү, аларды басып чыгарылган карталарга туура жазууну белгиленген тартипте камсыз кылуу;
- базалык геомейкиндик маалыматтарынын геопорталын түзүү жана жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде географиялык маалымат системаларын түзүү жана жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жерди аралыктан зонддоонун, аэро- жана космостон тасмага тартуу маалыматтарын иштеп чыгуу борборун түзүү жана жүргүзүү;
- геодезия жана картография жаатында квалификациялуу кадрларды даярдоого көмөктөшүү.
5. Мамкартографиянын укугу
12. Мамкартография төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардан мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондго автордук укуктарын коргоо менен алар түзгөн геодезиялык жана картографиялык материалдардын көчүрмөлөрүнүн жана маалыматтарынын бир нускасын акысыз өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- Кыргыз Республикасында топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамкартографиянын кызматкерлерин сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- картография, геодезия, гравиметрия, топография жана фотограмметрия маселелери боюнча чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдары менен болгон мамилелерде Агенттиктин атынан чыгууга;
- геодезия жана картография жаатында ишти өнүктүрүү максатында агенттик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте эл аралык кызматташууга.
6. Мамкартографиянын ишин уюштуруу
13. Мамкартографияны Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
Мамкартографиянын директорунун Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басары болот.
14. Мамкартографиянын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт, Агенттиктин директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Мамкартографиянын директору:
- жеке башкаруунун негизинде Мамкартографиянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Мамкартографияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамкартографиянын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Мамкартографиянын атынан чыгат, белгиленген тартипте Мамкартографиянын каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
- Мамкартографиянын түзүмүн жана штаттык санын Агенттиктин директорунун бекитүүсүнө киргизет;
- Мамкартографиянын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын жана иштөө режимин бекитет;
- кызматкерлерге материалдык дем берүү жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- Мамкартографиянын милдеттерине жана функцияларына ылайык башка маселелерди чечет.
Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Мамкартографиянын директору жок учурда анын милдеттерин тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
17. Мамкартографияда илимий-техникалык жана технологиялык маселелерди кароо үчүн илимий-техникалык кеңеш (багыттар боюнча секциялар менен) түзүлөт.
Илимий-техникалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
7. Мамкартографиянын эсеби жана отчеттуулугу
18. Мамкартография Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана расмий статистика жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте эсеп жүргүзөт жана отчет берет.
8. Мамкартографияны кайра уюштуруу, жоюу
19. Мамкартография Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулат жана жоюлат.
20. Мамкартографиянын документтери "Геодезия жана картография жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.