Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилди) |
Евразия экономикалык бирлигинин
Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу
автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик
контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе”
принциби боюнча ишке ашыруу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартиби (мындан ары – Тартип) Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында (мындан ары – өткөрмө пункттары) мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин ырааттуулугун аныктайт.
Бул Тартип адамдарды, транспорт каражаттарын, товарларды (продукцияларды) жана жаныбарларды өткөрүү (кесип өтүү) процессине катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ортосунда “бирдиктүү терезе” принциби боюнча өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууда ишти координациялоо, электрондук өз ара аракеттенүү үчүн укуктук негиз болуп саналат.
2. Бул Тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда (мындан ары – эл аралык келишимдер жана ЕАЭБ актылары) жана тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр колдонулат.
3. Өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоонун төмөнкүдөй түрлөрү ишке ашырылат:
1) чек аралык контролдоо – мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү (мындан ары – чек ара органдары) тарабынан;
2) санитардык-карантиндик контролдоо (көзөмөлдөө) – саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү (мындан ары – санитардык-карантиндик контролдоо органдары) тарабынан;
3) фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) – фитосанитардык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү (мындан ары – фитосанитардык контролдоо органдары) тарабынан;
4) ветеринардык контролдоо (көзөмөлдөө) – ветеринардык коопсуздук жаатындагы көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү (мындан ары – ветеринардык контролдоо органдары) тарабынан;
5) транспорттук контролдоо – бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү (мындан ары – бажы органдары) тарабынан;
6) бажылык контролдоо – бажы органдары тарабынан.
4. Чек аралык, санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук жана бажылык контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырууда зарыл болгон транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды (продукцияларды) текшерип кароо ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан контролдоонун техникалык каражаттарын пайдалануу менен өткөрмө пунктунун атайын жабдылган зонасында биргелешип жана бир убакта (бир жолу) жүргүзүлөт.
Өткөрмө пункттарда товарларга (продукцияларга) жана транспорт каражаттарына карата санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – мамлекеттик контролдоочу органдар) тарабынан тобокелдиктерди башкаруу системасынын негизинде алдын ала маалыматтардан маалыматтарды кароонун жыйынтыктарына жараша жүзөгө ашырылат.
5. Өткөрмө пунктунда мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырууда “бирдиктүү терезе” принциби колдонулат, ага ылайык ташуучу же анын атынан аракеттенген адам (мындан ары – ташуучу) өткөрмө пунктуна келгенде бажы органына Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда каралган документтер менен кошо, мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон товарлардын (продукциялардын) коопсуздугун тастыктаган документтер, транспорт каражатына документтер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагы аркылуу кирүүгө/транзит менен өтүүгө уруксат берүүчү документтерди, ошондой эле алдын ала маалыматтын каттоо номерин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтын катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды берет.
Бажы органы алдын ала маалыматта санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруу жөнүндө мамлекеттик контролдоочу органдардын алдын ала маалыматты кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдери болгон учурда ташуучу тарабынан берилген документтерди ушул Тартипте каралган аракеттерди аткаруу үчүн санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо органдарына берүүнү камсыз кылат.
Мамлекеттик контролдоочу органдар берилген учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде товарларга (продукцияга) жана транспорт каражаттарына карата санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана транспорттук контролдоону ишке ашырат, ошондой эле мындай товарларды (продукцияларды) бажы чек арасы аркылуу ташып киргизүүгө уруксат берүү, өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө чечимди же кабыл алынган чечимдерди маалыматтык системага киргизүү менен контролдук иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Белгиленген убакыттан ашып кеткен учурда маалыматтык системада ташып киргизүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим автоматтык режимде кабыл алынат.
Контролдук иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди тандоодо маалыматтык системага мындай чечимди тандоонун негиздемелери киргизилет.
6. Ушул Тартипке ылайык жана өткөрмө пунктунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен:
– мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы (мындан ары – бажы чек арасы) аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды (продукцияларды) өткөрүүнүн технологиялык схемалары бекитилет;
– бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында транспорттук контролдоону жүзөгө ашырууда макулдашылган иш-аракеттер бекитилет.
7. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик контролдоочу органдар менен электрондук өз ара аракеттенүүсү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат системаларын (мындан ары – бажы органынын маалымат системалары) жана мамлекеттик контролдоочу органдардын маалымат системаларын колдонуу менен ишке ашырылат.
Товарларды жана транспорт каражаттарын Бажы чек арасына киргизүүдө жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан (мындан ары – ЕАЭБдин бажы аймагы) чыгарууда жүргүзүлгөн санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук (автомобилдик) контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу маалыматтар менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдардын ортосунда алмашуу маалыматтарды иштеп чыгуунун жана берүүнүн программалык каражаттарын колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүү жолу менен жүргүзүлөт.
Маалыматтык системалар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик контролдоочу органдардын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн бизнес-процесстеринин алгоритмине ылайык аткарылышы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын катышуусун талап кылбаган компоненттерди жана маалыматтарды автоматтык талдоо, каттоо жана иштеп чыгуу процесстерин, тобокелдиктерди башкаруу жана алдын ала чечимдерди кабыл алуу системаларын камтышы мүмкүн.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик контролдоочу органдар менен электрондук өз ара аракеттенүүсү электрондук документтер, маалыматтар, маалымдамалар менен алмашуу тартиби жөнүндө өзүнчө макулдашуулардын, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдардын ведомстволор аралык жана ички ведомстволук регламенттеринин негизинде аныкталат.
8. Техникалык үзгүлтүктөрдөн, байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактар жана Интернет тармактары) иштериндеги бузуулардан, электр энергиясын өчүрүүдөн келип чыккан маалыматтык система бузулган учурда, жүргүзүлгөн санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук жана бажылык контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) жыйынтыктары боюнча ушул Тартиптин 3-пунктунда аныкталган органдардын чечимдери ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык Маалыматтык карточканы толтуруу эрежелерине ылайык тиешелүү штамп (оттиск) коюу менен кол тамга жана энчиленген номерлүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, датасын көрсөтүү жана аталган маалыматтарды бажы органынын маалымат системасына андан ары киргизүү менен кагаз түрүндө таризделет.
9. Алдын ала маалымат – бул маалыматтык системаларды пайдалануу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жиберилүүчү маалымат, ал бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдардын тобокелдиктерди башкаруу системаларын (мындан ары – ТБС) пайдалануу менен иштелип чыгат.
Алдын ала маалыматты колдонуу эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Тартипте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Маалыматтарды иштеп чыгуунун бардык натыйжалары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдардын ТБС иштеп чыгуунун жыйынтыктарын кошпогондо, алдын ала маалыматты кароонун жыйынтыктары сыяктуу алдын ала маалыматты берген адамга кабарланууга тийиш.
2-глава. Алдын ала маалымдоодо
бажы органы менен мамлекеттик контролдоочу
органдардын ортосундагы электрондук өз ара
аракеттенүүнүн ырааттуулугу
11. Бажы органынын жана мамлекеттик контролдоочу органдын маалыматтык системаларын, анын ичинде мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системаларын колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүү эл аралык келишимдерге жана ЕАЭБдин актыларына, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
Электрондук өз ара аракеттенүүгө бажы органдары жана мамлекеттик контролдоочу органдар катышат.
12. Ташуучу алдын ала маалыматты берген учурда бажы органдары ушул Тартипке ылайык мамлекеттик контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенүү менен контролдоо объекттерин тандоо жана ташылып жаткан товарларга (продукцияларга) карата алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн иш-чараларды жүргүзөт.
13. Алдын ала маалымат катталгандан кийин бажы органы маалыматтарды электрондук түрдө ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык Маалымат карточкасын толтуруу эрежелерине ылайык электрондук түрдөгү маалымат карточкасына киргизет, ал автоматтык режимде алдын ала маалыматта төмөнкү маалымдар болгон учурда мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системасынын атайын бөлүмүнө (жеке кабинет) келип түшөт:
1) ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык документтердин түрлөрүнүн тизмегине ылайык документтин коду жөнүндө;
2) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасына (мындан ары – ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарлардын коддору жөнүндө – Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө (контролдонууга) тийиш болгон продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегине (ЕАЭБдин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө (контролдонууга) тийиш болгон продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмеги) киргизилген товарлар үчүн;
3) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарлардын коддору жөнүндө – Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш болгон товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлар үчүн;
4) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарлардын коддору жөнүндө – Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш болгон Карантинге алынган продукциялардын (карантинге алынуучу товарлардын, карантинге алынуучу материалдардын) тизмегине киргизилген товарлар үчүн;
5) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 7-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) бөлүгүндө тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастоо максатында алдын ала маалымат берүү жөнүндө;
6) эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарына жана товарларды коштоочу адамдарга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашырууга байланыштуу бажы операцияларын жасоону тездетүү максатында алдын ала маалымат берүү жөнүндө;
7) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автотранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана өтүүсүнө уруксаттардын жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча ири көлөмдүү жана оор салмактагы товарлары бар автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө атайын уруксаттын болушуна Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) аймагына кирүү тартиби бөлүгүндө тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастоо жөнүндө.
14. Ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар болгон учурда бажы органынын маалыматтык системасы тийиштүү мамлекеттик контролдоочу органды автоматтык түрдө аныктайт (ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын коду боюнча) жана бир эле убакта электрондук түрдөгү маалымат карточкасы менен тиешелүү мамлекеттик контролдоочу органга төмөнкүгө ылайык курамдагы алдын ала маалыматтардагы маалыматтарды берет:
– ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык – бажы органы менен калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында;
– ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык – бажы органы менен ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында;
– ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык – бажы органы менен өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында;
– ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык – бажы органы менен мамлекеттик органдын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында (мындан ары – ушул Тартиптин 4–7-тиркемелери), ошондой эле:
1) алдын ала маалымат берген жак жөнүндө маалыматтар;
2) алдын ала маалыматтын каттоо номери;
3) ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келген жери;
4) барган бажы органынын коду;
5) контейнердин идентификациялык номери;
6) транспорт каражатынын (сүйрөгүчтүн), чиркегичтин (чиркегичтердин) каттоо номерлери.
15. Мамлекеттик контролдоочу орган электрондук түрдөгү маалымат карточкасы жана алдын ала маалыматтардагы маалыматтары келип түшкөн учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде мамлекеттик контролдоочу органдын маалыматтык системасынын техникалык жана программалык каражаттарын колдонуу аркылуу автоматтык режимде ТБСти колдонуу менен аларды текшерүүнү (экспертизалоону) жүргүзөт, кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматты электрондук түрдөгү маалымат карточкасына ушул Тартиптин 4–7-тиркемелерине ылайык киргизет жана байланыш каналдары боюнча маалымат карточкасын бажы органына жөнөтөт.
16. Алдын ала маалыматтардагы маалыматтарды кароонун жыйынтыгы боюнча электрондук түрдөгү маалымат карточкасында көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдын чечимдери ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн органдар тарабынан өткөрмө пункттарында контролдонуучу товарларды (продукцияларды) жана транспорт каражаттарын чыгаруу (чыгаруудан баш тартуу) менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн юридикалык негиз болуп саналат.
17. Маалыматтык системаларды колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүүдө ЕАЭБдин ченемдик-сурап билүү маалыматтык бирдиктүү системасынын ресурстарынын курамына кирген маалымдамалар жана классификаторлор, ошондой эле бажы-укуктук мамилелер үчүн колдонулуучу, тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана колдонулууга тийиш болгон маалымдамалар жана классификаторлор колдонулат.
3-глава. ЕАЭБдин бажы аймагына транспорт
каражаттарында адамдар, товарлар жана жаныбарлар,
ошондой эле транспорт каражаттары, анын ичинде
боштор (автобустардагы жана жеңил автотранспорт
каражаттарындагы адамдарды, товарларды жана
жаныбарларды кошпогондо) келген учурда
иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун ырааттуулугу
18. Транспорт каражаттарында адамдар, товарлар (продукциялар) жана жаныбарлар, ошондой эле транспорт каражаттары, анын ичинде боштор өткөрмө пунктуна келген учурда ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдардын иш-аракеттеринин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) транспорт каражаттарынын өткөрмө пунктунун аймагына кирүүсүнө мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документтери текшерилгенден жана чек ара органынын кызмат адамынын уруксаты алынгандан кийин жол берилет (чек ара контролу) уруксат берилет.
Ошол эле учурда өткөрмө пунктунун аймагына кирүү бажы органынын транспорт каражаттарынын номердик белгилерин автоматтык түрдө окууну жана таанууну камсыз кылуучу системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Программалык каражаттардан тиешелүү чечимди алгандан кийин өткөрмө пунктунун жабдууларынын ишин контролдоочу маалыматтык система өткөрмө пунктунун аймагына кирүүдө орнотулган шлагбаумду автоматтык түрдө ачуу үчүн эсептегичтин иштөөсүн камсыз кылат.
Өткөрмө пунктунун аймагына транспорт каражаттары келген күн жана убакыт бажы органынын маалымат системасына тиешелүү маалыматты жиберүү менен транспорт каражаттарынын номердик белгилерин окуу жана таануу системасы менен белгиленет;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиациялык контролдоону жүргүзүү;
3) адамдарга жана транспорт каражаттарына санитардык-эпидемиологиялык контролдоо (көзөмөлдөө) төмөнкүлөрдү камтыйт:
– транспорт каражаттарын визуалдык кароо жана дезинфекциялоо;
– транспорт айдоочуларын сурамжылоо, ошондой эле термометрия жүргүзүү;
– айдоочу ооруга шектелген учурда, транспорт каражаты санитардык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн санитардык аянтчага жиберилет;
4) программалык каражаттарды колдонуу менен транспорт каражатынын жалпы массасын, октук жүктөмүн, көлөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө жолу менен транспорт каражаттарынын салмак-габариттик контроль жүргүзүү (транспорттук (автомобилдик) контролдоо);
5) чек ара контролу төмөнкүлөрдү камтыйт:
– айдоочулардын, продукцияны (товарларды) коштоп жүргөн адамдардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна документтерин текшерүү;
– чек ара контролунун жыйынтыктарын маалымат системасына киргизүү;
– айдоочуга, адамдарга жана транспорт каражатына андан ары жүрүү укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) программалык каражаттар аркылуу ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келишине байланыштуу бажы операциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:
– товарлардын, жаныбарлардын жана транспорт каражаттарынын келүүсү жөнүндө кабарлоо;
– алдын ала маалыматта камтылган маалыматтарды транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштыруу;
– ташуучу тарабынан берилген документтерди санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо органдарына ушул Тартипте каралган иш-аракеттерди аткаруу үчүн өткөрүп берүү, алдын ала маалымат болгон учурда тиешелүү мамлекеттик контроль жүргүзүү жөнүндө чечимдерди;
7) санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо (контролдун мындай түрлөрү каралган өткөрмө пункттарында) төмөнкүлөрдү камтыйт:
– эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш-аракеттер;
– товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын, ошондой эле транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерде камтылган маалыматтардын негизинде программалык каражаттарды пайдалануу менен санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоого байланышкан операцияларды жүргүзүү;
– маалыматтык системага санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдун жыйынтыктарын киргизүү. Документтер кагаз жүзүндө берилген учурда товарларды (продукцияларды) ташып келүү жөнүндө чечим санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо органынын кызмат адамы тарабынан транспорттук (ташуучу) документке датасын көрсөтүү менен кол тамга жана жеке номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү штампты коюу жолу менен таризделет;
8) транспорттук контролдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
– эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш-аракеттер;
– товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын, ошондой эле транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерде камтылган маалыматтардын негизинде программалык каражаттарды пайдалануу менен транспорттук контроль жүргүзүү менен байланышкан операцияларды ишке ашыруу;
– маалыматтык системага транспорттук контролдоонун жыйынтыктарын киргизүү.
Документтер кагаз жүзүндө берилген учурда транспорт каражатынын кирүүсүнө уруксат берүү жөнүндө чечим бажы органынын кызмат адамы тарабынан уруксат берүүчү, транспорттук (ташуучу) документтерге датасын көрсөтүү менен кол тамга жана өздүк номерлүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн «Кирүүгө уруксат берилген»/«Транзитке уруксат берилген» же «Кирүүгө тыюу салынган/ «Транзитке тыюу салынган» штампын коюу жолу менен таризделет.
9) бажы контролу төмөнкүлөрдү камтыйт:
– товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө документтерди жана маалыматтарды текшерүү, бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү, эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте зарыл болгон бажы операцияларын жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу;
– товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын, ошондой эле транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерде камтылган маалыматтардын негизинде программалык каражаттарды пайдалануу менен товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү;
– бажы контролунун жыйынтыктарын бажы органынын маалымат системасына киргизүү.
19. Транспорт каражаттарынын өткөрмө пунктунун аймагынан чыгуусу бажы органынын маалыматтык системасын колдонуу менен чек ара органынын кызмат адамынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылат.
Өткөрмө пунктунун аймагынан транспорт каражаттарынын чыккан күнү жана убактысы бажы органынын маалымат системасына тиешелүү маалыматты жиберүү менен маалыматтык-техникалык каражаттар менен белгиленет.
Техникалык үзгүлтүктөрдөн, байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактар жана Интернет тармактары) иштериндеги бузулуулардан, электр энергиясын өчүрүүдөн улам маалыматтык система бузулган учурда өткөрмө пунктунун аймагынан транспорт каражаттарынын чыгуусу бажы органы менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
20. Товарлар (продукциялар) аларды ташып келүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, эл аралык келишимдерге жана ЕАЭБдин актыларына жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ЕАЭБдин бажы аймагынан кайра ташылып чыгууга тийиш.
4-глава. ЕАЭБдин бажы аймагынан транспорт
каражаттарында адамдардын, товарлардын жана
жаныбарлардын, ошондой эле транспорт
каражаттарынын, анын ичинен бош жүргөндөрдүн
(автобустарда жана жеңил автотранспорт
каражаттарында адамдарды, товарларды жана
жаныбарларды кошпогондо) чыгып кетүүсүндөгү
иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун ырааттуулугу
21. ЕАЭБдин бажы аймагынан транспорт каражаттарындагы адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын, ошондой эле транспорт каражаттарынын, анын ичинде бош жүргөндөрдүн чыгып кетүүсүндө өткөрмө пункттарында ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдардын иш-аракеттеринин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) транспорт каражаттарынын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгып кетүүдө өткөрмө пунктунун аймагына кирүүсү ушул Тартиптин 18-пунктунун 1-пунктчасында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт (чек ара контролу);
2) Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык радиациялык контроль жүргүзүү;
3) транспорттук контролдоо;
4) бажы контролу;
5) чек ара контролу.
22. Жүргүзүлгөн транспорттук, бажы жана чек ара контролунун жыйынтыгы, ошондой эле бажы чек арасы аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим маалыматтык системага киргизилет.
23. ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгып кетүүдө транспорт каражаттарынын өткөрмө пунктунун аймагынан чыгуусу ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
5-глава. ЕАЭБдин бажы аймагына автобустарда жана
жеңил автотранспорт каражаттарында адамдар,
товарлар жана жаныбарлар келген учурдагы иш-
аракеттерди жүзөгө ашыруунун ырааттуулугу
24. ЕАЭБдин бажы аймагына автобустарда жана жеңил автотранспорт каражаттарында (мындан ары ушул главада – автотранспорт каражаты) адамдар, товарлар жана жаныбарлар келген учурда өткөрмө пункттарында ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдардын иш-аракеттеринин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) автотранспорт каражаттарынын ЕАЭБдин бажы аймагына келген учурда өткөрмө пунктунун аймагына кирүүсү ушул Тартиптин 18-пунктунун 1-пунктчасында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт (чек ара контролу);
2) Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык радиациялык контроль жүргүзүү;
3) адамдарга жана транспорт каражаттарына санитардык-эпидемиологиялык контролдоо (көзөмөлдөө) төмөнкүлөрдү камтыйт:
– автотранспорт каражаттарын визуалдык кароо жана дезинфекциялоо;
– автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын жана жүргүнчүлөрүн сурамжылоо, ошондой эле термометрия жүргүзүү;
– айдоочу же жүргүнчүлөр ооруга шектелген учурда транспорт каражаты санитардык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн санитардык аянтка жиберилет;
4) программалык каражаттарды колдонуу менен автотранспорт каражаттарынын жалпы массасын, октук жүктөмүн, көлөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө жолу менен автотранспорт каражаттарына салмак-габариттик контроль жүргүзүү (транспорттук (автомобилдик) контролдоо);
5) чек ара контролу төмөнкүлөрдү камтыйт:
– айдоочулардын, ошондой эле төмөнкү автотранспорт каражаттарында бараткан жүргүнчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна документтерин текшерүү;
– адамдарды сурамжылоо;
– чек аралык контролдун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
6) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган программалык каражаттар аркылуу ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келишине байланыштуу бажы операциялары:
– автотранспорт каражаттарынын келишин каттоо;
– ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келишине байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн товарлардын, жаныбарлардын жана автотранспорт каражаттарынын болушун текшерүү;
– бажылык декларациялоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон товарлар, жаныбарлар жана автотранспорт каражаттары болгон учурда маалыматтарды санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо органдарына ушул Тартипте каралган иш-аракеттерди аткаруу үчүн берүү;
7) санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контроль (автотранспорт каражаттарында санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контролдонууга тийиш болгон товарлар (продукциялар) болгондо жана контролдун мындай түрү каралган өткөрүү пункттарында гана) төмөнкүлөрдү камтыйт:
– санитардык ветеринардык жана фитосанитардык контролго тиешелүү бөлүгүндө ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана жүргүнчүлөрдүн жаныбарларын ташып кирүү укугуна документтерди текшерүү;
– маалыматтык системага санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдун жыйынтыктарын киргизүү;
8) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган транспорттук контроль:
– эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш-аракеттер;
– транспорттук контролдун натыйжаларын маалыматтык системага киргизүү;
9) бажы контролу төмөнкүлөрдү камтыйт:
– эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында аныкталган тартипте товарлар жана автотранспорт каражаттары жөнүндө документтерди жана маалыматтарды текшерүү, бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу, зарыл болгон бажы операцияларын жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган бажы контролунун башка чаралары;
– маалыматтык системага бажы контролунун натыйжаларын киргизүү.
Эгерде автотранспорт каражаттарындагы товарларга, жаныбарларга карата алдын ала маалымат берилсе, анда иш-аракеттердин ырааттуулугу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Автотранспорт каражаттарынын ЕАЭБдин бажы аймагына келгенде өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуусу ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
6-глава. ЕАЭБдин бажы аймагынан
автобустарда жана жеңил автотранспорт
каражаттарында адамдардын, товарлардын
жана жаныбарлардын чыгып кетүүсүндөгү
иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун
ырааттуулугу
26. ЕАЭБдин бажы аймагынан автобустарда жана жеңил автотранспорт каражаттарында (мындан ары ушул главада – автотранспорт каражаты) адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын чыгып кетүүсүндө өткөрүү пункттарында ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан иш-аракеттердин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) автотранспорт каражаттарынын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгып кетүүсүндө өткөрүү пунктунун аймагына кирүү ушул Тартиптин 18-пунктунун 1-пунктчасында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт (чек ара контролу);
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиациялык контроль жүргүзүү;
3) программалык каражаттарды колдонуу менен автотранспорт каражаттарынын жалпы массасын, октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө жолу менен автотранспорт каражаттарынын салмак габариттик контролун жүргүзүү (транспорттук (автомобилдик) контроль);
4) транспорттук контроль;
5) бажы контролу;
6) чек ара контролу.
27. Жүргүзүлгөн транспорттук, бажылык жана чек ара контролунун (көзөмөлүнүн) натыйжалары, ошондой эле бажы чек арасы аркылуу адамдарды, автотранспорт каражаттарын, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим маалыматтык системага киргизилет.
28. Автотранспорт каражаттарынын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгуусунда өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуусу ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
7-глава. ЕАЭБдин бажы аймагына төмөнкү жөө
тартипте бараткан товарлары жана жаныбарлары
бар/жок адамдар келген учурдагы иш-аракеттерди
жүзөгө ашыруунун ырааттуулугу
29. ЕАЭБдин бажы аймагына төмөнкү жөө тартипте товарлары жана жаныбарлары бар/жок адамдар келген учурда өткөрүү пункттарында ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн контролдоочу органдардын иш-аракеттеринин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) өткөрүү пунктунун аймагында адамдарды, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүгө мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документтер текшерилгенден жана чек ара органынын кызмат адамынын уруксаты алынгандан кийин жол берилет (чек ара контролу);
2) ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүп жаткан адамдарды визуалдык кароо, алардын ден соолугунун абалы жөнүндө сурамжылоо, ошондой эле термометрия жүргүзүү (санитардык-карантиндик контроль).
Оорулуу (оорулуулар) же ооруга шектелген адамдар болгон учурда санитардык-карантиндик контролдоо органынын кызмат адамы Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү тартибине № 3 тиркемеге ылайык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт.
3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиациялык контроль жүргүзүү;
4) чек ара контролу төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
– төмөнкү жөө тартипте бараткан адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна документтерди текшерүүнү;
– адамдарды сурамжылоону;
– чек аралык контролдун натыйжаларын маалыматтык системага киргизүүнү;
5) төмөнкүлөрдү өзүнө камтыган программалык каражаттар аркылуу ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келиши менен байланышкан бажы операциялары:
– ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келишине байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн товарлардын жана жаныбарлардын болушун текшерүү;
– бажылык декларациялоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон товарлар жана жаныбарлар бар болгон учурда маалыматтарды санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо органдарына ушул Тартипте каралган иш-аракеттерди аткаруу үчүн берүү;
6) санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контроль (адамдарда санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контролдонууга тийиш болгон товарлар (продукциялар) болгондо жана контролдун мындай түрү каралган өткөрүү пункттарында гана):
– ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана жаныбарларды ташып кирүү укугуна документтердин санитардык ветеринардык жана фитосанитардык контролго тиешелүү бөлүгүндө текшерүү;
– санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдун натыйжаларын маалыматтык системага киргизүү;
7) бажы контролу төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
– товарлар жөнүндө документтерди жана маалыматтарды текшерүү, бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү, зарыл болгон бажы операцияларын жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында аныкталган тартипте колдонуу;
– Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган бажы контролунун башка чаралары;
– маалыматтык системага бажы контролунун натыйжаларын киргизүү.
Эгерде товарларга жана жаныбарларга карата алдын ала маалымат берилсе, анда иш-аракеттердин ырааттуулугу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
30. ЕАЭБдин бажы аймагына адамдар, товарлар жана жаныбарлар келгенде өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуу чек ара органынын кызмат адамынын уруксаты менен гана ишке ашырылат.
8-глава. ЕАЭБдин бажы аймагынан товар(лар)
жана жаныбар(лар) бар/жок адамдардын
төмөнкү жөө тартипте чыгып кетүүсүндө
иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун
ырааттуулугу
31. ЕАЭБдин бажы аймагынан товар(лар) жана жаныбар(лар) бар/жок адамдар төмөнкү жөө тартипте чыгып кеткен учурда өткөрүү пункттарында ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан иш-аракеттердин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) өткөрүү пунктунун аймагына адамдарды, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүгө мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документтер текшерилгенден жана чек ара органынын кызмат адамынын уруксаты алынгандан кийин жол берилет (чек ара контролу);
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиациялык контролду жүргүзүү;
3) бажы контролу;
4) чек ара контролу.
32. Жүргүзүлгөн бажы жана чек ара контролунун натыйжалары, ошондой эле ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу адамдарды, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим маалыматтык системага киргизилет.
33. Адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгып кетүүсүндө өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуусу чек ара органынын кызмат адамынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылат.