Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 1-марты ПЖ № 52
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:";
2) жогоруда аталган
Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Кызматчыга класстык чен ыйгаруу жөнүндө маалыматтар кызматчынын эмгек китепчесинде, өздүк ишинде жана кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Кызматчынын класстык ченин төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар кызматчынын өздүк ишинде көрсөтүлөт. Ошондой эле ушул пунктта каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасына ("e-Kyzmat" АМС) киргизилет.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ыйгарылган класстык ченде кызмат өтөө мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет. Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет. Кызмат адамынын бала багуу боюнча өргүүдө, узактыгы 14 календардык күндөн көп болгон эмгек акысы сакталбаган өргүүдө (анын ичинде окуу өргүүлөрү) болуу убактысы көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын:
"26-1. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн, персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашылган;
- саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жогоруда аталган адамдардын сунушу боюнча алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн уюштурулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратындагы патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн, персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашылган.";
- 29-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууда тиешелүү күбөлүк берилет.";
3) жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кызмат адамына класстык чен ыйгаруу жөнүндө маалыматтар кызмат адамдын эмгек китепчесинде, өздүк ишинде жана кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Кызмат адамынын класстык ченин төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар кызмат адамынын өздүк ишинде көрсөтүлөт. Ошондой эле ушул пунктта каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасына ("e-Kyzmat)" АМС) киргизилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чени ыйгарылган учурда тиешелүү күбөлүк берилет.";
- 18-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси, жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары), аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгаруу каралган мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.";
- жогоруда аталган Тартиптин 1 -тиркемесинде:
3-пунктта:
жетинчи абзацта "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директору" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Акыйкатчы (Омбудсмен)";
4-пунктта:
биринчи абзацта "Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын борборунун директору (башкармалыктын курамында)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацта "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин иш башкаруучусу".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмүнүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" 1-главасында:
онунчу абзацта "Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директору" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он биринчи абзацта "Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын борборунун директору (башкармалыктын курамында)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацта "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |