Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-апрели № 205
Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2005-жылдын 12-январындагы Nº 10 «Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы Nº 10 «Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жободо:
- II глава төмөнкүдөй мазмундагы 2.15, 2.16-пунктар менен толукталсын:
«2.15. Эгерде майьптыгы боюнча болжолдонгон же дайындалган пенсиянын өлчөмү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болсо, анда майыптыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамга же пенсионерге майыптыгы боюнча пенсияны же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду тандоо укугу бир жолу берилет.
2.16. Ушул Жобонун 2.15-пунктунда каралган учурларда майыптыгы боюнча пенсия ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин төлөнөт.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде:
- 5.1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 33 (3586) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |