Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-марты № 67
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
2) 3-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратууга. Ушул абзацта көрсөтүлгөн мамлекеттик менчикти ээликтен ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчиктин объекттерин ээликтен ажыратууга.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин жана ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн он биринчи абзацында көрсөтүлгөн объекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.";
3) 4-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттин менчигинде турган стратегиялык объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.";
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Менчиктештирүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат жана ал кезектеги мөөнөткө бекиткен учурга чейин колдонулат. Менчиктештирүү программасынын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет киргизет, аны өзүнүн расмий интернет-сайтына ачык жеткиликтүү жайгаштырат жана тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.";
4) 9-статьянын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
5) 201-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 14-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурдан тышкары, түз сатуу усулу менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү төмөнкү учурларда колдонулат:
- жабык акционердик коомдун акционери же жабык акционердик коомдун өзү тарабынан жабык акционердик коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акцияларды артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча сатып алууда;
- жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу тарабынан жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык катышуу үлүшүн артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча сатып алууда.";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 203-статья менен толукталсын:
"203-статья. Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдун кошумча чыгарылган акцияларын жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү
Уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялары бар акционердик коомдун акцияларын кошумча чыгаруу маселелери баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акционер катарында демилгелеген акционердик коомдун акцияларынын кошумча эмиссиясы жөнүндө чечим жана кошумча чыгарылган акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугун колдонбоо жөнүндө кийинки чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашылууга тийиш.".
2-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6, 15, 16, 17 жана 18-беренелерде ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
2) 20-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Программа жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 25-статьяда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен программа боюнча" деген сөздөр "мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5, 7, 15 жана 20-статьяларда ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2 жана 3-беренелерде ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
2) 4-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттин менчигинде турган стратегиялык объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.";
3) 5-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 8-мартындагы № 19 (3572) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 29-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |