Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-марты № 105
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 3, 8, 9-пункттарда "жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган", "Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган", "Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4, 6, 12-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
биринчи абзацта "жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Геологиялык маалымат ресурстарына жетүү (пайдалануу) үчүн төлөмдөр геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун өнүктүрүүгө, анын ичинде башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды, керектүү жабдууларды сатып алууга жана геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын кызматкерлерине төлөөгө багытталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 44, 45-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Лицензиялык аянттын чектери 1:100000 масштабдагы электрондук топографиялык картага чыгарылат. Бурчтук чекиттердин координаттары 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасында (Kyrg-06) көрсөтүлөт. Ар бир лицензиялык аянт өзүнүн гана контуру менен чектелет. Мында кендин тоо-кен техникалык жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен лицензиялык аянт бир лицензияга таандык болгон бир нече жер казынасынын участокторун бириктириши мүмкүн. Лицензиялык аянттын чектери түз сызыктан төмөнкү учурларда четтейт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы менен кесилишкенде;
- өзгөчө корголуучу аймактардын чектери менен кесилишкенде;
- көлмөлөр (көлдөр, суу сактагычтар) менен кесилишкенде.
Лицензиялык аянттын өлчөмү чектелбейт.
45. Пайдалуу казылмалардын кендерин иштетүү үчүн жана пайдалуу казылмаларды казып алуу менен байланышпаган максаттар үчүн кен бөлүгүнүн чектери 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасында (Kyrg-06) бурчтук чекиттердин үч өлчөмдүү координаттары менен аныкталат.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 16-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- илимий-изилдөө, тажрыйба-өнөр жай иштерин аткаруу;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде.";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жандандырууда, калыбына келтирүүдө, токтотууда (жокко чыгарууда), трансформациялоодо, өткөрүп берүүдө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып жыйымды эсептөө жүргүзүлөт.
Лицензиялык аянттын жайгашкан ордун жана/же өлчөмүн өзгөртүүдө жыйымды эсептөө ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.".
5. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик заказдын алкагында пайдалуу кендердин көрүнүштөрүн жана кендерин табууга багытталган геологиялык чалгындоо иштерин алардын болжолдуу ресурстарын баалоо менен жүргүзүүгө, жер астындагы суулардын режимине жана сапатына жана коркунучтуу экзогендик геологиялык процесстерге байкоолорду жүргүзүү жолу менен геологиялык чөйрөнү системалуу изилдөөгө, ошондой эле илимий-изилдөө, тажрыйбалык-өндүрүштүк иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 21 (3574) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |