Загрузка документа…
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Мамлекеттик контролдоочу органдардын электрондук өз
ара аракеттенүүсүнүн бизнес-процесстеринин
алгоритми
№ | Бизнес-процессти сыпаттоо | Процессти аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Алдын ала маалыматтарды алуу | Автоматтык режимде | Дароо |
2 | Алдын ала маалыматтарды ЕЭК чечими менен бекитилген алдын ала маалыматтын түзүмүнө жана форматына карата талаптарга шайкештиги боюнча текшерүү (форматтык-логикалык контролдоо) | Автоматтык режимде | Дароо |
3 | Баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен алдын ала маалыматты маалыматтык системада каттоодон баш тартуу | Автоматтык режимде | Дароо |
4 | Алдын ала маалыматты маалыматтык системада каттоо | Автоматтык режимде | Дароо |
5 | Баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен каттоодон баш тартуу жөнүндө же алдын ала маалыматты маалыматтык системада каттоо жөнүндө алдын ала маалыматты жөнөтүүчүгө кабарлоо | Автоматтык режимде | Дароо |
6 | УИТН ыйгаруу | Автоматтык режимде | Дароо |
7 | Алдын ала маалыматта Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүгө тыюу салынган жана чектелген товарлар жөнүндө маалыматтардын бар экендигин текшерүү | Автоматтык режимде | Дароо |
8 | Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ташып келүүгө тыюу салынган жана чектелген товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына өткөрүүдөн баш тартуу | Автоматтык режимде | Дароо |
9 | Алдын ала маалыматта МКО тарабынан контролдонууга тийиш болгон товарлардын бар экендигин текшерүү | Автоматтык режимде | Дароо |
10 | УИТН жөнүндө, товарлар, ТЭИ ТН коддору, мамлекеттик чек арага товарлардын жана транспорт каражаттарынын келиши менен жүзөгө ашырыла турган мамлекеттик контролдун түрлөрү жана МКО тизмеги жөнүндө алдын ала маалыматты жөнөтүүчүгө кабарлоо | Автоматтык режимде | Дароо |
11 | Ушул Тартиптин 4–7-тиркемелерине ылайык курамда маалымат түзүү | Автоматтык режимде | Дароо |
12 | Ушул Тартиптин 4–7-тиркемелерине ылайык курамдагы маалыматты ыйгарым укуктуу органга (органдарга) жөнөтүү | Автоматтык режимде | Дароо |
13 | Ушул Тартиптин 4–7-тиркемелерине ылайык курамдагы маалыматты алуу | Автоматтык режимде | Дароо |
14 | Маалыматты ушул Тартиптин 4–7-тиркемелерине ылайык курамда кароо | МКО | Маалымат алган учурдан тартып 15 минуттун ичинде |
15 | Тыюу салуунун себептерин көрсөтүү менен ЕАЭБ аймагына кирүүгө уруксат берүү, тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу | МКО | Маалымат алган учурдан тартып 15 минуттун ичинде |
16 | МКОнун кызмат адамдары тарабынан андан ары контролдоо үчүн ЕАЭБ аймагына (өткөрмө пунктуна) кирүүгө шарттуу түрдө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | Автоматтык режимде | Маалымат алган учурдан тартып 15 минуттун ичинде, дароо |
17 | ЕАЭБ аймагына кирүүгө уруксат берүү/баш тартуу жөнүндө маалыматты бажы органынын маалыматтык системасына жиберүү | Автоматтык режимде | Дароо |
18 | Натыйжаларды маалыматтык системага киргизүү | Автоматтык режимде | Дароо |
19 | Алдын ала маалыматты жөнөтүүчүгө МКОнун маалыматтарын кароонун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо | Автоматтык режимде | Дароо |
Кыскартуулардын тизмеси: | ||
МКО | – | мамлекеттик контролдоочу органдар |
ЕАЭБ | – | Евразия экономикалык бирлиги |
ЕЭК | – | Евразия экономикалык комиссиясы |
ТЭИ ТН | – | Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы |
УИТН | – | уникалдуу идентификациялык ташуу номери |
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Бажы органы менен калктын санитардык-
эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы
ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара
аракеттенүүсүнүн алкагындагы маалыматтардын
жана иш-аракеттердин
курамы
1. Ушул Тартиптин 13, 14-пункттарына ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органга берилүүчү Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтан маалыматтардын курамы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) товар жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар;
2) транспорттук (ташуу) документтин номери жана түзүлгөн датасы;
3) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарлардын биринчи 6 белгиден кем эмес деңгээлдеги коддору;
4) товарлардын аталыштары;
5) продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланкынын номери, берилген датасы жана типографиялык номери (мамлекеттик каттоого тийиш продукцияга карата);
6) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык бирдиктүү форма боюнча таризделген шайкештикти баалоо жөнүндө документтин (шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация, химиялык заттын коопсуздук паспорту) номери, берилген датасы жана типографиялык номери;
7) товарлардын багыты жана колдонуу тармагы жөнүндө маалыматтар;
8) товарларды даярдоочунун аталышы жана дареги;
9) товарлар чыгарылган өлкө, жөнөтүүчү өлкө жана баруучу өлкө.
2. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган маалыматтар алынган учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкү чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан маалыматтарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты берет:
– медициналык-санитардык мүнөздөгү себептер боюнча эл аралык ташуунун транспорт каражатынын кирүүсүнө тыюу салынат;
– Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна товарлардын келишине уруксат берилет, товарларга баалоо (кароо, текшерип кароо) жүргүзүү талап кылынат;
– Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна товарлардын келишине уруксат берилет, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатында көзөмөл (контроль) жүргүзүү үчүн документтерди берүү талап кылынат;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүүгө тыюу салынат.
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Бажы органы менен ветеринария жаатындагы
ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара
аракеттенүүсүнүн алкагындагы маалыматтардын
жана иш-аракеттердин
курамы
1. Ушул Тартиптин 13, 14-пункттарына ылайык ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органга берилүүчү Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтан маалыматтардын курамы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) транспорттук (ташуу) документтин номери жана түзүлгөн датасы;
2) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарлардын биринчи 6 белгиден кем эмес деңгээлдеги коддору;
3) товарлардын аталыштары;
4) товарларды ташып кирүүгө же транзиттөөгө уруксаттын номери жана берилген датасы, уруксатты берген мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын аталышы;
5) ветеринардык сертификаттын номери жана берилген датасы, сертификатты берген экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү органынын аталышы;
6) товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтар;
7) ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарларды жүгүртүүгө чыгарган ишкананын номери жана (же) аталышы;
8) төмөнкүлөрдөн маалыматтар:
– ветеринардык колдонуу үчүн дары-дармек препаратынын каттоо күбөлүгүнөн (соодалык аталышы, каттоо күбөлүгүнүн номери, мамлекеттик каттоо датасы, каттоо күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги);
– жаныбарлар үчүн тоют кошумчасын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөн (тоют кошумчасынын аталышы, эсепке алуу сериясы, каттоо номери, катталган датасы, күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги);
– гендик-инженердик-модификацияланган организмдерден алынган тоютту мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөн (тоюттун аталышы, эсепке алуу сериясы, каттоо номери, катталган датасы, күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги).
2. Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган маалыматтар алынган учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкү чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан маалыматтарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты берет:
1) товарларды ташып келүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна келүүгө уруксат берилет, товарлар ветеринардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө)тийиш;
2) товарларды ташып келүүгө тыюу салынат;
3) товарларды транзиттөө максатында Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна келүүгө уруксат берилет, товарлар ветеринардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш;
4) товарларды транзиттөөгө тыюу салынат.
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 6-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Бажы органы менен өсүмдүктөрдүн карантини
боюнча ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз
ара аракеттенүүсүнүн алкагындагы
маалыматтардын жана иш-аракеттердин
курамы
1. Ушул Тартиптин 13, 14-пункттарына ылайык өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтан маалыматтардын курамы төмөнкүлөрдү камтыйт:
– товар жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар;
– транспорттук (ташуу) документтин номери жана түзүлгөн датасы;
– Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарлардын биринчи 4 белгиден кем эмес деңгээлдеги коддору;
– товарлардын аталыштары;
– товарлардын таза (брутто) салмагы (килограмм менен);
– товарлар чыгарылган өлкө жана жери;
– товарларды жөнөтүү орду жана датасы;
– товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтар;
– товарларды жугушсуздандыруу жөнүндө маалыматтар;
– өсүмдүктөрдүн карантини боюнча экспорттоочу (реэкспорттоочу) өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген экспорттук (реэкспорттук) фитосанитардык сертификаттын номери, берилген датасы жана өлкөсү;
– карантиндик объекттерди ташып кирүүгө уруксаттын номери жана берилген датасы, уруксатты берген мүчө мамлекеттин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органынын аталышы.
2. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтар алынган учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкү чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан маалыматтарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты берет:
– товарларды ташып кирүү максатында Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келүүгө уруксат берилет, товарлар карантиндик фитосанитардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш;
– товарларды ташып келүүгө тыюу салынат;
– товарларды транзиттөө максатында Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келүүгө уруксат берилет, товарлар карантиндик фитосанитардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш;
– товарларды транзиттөөгө тыюу салынат.
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Бажы органы менен транспорттук
контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын
электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн
алкагындагы маалыматтардын жана
иш-аракеттердин
курамы
1. Ушул Тартиптин 13, 14-пункттарына ылайык транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтан маалыматтардын, ошондой эле ЕАЭБдин өткөрмө пункттарында транспорттук контролдоону жүзөгө ашырууда транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтардын курамы төмөнкүлөрдү камтыйт:
– товарларды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар;
– транспорттук (ташуу) документтин номери жана түзүлгөн датасы;
– товар менен эл аралык ташуунун транспорт каражатынын жалпы массасы;
– транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери жана маркасы;
– транспорт каражаты катталган өлкө;
– товарлардын аталыштары;
– товарлардын таза (брутто) салмагы (килограмм менен);
– жүк ташуучу транспорт каражатынын окторунун саны;
– товарлар жүктөлгөн жер (өлкө, шаар) жана датасы;
– товарларды түшүрүүчү жер (өлкө, шаар);
– айдоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
– автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруу үчүн уруксат талап кылынган учурда уруксат (уруксаттар) жөнүндө маалыматтар (түрү, номери, берилген датасы жана жарактуулук мөөнөтү (болсо);
– жүргүнчүлөрдү эл аралык туруктуу эмес ташууга уруксат жөнүндө маалыматтар (номери, берилген датасы жана жарактуу мөөнөтү).
2. Транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтар алынган учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкү чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан маалыматтарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты берет:
– товарларды ташып кирүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна келүүгө уруксат берилет, транспорт каражаттары транспорттук контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш;
– транспорттук каражаттын кирүүсүнө тыюу салынат;
– товарларды/жүргүнчүлөрдү транзиттик ташуу максатында Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна келүүгө уруксат берилет, транспорт каражаттары транспорттук контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш;
– транспорт каражаттарынын транзиттик өтүүсүнө тыюу салынат.