Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ
ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-нпа “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу” буйругуна (Мамкурулуштун 2021-жылдын 19-августундагы №45-нпа, 2023-жылдын 16-январындагы №61-нпа буйруктарынын редакциясында) өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. 2021-жылдын 25-январындагы №41-нпа КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине, төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттун 4.7. пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
Архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынан башка, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ишканалар, уюмдар жана мекемелер шаар куруу документтерин иштеп чыгуучулар боло алышат.
Архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдары шаар куруу документтерин иштеп чыгуучу болууга, ошондой эле мурда бекитилген шаар куруу документтерине кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуксуз.
- 4-пункттун 4.12. пунктчасынын экинчи абзацы, төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Шаар куруу документтеринин бекитилүүчү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү шаар куруу документтеринин иерархиясына ылайык (деталдуу пландоо долбоору, куруу долбоору) тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси жана белгиленген тартипте бекитилиши менен төмөнкү этапты иштеп чыгууда жол берилет:
- 12-пункттун 12.2. пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык, 17 тиркемеси менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде, эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.О. Молдомырзаевге жүктөлсүн.
Директор |
| Н. Орунтаев |
| Тиркеме | |
|
| 17-тиркеме (милдеттүү) |
ШААР КУРУУ ДОЛБООРЛОРУН ИШТЕП ЧЫГУУНУН УЗАКТЫК ЧЕНЕМДЕРИ
17.1 Базалык шаар куруу долбоорлору катары ушул курулуш ченемдеринде төмөнкүлөр каралган:
1) Кыргыз Республикасынын аймагын уюштуруунун башкы схемасы:
2) аймактык өнүктүрүүнүн региондор аралык схемасы;
3) областтын аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү схемасы;
4) райондун аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү долбоору;
5) калктуу конуштун башкы планы;
6) деталдуу пландоо долбоору (ДПД);
7) курулуш долбоору.
17.2. Таблицаларды колдонууда объекттин минималдуу жана максималдуу кубаттуулугу боюнча минималдуу жана максималдуу маани кабыл алынышы керек, аралык маани интерполяция боюнча кабыл алынат.
Таблица 17.1 – Аймактарды шаар куруу пландоо стадиясында шаар куруу долбоорун иштеп чыгуунун узактыгы:
№ к/н | Аталышы | Ченемдик узактыгы. ай |
1 | Кыргыз Республикасынын аймагын уюштуруунун башкы схемасы | 36 чейин |
2 | Аймактык өнүктүрүүнүн региондор аралык схемасы | 30 чейин |
3 | Областын аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү схемасы | 24 чейин |
4 | Райондун аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү долбоору | 18 чейин |
| ||
Таблица 17.2 - Калктуу конуштардын башкы пландарынын баскычында шаар куруу долбоорун иштеп чыгуунун узактыгы:
№ к/н | Калк миң. адам | Эки баскычтуу долбоорлоо, ай | Бир баскычтуу долбоорлоо, ай | |
Концепция | Башкы план | Башкы план | ||
1 | 10,0 чейин | - | - | 9,0 |
2 | 11,0 дөн 20,0 чейин | - | - | 10,0 |
3 | 21,0 дөн 50,0 чейин | - | - | 11,0 |
4 | 51,0 дөн 100,0 чейин | - | - | 12,0 |
5 | 101,0 дөн 150,0 чейин | - | - | 13,0 |
6 | 151,0 дөн 250,0 чейин | - | - | 14,0 |
7 | 251,0 дөн 500,0 чейин | 6,0 | 10,0 |
|
8 | 501,0 дөн 800,0 чейин | 7,0 | 11,0 | - |
9 | 801,0 дөн 1000,0 чейин | 8,0 | 12,0 | - |
10 | 1001,0 дөн 1500,0 чейин | 9,0 | 13,0 | - |
11 | 1501,0 дөн 2000,0 чейин | 10,0 | 14,0 | - |
Таблица 17.3 – ДПД баскычында шаар куруу долбоорун иштеп чыгуу узактыгы:
№ к/н | Аймактын аянты, га. | Ченемдик узактыгы, ай |
1 | 50 чейин | 6,0 |
2 | 51 ден 100 чейин | 7,0 |
3 | 101 ден 200 чейин | 9,0 |
4 | 201 ден 300 чейин | 11,0 |
5 | 301 ден 400 чейин | 13,0 |
6 | 401 ден 500 чейин | 16,0 |
Таблица 17.4 – Инженердик тармактары, көрктөндүрүү жана аймакты даярдоо (турак үйлөрдү, маданий-тиричилик жана коммуналдык багыттагы объекттерди байлабастан) менен шаар куруу комплекстеринин кичи райондорун (кварталдарын) курууну иштеп чыгуунун узактыгы:
№ к/н | Объекттин аталышы | Кубаттуулук
| Долбоорлоонун узактыгы | |||
Эки баскычтуу долбоорлоо | Бир баскычтуу долбоорлоо | |||||
Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтөр | Долбоор (Д) | Жумушчу документтери (Ж) | Жумушчу долбоор (ЖД) | ||
1 | Көп кабаттуу курулуш (бийиктиги 28 м ден 75 м. чейин жана бийиктиги 75 ашык ) | миң.кв..м. жалпы аянты | 50 чейин | 4,5 | 5,0 | 8,0 |
-//- | 50 дөн 100 чейин | 4,5 ден 5,5 чейин | 5,0 дөн 6,5 чейин | 8,0 дөн 9,5 чейин | ||
-//- | 101 дөн 150 чейин | 5,5 ден 6,0 чейин | 6,5 ден 7,0 чейин | 9,5 ден 10,5 чейин | ||
-//- | 151 ден 250 чейин | 6,0 ден 6,5 чейин | 7,0 дөн 8,0 чейин | 10,5 ден 11,0 чейин | ||
2 | Малоэтажная застройка (высота до 28м) | -//- | 250 жогору | 6,5 ден 7,0 чейин | 8,0 дөн 8,5 чейин | 11,0 дөн 11,5 чейин |
-//- | 15 чейин | 5,0 | 5,5 | 9,5 | ||
-//- | 16 дан 75 чейин | 5,0 дөн 7,0 чейин | 5,5 ден 8,0 чейин | 11,5 ден 13,0 чейин | ||
-//- | 75 жогору | 7,0 дөн 8,0 чейин | 8,0 дөн 8,5 чейин | 11,5 дөн 13,0 чейин | ||
Эскертүү: Кичи райондун (кварталдын) аймагынын 30% дан ашык аянтында татаалдантуучу факторлор болгон учурда төмөнкү коэффициенттер колдонулсун: - учурдагы сакталуучу курулушка -1,2 - 0.005‰ аз жана 0,05‰ жогору беттик эңкейиштерде =1,1 | ||||||